АҢГЕМЕ

Тай атам, тай энем, мен — үчөөбүз. Колуман тай атам жетелеп алган. Шаркырап аккан сууну жээктеп, гүлдөр, таштар жайнаган жолдор менен үйгө келгенбиз. Көрсө, ал күнү тай атам менен тай энем мени биротоло алып келе жатышыптыр…

Тай атамдардын үйү мурдагы, элес-булас менин эсимде калган үйдөн такыр башкача сезилди. Үйдүн тегерек-четине, алма бактын арасынан бери төрт бурчтуу, майда-майда бал челектер жайгашыптыр. Анда канаттарын тыбыратып жайнаган аарылар учуп-конуп жүрүшөт. Аңгыча, үйдөн мурда мен көрбөгөн бир киши алдыбыздан барбалактап тосуп чыкты. Жаш курагы тай атамдай. Жапалдаш бойлуу болгону менен денеси толмоч. Тим эле, жоготконун тапкансып менин кибереп келатканыма кудуңдап кубанып алган. Сүйлөгөнү бир аз башкача, таза кыргыз тилинде эмес. Тай атамды карап:

— Айтпадым беле, айткам! Эми биздин үйдө кыз жашайт, кыздуу үйдө кыл жатпайт! – деп менин боюм менен тең боло олтура калып, чекемен сүйүп колун сунду. — Айхалий дадаң болом!

Эликтей бакырайып ичимен шыбырандым: “Ким бул? Кайдан келген? Айхалий ысымы экен, “дада” дегени эмнеси?”

*     *     *

Эртең менен тай атам ишине кетет. Тай энем үй-тирикчилиги менен алек. Мен болсо уйкум канганча уктагандан кийин “аткаруучу милдетим” – оюн, ойномой. Мени менен тең балдар, кыздар чогулуп алып кыр, сай, ойдуң-түздү кыдырып ойнойбуз. Көбүнчө Бектурсун атанын короо-жайынын тегерегине, эшигине барып алабыз. Нукура “бала бакча” ошол жер. Тун баласына дагы бир үйдөн бир бала барат. Чоңоё баштаган кызына дагы бир кыз барып сүйлөшүп олтура беришет. Умтул аттуу 5 жашар кызына мен барам. Бешиктеги эң кичинекей уулуна эле эч ким барбайт. Анткени, аны менен ойной турган бөбөктөр да баса алышпай, бешиктеринде жатышат да. Ошондо, Бектурсун атанын ар бир уул-кызына барган балдар-кыздарды бирден эсептегенде эле, эшигинде тогуз кыз-баласына тогуз кыз-балдар (9+9) барып, эшигинде он сегиз (18) бала ойноп жүрөбүз! Бектурсун атанын үйү жыргал! Жыргайбыз! Анда-санда Бектурсун ата бир жактан мас болуп келип, аялына кыйкырып сүйлөп, сөгүнүп-сөздөнүп баштаганда гана биз, балдар бирибиз калбай качып кетебиз. Өз балдары эле калат…

*     *     *

Мен “ким бул?” – деп таң калган Айхалий-дада биздин үйдө биз менен жашай берди. Ал алма, өрүктөрүбүздүн арасында учуп жүргөн, ызылдаган аарылардын ээси экен. Улуу, кичүүнүн баарына жаркылдап сылык мамиле кылган жайдары адам. Башынан баштап белине чейин жаап турган тордон жасалган кийимин кийип алып, аарылары менен сүйлөшүп, алардын кичинекей үйлөрүн ачып-жаап жүрө берет. Кумшекер менен толтурулган чоң каптары бар. Кээде ал шекерден бир идиш менен сүзүп алып аарыларынын үйлөрүнө майда идиштерге салып коюп коёт, алары тамак катары жешет окшойт. Аарылары “ыз-ыз” деп токтобогон “ырчы” болушса, Айхалий-дада дагы ырчы! Айылдын бир да адамы ырдабаган ырларды акырын, кыңылдап ырдаганын угуп жүрөм. Жанына барып калсам, аарылары колумду же бутумду чагып туруп учуп кетишет. Ачышканына чыдабай көз жашымды төгүп жиберем. Айхалий-дада чачымдан сылап сооротот:

— Билесиңби, бөпөм, менин аарыларым чоңойгондо сулуу боло турган кыздарды гана чагат! Сен сөзсүз сулуу кыз болосуң! Кийин эч жериң оорубайт! Анан дагы, жүз жашка чыгаруучу терапея! Ошон үчүн аары чакса ыйлаба ээ…

Тырмактай жаныма “сулуу” деген сөзү жагат. Бул сөздүн артында мен эч көрө элек, бир кооз нерсем алыста, алыстагы бир жакта катылгандай. Ал катылган сырдуу нерсе — бир күнү менин жаныма келип калчудай ишенем.

