Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү менен алек болот.

Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегилери келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калышат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйдү көздөй жол тартышат.

Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келатышса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок билектен башка эч нерсе көрүнбөйт.

Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:

—  Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоёт экен,- дейт.

Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир:

— Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат,- деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. — Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келатса мага айт,- деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коёт. Кыздардын кичүүсүнө: — Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын,- дейт.

Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жезкемпир чачын жыттамыш болуп, кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жезкемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жезкемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт.

Жерде жаткан талпактын бир учун жезкемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.

Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса, баягы жезкемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келатат.

Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калышат. Аңгыча жезкемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп:

— Сени далай карадым,
Бир керекке жарагын,- деп ыргытын жиберет.

Күзгү жезкемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жезкемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат. Жезкемпир сокусун кайык кылып минип, сок билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт.

Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жезкемпир жакын келип калганын көрүшөт.

Эмне кыларын билбей, шашып турганда жезкемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз:

— Тарагым, тарагым,
Бир керекке жарагын,- деп жезкемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жезкемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жезкемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат. Ал мезгилде жезкемпир сокусун араа кылып, сок билегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет.

Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсактары ачып, кубаттары качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жезкемпир келатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларды билбей дал болуп туруп калышат. Аңгыча жезкемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү:

— Ийнем-ийнем, ийип кет,
Жер түбүнө кирип кет, — деп ийнесин жезкемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жезкемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сок билегин камчыланып жезкемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот.

Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын каранышат. Карашса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчтөрү коюнга батпаган кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.