АҢГЕМЕ

(Жердеш агам Абдимухтар Абиловго)

— Мирбек, сени Жумакадыров чакырып жатат,- деди старостабыз, Жибек аттуу кыз.

Жумакадыров кафедра башчысы эле.  Биздин группадагылар аны “Господин Татью” деп коюшат.  Капиталисттик идеология,  алар биздин социалисттик  чындыкты бурмалап,  кара көз айнек аркылуу карашаары,  жакшы нерселерди көрсө да көрмөксөн болушаары тууралуу  сөз болсо эле “Сена дарыясынын жээгинен келген Татью мырзаны” мисалга тартат.  Мындан бир топ жыл мурда франциялык  бир журналист Москвага келип,  өз мекенине кайра барган соң көргөндөрү жөнүндө репортаж  жазыптыр.   Сындап жазган го, сыягы.   Анан ага жооп иретинде  “Правда” гезитине “Господин Татью из берегов Сены” аттуу  чычалаган фельетон жарыяланат.  Ошону  эле тоту куштай кайталай берет.  Бизге элеби десем,  бизден мурдагы курстарга да айтчу экен.  Андан бери СССРге кара көз айнек тагынган  Татьюлардын далайы келип,  далайы кеткендир, андай маанидеги фельетондордун далайы жазылгандыр.  Агай да лекциясын жаңылап,  кийинки  мисалдарды келтирсе болот да.  Жок,  сөзсүз господин Татьюну айтыш керек да…

Деги эле Жумакадыров  кебетеси да,  мүнөзү да кызык киши.  Башы кашкалыгын жашырганы го сыягы,  айнектей  болуп жылтырап турчу маңдайын чыкый тараптагы  узун чачы менен  жаап алат.   Суулайбы,  же майлайбы,  суюк чачы  маңдайына жабышып, кашкасын чала-була эле жаап турат.  Мындай фокусу анын кебетесин  ого бетер күлкүлүү  кылып, көргөн кишини айласыз “бырс” эткизет.   Биринчи курстагылардын далайы  аны алгачкы жолу көргөндө бышкырып  ийишип, шорлору шорподой кайнаган.   Бир өчөшкөн кишисин артынан түшүп алып,  экзаменден баа койбой,  окуудан чыгармайын жаны жай албайт бул агай.

Кыштын күнү Жумакадыров каракүл жакалуу пальтосун желбегей жамынып,  украин пандарыныкындай  папахын башына кондуруп отурат.  Ал лекция окуп жатканда бирөө-жарым эшикти ача койсо (көбүнчө өзүнүн группасын издеген студенттер) сөзүн тык токтотуп,  дымып калат.  Анан ордунан туруп барып, эшикти ачат да эч ким жок экенине көзү жеткен соң кайра келип отурат.  Ушинткен сайын ал мага качан бирөөлөр мени  издеп келет деп коркуп,  жүрөкзаада болуп  жашагандай сезиле берет.

Жогорку курстагылар анын “Донжуандык” жайы да бар экени тууралуу көп сөздөрдү айтышат.  Анысы чын эле окшойт,  себеби,  кээ бир белгилерин биз да байкап калабыз.  Лекция окуп жатканда биздин группадагы Таңнуру аттуу кыздын жанына келип, ырсайып  туруп калат.  “Карасаңар,  Мырзабекованын калем кармаганы бухгалтерлердикиндей экен” — дейт кыт-кыт күлүп.  Бул  алтымыштан эбак ашып калган чалдын небереси теңдүү кызга  комплимент айтып,  тийишкени окшойт.  Анан кез-кезде  бир кызды жолугушууга чакырып калмайы бар.  “Шайыкова, сен саат үчтө кафедрага келчи” — дейт.  Гүлбара Шайыкова биздин группадагы көп сүйлөбөгөн,  жоош кыз.  Аны  чакырып алып,  эмнени сурайт,  эмне тууралуу  сүйлөшөт, ким билcин.  .  .

