Кыргыздардын чарбачылыгы бир беткей өнүккөн эмес. Кыргыздардын малчылыгы дыйканчылык, анан анча-мынчалап аңчылык кылуу менен да айкалыштырылган, чындыгында ал комплекстүү мүнөздө болгон. Анткен менен кыргыздардын ар түрдүү топторунун чарбачылык багыт алуусу бирдей болгон эмес.

Азыркы кездеги кыргыздар мекендеп турган аймакта дыйканчылык маданияты алда качантан эле болгон. Ал байыркы мезгилде Ферганада кыйла өнүгүүгө жетишкен; биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын экинчи жарымында дыйканчылык маданияты Чүй өрөөнүндө гүлдөө мезгилин башынан өткөрүп, ага Согдадан келген дыйкандардын таасири тийген.

Моңголдор мезгилинен кийин түндүк Кыргызстанда дыйканчылыктын толук кедери кеткен. Көл кылаасынын, Чүй өрөөнүнүн аймактарында жана Түндүк Кыргызстандын башка райондорунда дыйканчылыктын кайра жаралышы бул жакка орус жана украин дыйкандарынын көчүп келиши (бул XIX кылымдын 60—70-жылдарында башталган) менен байланыштуу болду деген пикир жакында эле айтылып келген эле. Чындыгында бул жердеги дыйканчылык маданияты андан алда канча мурда кайра жаралган. Ал маданиятты жайылтуучулар бул жергенин түпкүлүктүү тургундары — кыргыздар болгон, алар ойрот феодалдары XVII кылымда убактылуу басып алган мурдагы жерлерине келишээр замат жерди иштете башташкан.

Автор топтогон материалдар көрсөтүп тургандай, Фергана менен канаатташ жаткан Тогуз-Торо өрөөнүндө (Тянь-Шань) XVII—XVIII кылымдардын тогошунда эле кыргыздар сугат дыйканчылыгын жүргүзүшкөн. Бул маалыматтар XVIII кылымдын соңку чейрегине таандык кытай даректеринде, ошондой эле капитан И. Г. Андреевдин XVIII кылымдын аягында жазган эмгекте ырасталат. И. Г. Андреев «Кыргыздар аштыкты кыйла көп өстүрүшөт, ал үчүн жай бою иштеп чыгышат», — деп билдирет. Фергана ойдуңунун жана аны курчап турган тоо этектеринин территорияларында кыргыздар шексиз мындан мурда деле дыйканчылык кылышкан. В. П. Наливкиндин материалдарынан XVII кылымда кыргыздар бул жерде ирригациялык чоң системаларды куруу үстүндө иштешкендиги көрүнүп турат.

Алда канча кийинки даректер Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жана Талас өзөндөрүнүн бойлорунда, ошондой эле Фергана өрөөнүндө, Кетмен-Төбө ойдуңунда жана климаттык шарттар мүмкүнчүлүк берген тоолуу жерлерде, кээде кыйла бийик жерлерде (мисалы, Ат-Башы өзөнүнүн бийик тоолуу өрөөнүндө) жашашкан кыргыздарда дыйканчылык кеңири таралганы жөнүндө жапырт айгинелеп турат. Муну Зибберштейн (1825-ж.) жана Чокон Валиханов (1850-жылдардын экинчи жарымы) ынандырарлык далилдешкен.

Кыргыздардын дыйканчылык маданиятында отурукташкан коңшу элдердин — өзбектер менен тажиктердин жана отурукташкан уйгур калкынын (азыр Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономдуу районунда жашап жаткан) дыйканчылык маданияты менен окшош көп белгилери бар. Мына ошентип, кыргыздарда дыйканчылык Орто Азиядагы жергиликтүү дыйканчылык менен тыкыс карым-катышта өнүккөн. Ошону менен бирге өлкөнүн түндүгүндөгү (анча-мынчалап түштүгүндөгү да) кыргыз дыйкандары XIX кылымдын 60—70-жылдарынан баштап эзелтеден берки дыйканчылыкта орус жана украин келгиндеринин жагымдуу таасирин өз баштарынан кечиришкен.

