АҢГЕМЕ

— Прокурор мырза, ишенип койсоңуз, мен оңой менен кишиге алдата койбойм, — деди Яновиц. — еврей экеним калппы? Бирок бул кишинин кылганын түшүнө албайм. Бул жерде графология да эмес, эмне экенин бир кудай эле билет. Элестетиңиз, кол жазмаңызды конвертке салып бересиз. Ал аны ачып карап да койбойт, конвертке манжаларын салып сыйпалап көрүп, бир жери ооругандай оозун бир аз кыйшайтат да, анан аны жазган адамдын мүнөзүн айта баштайт… Эми айтканда да кандай айтат,— таң каласың! Тим эле көрүп тургандай! Мен ага Вейнберг чалдын кол жазмасын конвертке салып берсем, анын диабетик экенин жана жакында банкрот болорунан бери айтып салды. Буга эмне дейсиз?

— Эмне демек элем, — суз жооп берди прокурор. — Балким, ал Вейнбергди тааныйт болуш керек.

— Бирок ал анын кол жазмасын көргөн жок да, — деп каршы болду Яновиц. — Ал ар бир киши кагазга жазганда, ага өзүнүн көзгө көрүнбөгөн, радио толкундар сыяктуу энергиясын калтырат деп эсептейт. Ал аны кадимки эле табигий кубулуш катары көрүп, аны алакандары, манжалары аркылуу кабыл аларын айтат. Прокурор мырза, бул жерде эч кандай алдамчылык жок: Князь Карадаг акча да албайт, ал бакулук өткөнгө тамыры терең кеткен, эски үй-бүлөдөн чыгыптыр, ал жөнүндө мага бир орус айтып берген.

Айта бергенде эмне, кечинде биздикине келмей болду, келип өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз. Сөзсүз келиңиз!

— Уксаңыз Яновиц мырза, — деди,— мунун баары жакшы деңизчи, бирок мен алардын кайдан чыкканын билбесем чет элдиктерге көп ишене бербейм, ишенсем да жарым-жартылай эле ишенишим мүмкүн. Орустарга ишеничим андан да аз, ал эми сиз айтып жаткан факирлерге такыр эле ишеничим жокко эсе. Анысы аз келгенсип князь болсо, ага кантип ишенсе болот. Ал бул өнөрдү үйрөнүптүр дедиңизби? А Персияданбы. Мени жөн эле коюңуз Яновиц мырза. Чыгыш — бул жалаң алдамчылардын мекени.

— Коюңузчу, прокурор мырза, — деди Яновиц.— Бул жаш жигит бардыгын илимдин көз карашы менен түшүндүрүп жатат. Эч кандай сыйкыр же сырткы күчтөрдүн тийешеси жок. Айтып жатам го, таза илимий ыкма.

— Анда даана эле көз боёмочулук, — деп үн катты прокурор. — Яновиц мырза, мен сизге таң калып турам. Өмүр бою “таза илимий ыкмасыз” эле жашап жүрбөдүңүз беле, азыр эмне ага жабыша калдыңыз. Маанилүү бир нерсе болсо, илимде эчак белгилүү болот эле го, чынбы?

— М-да… —  Яновиц бир азга олку-солку болгондой, ойлоно түштү. — Бирок мен анын Вейнберг чалдын ишин кандай тактык менен айтканына өзүм күбө болдум го. Тим эле укмуш. Билесизби, прокурор мырза, миң уккандан бир көргөн жакшы эмеспи, келиңиз кечинде. Эгерде алдамчылык болсо, сиз адис катары тез эле билип коёсуз. Менимче, сизди эч ким алдай албайт болуш керек?

—Ооба, аның туура, — деди тигинин мактай чалганына макул болгон прокурор. — Макул, барайын Яновиц мырза. Сиздин “феномениңиздин” бетин ачыш үчүн эле барам. Ушундай болбогон нерселерге ишенген кандай уят, кандай жеңил ойлуу адамдар бар арабызда. Бирок ага менин ким экенимди айтпаңыз. Көрөсүз го, мен ага бир кишинин кол жазмасын алып барам. Алдамчылыгынын бети оңой эле ачам деп ойлойм.

