Иван алыскы бир кыштактан аял алды. Үйлөнүү той болуп, аз жашаштыбы, көп жашаштыбы бир күнү аялы Параска Иванды кандайдыр жумуш менен апасына жиберди.

Кайненеси аны жакшы тосуп алды. Алдына куурулган картошка, туздалган козу карын, балык кошулган пирог койду. Андан соң өмүрүндө эч качан жеп көрбөгөн кычкыл десе кычкыл, таттуу десе таттуу, суюк да эмес, коюу да эмес, ысык же муздак эмес, бирок абдан даамдуу тамак берди эле, Иванга абдан жакты. Үч табакты ары-бери кайсап, төртүнчүсүн сурагандан уялып, кайненесинен сурап турду:

— Бул эмне деген тамагыңыз?

— Сулуудан жасалган кисель эмеспи бул. Чын эле билбейсиңби?

— Билбейм. А Параська муну бышырганды билеби?

— Билет. Билгенде да кандай билет!

Иван жумушун бүтүрүп, жанагы жакшы тамактын атын кайненесинен кайра сурап, жеткиче унутуп калбаш үчүн ичинен да, сыртынан да кайталап келатты: “Кисель, кисель, кисель…”

Бирок алдынан бир таанышы чыгып учурашканында эле миң кайталап келаткан сөзү дароо унутула түшпөспү. Башын ургуласа да эсине түшүрө албаган ал уялбай эле кайра артына барып кайненесинен сурап алып, “кисель, кисель, кисель”, — деп кайталап, эми жолуккандардын эч кимиси менен учурашпай келатса кашайып барин чыга калбаспы алдынан. Мындай даражалуу кишиге салам айтпай, жол бошотпой койсо болмок эмес. Саламдашып, жол бериш үчүн атын жол четиндеги ылайды карай бурары менен кайталап келаткан сөзү кайда кеткени белгисиз эсинен дароо өчүп калбаспы. Эмне кыларын билбеген Иван жер тиктеген бойдон туруп калганда барин сурады:

— Эмне болду, эй сага?

— Жоготтум, жоготтум! Аны акчага да сатып ала албайсың, — деп ого бетер кейиген Иван башын шылкыйтты.

— Эмнеңди жоготтуң? – барин да жерге тигилди.

— Кымбат нерсемди жоготтум.

— Түшүрүп алдыңбы? Түшүп издебейсиңби анда.

— Таба аламбы?..

— Чын эле таба аласыңбы бул баткактан? Тимеле ылай эмес эле кисель го…

Муну укканда Иван кыйкырып жиберип, атына камчы басты:

— Таптым, таптым! Барин ага, сага рахмат! Жоготконумду таап бердиң!

Барин эч нерсеге түшүнө албай ийнин куушурган бойдон кала берди. Үйүнө чейин чаап келген Иван атынан түшпөй жатып эле кыйкырды:

— Параська сен кисель бышырганды билесиңби?

— Билем. Билбегенде эмне.

— Анда мен кайра унутуп кала элегимде бышыра салчы.

Параська кисель бышырып, кошуналарды конокко чакырышты. Ошондон кийин бул кыштакта кисель бышыра башташты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.