Түштүк кыргыздардын чарбачылыгында дыйканчылыктын салыштырма салмагы небактан эле жогору болгон. Түндүк Кыргызстанда анын мааниси Кыргызстан Орусиянын составына киргенден кийин арта баштаган. 1913-жылы эле Бишкек уездиндеги кыргыз чарбаларынын 93 процентке жакыны дыйканчылык кылган. Кыргыз кедейлеринин кыйла бөлүгүнүн дыйканчылык кылууга жана отурукташууга өтүшүнө баарынан мурда кыргыз коомунун күчөп алган таптык катмарлануусу, кыргыздардын чарбачылыгына капиталисттик мамилелердин кириши себеп болгон. Мында падышачылыктын колониячыл саясаты чоң роль ойногон: айдоо жерлеринин келки массивдери жана жайыттары, бөтөнчө алардын мал башын азайтууга алып келүүчү — баалуу кышкы жайыттар тартылып алынган. Кыргыздарда дыйканчылыктын өнүгүшүнө алардын коңшуларынын — орус дыйкандарынын оң өрнөктөрү да кыйла таасирин тийгизген.

Бирин-экин мал-тегеси бар жакырданган чарбалардын бир бөлүгү дыйканчылыкка өткөнү менен деле, жайдыр-кыштыр болбосо да көчүп-конуп жүрүшкөн. Мал-тегеси таптакыр жок кедей чарбалар үчүн дыйканчылык күн көрүүнүн бирден-бир булагына айланган.

Октябрь революциясы болор алдындагы жылдарда жарым отурукташкан типтеги мал чарбачылык-дыйканчылык кылуу жагында аралаш чарбачылык жүргүзүү кыйла жайылган; мындай чарбадагы үй-бүлөнүн бир бөлүгү талааларды иштетүү үчүн кыштаган жеринде жатакка калган. Анткени менен дыйканчылык кылууга өтүү мурдагы көчмөн чарбалардын отурукташуусу менен дайыма эле төп келген эмес. Айтсак, ошол эле Бишкек уездинде кыргыз чарбаларынын ичинен отурукташканы 15,1 процент гана болгон. Кыргыз кедейлеринин дыйкандардын абалына өтүү үчүн жасаган аракеттери манаптар тарабынан кескин каршылыктарга учураган, анткени манаптар мындан өзүлөрүнө көз каранды калкты эксплуатациялоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн тарып жаткандыгын көрүшкөн. Узакка созулган күрөштөн кийин 1900-жылы Бишкек уездинде отурукташкан кыргыздардын Таш-Дөбө деген биринчи кыштагы негизделген. Пржевальск уездинде муну менен дээрлик бир убакта Боз-Учук кыштагы пайда болгон. Октябрь революциясы болордон бир аз мурдараак кыргыздар отурукташкан бир нече кыштакты, алардын ичинде кыргыздар менен орустардын Дархан деген аралаш кыштагын түзүшкөн. Мындан соң кыргыздардын отурукташкан бүтүндөй болуштуктары (волосттору) пайда боло баштаган.

Падышачылыктын агрардык саясатынын шартында кыргыз кедейлеринин дыйканчылыкка жана отурукташууга өтүшү көп учурда аргасыздыктан жана кыйналып-кысталуу менен жүрүп жатса да, бул көрүнүштөрдүн, сөзсүз прогрессивдүү мааниси болгон, алар чарбачылыктын жана маданияттын көбүрөк жогорку формаларына өтүүнүн учуру болуп калган.

Кыргыздардын негизги көпчүлүгүнүн чарбачылыгында дыйканчылык көмөкчү тармак болгон жана көбүнчө керектөөлөрдү канааттандыруу мүнөзүндө жүргүзүлгөн. Эгин себилген аңыздар, бөтөнчө кедей чарбаларда анчалык көп болгон эмес. Малдуу байлар гана кыйла чоң аянттарга эгин себишкен. Фергана өрөөнүндө дыйканчылык улам көбүрөк товардык мүнөз ала баштаган, буга ал жердеги пахта өстүрүүчүлүктүн өнүгүшү көмөктөшкөн.

