Улуттук сыймыгыбызды жаратар инсандар арабызда эле жүрү. Тек биз аларды даңазалай албайт экенбиз, өз убагында кадырбап барктай албайт экенбиз. Демейде элдин үрөй-үшүн алган кабарларды куштай сызып учурган журналисттерибиз, жакшы кабарды жамы журтка жайылтууга келгенде ташбакадай кыбыр экенин ушул мерте да көрдүк. Жалгыз гана “Азаттыктын” кабарчылары учкай маалымдаганы болбосо, жакында Россияда болуп өткөн Ишен Жакыпбековдун жаратмандык ийгилиги тууралуу тележурналистикадагы кесиптештерибизге, болгондо да жетекчилерине чейин кулак кагыш кылдык, бирок бири да ордунан былк этип койбогону таңгалтырат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн биз аларга береги шилтемедеги куштай кабарды >>>>> дадил далил үчүн да жөнөттүк эле. Арийне, алардын көңүл чордонунда жалаң эле терс кайрык, терс жаңылыктар маанилүү белем, улут үчүн сыймык жаратар Ишен агабыздын ийгилиги сөз да болгон жок.

Кезинде Ишен Жакыпбеков менен “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев экөө бала күндөн бирге өсүп, бирге чоңоюп, ийгиликте ийиндеш келген достордон экени белгилүү. Ал эми бильярд өнөрүнө жантыгынан жата калган чөйрөдөгүлөргө бул кишинин жаратмандыгы эбактан маалым.

Эмесе мындай, бурадар! Жакынкы күндөрдө эле Орусияда дүйнөлүк бильярд чемпионаты болуп өттү. Ага дүйнөнүн 50гө жакын мамлекети катышты. Орусиянын “Наш спорт” каналы аталган дүйнөлүк чемпионатты мыкты өткөрүш үчүн Кыргызстандын бильярд столдору тандалып алынды деп атайын репортаж да чыгарышты. Мына ошол столдор өз ишинин чебери, кыргыздын мекенчил уулдарынын бири, Эл аралык Пирамида Конфедеренциясынын вице-президенти, техника илимдеринин кандитаты Ишен Жакыпбековдун колунан жаралган. Төмөндөгү маекте Ишен аганын үзүрлүү ак эмгеги, көөдөнүн өйүгөн ойлору, ары машакаттуу да, ары мартабалуу ишмердиги туурасында азыноолак кеп курдук.

– Орусияда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта сиздин бильярд столдоруңуз тандалып калынганы кызыктырат…

– Буга чейинки оюндарда өзүмдүн столдорумду алып барып койгом. Эл аралык Конфедерациянын генералдык катчысы жана аткаруучу директору Яков Фирцов деген бар. Ошол оюнчулардын, калыстардын оюн угуп, мен алып барган столдордун өтө жогору бааланганын айтты. Менден кийинки оюнда бильярд столдорун коюп беришимди суранды. Убакытты белгилешти. Биз дагы акыркы 3-4 ай тынбай даярданып, чемпионат башталарга 4-5 күн калганда алып барып бердик.

– Столуңуздардын башка столдордон айырмасы эмнеде эле?

– Негизи столду ар ким ар түрдүү баалайт. Айрымдар кооздугуна көңүл бурса,  айрымдары оюндагы ыңгайлуулугуна карайт. Мен үчүн биринчи ойноодогу параметри, андан кийин  сырткы кооздугу маанилүү. Мен Орусияга алып барган столдордун эң башкы өзгөчөлүгү мурда болуп көрбөптүр. Бортун мен алюминийден жасадым. Алюминийден жасалганын айтсам, бардыгы таң калышты. Кызыгы – 5 күн ойноп атышып да байкашпаптыр. Жыгач борт сыйрылып, урунуп 5-6 жылдан кийин жарактан чыгып калат. Оңдоого туура келет. Ал жерден бортко канча жыл кепилдик берерим туурасында кеп козголду. 100 жыл кепилдик берем десем, 50 эле жыл бербейлиби 100 жыл адам жашабайт да деп күлүштү.