Сиздерге айтып коюшубуз керек, прокурор, тактап айтканда, мамлекеттик улуу прокурор, укук илимдеринин доктору мырза Клапке, жакынкы күндөрү сотто, сот арачыларынын алдында атайылап адам өлтүрүү күнөөсү тагылып, Гуго Мюллерге карата ачылган кылмыш ишинде, ага каршы айыптоочу катары сөз сүйлөмөк.

Фабрикант жана бай Гуго Мюллерге өзүнүн кичүү иниси Оттону чоң суммага камсыздандырып туруп, Доксан көлмөсүнө атайын чөгүп жиберген деген айып тагылып жаткан. Ага андан тышкары, көп жылдар мурда ойношун тиги дүйнөгө узаткан деп шектенип жүрүшчү, бирок аны далилдөө азыр мүмкүн эмес болучу. Кыскасы, чоң процесс болору күтүлүп, Клапке ал жерде өзүн көрсөткүсү келип жаткан. Ал Мюллердин иши боюнча адатынча өзүнүн болгон күчүн жана көрөгөчтүгүн жумшап, ушул убакытка чейин жетишкен каардуу прокурор деген атагын актоого аракети чоң болчу.

Бирок иштин бүдөмүк жерлери арбын болуп, бул иш боюнча маанилүү бир далил табылса, ал үчүн прокурор көп нерсени берүүгө даяр эле.

Мюллерди даргага жөнөтүү үчүн, тергөөнүн чогулткан далилдерине караганда өзүнүн кызыл тилинин күчүнө таянууга туура келип жаткан. Адам өлтүргөн кылмышкерди — өлүм жазасына тартууга жетишүү, прокурор үчүн чоң ийгилик экенин айта кетишибиз керек.

Ал күнү кечинде Яновиц көз ачыкты прокурорго тааныштырып жатканда бир аз толкунданып жатканы көрүнүп турду.

—Князь Карадаг,— деди ал акырын. — Доктор Клапка…Баштай берсек болот да, ошондойбу?

Прокурор бул экзотикалык экземплярга сынай карап жатты. Анын алдында, тибет монахына окшогон арыкчырай, көз айнек тартынган жаш жигит турду. Анын манжалары чөнтөкчүлөрдүкү сыяктуу ичке эле.  «Авантюрист!» — деп чечти прокурор.

—Карадаг мырза,— деди Яновиц.— Бул столго жакын келиңиз. Бөтөлкөдөгү минералдуу суу даяр, столдо турат. Торшерди жандырып коюңуз, люстраны азыр өчүрөбүз. Та-ак. Мырзалар, тынчтаныңыздар. Мырза про… м— м, Клапка мырза бир кат алып келиптир. Эгерде Карадаг мырзага оордук болбосо, анда…

Прокурор жөтөлүп алды да, көз ачыкты жакшы көргүдөй жакын жерге келип олтурду.

—Мына ал кат,— деди да ал чөнтөгүнөн чапталбаган конвертти алып, ага сунду. — Мынакей алыңыз.

—Рахмат, — көз ачык күңк этип койду да, катты колуна алып, көзүн жуумп, аны ары-бери айлантты. Ал капыстан селт дей түштү да, башын чайкады. — Таң калыштуу! — деп кобуранып, суудан ичип, конвертке манжаларын салып, кыймылдабай туруп калды. Анын кара тору өңү кубарып чыкты.

Бөлмө жымжырт болуп тымып калды, бир гана дайыма күйүгүп жүрчү Яновицтин көкүрөгүнөн чыккан, ичке ышкырык сыяктуу үн угулуп жатты. Карадагдын жука эриндери титиреп жана кыйшайып, колуна ысытылган темир кармагансып чекесинен тер чыга түштү.

