Улуу Айтматовдун “жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт” деген кеменгер кебиндей калемиң бечара ак баракка жорголоп турбаса болорбу, “кулак укса курсак кайнайт”, көзүң көргөнгө көңүлүң толкуйт, ов!

Ошондон, дагы бир акылман абабыз Токтогул акын “Тогуз кайрык” деп күү черткен тура. Кайран “Тогуз кайрык…” Айлампадагы адамзат турмуш жолунун арман-кубанычын ушундай бүкүлү айтып, бүкүлү кабыл алып аш кыла сиңирген элден элек, оозеки жана жазма адабиятынын бүткүл дүйнөлүк шедеври “Манас” менен Айтматовду жараткан элден элек… Анан ушундай, ушундай “элек…” деп өчөйүп отура бербей кайрадан башты чулгуй бөлөк-бөкөн желиш менен төтө жолго салып жазгың келет.

“Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жигит менен кыз өлсө,
Жай-жайына койсочу…” деген Токтогул.

“Билсин бизди жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстээрине сактасын.
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс,
Артыбызда өлбөй турган эл калсын…” деген Алыкул.

“Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу…” деген Айтматов.

Биз да тапталган эзме жолдон баш тартып, “төтө жол” алдында “Тогуз кайрык” деп кыска жана бүкүлү айтып көрбөйлүбү:

1-кайрык:

Президент “экстерди” кабыл алды. Андагы Апас Жумагулов аксакалдын жазып алганын окуп берип аткандагы абалын көрүп эл кыйналды, биз кыйналдык. Көбү ушундай жазып, жакшы даярданышыптыр. Президент да алардыкын жазып алды. Бирок “Айланайын Сооронбай, соолуп, азайып, тентип аткан элди, жерди, экономиканы көрүп турасың. Атанын уулусуң, ыймандуусуң жана эл шайлаган мыйзамдуусуң. Демек, кылчактабай камчылан. Алты жылдын бир жылы “зып” этип өтүп кетти. Биз баскан жолду баспа, “Биз ким элек, ким болдук…” ПЕСАК эшак болду, Кумтөр тезек болду, кокуй…” дейт ко дегенбиз, деген жок.

2-кайрык:

Курултай болду. Көчмөн кыргыздар “топ, жыйын” деген, булар “Хурултай” деп калмакча айтат. Кыскасы, болору болду. Башкаруучулары да жалаң эксттер: Бакиев кеңешчиси Чолпонбек, ИИМ министри Кеңешбек, Акыйкатчы Турсунбек, Генпрокурор Азимбек жан Маммүлкбашчысы Равшан… “Канааттандыраарлык эмес, канааттандыраарлык, камаш керек, жазга чейин көрөбүз, көзөмөлдөйбүз, кайра өткөрүп жооп сурайбыз…” ж.б.у.с. маани-маңыз сөз. Өзүлөрү канааттанганы президиумдагы өңдөрүнөн көрүнүп турат, а элчи? Сөз уккан киши жок, чуулдап атат. Бир гана генерал Исаковдун “Сооронбай Жээнбековду эл шайлаган, керек болсо мен шайлагам!…” деген айбаттуу үнү угулат. Болгону ушу. Ушуларга кенен шарт түзүп берген Жээнбековдун сабырдуу камкордугуна ырахмат деп биз турабыз. Раматылык Матен Сыдыков абабыз айткандай “Пускай, ошентип-ошентип, жээлигип атып жели чыксын…”

3-кайрык

Жолдордун абалы боюнча Кыргызстан азыр дүйнөдө 120-орунда экен. Андан аркысы жалаң Африка өлкөлөрү. Ал эми биздей эле 90 пайыздан ашык жери тоолордон турган Тажикстан 70-орунда экен-эй! Уулун Душанбеге мэр коюп алып, күпүлдөп иштеп аткан Рахмоновго рахмат дейбизби!..