– Демек, өтө жогорку деңгээлде жасайт экенсиздер да?

– Орус бильярдынын, дегеле дүйнөдө башка бильярд түрлөрүнүн  тарыхында алюминийден эч ким стол жасаган эмес. Биринчи жолу алюминийден бильярд столун мен жасадым. Алюминийди Италиядан алдырттым. Кытайдыкы арзан эле экен. Бирок сапатына карадык. Италияныкы 2440 евро экен. Орусиядан буйрутма берсек 5000 евро дешти. Италиядан алдыртып заводго алып барып бердик. Матрицам ошол жерде турат. Завод Алматыда жайгашкан.

– Столдор Орусиядан тышкары кайсы өлкөлөргө сатылат?

– Учурда бортко көп буйрутма түшүп жатат. Испаниядан жана Чехиядан буйрутма түштү. Көпчүлүк столдордун асты жакшы болуп, борттору жарабай калат. Түркмөнстан да буйрутма берип жатат.

– Бир столду канчага баалайсыз?

– Столдун үстүндөгү материалы, шарлар  Бельгиядан келет. Мына ушуларды Бельгия мыкты чыгарган өлкө. Испаниядан да алабыз. Таштары болсо дүйнөдө Италия, Кытай жана Аргентинада эле чыгат. Италияда азыр чыкпай калыптыр. Аргентина болсо бизден алыс. Кытайдан алабыз, болгондо да 350 долларга. Алып келгени менен 1000 доллар болуп кетет. Мына ушул чыгымдардын баарын эсептеп, андан соң гана үстүнө бир аз кошобуз. Өтө көп деле сатылбайт.

– Өзүңүз бильярдка кантип келип калдыңыз эле?

– Бильярд деген оюнду деле билчү эмесмин. Раматылык жакын досум, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев экөөбүз “Манас” кинотеатрына барып калдык. Кинотеатрдын бильярды бар экен. Дайыма барып жүрүп кызыгып кеттик. Анан эле Табыкемдин иштеген жеринде бош бөлмө бар экен. Ушул жерге эле бильярд столун орнотпойлубу десем, Табыкем сен анда столун жаса, мен ушул бөлмөнү оңдоп-түзөп берем деди. Ошентип мен бильярд столун жасадым. Ойноп жүрдүк. Күндөрдүн биринде бирөөдөн стол жасоо боюнча  сунуш түшүп калды. Аны жасаганча 7-8 буйрутма түштү. Жасап жүрүп улам жаңы толуктоолор киргиздим, өнүктүрдүм дегендей. Ошентип ушул деңгээлге жеттик. Бильярд ишкердиги менен алектенгениме 25 жыл болуп калды.

– Бильярд столун жасоо кирешелүү булакпы?

– Негизи көпчүлүк эл байлыкты материалдык байлык менен гана чектешет. А мен байлыкты өзүнчө ойлонуп отуруп алты категорияга бөлдүм. Биринчи байлыкты убактылуу жашоо дедим. Бул Жараткандын мага берген убактысы. Себеби ал бүткөндө мен бул дүйнөдө жок болом. Экинчи байлык деп ден соолукту айтам. Ден соолугуң жок болсо узун жашоонун деле кереги жок. Андан кийинки байлык бул адамдын жан дүйнөсүнүн байлыгы. Билими, аң-сезими. Андан кийинкиси мен үчүн үй-бүлө. Андан кийинкиси достор, туугандар. Эң акыркы байлык бул акча, үй, материалдык байлык. Эмне үчүн жан дүйнөнүн байлыгын үй-бүлөдөн  биринчи койдум. Анткени адам аң-сезимине, билимине жараша үй-бүлө күтөт. Өзүнө теңдүү жар табат. Тууган менен досту бир эле койдум. Себеби туугандан ашкан дос, достон ашкан тууган болот экен. Убакыт, ден соолук жана билим адамдын көзү өтсө өзү менен кетет.  Сени эстеп, куран түшүрө турган бул үй-бүлөң. Достор, туугандар “Кап, жакшы адам эле…” деп эстей тургандар. Ал эми материалдык байлык бул өмүрдөн өтсөң эч нерсе болбой калат. Мен өзүмдү бай адаммын деп эсептейм. Себеби Кудайым мага өмүр берип жатат. Ийгиликтер болуп жатат. Шүгүр.