—Адам чыдагыс! — деп кобуранып, конверттен манжаларын чыгарып, жүз аарчысы менен сүртүп, суудан бир ууртады да, бир мүнөтчө манжаларын дасторконго бычакты кайрап жаткансып жанып-жанып алды. Кайрадан суудан бир ууртап, конвертти колуна алды.

—Бул катты жазган адам,— деп баштады сөзүн, — өтө кубаттуу күчкө ээ экен, бирок… — Карадаг, сөз таппай жатты окшойт, — ушундай, этиятташ керек экен… Бул аябай коркунучтуу күч! — анын колунан конверт жерге түшүп кетти. — Бул кишинин менин душманым болушун каалабас элем.

—Эмнеге?— прокурордун чыдамы кете түштү. — Ал эмне жаман иш жасаптырбы?

—Суроо бербеңиз, — деди көзү ачык. — Ар бир суроодо жообу катылган. Менин билгеним, ал кандай иш болсо да жасаганга барат… чоң жана ыплас иштерди. Анын эрки абдан күчтүү… жана ийгилик менен байлыкка умтулуусу… Жакын адамын курмандыкка чалуу ал үчүн түккө турбаган нерсе. Жок, ал бүтүп калган кылмышкер эмес. Мисалы, Арстан кылмышкер эмес да. Арстан — бийлик ээси. Ал абийирсиз иштерге барбайт, бирок ал адамдардын тагдыры менен ойногонду өзүнүн көнүмүш иши деп сезет. Ал аңга чыкканда — адамдарды жөн эле олжо катары эсептейт. Аны өлтүрүш ага кеп эмес.

—Ал ак менен каранын ар жагында турат, — прокурор көзү ачыктын айтканы чындык дегенсип кошулуп койду.

—Бул болбогон сөз, — деди тигил. — Эч ким ак менен каранын артында турбайт. Бул кишинин өзүнүн катуу карманган моралдык кодекси бар. Ал эч кимге карыз эмес, ал ууру кылбайт жана эч кимди алдабайт. Ага бирөөнү өлтүрүп коюш, шахмат доскасында шах менен мат койгондой эле кеп. Анын эрежелери ошондой жана ал аны так аткарат. — Көзү ачык кабагын бүркөп койду.

—Эмне экенин билбейм, чоң көлмөдө жүргөн моторлуу кайыкты көрүп жатам.

—Анан эмне болду? — деди демин ичине тарткан прокурор.

—Андан ары тумандап, эч нерсе көрүнбөй калды. Өзүнүн олжосун оозунан чыгаргысы келбеген адамдын бекем эрки, эч кимди аябаган катуу каалоосу тоскоол жаратып, боз туманга каптап салгансыйт. Бирок ал аңчылардай олжону көргөндө башын жоготуп жиберген жок, анын кыймыл-аракети акылга калчанып ойлонулган. Математикадан эсеп чыгарган же техникалык көйгөйдү чечкен сыяктуу майда-барат нерсесине чейин калтырбай эсепке алган. Бул адам эч качан кетирген жаңылыштыгын моюнга албайт, өзүнүн кылганын дайыма туура дейт, өзүнүн абийиринин алдында тазамын деп ойлойт. Мага ал боюн көтөргөн, өзүнөн башканы сүйбөгөн, өзүмчүл адамдай көрүндү. Ага башка кишилердин андан чочулап, коркуп тургандары жагат.

— Көзү ачык суудан дагы бир ууртап койду. — Ошол эле убакта ал мыкты актер экен. Ал эл алдында өзүн көрсөткөндү жактырат. Өз иши менен дүйнөнү таң калтыргысы келет… Болду. Жетишет. Чарчадым. Бул киши мага жакпайт.

