Жыйындарда трибунага тура калып,
бакылдап радиодон, экрандан,
китептин барагынан,
гезиттин оромунан чыга калып,
кызылдай отко айланып,
кыпкызыл чокко айланып,
тоң моюн кыргызымды көргөнүндө
топону тоско айланып,
жакшыны жалындатып,
жаманды тороймун деп
кыйшайган кыргызымды
кыйшайтпай оңоймун деп,
бакырып барга айланып,
баш чайкап жокко айланып,
өмүрүн өз элине сайып коюп,
өзү үчүн өмүр сааты бошко айланып,
өңгөгө бапыраңдап,
өзүнө сараң эле,
кыргыздын бактысына жаралган бир
кыйышпас агам эле.

Өчөйгөн кыргыз көрсө
өрттөнүп, күйүп дагы,
муңканып муңун айтып,
муштумун түйүп дагы,
үлпүлдөп жаткандардын
үй ичин үч көтөрүп,
тырайып жаткандарды
“тургун!” деп түп көтөрүп,
өңгөнү козгоп, коштоп
тим  болалбай,
түнүнөн күн жасайм деп
түн болалбай,
өзү да төө көтөргүс жүк көтөрүп,
өңгөнүн көтөрө албас өңүн көрүп,
өңгө үчүн,
өзү үчүн да бүт көтөрүп.

Өчөйгөн кыргызымды өөдө жөлөп,
өз жанын тарта албайт деп тилдеп турган,
өр таяп тырмалаңдап сүйрөп турган,
каны бир кайран агам,
жаны бир жандос агам жалындаган,
шор күтүп шордуу башка арылбаган,
кокуйду козголтпостон коого жыгып,
бузукту буйтатпастан бурдап турган,
оңойм деп ойго түшүп,
тоого чыгып,
оңолбос кыргызымды оңду-солду
ойрону чыкканчакты сындап турган.

“Жылт” эткен жылыш көрсө кыргызыман,
жини сууп,
жаны көлкүп жыргап турган,
купшуңдап күлкү төгүп чакалаган,
куудул жан эле Сакем хахалаган.

Шаң эле, шайыр эле, өткүр эле,
айтылуу аңыз кеби
“…дептир…” эле,
жакшыга чымын-куюн чимирилип,
жаманга токтоп калган мезгил эле,
тор эле тосуп салаар киргилиңди,
шер эле колдоп кетээр дилгириңди,
шумкар эле шуулдап көккө чыккан,
тулпар эле дуулдап жерде сызган,
арыбас акын эле,
тартынбас батыл эле,
талантты талдап уккан,
эстүүнү эргип уккан,
элде жок асыл эле,
жетимиш жыл мөмөсүн төгүп турган
жетимиш жыл жалбырагы саргайбаган жашыл эле,
ченде жок чалкар эле,
бою пас, ою бийик
ой-тооңду бир аттаган залкар эле.

Учуп келип Москвадан,
Стамбулдан,
Кашкардан,
өңгө элдин өскөнүнөн үлгү айтып,
калың элге калем менен чаң салган,
өспөгөн жагыбызга өкүт кылып,
өнөкөт жалкообузга тырчыыр эле,
бузулган заманыңды кокуйлаткан,
буура сан булчуң эле,
чын тийбес заманыңды чычалаткан,
чекеге чыккан чыйкан-чынчыл эле.

Карабай агыңарга, караңарга
акылы ашып турчу,
таланты ташып турчу араңарда
булбул эле,
дулдул эле,
ченелүү өмүрүндө чексиз ишти
чийнедей сүйрөп алган кургур эле.

Досун да, душманын да
теске салаар,
добулбас уруп турган добуш эле,
жалпынын иши десе күйүп-жанаар
жакынга жан тартпаган орус эле.

Өмүрдө өмүр күтпөй өчөңдөгөн
өткөөлсүз тоскоолдордон өтөм деген,
түбү бек түгөнбөгөн түрк эле го,
чеги бек чегинбеген чечен эле.

Каршысын кашайгыдай “каңк!” муштаган,
каары күч кас-душманга катаал эле,
айланып асманыңда алп куштардай
алчусун алып жыккан татар эле.

Карасын карап туруп киргил тартып,
тазасын таамай тиктеп тунган эле,
мээнетсиз миң күнүнөн бир күнү артык
мээнеткеч бел чечпеген дуңган эле.

Жаңычыл, жаак бербес “тапчыл” эле,
еврей, казак, немис, башкыр эле,
дүрбөгөн дөң баштарга кошулбаган
акылдуу адам сүйгөн азчыл эле!

Жымыңдап көктө жанган жылдыз эле,
туура ишти беттеп алса бургус эле,
жибиген күндөрүндө дуулдатып
жылкы айдап келаткандай кыргыз эле.

Багы жок кыргызыма бараан эле,
бакылдап сүйлөп турган караан эле,
бүт дүйнөнүн улутун бойго тарткан
башы бүтүн бир залкар Адам эле.