– Өзүңүз техника илимдеринин кандитаты экенсиз . Илимден иренжидиңизби? Эмне болду?

– Менин жалгыз иштеген жерим политехникалык  институт, азыркы техникалык институт болду. 1982-жылы жер титирөөгө каршы кандай үйлөрдү куруу керектиги боюнча кандитаттык ишимди Москвадан окуп, ошол жактан жактагам. Илимде 22 жыл жүрүпмүн. Илимден, иштеп жаткан политехникалык институттан кетейин деген оюм деле жок болчу. Союз таркагандан кийин институт 3кө ыдырап кетти. Курулуш факультети өзүнчө бөлүнүп калды.  Жетекчилер алмашты. Анын себеби мурунку ректор Мамбетов ошол учурдагы бийликке (ред. Аскар Акаев) сын айткан экен.  Ошол үчүн кызматтан түшүп калды. Жаңы ректор шайланса, татыктуу киши келсе деп калдык. Ректорлукка татыктуу киши эмей эле сабакты жакшы өтө албаган Тентиев деген мугалимди келди. Көрсө Тентиевдин жубайы Майрам Акаеванын эң жакын курбусу экен. Майрам Акаева менен анын аялы “Мээрим” фондун жетектеп турушкан. Мына ушундай адилетсиздик бийлеп турган жерде иштөө мага жат эле. Ал жерден кеткенимдин жалгыз себеби ушундай.  Андан кийин деле илимди өнүктүрүүгө аракет кылдым. Жоболорду түзүп, 3 айлап уктабаган күндөрүм болгон. Жоболорумду өткөргөм. Бирок жыйынтыгы болгон жок. Баягы эле бийликтин камчысын чапкандарга каражатты бөлүп берип коюптур. Ошондон улам, илимди караган киши жок экендигине ынандым. Иренжидим. Кетип калдым.

– Учурдагы илимдин абалына көз карашыңыз кандай?

– Учурда деле илим тармагы өтө кейиштүү. Буга чейинки курулган, курулуп жаткан үйлөрдү көрүп зээниң кейийт. Мен мамлекеттик курулуш мекемесине 2 жолу кайрылдым. Көйгөйдү айттым. Жер титиресе элдин убалына кала тургандыктарын айттым.  Эч ким көңүл буруп койгон жок. Мен өзүм илимден кетпейт болчумун. Мамлекет илимпоз катары колдоп, мен өзүмдү мамлекетке керектүү экенимди сездирсе анда кетпейт элем. Мамлекет менин керегим жоктой мамиле кылгандыгынан улам кетип калдым. Илимден кеткенимдин жүйөлүү себептеринин бири да ушул болду.

– Кепти бильярдга бурсак. Кыргызстанда профессионал  бильярдчыларды даярдап чыгарууга эмне жетишпейт?

– Мен Ростов-на-Донуда болдум. Ал жакта мамлекет тарабынан бильярдга жакшы көңүл бөлүнөт экен. Имараттарды, шаймандарды бекер беришет. Столдорду коюп берип дегендей. Балдар барып машыгышат. Балдардан акы алынат. Анткени машыктыруучуга да акы төлөнүшү керек да. Тюменде да ошондой экен. Эгер мамлекет мага имарат берсе, мен балдардан эч нерсе албайт элем. 3-4 столду акысыз коюп бермекмин. Бардык керектүү шаймандарын да акысыз бермекмин. Мурун айыл-чарба институтунун бет маңдайында ачылган бильярд клубуна 3 столду акысыз бергем. Дагы имарат бериле турган болсо, столдорду акысыз берүүгө даяр экенимди айткам. Азыр да айтып келем. Тилекке каршы, көңүл сыртында калып келет.