Айхалий-дада айткан “сулуулукка” тезирээк эле жетким келип, аары чаккан жерим ачышпай калат. Көз жашым да токтойт. Дегеле, кыз-бала төрөлсө “сулуулук төрөлдү” деп айтышса деле жарашчудай. Көзүбүз ачыла электе эле сулуу болууга кызыккан кан-тамырларыбыз иштей баштайт окшойт…

Тамактанаарыбызда тай атам ар дайым Айхалий-даданы өзүнөн жогору өткөрөт.

— Ии, аарылардын падышасы! Өзүңдү го көрүп турам, эң жакшы. Тигил аарыларыңдын маанайы кандай? – деген суроо таштап коёт, болду.

Айхалий-даданын чечекейи чечилип, бажырая тай атамды, тай энемди бир карап коюп аары аттуу —“ызылдактары” жөнүндө сыймактана айтып кирет. Жайнаган ар бир аарысын жазбай таанып, ар биринин өзүнчө кыялы-мүнөзүн билгендей көркөмдөп баяндап берет бизге. Аарыларынын бейбаштары, тартынчактары, жооштору бар экен. Башка тирүү жандардын эки эле көзү болсо, Айхалий-даданын аарыларынын ар биринин бештен көзү бар экенин бизге айтып берет!

Айхалий-дада “тууган телим, тууган телим” деп ырдаганына караганда Ата-Мекени бизден абдан алыста. Узак жылдардан бери эле, жаз келип, гүлдөр ачыла баштаганда аарылары менен тайтамдардыкына көчүп келип, гүлдөр куурап калганда кайра өз мекенине көчүп кетип жүргөнүн мен кийин билдим.

Тай атам, тай энемдер менен качан, кайсыл жерден таанышканы жөнүндө маалыматты билбейм.

Үйүбүз мейманканабы десем, акча деле төлөбөйт. Биз менен бирге тамактанат. Тай энем жууркан-төшөгүн күнгө жайып, кийимдерин жууп берип турат. Ар күнү тай атам менен тай энем Айхалий-дадага жаңы эле келген мейманындай сылык-сыпаа мамиле жасашат.

*     *     *

Күндөрдүн биринде, мен көрө элек дагы бирөө биздин чакан үй-бүлөгө келип кошулуп жашап калды. Көрүнүшү бизге да, Айхалий-дадага да окшошпойт. Күн — күнү-түнү тийген, болгондо да күйгүзө тийген жерден келгендей кара киши! Мурун-чекелери ошол күйгүзгөн күнгө чагылышып жалтылдап турат. Сүйлөгөн тили да биздин же Айхалий-даданын сүйлөгөнүнөн башкача. Сөзүнө “Намонгон, Намонгон” деп, Намонгон шаары жөнүндө көп кошуп сүйлөйт. Ал кишини биринчи көргөндө эле тай энем: “Душан-аке деп кайрылып жүргүн” деп мага эскерткен.

Душан-акенин көлөмү чоң дарбыздай, эки топ-тоголок катуу нерсеси бар. Топко окшош ал томолокторун кармалаганга мен аябай кызыгам, тоголотуп ойногум келет. Бирок ал эки тоголоктун ичинде “бытпылдык, бытпылдык” деп сайраган  татынакай эки бөдөнө жашайт.

Айхалий-дада менен Душан-аке тап-такыр эки баш адамдар. Өңү-түсү, мүнөздөрүнөн бери… Алардагы окшоштук: экөө тең биздин үйгө башка элден аары, бөдөнө деген канаттуулары менен келген өзгөчө меймандары!!!