II

Адам эле бир залкар тим жатпаган,
айласыз азгырыкка үн катпаган,
чырымтал чындык үчүн отко түшүп,
кылайган кыйшык үчүн чыр баштаган.

Тетирге телинбеген торук эле,
тетирди темселеткен жорук эле,
кыргызым өзүң менен кемтиги жок,
кыргызым өзүң менен толук эле.

Эх чиркин өтөт экен өрттөй курак,
эх чиркин өтөт экен чөптөй сулап,
өткөндүн баарын кайрыш мүмкүн эмес,
эх арман! Салижаным жетпей турат!

Чыдабас ишти көрсө чырдап тураар,
ынабас ишти көрсө ыйлап тураар,
ылайык ишти көрсө ырдап тураар,
кыйшаңын көрсө күйүп күчөп тураар,
кылыгын көрсө күйбөй түтөп тураар
кыргыз жок бир өзүңдөй батыл, баатыр,
мейли алгын майдасыбы же бир чоңун,
бардыгы жер караган кокуй момун,
кургуйга баратса да кайран кыргыз
аларга баары жакшы, баары сонун.

Сөз кылсам бүгүн мына көз көргөнүн,
кыргыздар артын көздөй өзгөргөнүн,
он жылда макоолорду көбөйтүшүп,
он жылда акылдуулар бөксөргөнүн.

Кыргыздар баштагыдан ылдыйлаган,
кыргыздан коңшу элдер кул жыйнаган,
кыргызың кырсык чыгып кыргызыңа
кыргызың кыргыз сатып пул жыйнаган.

Көбөйдү пайдасы жок сараң байлар,
көбөйдү айласы жок алсыз кулдар,
жаман деп жүрсөң өзүң жашаган кез,
ал кезиң азыркыдан экен жыргал.

Жолун таап же бир күзүң, же бир кышың,
капыстан келээр деген үмүт узун,
кыргыздын астын-үстүн, ичи-тышын
ошондо карап чыгып “дүрт!” этмексиң,
билимсиз кыргыздарды көргөн үчүн
бир күн да мында турбай мүрт кетмексиң.

…Жыйындарда трибунага тура калып,
бакылдап радиодон, экрандан,
китептин барагынан,
гезиттин оромунан чыга калып,
кайран Сакем кирген суудай күпүлдөгөн,
ой айтып кыргызыма күтүлбөгөн,
мээге чаап туруучу эле кайран Сакем
мээси жок маңыроону түшүнбөгөн.

Кыргыздын келээр кези келбей турат,
кыргыздын өтөөр кези өтпөй турат,
көзүн жуумп алгандарды көзгө саяр
кыргызга көздүү Сакем жетпей турат!
Кыргызга намыс бүгүн жетпей турат
Кыргызга калыс Сакем жетпей турат!
Кыргызга чалкар Сакем жетпей турат!
Кыргызга залкар Сакем жетпей турат!
Эх арман, Сакеси жок кыргыз азыр
Эх арман, кыргыз азыр өспөй турат!

ЖЕТИМ

Эне-атадан эрте калган
топтомолок жетимим торсоңдогон,
агаңа күнүң түшүп корсоңдогон,
жеңеңе күнүң түшүп желмеңдеген,
айлантып азабыңды берем деген
апаат күн келген эле келем деген…

Жылдарың жыдып турду кыл чайнаган,
айларың агып турду кулча айдаган,
кезээрип кой кайтардың кенедейден
кемирип таш чайнаган, кум чайнаган.

Нөшөрлөп турду жамгыр сууда калдың,
кар жаады  кара башка бапалактап,
кой жок деп кокуйлаткан чууда калдың,
көр турмуш турду сени шапалактап.

Асты калың кара жер аңтарылып,
карды калың кара жер каңтарылып,
желпинип турду жеңең,
айкырып турду агаң – таш жарылып,
“каңк!” этип таяк тийип как төбөгө,
“барс!” этип балка тийип баш жарылып…

Ошону менен бүтпөй кырсык деген,
өрт коюп күчөп турду шүмшүк жеңең,
артыңан калбай агаң айгай салып,
аткылап кууп турду мылтык менен.
“Кой!” деп коёр кожо жок, корго айланып,
“ай!” деп коёр адам жок зарга айланып,
кеңирсиген кең дүйнө тарга айланып
турганында
бала элем жардамым жок,
бармактай бир бала элем аргасы жок,
бала элем маңдайыңда тымып турган,
ботодой боздогонуң,
уңулдап улуганың
угуп турган,
бала элем айласы жок…

Кудайга жеткирем деп
үнүңдү улуп турган.
Тору-Айгырдын шамалы оозуңдагы
озондогон үнүңдү жулуп турган.
Асман бүркөк түнөрүп жаай албай,
ач айкырык агаңан даай албай,
бала элем жакындабай жардап турган,
боору таш турмушуңду каргап турган,
Тору-Айгырдын шамалы бетиңди аймап,
көлдөгөн көз-жашыңды жалмап турган.