– Азыр ошол бильярд  клубу иштеп жатабы?

– Жок. Ал азыр иштебейт. Жабылып калган.

– Сиздин пикириңизде Кыргызстанда бильярддын келечеги барбы?

– Келечекте кандай болорун так кесе айта албайм. Бирок КМШ өлкөлөрүндө ойнолуп жаткан жалгыз оюн ушул орус бильярды. Ал эми КМШ  өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда өнүккөн. Алсам, Орусияда 12 чемпион болсо, Украинада 4. Казакстанда деле ошончо. Өзбекстандан болгону бирөө.  Башка Борбордук Азия өлкөлөрүндө чемпион чыга элек. Жада калса ушуга чейин Белорусияда чемпион чыга элек. Кичинекей эле Кыргызстанда 3 чемпионубуз бар. Бул жакшы көрсөткүч.

– Бильярд жаатында кесипкөй болуш үчүн канча убакыт керек?

– Менимче, адам төрөлгөндөн тартып бир нерсеге шыгы болот. Бирөө чыгармачыл музыкант, акын, жазуучу болсо, бирөө математик, физик болот.  Шыгы жок адамды канчалык кыйнабагын андан эч нерсе чыкпайт. Кыйнасаң да эч нерсе чыкпайт. Шахматисти шашки ойнотсоң ойнобойт. Кайсы бир балдарга да бильярд шыгы берилген. А биздин максат ошол балдарды таап, алып келип, андан ары өнүктүрүп кетүү. Көпчүлүгү ойногусу келет. Бирок мүмкүнчүлүк жок. Ошол балдарды туура тарбиялоо кажет. Тарбиянын жогунан өздөрүн жоготкон балдар жок эмес. Ал үчүн бизге мамлекеттен жардам болсо. Жардам пропаганда, моралдык жактан колдоо болсо да жакшы да. Шыктуу балдар дароо эле көрүнөт. 40 жыл бою ойносо да экинчи деңгээлде ойногондор бар. Айрымдар 2 айда эле ийгиликке жетишет. Бул шык, дээрге жараша.

– Жаңы эле тарбия маселесин козгоп кеттиңиз. Дегеле бильярддын философиясы эмне?

– Негизи ар бир спорт адамды бир нерсеге тарбиялайт. Бардык спорт ийгилик жаратууга, алдыга умтулууга, максатка жете билүүгө, жеңишке дымак берет. Шыктандырат. Турмуштук мектеп десек болот. Философиясы — ийгиликке жетүүгө күрөшүү.

– Идеалдуу бильярд столу кандай болушу керек?

– Ушул күнгө чейин орус бильярды “Русская пирамида” деп коёбуз. Так параметрлери чечиле элек экен. Узуну, туурасы, бийиктиги кандай болушу керектиги так чечилбептир. Мен кийинчерээк аралашып калгандыктан мамлекеттик Думанын депутаты Завальный ошол  параметрлерди тактоону мага тапшырды. Мактаныч эмес, атайын токтом чыкты. Анан айтышты “Мына биздин арабызда вице-президент пайда болду. Техникалык сабаттуу адам. Орус бильярдынын параметрлерин чыгарууну Ишен сага тапшырам” деди. Кийинки оюн келерки жылы февраль айында Ханты-Мансийскийде болот. Ошого чейин параметрлерди чыгарып беришимди суранды. Мен да колумдан келишинче аракетимди жасай турганымды айттым. Азыр керели кечке ойлонгонум ошол. Ошону кыргыз урпагына тапшырды…

– Сиздин столдоруңуздун параметлери канча?

– Шар чуркаган столдун бийиктиги 81 сантиметр, бурчтагы музалардыкы 73 миллиметр, ортосундагысын 81 миллиметр кылам. Резинанын бийиктиги 42 миллиметр. Мына ушулар кыргыз бильярдында да өзүнчө стандарт болуп калыптанып калды. Мына ушуга бир аз өзгөртүү киргизип, орус бильярдынын параметрине түртүп жатам.