Душан-аке эртең мененки тамактануу бүткөндөн кийин эле ичиндеги бөдөнөлөрүн сайратып, эки тоголок “дарбыздарын” көтөрүп айылдын этегиндеги жайык талаага кетип калат. Ал талаанын чети же этеги бизге көрүнбөйт, чексиз. Келген күндөн баштап бир күн да ал талааны “Душан-акесиз” калтырбайт, кадимки жумушундай барат. Эртең менен кетип, каш карайганда гана келет. Ал талаада эмне иш кылары жөнүндө тай энемден сурагам, “дагы көп бөдөнө кармап баккысы келет экен” деп койгон. Бирок Душан-аке өзүнүн эки бөдөнөсүнөн башка ал жактан бир да бөдөнө кармап келгенин көргөн жокмун.

Бирок… Душан-аке барган — жайылган жашыл талаага бизге көрүнбөй куудулдук көргөзгөн шайыр-шатман артисттер, маскарапоздор да барабы деп ойлойм. Ал жерден укмуштай бир сонун оюн-салтанаатка күбө болот окшойт. Себеби, таң эрте зымпыйып кеткен Душан-аке талаадан жарпы жазылып, кээде ырдап-бийлеп, кээде ышкырып келет. Келип алып бизге эч нерсе айтпай эле каткыра берет, каткыра берет, өзү менен өзү сүйлөшөт. Күлүп жатып күлкүдөн чарчап калгансып, ошол күлгөн жеринде уктап калат. Айырым учурда, тигил талаадан тап-такыр башкача болуп келет. Талаанын таштары же гүлдөрүнө тил бүтүп, Душан-акени катуу тилдеп коюшкансып капаланып, дулдуңдап келип керебетине кулап жатып алат. Бөдөнөлөрүн да өз жайына койбой, “томолотуп” бир жерге таштап коёт.

— Душан тур, туруп тамак жеп ал, ашказаның ооруп калат… – деп  тай энем небереси мени араң көндүргөндөй, Душан-акени да араң көндүрүп, бышырган тамагын жедирет.

Душан-акени деле тай атамдар сыйлап, өз жайына коюшат. Тилдешпейт, башкарышпайт, талаа-түзгө кеткенине ал жактан кайра келгенине киришишпейт. Тамагына, жаткан төшөгүнө кам көргөндү гана билишет…

*     *     *

Ошентип, жылыга жаз, жай айларын  кур калтырбай биринчи Айхалий-дада аарылары менен андан кийин Душан-аке бөдөнөлөрү менен келип жүрүштү. Күз ортологондо да кезеги менен өз  мекендерине жол тартышат: биринчи Айхалий дада анан Душан-аке.

Керилип-созулушкан тай атам менен тай энеме келип-кеткен меймандары аябай көп эле. Алардын арасынан эмнегедир мага ушул эки мейман өтө жагат. Тай ата, тай энем  болуп үчөөбүз эле болсок, алар келгенде көбөйүп калабыз. Эң кубанычтуусу — экөөнүн тең кичинекей канаттуулары бар! Эки бөдөнө менен жыбыраган сан жеткис аарыларын кошкондо, ааламдагы эң көп үй-бүлө жашаган үй – биздин үй!

*     *     *

Жаз, жай күз мезгилинде эмес, кыш болор замат бизге “бүлө” болуучу, дагы бир адам жөнүндө унутуп кала жаздапмын. Айхалий-дадалар кеткенден кийин биз – тай атам, тай энем, мен болуп үчөөбүз эле калбайт экенбиз! Илья аттуу тай атамдын дагы бир досу келип биздин үйдө жашап калат. Илья берки меймандарыбызга караганда жашыраак. Тай атамдын – жаш досу окшойт. Анын ары, бөдөнө сыяктуу бакма канаттуулары жок. Турган-турпаты эле бар. Илья да бизге окшобойт! Башкача, ак-саргыл жүздүү анан көзүнүн түсү тигил көп-көк асмандай! Украина деген жерде туулганын биз эле эмес, айылдагылардын баары билишчү. Төрөлгөндө эле кыргыз тили менен оозангансып, биздин тилде так, эркин сүйлөйт. Бою карагайдай узун болгондуктан, үйүбүздүн эшигинен эңкейип кирип, эңкейип чыгат. Кирпичтей катуу, чоң колдору бар. Бирок ошол колдору менен элге жагып, “сүйкүмдүү”! Суук башталгандан баштап суук бүткөнчө айылыбыздагы үйлөрдү жылытууга “кызмат кылат”. Албетте, эң биринчи биздикин! Колдору үшүбөсүн деп тай энем териден кол кап тигип берген. Сурангандарга ызгаарга карабастан үйүнө барып топурак менен саманды эле аралаштырып меш жасап берип коёт. Кээ бирлеринин моруларын тазалайт, отундарын да жарат. Жарып эле койбой, тизилте жыйып берет. Кайра биздикине келе жатса жолдон бирөөлөр сууларын ташытууга да пайдалана коюшат. Бирок тай атамдардын Ильясы тигил, иш кылдыргандардын бирине да түк доомат койбостон милдеттүүдөй, акысыз жасап берет.