Бекболотум жетимим,
томолойгон томолок томологум,
торсолоңдоп бир күнү торолоорум,
кордугуна чыдабай өз аганын,
кордугуна чыдабай өз жеңенин,
жетесиз кулдан бетер муш жегеним,
уңулдап жашын жутуп туз жегеним,
тамтыгы жок таалайсыз бүт дененин
жанчылып,
жанчылбаган дененин азы калып,
“жалп!” деп кулап жайраарда, өчөөрүндө,
“күп!” деп кулап күн бүтүп көчөөрүндө,
маңдайынан бир бактынын
балбылдап жазы жанып,
Дүйшөндүн айланайын Асылбеги,
Бейшендин айланайын Айболоту
ким бирөөнүн сурабай атын алып
тозоктун туткунунан бейиштин төрүн карай
качыргандай
качырганын угуп алып,
өзүм качып кутулгандай тозогуңан,
өзүм качып кутулгандай азабыңан,
көктү карай кубанып түйүлгөнмүн,
кулун-тайдай кудуңдап сүйүнгөнмүн.

Бекболотум,
жетимдердин үйүндө жетилдиң сен,
жетим деген жексурду өчүрдүң сен.

Оң чөнтөккө толтуруп шоколадды,
сол чөнтөккө толтуруп шоколадды,
СССР деген камкор эне бакты,
СССР деген залкар ата бакты.

Кыйкыртып кыйноого алып кысканы жок,
бакыртып колу-бутуң бураган жок,
түс үйрүп өңүн сага бузганы жок,
бактым деп бир сом акы сураган жок.

Өчүп тынды өңү боз жетимдигиң,
өзүң азыр атасың очор-бачар,
өргө сүйрөп Өмүралы көчүн бүгүн,
азабыңды жедирген ал күндөрдүн,
алып жаткан кезегиң өчүн бүгүн.

Ээ Бекболот,
баккан энең балпайган СССР жок,
барскандап, балталап кулатышып,
дуулдашып дубалын уратышып,
көкүлүнөн сылаган ал энеңди
көз көрүнөө көмүштү сулатышып…

Ээ Бекболот,
бир кездеги өзүңдөй жетимдер көп,
жерден боорун көтөрүп жетилген жок,
балпайып багып алаар СССР жок,
кыйкырып кышы калып, жайы кеткен,
кыйналган Кыргызстандын шайы кеткен,
базарда балдар жүрөт тачки түрткөн,
байларың манаптардай жалчы күткөн,
соолугур соода дешип туругу жок,
согончогу кызаңдап жулугу жок,
кийим кийип кышында кабаты жок,
көк муштум жетимдердин сабаты жок,
көр турмуш көкөй кесип амалы жок,
уңулдап ыйлаганда үнүн жулуп,
көз жашын жалап-жуктаар шамалы жок,
түнкүсүн түнөөрү жок,
күндүзү бараары жок,
киерге кийим таппай,
ичээрге тамагы жок,
далай жетим жер-сууга житип кетти,
далай жетим жоголду кабары жок.

Ээ Бекболот,
азап тарттың далай жыл, азап курсун,
азап курсун, Бекболот, азап курсун!
СССРдин койнунда ээ-жаа бербей
эне-аталуу жетимдей жашаптырсың!

ЖҮК

Кокуйлатаар иштерди колго жыйып,
колдон келбес иштерди жонго жыйып,
өчпөгөн өчтүн баары эске жыйып,
кетпеген кектин баарын ичке жыйып,
кайгырткан сааттарым күнүмдү өрттөп,
муш жеген мүнөттөрүм жүлүндү өрттөп,
арман деген азабың жүрөктү өрттөп,
душман деген азабың түнөктү өрттөп,
көк  муз баскан жериңе жата да албай,
коргондолгон жериңе бата да албай,
күнүнөн түнү узак бул дүйнөнүн
аяк-башын адашпай баса да албай,
баш жетпей калган кезде бакты сүзүп,
күч жетпей калган кезде ташты сүзүп,
бакырып күлгө кулап уйпаланып,
кыйкырып отко кулап куйкаланып,
өлөөр жерден өлбөгөн тирүү калып,
тирүү жүрүп дем тартпай өлгөндөрдөй,
душман чыкса “дү-ү-үр!” этип тура калып,
мылтык сунуп чуркаган мергендердей,
жайланышып жай алаар жайын таппай,
кол алышып кой дешээр сөзүн таппай,
жоолашпаган жолу тынч жылын таппай,
көлдөтүп көз жаш төкпөй көмүскөдө,
муңканып муун бошоп мурун тартпай,
катар-катар катаны кагыратып,
кабат-кабат жаңылышты шагыратып,
соко тарткан аттардай ката тартып,
сый-урматтын ордуна жаза тартып,
жаңылыш деген итти жамыратып,
өмүрдүн аягында илкип баспай
өчөйүп карчыт кеткен картаң аттай,
келатам сүйрөлбөсө илип алып,
үстүмө бүт катаны үйүп алып,
өзүм да түшүнбөймүн өрдү карай
өмгөктөп келатканга тирүү калып!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.