АҢГЕМЕ

Асан, Зебо, Сабира, Антон, Ынтымак, жана Рахматулло өтө ынтымактуу достордон эле. Алар айылда коңшу жашашат. Мектепте бирге окушуп, бирге ойношчу, бири-бирине мейманга да келип турушчу. Жайкы каникул аяктап, кайра мектепке келүүчү күндөр да башталды. Достор сагынычын таратып, бири-бирине жаңылыктарын божурап жатышты.

Эртеси Зебо мектептеги досторуна короодогу жүзүмдөн ала барайын деп бакчага кирсе, жүзүмдөрү соолуп, жалбырактары алсыз бүрүшүп турган экен. Зебо бакчаны кыдырып, алмалардын да соолуп турганын көрдү. Анан жүгүргөн бойдон досу Сабиранын үйүнө келсе анын да алма-өрүгү, гүлдөрү соолуй баштаптыр.

Сабира менен Зебо калган досторуна жөнөштү. Рахматулло болсо талаадагы коон, дарбыздарынын суусуз куурап турганын көрүп айла табалбай туруптур. Ал эми Асан болсо жайлоодон кайтканда досторуна ала келүүчү куруттары, бал кымызы жок сабыры суз, өзүнчө капаланды. Достору менен так түйүлүп, кошо жарышып ойногон кулунунун да курсагы ач, баягыдай эркелебей калды.

Бул көрүнүшкө кайгырып, таң калган достор, жооп издеп ата-энелерине шашылышты.

Ата-энелерге кулак кагыш: Балдарга Жаңы жылга белек — Акылдуу китеп

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.