— Уксаңыз, Яновиц,— толкунданып алган прокурор үй ээсине кайрылды.— Сиздин көзү ачыгыңыз чындыгында эле укмуш адам экен. Ал туптуура сүрөттөдү: күчтүү жана аёосуз кишилер ага жөн гана олжо, өз оюнунда мыкты чебер, кылган иштерин ойлонуп жасайт жана кылган жаман иштерин моюнга алып, түзөлсөм деген ниети жок, анысы аз келгенсип өзүн элге көргөзгүсү келип турган мактанчаак. Яновиц мырза, бул Карадагыңыз аны кандай гана так сүрөттөдү!

—Мына, көрдүңүзбү, — деп сүйүнүп кетти Яновиц. — Айтпадым беле! Бул либерал  Шлифендин каты беле?

—Коюңузчу! — деди прокурор, башын өйдө кылып. — Яновиц мырза, бул бир адам өлтүргөн мыкаачынын каты болчу.

—Чын элеби!— деп таң кала түштү Яновиц. — Мен текстилчи Шлифендики экен деп ойлоптурмун. Билесизби, Шлифен, улуу каракчылардын бири.

—Жок. Бул бир тууганын өлтүргөн Гуго Мюллердин каты эле. Сиз байкадыңызбы, көзү ачык көлмө жана мотордуу кайык жөнүндө айтпадыбы. Ошол кайыктан Мюллер өзүнүн инисин сууга чөктүргөн.

—Андай болушу мүмкүн эмес,— деди таң калган Яновиц. — Көрдүңүзбү, прокурор мырза, кандай шумдуктай талант!

—Ал талашсыз, — деп макул болду тигил. — Мюллердин мүнөзүн, анын кылыктарынын себептерин кандай гана сонун талдап берди! Мен өзүм да мындай терең изилдей алмак эмесмин, бул бир шумдук!  А көзү ачык катты бир кармалап туруп эле бардык сырды астыбызга ачып таштап койду… Яновиц мырза, бул жерде бир нерсе бар. Чынында эле адамдын кол жазмасы бир толкунга окшогон нерселерди чыгарат окшойт.

—Мен сизге айтпадым беле! — деди Яновиц кубанганын жашыра албай.— Айтмакчы, прокурор мырза, мага тиги мыкаачынын катын көрсөтсөңүз. Андайды өмүрүмдө көрө элекмин!

— Мынакей, көрө бериңиз,— деди да, прокурор ички чөнтөгүнөн ал катты сууруп жатып.— Айтмакчы, каттын өзү кызыктуу жазылган… — деп кошумчалады ал, конверттен бир баракка жазылган катты сууруп чыгып, бирок эмнегедир кебетеси өзгөрө түштү, — чынында… Яновиц мырза, ачыгын айтсам, бул сот ишинде катталган документ болчу, көрсөтө албайм, кечирип коюңуз…

Бир нече мүнөттөн кийин жаап жаткан жамгырды да сезип койбой, үйүн көздөй шашып баратты. «Мен —эшекмин! — деп кайталап келатты ал жинденип. — Мен — көк мээмин! Кандайча ушундай кылып алдым?! Акмакмын! Мюллердин катын алам деп, шашкалактап атып, өзүм жазган айыптоочу сөзүмдү конвертке салып алганымды карабайсыңбы! Келесоо! Демек, бул менин кол жазмам экен да! Башымды ийип ыраазычылыгымды билдирем! Шашпа алдамчы, эми сенин чыныгы жүзүңдү ачпасам!»

«А негизи,т— прокурордун ачуусу тарап, тынчый баштады, — ал жаман деле эч нерсе айткан жок. Күчтүү инсан, эрки абдан күчтүү, абийирсиз иштерге барбайт… Буга макулмун. Катуу карманган моралдык кодекси бар… Бул, албетте, кубандырчу нерсе! Эч качан моюнуна албайт… демек, кудай сактасын, моюнга алчу эч нерсем жок: мен жөн гана милдетимди аткарып жүрөм. Ар нерсени акылга салып чечет дегени туура. Бирок мактанчаак, өзүн элге көргөзкүсү келет дегенине макул эмесмин. Жок, ал баары бир алдамчы экен!»