Бирок марксизм-ленинизм деп сайрачу болсо Жумакадыровдон  өткөн идеалдуу коммунист жок.   “Мен гезит менен жашайм.   Отурсам да  колумда бир гезит,  турсам да бир гезит.  Жатсам да гезитти башыма жазданып жатам.   Мен ушуга көнгөм” — дейт.   Анан ушундай “монстр”  доцент мени  кафедрага эмне максатта чакырып жатканына канчалык аракет кылсам да башым жетпей, оюм онго,  санаам  санга бөлүнүп бараттым.   Сессияны кудай буюрса,  жакшы эле тапшырып жаткансыйм.  Ичкилик ичип,  кимдир-бирөөлөр менен мушташып, “кара тизмеге” да илинген жок элем.  Анда, эмнеге  чакырды болду экен? Бир жакка  жумшайбы? Бирок  башка агайлардан айырмаланып,  Жумакадыровдун  үйүнө  же дачасына алпарып  иштетмей адаты да жок эле.

Мен киргенде агай лаборант келин менен отурган экен.  Мени көрөр замат лаборант  эже чыгып кетти.  Дубалдагы  шкафка жалаң Маркстын, Энгельстин,  Лениндин томдору жыйылып,  үстү жагына Брежневдин “Журналисттер партиябыздын алтын фондусу” деген цитатасы илинген  кабинетте экөөбүз калдык.

— Акмолдоев,  окууларың кандай?- деди агай  жылмайып.  — Экзамендерден “плавайт” эткен жоксуңбу?

Жумакадыров колун сунуп,  манжалары менен сууда бирдеме калкып аткандай элес жасады.

Анын мындай жайдары түрүн  көргөндө жүрөгүмдүн опкоолжуганы бир аз басыла түшкөнсүдү.  Эгер тилдейин деген максатта чакырган болсо,  кепти мынтип баштабайт эле да.

Агай  көз айнегин алып,  адегенде  бет аарчысы менен көзүнүн кычыктарына туруп калган жашты аарчыды,  андан соң көз айнегин сүрттү.  Анан бир нерсени айтсамбы, айтпасамбы дегендей  ойлонуп калды.

— Мага экөөңөрдү жакын дос,  такай чогуу жүрүшөт деп айтышты.   Колдош Катыраңов кандай жигит өзү?

Колдош чындыгында эле менин эң жакын досум.  Бирок ал жөнүндө  эмнеге сурап атат?

— Жакшы эле…

— Кызык  неме экен.

Агай дагы унчукпай калды.

— Суббота күнү түш ченде сабактан чыгып,  үйгө баратсам жолдо пиво сатып атыптыр.  Күн  ысык.  Кишилердин баары  акактап,  узун кезекте турушат.  Кой,  бир кружка ичип алайын деп  мен да кезеке турдум.  Жаңы эле жетейин деп калганда артымды карасам, менден үч-төрт кишиден кийин Катыраңов турат.  Кара көз айнек тагып алыптыр.  Ачыгын айтканда,  пиво ичкен кылмыш  эмес.  Бардык советтик граждандар сыяктуу эле  жумуштан кийин менин деле расслабится эткенге,  эс алганга укугум бар да,  туурабы? Бирок ошентсе да  кой, студентим менен кошо кружка кармап турганымды бирөө-жарым көрүп калса уят деп акырын кетип калдым.  Күн болсо сызгырып атат.  “Сейилдин” ичинде да сатып калчу эле деп  шашпай басып барсам,  ал жерде да киши көп  экен.  Кезекке туруп коюп,  гезит карап отурсам эле бир маалда Катыраңов кирип келсе болобу! Аны көрөр замат шарт ордуман турдум да чыгып кеттим.   Күндүн ысыгынан көчөдө басканга невозможно.  Московский менен Советскийдин кесилишине жеткенде  бөтөлкөдөгүсүн  эле сатып алып,  үйдө шашпай ичейин деп  гострономго кирбейминби.  Кирсем,  как ты думаеш,  ким жүрөт?

Мен ийнимди куушурдум.