Илья мага “кыштын эле баласындай” сезилет.  Чын эле, биздикине кышта гана келсе, кышта гана көрсөм. Анан да кышта үшүгөндөргө жардам берсе. Илья “кыштын баласы” болбогондо, ким кыштын баласы болмок эле!?!

*     *     *

Биз менен жашап жаткан дагы бир жылдагы, дагы бир кыш айларынын бир күнү эле.

Күүгүм, суук. Илья дагы бир жактан бекер “кызматын” аткарып үйгө келип калганына бир сааттай болгон. Башына кооз ак калпак кийип, Разия апанын абышкасы Абдыгул ата келип калды, жалгыз өзү эле эмес…

Абдыгул ата – тай атамдын эң жакын санаалашы, тең-тушу, жүзүнөн мээрим гана төгүлүп турган ата.  Абдыгул ата өзү эле келбей аркайган мүйүздөрү бар бир текени жаңы, аппак жипке байлап жетелеп келип, биздин Ильянын колуна бир учун карматты. Айылдын бүт тургундарынын атынан ыраазычылыкты өзү эле билдирип койгусу келсе керек. Ильянын тарбайган чоң колдорун кармап алып мактоо сөздөрүн айтып жатты. Илья өзү, тай атам, тай энем, мен баарыбыз сүйүнүп турдук. Майрам! Биздин үйдө күтүлбөгөн майрам болду! Ак эмгектин, ыраазычылыктын майрамы…

Кыштын ызгарлуу күнү Абдыгул ата эмне үчүн өзгөчө тигилген ак калпагын кийип жасанып келгенин, тигил текени байлап жетелеп алган жиби да аппак, жаңы болгонунун себебин мен кийин-кийин түшүндүм: — Белек тартуулап жаткан адам дагы жагымдуу, өзгөчө, таза көрүнүш керек турбайбы!

Тигил мүйүзчөн текени жаңы ээси, Илья өзгөчө көңүл буруп багып жүрдү. Башынан сылап, баладай эркелетип, текеси багылып жаткан сарайга да меш жасап ага от жагып, суу жылытып берип. Кээде “зеригип кетти” деп текесин жетелеп бир жактарга алып барып кайра алып келчү.

Текеси да абдан эрке, бейбаш, тостоңдоп эле так секирип турат. Мен жанына жакын жологондон корком. Кыялымда ага минип, эки мүйүзүнөн кармап алып үстүндө жүргүм келет.

Илья кээде текесин бош эле коюп койчу. Бирок ал теке тоолорду көздөй чуркап кетпесе да, тоолорду карап моюн созуп адамдай телмире тиктеп туруп калганын көрчүмүн. Күнүгө сылап-сыйпап баккан Ильяны таштап ал жакка кеткиси келчү эмес болуш керек…

Күн жылып, жаз жакындаганда эле Илья бир белгисиз жакты эңсеп баштады. Илья ал сапарына камына баштаганда тай атам жан тарта:

— Илике, каап, жашай бер биз менен десе болбойсуң, ушинтип. Дербиштик жашооңо бул текенин кереги жок. Жолдо-белде кыйналасың, жүдөйсүң. Өзү да колдо багылган жаныбардай эмес, аска-тоолордо жүргөндөй башкача экен. Мындай шум текени дегеле көргөн эмесмин. Тамдын башына тим эле так секирип чыгып алат! Жолдон колуңан суурулуп качып кетиши да мүмкүн. Бир жаныңды кыйнабай текеңди биздин айылдагы бирөөгө сатып, акчасын түйүп алып кет. Же союп, этин элге таратып мындан аркы жашооңо кенен-чонон жеткидей акча чогултуп ал. Мен тааныш-жакындарымды чакырып, уюштуруп берем… – деди.