Прокурор баратып эле, токтоп калды. «Эми түшүнүктүү! — деп ойлоду ал. — Анын айткандары кайсы адамга айтса да туура боло берет. Бул бардык эле адамдарга тиешелүү жалпы нерселер. Ар бир адам бир аз мактанчаак жана өзүн сүйөт. Мына, фокустун сыры: ар бир адам өзү жөнүндө айтып жаткандай кылып айтыш керек. Иштин баары мына ушунда», — деп чечти прокурор. Ал кол чатырын жайып, үйүн көздөй адаттагыдай эле көңүлдүү кадамын таштады.

— Ой, кудайым ай, — соттун төрагасы мантиясын чечип жатып нааразы болду. — Жети саат болуп кетиптир! Ишти аябай созуп жибердик! Ой жанагы прокурор эле эки сааттан ашык сүйлөбөдүбү. Ал процессте жеңишке жетишти! Далили жетишсиз болсо да өлүм жазасына буюруу чечимине жетишүү, — бул чоң ийгилик! Сот арачыларын ишендирүү оңой эмес. Ал аябай жакшы сүйлөдү! — деп улантты соттун төрагасы колун жууп жатып.

— Негизгиси, ал Мюллерге укмуш мүнөздөмө берди — кылмышкердин психологиялык портрети даана тартылды. Адам эмес эле, бир шумдукка берилген мүнөздөмөдөй, уккан адамдын денеси дүркүрөйт. Коллегалар, ал кандай айтканы эсиңиздерде барбы:  «Бул өзгөчө кылмышкер! Ал эч кимге карыз эмес, ал ууру кылбайт жана эч кимди алдабайт. Бирок, ага бирөөнү өлтүрүп коюш, шахмат доскасында шах менен мат койгондой эле кеп. Ал абийирсиз иштерге барбайт, бирок ал адамдардын тагдыры менен ойногонду өзүнүн көнүмүш иши деп сезет. Бирөөнү өлтүргөндө ал акыл-эси менен, терең ойлонуп, математикадан эсеп чыгарган же техникалык көйгөйдү чечкен сыяктуу майда-барат нерсесине чейин калтырбай эсепке алат». Абдан жеткиликтүү айтылган сөз, коллега!  Андан ары айтканычы: «Ал аңга чыкканда — адамдарды жөн эле олжо катары эсептейт…» Ал эми артстан жөнүндө айтканы, өтө эле театрлашып кеткенсиди, бирок сот арачыларына жакты.

—Же болбосо анын: «Бул адам эч качан кетирген жаңылыштыгын моюнга албайт, өзү кылганын дайыма туура деп эсептейт. Өз абийиринин алдында тазамын деп ойлойт…» — дегеничи деп ага коштой кетти соттун мүчөсү

—Дагы бир психологиялык штрихт, — деп улантты соттун төрагасы, колун сүлгүр менен аарчып жатып, — ал мактанчаак, кылган ишин бүт дүйнөдөгүлөргө жарыялап көргөзкүсү келет деп…

—М-да, — деп аны менен макул болду соттун мүчөсү, — Клапка — коркунучтуу адам!

— «Гуго Мюллер күнөөлүү» — сот арачылары бир добуштан чечим кабыл алышты. Мындай болот деп ким ойлоптур! — соттун төрагасы таң кала кетти. — Эмне кылса да Клапка максатына жетти. Биздин прокурорго сот процесси — аңга чыкканга же шахмат ойногонго барабар. Ал ар бир ишке сүңгүп кирет… Ооба, коллега, мен анын мага душман болушун каалабас элем.

— Ал андан кишилердин коркуп турганын жактырат. — деп кошуп койду соттун мүчөсү.

— Ооба, өзүнө катуу ишеним бар анда,— урматтуу төрага ойлуу унчукту. — Андан тышкары адам таң каларлык күчтүү эрки жана жеңишти көксөп турган көктүгү бар. Күчтүү адам, коллега, бирок… — Төрага унчукпай калды…

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.