— Катыраңов! Мен суеверный киши эмесмин.  Мания преследования кеселим деле жок.  — Бирок  Катыраңов көз көрүнөө эле мени аңдып жүрдү.  Болбосо экөөбүз үч жолу жолугушуп калганыбызды как понять? Бир жолкусун чистая случайность деп коёлу.  Экинчи жолкусу да мейли.  Бирок  үч жолу  кезигишкенибиз…   Катыраңов башынан эле мага подозрительный көрүнгөн.  Биринчи курста болсо керек эле,  остановкада турсам  жаныма барып  туруп калды.  Мени тиктеп эле жалдырап турат.  “Агай,  багаж деген эмне?”- дейт бир маалда (Колдоштун бул жоругун агай сабак учурунда да  ыкшып атып айтып берген.   “Биринчи этажга чейин артыман ээрчип түштү.  Андан соң остановкага чейин кошо  барды.   Ал жерде да мени  бир топко чейин телмирип тиктеп турду.   Анан жаңы эле автобуска түшөйүн деп атканда “Агай,  багаж деген эмне?” дейт.  Ихи-ихи… Лекцияда журналисттин билим багажы чоң болуш керек  дебедим беле.  Көрсө,  ошону түшүнбөй калыптыр да.  Бирок  эмне сурооңор бар деп кайрылганымда унчукпайт.   Тепкич менен чогуу түшүп баратканда да унчукпайт.   Остановкадан,  так автобустун  эшигинин оозунан сурап атпайбы.  Ихи-ихи…”).   Кээ бир студенттер органдар менен кызматташат деп угам.    Досуң да агент эмеспи деген ой туулуп атат менде.  Сени ошон үчүн чакырдым эле.  Акырын сурап  көрчү.  Ал мени өзү эле аңдып жүрдүбү,  же бирөө-жарым тапшырма бердиби? Только,  мени айтты дебе.  Просто пивого барганыңды эч ким  көргөн жок беле?- деп сурап көрчү,  эмне дээр экен.

— Болду агай, — дедим мен.

Бир чети анын мага эч кандай дооматы жок экенине сүйүнсөм,  бир чети ушундай “деликатный” жумушту мага ишенип тапшырып атканына  дердеңдей түштүм.

Сабактан кийин Колдош экөөбүз адатыбызча 8-жатакананын астындагы ашканага кирдик.

— Жумакадыров экөөңөр эмне болуп пиво ичишип жүрөсүңөр?- дедим мен тамакты алып келип, столго жайгашып отурган соң.

Колдош чоочуп кетти.

— Ким айтты?

— Уктум да.

Досум,  күржүйгөн кара жигит  күрсүнүп  алды.

— Алтынчы күнү сабактан кийин  Чернышевкага баратсам көчөдө сары бочка менен пиво сатылып атыптыр.  Күн ысык десең.  Эки-үч кружканы басып-басып алайын дедим да кезекке туруп,  карасам эле менден алдыракта Жумакадыров турат.  Ал мени көрдүбү,  көрбөдүбү,  билбейм.  Шарт бурулдум да кетип калдым.  Эми эч кыйшайбай китепканага кете берейин деп ойлогом.  Бирок пивону көрүп, шарттуу рефлекстер иштеп калгандан кийин напсиң балээни жөн коёбу?! Пиво көздөн учуп,  шилекейим агып туруп алды.  “Сейилде” сатчу эле, ошол жакка барайын дедим.  Барсам,  ал жерде да агай отурат.  Безген бойдон кеттим.  Ошол бойдон кете берсем эмне десең…  Бирок  араан бир ачылганда жаман да.  Мынчалык болду бутылочный болсо да сатып алайын деген ой менен гастрономго кирип,  вино-водочный бөлүмүнө барсам  Жумакадыров дагы алдыман чыкты.  Экөөбүз аз жерден сүзүшүп кала жаздадык…

Мен башка суроо берип,  аки-чүкүсүн териштирген жокмун.  Экөөнүн үч жолку жолугушуусу тең кокусунан экени,  пиво сүйүүчүлөр катары экөөнүн логикасы, ой жүрүштөрү дал келип калганы  түшүнүктүү  эле болуп турду.  Анан калса,  досумдун мүнөзүн  беш колдой билем.  Ичинде кылдай арамдыгы жок энөө жигит.   Эртең агай сураса ошентип айтам да.  Бирок шекчил неме оңойлук менен ишенбейт болуш керек.

— Эми окуудан айдалып кетпесең эле болду.

Байкуш Колдоштун көздөрү тостойо түштү.

—  Агай бир да жолу менин ичкенимди көргөн жок да.   — Пивого барганым үчүн эле окуудан айдап ийбес? — деди мени жалооруй карап

— Коркпо, — дедим күлүп.  — Пиво ичкен кылмыш эмес да.  Только мынабул шпионский көз айнегиңди таштачы досум.  Сени көргөн ар кандай киши агент экен деп чочуп кетет…

Мамат Сабыров

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.