«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

№2 дилбаян

Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Кыргыз эли ар дайым Чыңгыз Айтматовдой уулу менен сыймыктанат. Анын кайсы гана чыгармасын окубайлы окуган адамды кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Ар бир чыгармасында адам жашоосундагы эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам

болуу» экендигин айтып турат.

Ч. Айтматовдун көп эле чыгармасын окуп чыктым. Алардын

ичинен «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Биринчи мугалим»

чыгармалары өзгөчө жагат. Себеби мен ушул чыгармаларынын ичинен өзүм жакшы көргөн кесиптин ээлерин кезиктире алдым. «Биринчи мугалимдеги»

Дүйшөндү, «Эрте келген турналардагы» Инкамал апайды, «Саманчынын

жолундагы» Майсалбекти окугандан кийин, мугалимдик кесиптин эң ардактуу

кесип экендигин түшүндүм. Мен келечекте балдарга тарбия, билим берген,

айрыкча кыргыз тили жана адабият сабагын үйрөткөн мугалим болсом деген тилегим бар. Мага адабият сабагы өзгөчө жагат. Адабият сабагын ар дайым чыдамсыздык менен күтөм. Гүлбарчын эжеке да ар бир сабагын өтө кызыктуу өтөт. Адабият сабагында акын, жазуучулардын өмүр жолу, чыгармалары менен гана таанышпастан, ар бир чыгармадагы үлгү тутчу каармандар, тарбия алуучу окуялар менен таанышабыз. Чыгармаларды окуп жатканда өзүңдү кудум эле ошол чыгарманын ичинде аралашып жүргөндөй сезесиң. Каармандар менен кошо сүйүнүп, кайгырса кошо кайгырып, чыгарманын аягына жеткиче алар менен кошо жүргөндөй болосуң.

«Биринчи мугалим» чыгармасында Дүйшөн агайдын балдарга билим бергени, бүт

күч-аракетин жумшап, эски ат сарайга саман төшөп, меш жасап, балдарды үймө-үй

кыдырып чогултуп, өзүнүн билгендерин балдарга үйрөткүсү келгени, «жүрөгү балдар деп соккон адамды» көрсөтөт.

Ал эми «Эрте келген турналар» чыгармасында каардуу Улуу Ата Мекендик согуш

мезгилинде айылдагы кыйын жашоого, мектептин ичинин сууктугуна карабай

сабак өтүп, балдарга тээ алыскы Цейлон аралы жана жайы-кышы суук

болбогон өлкөлөр тууралуу айтып берип жатканда, үшүгөн балдар да өздөрүн

ошол жылуу өлкөдө жүргөндөй сезет эмеспи.

Ошондой эле «Саманчынын жолу» чыгармасында да Майсалбектин энеси

Толгонайга жазган акыркы катын окуп, эгер аман болгондо Майсалбек да билим,

тарбия берген эң мыкты мугалимдерден болот эле го деген ойго батасың…

– Мына бул теректерди мен сага арнап алып келдим. Ушулар жетилип

чоңойгондо, сен дагы жетилип, жакшы киши болуп, көктөп бүрдөйсүң. Менин

баамымда сен чоң окумуштуу болосуң, – деп, кезинде Дүйшөн агай Алтынайдан

үмүтү абдан чоң болгон. Анын сыңарындай мен да өзүмдү окуткан агай-эжелердин мээнетин, үмүтүн актагым келет. Мен да Ч. Айтматовдун чыгармаларын тереңдетип окутуп, анын эң сонун чыгармаларын окуучуларга түшүндүрүп айткым келет.

Мугалимдик кесип эң оор жана эң ардактуу кесиптердин бири экендиги айтылат

эмеспи. Мен да Ч. Айтматовдун чыгармаларын сыймыктануу менен

окуткан мугалимдердин биринен болсом дейм. Мени окутуп, тарбия берген

мугалимдерге өмүр бою ыраазымын. Алардын жүрөгүнө мелт-калт толгон балдарга

деген мээримине, сүйүүсүнө, боорукерлигине баш ийип таазим этем.

Ар бир адамдын кадырлап сүйгөн кесиби болот. Анын сыңары, мен мугалимдик

кесипти жакшы көрөм. Окуучуларды адептүүлүккө, сылыктыкка тарбиялагым

келет. Азыркы учурда өзүмдү окуткан мугалимдериме суктанам, алар менен ар

дайым сыймыктанам. Канча мезгил өтсө да, окуткан эже-агайларымды унутпайм

деп ойлойм, себеби мугалимдердин эмгеги абдан ардактуу. Бардык адамдар кайсы

гана кесиптин ээси болбосун, эң алгач мугалимден тарбия, билим алат.

Азыр атагы дүйнөгө таанымал жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы кезегинде

Инкамал апайдын таалимин алган эмеспи. Кийин өзүң окуткан окуучуларың эл ишине жараган белгилүү азамат болсо, андан артык сыймык болбос. Ошондуктан мен мугалим болууну чечтим. Ал эми ушул кесипке болгон сүйүүм, кызыгуум Ч. Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин андан да арта түштү деп айта алам. «Биринчи мугалим» чыгармасында Дүйшөн агай чоң окууга узатып жаткандагы Алтынайдын сөзүн кайталап айткым келип турат:

– Жаным курман сага, мугалимим!

Талас облусу, Манас району, Май айылы

Ш. Кочкорбаев атындагы орто мектептин 11а-классынын окуучусу

Касымалиева Самара Жамбыловна.

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.