Түштүктөгү кыргыздар пахтадан тышкары буудай, жүгөрү, тиш жүгөрү, күрүч, бакча өсүмдүктөрүн, беде өстүрүшкөн. Кыргызстандын түндүгүндө буудай, таруу жана арпа негизги өсүмдүктөрдөн болгон, ал жерде бир аздап сулу жана беде өстүрүшкөн. Бийик тоолуу райондордо арпа бөтөнчө көп тараган. Бул жергеде сулу эгүү орус элинин таасири астында пайда болгон. Таруу, калыбы, кыргыздардын эң эзелки аштыгы болсо керек. Огород өсүмдүктөрү өтө аз тараган. Айтсак, Пржевальск уездинде 1913-жылы аларды кыргыз чарбаларынын бир гана проценти өстүргөн.

Кыргыздардын дыйканчылыгы негизинен сугат жерлерде жүргүзүлгөн. Сугаттын, калыбы, небак эле чебер иштелип чыккан, бийик тоолуу шартка ылайыкташтырылган ыктары колдонулган. Сугат каналдары (арык, өстөн) көп учурда өтө бийик аскалуу жерлерде, алдына таш төшөлүп жасалган. Биз атагы бүткүл Тянь-Шанга белгилүү 79 жаштагы Өмүке Атабеков деген ошондой ирригациялык курулуштарды куруп келген бир адам менен жолугуштук. Ал боз улан кезинде эле Теке-Секирик деген жерде арык салууга катышыптыр. Өмүке жети чоң сугат каналын куруптур. Анын айтканына караганда, өзөндөн арык алынып чыкчу жерди көз болжоо менен аныктоочу экен. Ал сабатсыз болгону менен арык алып чыгуу планын түзө билет экен. Нарын шаарынын жанынан өткөн чоң арык ошо кишинин планы боюнча казылыптыр.

Арык алынып чыкчу жер аныкталгандан кийин анын нугу салына баштаган. Арык өтүүчү жерге ар бир 50—100 метрден кийин белги коюлган (таш, жыгач же чым-көң). Куруучу кайсы жерде арыктын тереңдигин 0,5—1 же 1,5—2 метр казуу керек экендигин көз болжоо менен аныктаган. Сууну калкытып токтотуп калчу жерлерди тереңдетип казышкан. Арыктын тереңдиги жана анын бөлүктөрүнүн узундугу бир саржан таяктын жардамы менен ченелген, бирок анын узундугу 10 карышка барабар болот деп эсептелген.

Арыктын тигил же бул бөлүгү кыртыштын түзүлүшүнө жана бөтөнчөлүктөрүнө жараша казуучуларга бөлүштүрүлчү экен, топуракты чыгарууда арыктын тереңдиги да эске алынган. Арык казуу үчүн кетмен менен темир күрөктөр колдонулган. Таштуу жерлерден арык алып чыгууда чукулдуктар пайдаланылган. Өмүке Атабеков качандыр-бир кезде кимдир-бирөө текенин мүйүзү менен арык казганын угуптур, бирок өзү ал курал колдонулганын көрбөптүр.

Аскалуу жерден арык алып чыгууда ноо жасашкан. Ал үчүн асканы чукулдук менен оюп, ага чоң темир казыктарды урушкан, анан ага ноону орнотушкан. Ал ноону төрт (түбүнө эки тактай) карагай тактадан жасашып, мык менен бекитип коюшкан. Арыкка биринчи жолу суу коё берилгенде жерсуу таюу курмандыгын чалышкан. Тянь-Шандык аксакалдын айтканына 77 жаштагы тажрыйбалуу дыйкан Сексенбай Калыгулов олуттуу кошумчалоолорун киргизди. Анын айтканына караганда, атасы тирүү кезинде чоң арыктарды көп казышкан. Андай арыктарды чабуу үчүн жергиликтүү эл биригип иштешкен. Алар ишке жетекчилик кылып туруу үчүн тажрыйбалуу аксакалдардын бирин башчылыкка шайлашкан. Арыктын жайгашуу деңгээли көз болжоо менен аныкталган. Арыктын бийиктигин ченеп көрүп туруу үчүн узундугу төрт карыш келген таяк колдонулган. Арык чабууда кетмен, чоку, чукулдук, лом, кийиктин мүйүзү (таштарды оодаруу үчүн) пайдаланылган.