4-кайрык

Президенттин кудасы Абжалиевдердин абалы айрымдар ойлогондой суктанаарлык эмес экен. Ыктыярбек кызматка барып барбай кайра баш тартты. Иниси ЖК депутаты Алиярбек кейип-кепчий интервью берип атат. Эсеби маселен, Абжалиевдердин атасы Токо аке жөнүндө билгеним бар. Ыраматылык Токо аке Фергана өрөөнүндөгү белбоо күрөшүнүн легендарлуу балбаны Абдрахмандын атасынан артык устат сүрөөнчүсү болгонун, кыргыздын улуттук намысы үчүн ичкен ашын жерге койгон күйөрман инсан экенин уккам, билем. Эмне дейбиз, ата-уулдары Ыктыярбек менен Алиярбекке 6 жыл чыдоо керек. Бизде ошондой, “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет”.

5-кайрык

Улуу Айтматовдун сүрөөнчүсү, маңдайга бүткөн рухий кутубуз “Манас” тарыхий дастанын өз кезегинде жан аябас коргоочусу казактын улуу уулу, кайран боордошубуз  Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атадагы үй-музейинин мышык ыйлаар акыбалы жөнүндө канча жаздык, бирок жыйынтык “0” ! А эртең Айтматовдун 90 жылдыгы деп адаттагыдай атактуулар, улуктар күүлдөйт, дуулдайт. Бири кем дүнүйө…

6-кайрык

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев алыскы Минскиге өкмөт башчылардын саммитине учуп кеткени… Учуп кеткенин, тагыраагы премьер-министр кызматтык машинеси менен самолеттун жанына чейин барып, жерге төшөлгөн кызыл килем аркылуу трапка көтөрүлгөнүн телевизор маашырлана көргөзүп атат. Өзүбү, телевизорбу же телевизорчуларбы айтор, ким болсо да триумф жана трагедияга окшош көрүнүш…

7-кайрык

Интернет түшкүрүңдө эмнени гана көргөзбөйт… Кайсы мезгил экени анча кызыктырбайт, айтор качкын президент Аскар Акаев аялы Майрам, кызы Бермет менен Германияда жүрөт. Кайсы бир кыргыз жигит андагы мигранттар менен жолугушуу уюштуруп, көчөдө 10-15 кыргыз жаштары Акаевди тегеректеп турат. Акаев адаттагыдай кырааты менен “Дорогие соотечественники…” деп баратканда капилет “кыргызча сүйлөңүз!” деген өктөм үн чыкты эле Акаев “ни командуй!” деп, ары жагы кайым-айтышка айланып кетти. Кайран Аскар баатыр кадимкидей жайдаңдай басыш менен алдыга түштү, бирөө жумуртка-тукум менен ургандай болду. Артынан Майрам-ка жөнөдү. Бир гана Бермет кызы кол сумкасын булгалап баягылар менен койгулашып калды. Айтылуу Арстанбек акындын “Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң…” деген асыл сөзүн эстеп биз турдук…

8-кайрык

Москвада кыргыз таксист унутта калып калган капчыгын 8 саат бою жеткирген жеринде  көкмуштум болуп үшүгөнүнө кайыл күтүп туруп ээсине кайтарып бергени үчүн жүргүнчү аял да, таксист да ыйлап атат. Жоголгон кайран адамгерчиликти кайра тапкандагы ый. Кайран акылман Абайдын “Жаман адам болот, жаман улут болбойт” деген мурас сөзү аргасыз эске келет. Чынында бир кыргыз мүлдө кыргыздын образын бүткүл дүйнөгө даңазалап, таанытып атпайбы…

9-кайрык

Президент Сооронбай Жээнбеков Токмоктогу өндүрүш ишканасын кыдырып жүрөт. Кандай сонун көрүнүш, жаркыраган ишканада жалаң жадыраган жаштар иштейт экен. Аларга президент, өндүрүш уюштуруп, элди иштеткен ишкерлер бизде ардакталыш керек, мындан кийин мындай бизнести ар кандай мамлекеттик органдар тарабынан обу жок көзөмөлдөп текшерүүгө жол бербейбиз, андайлар керек болсо жазаланат (!) дегендей мааниде сөз сүйлөп атса, жаштардын жалпы эле угуп тургандардын көздөрү жайнап, кубанычтарын жашыра албай турушту. Президентти болсо Чүй облус башчысы Туйгуналы Абдраимов менен жеке ишкер, айтылуу Шаршенбек Абдыкеримов коштоп жүрдү.

Дүйшөн Керимов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.