Ильянын көзүнөн туп-тунук жаштар чыгып, же агып кетпей, же кайра нары кирип кетпей туруп калганын көрдүм. Менин кичинекей боорум Ильяга биринчи жолу “ооруп турду” ошол саамда…

Илья тай атама ар дайым “урматтуум” же өз тилинде “дорогой” деп кайрылат. Тай атам да Ильяны өз атынан айтпай, эркелетип – Илике дейт.

Илья тай атамдын алдында күнөөлүдөй болуп башын жерге сала, акырын жооп берди:

— Урматтуум, сиздин бу айтканыңыз мага катуу тийип жатат. Кантип, кантип? Бул жаныбарымды соймок түгүл, тирүү сатканга дитим барбай турса… Сизден мындай сунуш күтпөпмүн. Азыр сиз – сиз эмессиз го… Оозуңуздан мындай катуу сөз чыкканына ишенбей турам. Өмүрүмдө эмгегим, ак эмгегим биринчи жолу бааланса… Абдыгул досуңуздун  таберигин мен кантип жамандыкка кыям…

— Жолдон качып кетип калсачы?

— Кантип эле бу жаныбарым мени таштап качып кетсин, көнүп калды мага…

— Жаныбар эле эмес, адамдар деле бири-бирин таштап кетип жатышпайбы, Илике!?! Сен келгенче өз колум менен багып берейин текеңди, калтырып кет. Кыйналасың деп кайталап айтып жатам го! – деди тай атам саал ачуулангансып.

— Жо-жо-ок, калтырсам текем мени сагынып, куса болуп, өлүп калат, көнүп калды да мага. Ээрчитип алып эле кете берейинчи, жанымда жүрө берет. Мен кайда болсом ошол жерде болот. Мен кайда жашасам ошол жерде жашайт. Эмки кышта экөөбүз тең аман-эсен кайра эле ээрчишип келип калганда көрөсүз бизди! Жалгызсыраганымда жаныма эрмек. Курсагын ач калтырбайм. Кудайдын чөбү ар жерде өсүп, суулары агып жатпайбы…

— Мейли. Деги кыйылып, кыйналбачы. Мени сени аяп жатам да Илике…

Ыйламсырап турган Илья каткырып күлүп жиберди. Аны менен кошо алардын жанында баарын түшүнүп, “унчукпай турган кичинекей күбө” мен да ичимден кубанып алдым: — Эми теке өлбөйт экен жана жоголбойт…

— Сиз мени аяп, мен текемди аяп… – деп Илья тай атама ыраазы боло жылмайды.

— Анда ак жол, Илике! Мейли, буулуга баштадың окшойт. Жаз менен кошо бугуңду каалашыңча жазып кел. Жаштык карылыкка бат эле алмашкандай, жаз деле кышка бат эле алмашат. Унутпа бизди. Сен үчүн үйүмдүн төрү ар дайым кенен: кышта, жазда, жайда, күздө да…

Илья толкундана башын чайкап, колун көкүрөгүнө коюп:

— Ишенем сизге… Урматтуум! Буулуккан деле жокмун. Жаз келгенде эле уяла баштайм эмнегедир…

— Эмнеден уяласың? – деп тай атам чочуп кетти.

— Эч ким меш жасатпаса, отун жардырбаса…

Анан, анан дагы… Дайыма эле кыш менен кошо сиздин үй-бүлөңүздү жүдөтүп мен да келип калам. Кыштан эле эмес, менден да кичине эс алыңыздар да! – деп сөзүнүн аягын куудулдануу менен бүтүрдү.

— Ак жол! Кайрадан күтө беребиз…

Тай атам менен Илья колдорун кысышып, көкүрөктөрүн тийгизишип, көздөрү нымдалышып ушинтип коштошушкан.

Текесин жетелеп белгисиз жакка эле шартылдап шаңдуу кетип жаткан Иликесинин артынан кыйыла карап тай атам көпкө турган. Ильянын карааны көрүнбөй калганча көзү менен “узатып” калган.

*     *     *

Илья — бизге жаз келгенде дагы бир башка жакты – кар  самсаалап жаап, бороон-чапкын болуп жаткан жакты, кышты издеп кеткендей туюла берүүчү: меш жасагысы, от жаккысы, үшүгөндөрдү жылыткысы  келип бизден кеткендей…

Мага ал “кыштын баласындай” элес калтырган.

Азыр сыртта кыш. Ушундай кыш болгон сайын, тай атамдын Иликесин – “кыштын баласын” эстей берем.

2004-жыл. 22-декабрь.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.