Арык чабылып жатканда аскалуу жер туш келип калса, асканы жарып алып таштоо үчүн чукулдук колдонулган, андан кийин ташты калтектин жана моюнтуруктун жардамы менен оодарып ташташкан. Сууну жарлар аркылуу алып өтүү үчүн жумуру карагайларды оюп, ноо жасашкан. Устунду керки, балта, байтеше менен оюшкан. Суу көп болуп кеткенде эки ноо коюшкан. Жар жазы болгон учурда ноолордун эки башынан бири-бирине улаштырып, ортосунан түркүк менен тиреп коюшкан. Түркүктөрдү ноолорго узун мыктар менен бекитишкен. Ноолордун өзүн чаңгектер менен карматышкан.

Көп учурда арык чыгаруу үчүн аскаларды тешип өтүшкөн, бул үчүн мети деген куралды колдонушкан. Арык чабылардын алдында чогулуп акылдашышкан. Мындай учурларда мал союп, тамак ичишкен. Арыктар таруу сугаруу үчүн гана пайдаланылган. Ал сууну ушул максат үчүн шайланган «Көк башы» бөлүштүргөн. Жергиликтүү кыргыздар айрым жерлердеги байыркы, алда качантан бери кароосуз калган сугат тармактарды да калыбына келтиришкен, бирок өзүлөрүнүн салтка айланып калган сугат тармагын да түзүшкөн. Суу өзү агып чыкма сугат гана колдонулган. Сугат тармагы аштык эгилип бүткөндөн кийин алардын жайлоого көчүп кетишине жана түшүм жыйнап алууга кайтып келишине мүмкүнчүлүк берген. Бул мезгилдин аралыгында аштыкты сугарып кетүү үчүн малчылардын үй-бүлөлөрүнүн кээ бир мүчөлөрү гана келип турушкан.

Кээ бир жерлерде дыйканчылык түшүм бериши жаан-чачынга көз каранды болучу кайрак жерлер менен айкалыштырып жүргүзүлгөн. Бирок кайрак жерлерге аштык эгүү кийинчерээк, айлана-чөйрөдөгү орус калкынын таасири менен көбүрөк кеңири тараган.

Кыртышты иштетүүдөгү негизги курал жыгач буурусун (түштүктө — амач, омоч, ысфар; салыштырыңыз; тажикче — сипөр), украиндыктардын бир тиштүү рало деген куралына окшош болгон. Адатта анын учтуу башына чоюн тиш кийгизилген. Анын бул аймактарда колдонулуп келген байыркы курал экендиги 1953-жылы Чүй өрөөнүндөгү будда храмын казуу убагында табылган дал ошондой курал менен ырасталган; ал арчадан жасалган, биздин замандын VIII кылымына таандык. Анын кемчиликтеринен улам кыртышты каршы-тершисинен эки ирет айдоого туура келген. Кыргыздардын жер айдоочу куралынын тиби жана аны менен байланыштуу терминдер Орто Азиянын жана Чыгыш Түркстандын отурукташкан калкынын дыйканчылыгынын техникасында жалпы белгилер бар экендигин көрсөтүп турат.

Октябрь революциясы болордун алдында буурусун кыргыздардын айыл чарба техникасында дагы эле үстөмдүк кылып турган. Бирок орус дыйкандарынын таасири менен орустун темир соколору да тарала баштаган. 1913-жылы Бишкек уездиндеги кыргыздардын чарбаларында 3538 соко, ошол эле убакта 13217 буурусун болгон.

Кыргыздардын дыйканчылыгында жерди кысыр калтырып айдоо системасы үстөмдүк кылган, которуштуруп айдоо өтө сейрек учураган, жер семиртүү Түштүк Кыргызстанда анча-мынчалап колдонулган. Кыргыздар үрөндү айдалган да, айдалбаган да кыртышка кол менен себишкен. Айдалбаган аңызга эгин эгилгенде аны үрөн себилип бүткөндөн кийин айдашкан жана малалашкан. Баш кийимге, күрмөнүн этегине, көнөккө, төрбөгө салынган үрөндү уучтап алып себишкен. Кийинчерээк үрөн себүүдө орустардын ыкмасы колдонулган: үрөндү капка салып алып эгишкен.