– Кийдин узундугу канча болушу керек?

– Кийдин узундугу негизи 1,62 сантиметрде жасалат. Салмагы 700-750 грамм. Бирок оюнчулардын боюна  жараша да өзгөрүлөт. Ошого жараша буйрутма болот.  Бирок бул өзгөртүү оюнчулардын 10%не эле тийиштүү .

– Дүйнөдө кайсы өлкөдө бильярд абдан өнүккөн?

– Эң өнүккөн деп бильярддын снукер түрү боюнча Улуу Британия өлкөлөрүн айта алам. Учурда Кытайда абдан өнүгүп келатат. Буга чейин бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат Англияда эле болуп келген. Жакын арада Кытай алдыга чыга алат. Улуу Британия менен теңтайлашып келатат. Ал эми орус бильярды боюнча Орусия, Кыргызстан, Украина жана Казакстан өнүгүп келатат. Кыргызстан кичинекей өлкө болсо да, ушул өлкөлөр менен теңтайлашып келатышы жакшы көрүнүш. Бильярддын түрү көп. Снукер Британ мамлекеттеринде, Кытайда  көп ойнолот. Пул деген түрү Америкада көп ойнолот. Карамвуль деген түрү да өзүнчө кызык. Ал эми орус бильярды мурунку КМШ мамлекеттеринин тегерегинде Финляндия, Чехия, Испания, Швеция Чыгыш Европада ойнолот. Орусияда өткөн чемпионатта ушул өлкөлөрдөн келишти.

– Бир столду канча убакытта жасайсыз?

– Бир айда 3 стол жасайм.  Столду жасоодо эске алчу нерселер абдан көп. Эгерде эшикте жамгыр жаап атса, бильярддын ташы чуркабай калат. Анткени материал нымдуулукту өзүнө сиңирип алат. Бул учурда оюнчу оюнда мелжеген максатында жаңылып калат. Столду жасоодо мына ушул нерселердин бардыгы эске алынат. Столдордун астында плита болот. 40-50 градуста ысытып турушу зарыл. Плиталар географиялык ыңгайга жараша коюлат. Кыргызстандын шартында койбосо да болот. Жогорку деңгээлдеги чемпионаттар өтүп жатканда плитаны сөзсүз колдонуш керек. Мисалы Грузия, Гуаньчжоу сыяктуу өлкөлөрдө болсо сөзсүз коюш керек.

– Анда эмесе сизге эркин микрофон…

– Мени түйшөлткөн нерсе – Кыргызстанда акыркы эки жылда бильярдга жакшы көңүл бурулбай калды. Эгер ушул жүрүшүбүздү уланта берсек, аз күндө бильярддан акыркы орундарга түшүп калышыбыз мүмкүн. Мурун команда менен 1-2-орунду бербей келгенбиз. Учурда Өзбекстанда, Түркменстанда бильярд спорту катуу өнүгүп жатат. Оюнчулар системалуу түрдө, тартип менен машыгышат экен. Аларда тренировкага барбай калуу, жумушка барбагандай эле кеп.  А бизде оюнчуларды издеп калабыз. Дагы бир жагдай, көпчүлүк машыктыруучулар оюнчунун психологиялык абалына анчейин көңүл бурбайт. Спортчу оюн учурунда ута тургандыгына ишенимдүү болуп, өз күчүнө ишениши керек. Өткөндө бир чемпионатта бир оюнчу 2:0 менен утулуп баштаганда чакырып, 2:0ду унут дедим. Аягында 6:4 менен утуп чыкты. Ушул жагына көңүл бурган машыктыруучулар аз болууда.  Бул бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө эле көйгөй десем болот. Ушуга өзгөчө көңүл бурулса дейм.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат, таягыңыз колдон түшпөсүн!

Маектешкен Жанара Каденова

Кыргыз эмнеден куурап атат? (1-бөлүк)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.