Кыргыздарда үрөн себүүнүн көчмөндөр үчүн гана мүнөздүү ыктары али сакталып турган. Атчан бастырып баратып үрөндү аттын башынан ашыра себишкен. Малалоо бир нече жол менен жүргүзүлгөн. Долононун, арчанын ж. д. у. сыяктуулардын таңылган бутактары (мала, шак мала) же бутактуу устундар пайдаланылган, көп учурда буурусунду капталынан жыгып алып, оор болсун үчүн анын үстүнө бир адамды чыгарып коюп малалашкан. Кийинчерээк жыгач же темир тиштүү малаларды пайдалана башташкан, аларды кандай жасоону орустардан үйрөнүшкөн.

Түшүм чаап-жыйноодо ороктун эки түрү — идирек миздүү кыргыз орок, кол орок жана Орто Азиянын башка жерлеринде да жайылган мацгел бирден бир курал болгон. Карылардын эскерүүлөрүнө караганда, эгин чаап-жыйноо үчүн качандыр-бир кездерде койдун жаак сөөгү же жылкынын кабыргасы колдонулуптур. Чакан аянттагы аштыктын баштарын жөн эле кол менен жулуп, же кадимки эле бычак менен кесип, же тамыры менен жулуп алышкан.

Кийинчерээк орус чалгысы бир аздан жайыла баштаган. Орулган эгиндин боолорун адегенде же талаага үйүп коюшкан, же чийнеге жүктөп алышып түз эле кырманга тартып келишкен, бул үчүн чанда гана орус же украин арабалары колдонулган. Дан бастыруу үчүн ар кыл ыктар колдонулган. Аштыктын аянты өтө чакталуу, эң алгачкы мезгилдерде кызылды аштыктын башы үйүлүп турган жеринде эле токмоктоп күбүп алышкан. Бул максат үчүн жыгач сокуларды да пайдаланышкан. Анткен менен малдарды (жылкыларды, өгүздөрдү, эшектерди) пайдалануу темин басуунун, пайкандын эң кеңири тараган ыгы болгон. Бул үчүн кырмандын ортосуна орнотулган момукка (мамыга) кийгизилген чыбык төңөлүккө аларды байлап коюп, төшөлгөн боолорду тебелетип айдашкан. Түштүк Кыргызстанда эгин бастыруу үчүн өзбектер менен тажиктердин тик бурчтуу, чырпык менен ортосу тордолгон увалын (тажикче: чапар) колдонушкан. Орус жана украин келгиндеринен жана дунгандардан моло таш менен кызыл бастыруу жолун үйрөнүшкөн.

Кызылды биринчи жолу бешилик айры менен топондошкон, андан кийин, экинчи жолу бастырылган соң күрөк менен сапырышкан. Түштүктө данды калбыр — парак менен элеп алышкан. Эгинди бастыруу бүтүп, таза дан үймөктөлгөндөн кийин салттык сый чеч берилген. Бул үчүн кандайдыр-бир майда жандыкты союу жөндүү деп эсептелген. Жандыктын башына шыпыргы төшөп, канын күрөккө агызышкан. Данга жана таякка малдын канын чачышкан. Бул ырасымды баба дыйканга арнап өткөрүшкөн. Бул ырасым тажиктердин «чошбандисине» окшош болгон.

Ун тартуу үчүн Орто Азияда жалпы типтеги суу тегирмендери менен катар көп учурда жаргылчактарды колдонушкан. Кыргыздар чарбачылыкта универсал курал кетменди колдонушкан. Жер казуу, арык чабуу ж. д. у. сыяктуулар үчүн колдонулган бул курал Орто Азиянын бардык жерлеринде кеңири тараган.

Жалпысынан кыргыздардын дыйканчылыгы өзүнүн кээ бир эзелки, өзгөчөлүү белгилерин сактап калып, бүткүл Орто Азия элдеринин дыйканчылыгы менен табигый байланышта турган. Бирок кыргыздардын дыйканчылыгынын техникасынын ыктарына коңшу жашаган орус жана украин калкы менен карым-катышта болуу, ошондой эле Орусия менен экономикалык байланыштардын чыңдалышы прогрессивдүү таасирин сезилээрлик тийгизе баштаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.