Адамдын маданияттуулугу окуган китептеринин эмес, түшүнгөн китептеринин саны менен өлчөнөт.
Арон Брудный, кыргызстандык философ («Түшүнүү илими» китебинен[1]).

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жетик түшүнгөн кыргыздар өтө аз – көпчүлүгү аны дүңгүрөгөн атак-даңкы аркылуу гана тааныйт.
Кеңешбек Асаналиев, сынчы, адабиятчы.

Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестин атактуу жазуучу Луи Арагон французчага которуп, «Махабат жөнүндөгү эң ажайып баян» деп, дүйнөлүк адабият мейкиндигине алып чыккандан берки бул чыгарма тууралуу эң кызыктуу, оригиналдуу талдоолордун бирин белгилүү публицист Эсенбай Нурушев сунуштады. Ал арапча уңгулуу ысымы «жамалдуу», «сулуу», «сүйкүмдүү» дегенди туюндурган Жамийланы европалык окурмандар ушунчалык жактырып калышынын сырын такыр башка өңүттөн ачып бериптир.

Эч кайсы этнос өзүн аңдап билмейинче улут болуп жетиле албайт. Өзүн аңдаш үчүн ал «өзүнүкү» менен эле чектелбей, башка элдердин маданиятына да кызыгышы, улам тереңирээк иликтеп билиши, «жат дүйнөгө» күзгүдөй каранышы, адамзат рухунун эң улуу дөөлөттөрүн өздөштүрүшү зарыл. Ошондо эл өзүнүн дээриндеги чыныгы баалуулуктарды утурумдук же тайыз көрүнүштөрдөн айырмалап, өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ушул ыңгайдан алганда, кыргызды дүйнөгө тааныткан залкардын китептерин кыйла терең түшүнүүгө Э. Нурушевдин жакында китеп болуп чыкканы турган «Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос» деген оригиналдуу эсселер түрмөгү да жардам берчүдөй.

Чыңгыз Айтматов жөнүндө, анын чыгармалары жөнүндө жазгандар өтө көп. Ал тексттердин жалпы көлөмү, саны залкардын китептеринен жүздөгөн, балким, миңдеген эсе көптүк кылар. Ырас, булардын басымдуу көпчүлүгү, айрыкча илимий деп эсептелгендеринин негизги бөлүгү окуялардын жүрүшүн эле үстүрт баяндаган, башка жазуучулардын чыгармалары менен да ушундай жеңил-желпи «салыштырган», бөлөк адабиятчылардын айткан-жазганын кайталаган (кээде шилтемесиз эле көчүрүп алган) өтө тайыз нерселер экендигин да белгилей кетүү керек. Бирок нукура көркөм дөөлөттү жетик кабылдоо жагынан окурманга эң жакшы багыт берип, түшүнүгүн кеңейте, тереңдете билген авторлор аз болсо да бар. Ошолордун катарына Эсенбай Нурушевди эч тартынбай эле кошсок болчудай. Жакында «РухЭш» сайтына жарыяланган бир нече эссесин окуганда, Айтматовдун чыгармаларын башка өңүттөн карап, мыкты чечмелегенине тан бердим.

Залкардын китептерин эми гана барактай баштаган жаш муунга да, «чыгармаларын эле эмес, алар жөнүндө жазылган негизги эмгектерди да калтырбай окуп чыккандарга», жазуучулар менен адабиятчыларга да кызыктуу, пайдалуу болгудай бул эсселердин айрымдары тууралуу учкай сөз кылалы.

«Эрос деген эмне?» эссесинде Эсенбай Нурушев байыркы грек мифологиясынын Хаос (чексиз башаламандык), Эрос (сүйүү, жан кумар), Космос (ирет, тартип, көркөмдүк), Логос (сөз, акыл, аң-сезим) жана башкалар жөнүндөгү түшүнүктөрүнө таянып, «Жамийладагы» баш каармандардын кандайча издешпей табышкандыгын түшүндүрүптүр. Эркек-аял мамилесинин эзелтен берки түрдүүчө таанылып (талаш-тартыштарга да себеп болуп) келишин эми Айтматовдун повестин мыкты талдаган эссеге байланыштуу жаңы деңгээлде аңдап билгенге мүмкүнчүлүк түзүлчүдөй.

«Элдик эйдос жана “бузуку” иштер» эссесинде эмне үчүн далай ашыглык баяндарын эл «жекирип-жээрибей, кайра аларды ырга салып, дастанга айлантып даңазалап, муундан-муунга мурас кылып, сактап келгендигин» күтүүсүз ыңгайда (!), болгондо да өтө ынанымдуу түшүндүрүптүр.

«Жамийла жана Лилит» эссесинде автор Айтматовдун каарманын кандайча европалыктар өтө жактырып калгандыгын буга чейин эч ким көңүл бурбаган жүйөлөр, илимий фактылар менен чечмелептир.

«…белгилүү себептерден улам диний ыйык китептерге – Торага, Библияга жана Куранга кирбей калган» тексттерден (апокрифтерден) баарыбыз билген Ободон (Евадан) башка Лилит жөнүндөгү баянды Эсенбай Нурушевдей нукура интеллектуал, чыныгы китепкөй инсан гана казып чыкмак экен. Алгачкы Адамга «жардамчы катары жаралган макулуктардын бири» гана болууга көнбөй, өз алдынчалыгын сактоо үчүн бейишти да таштап кетүүгө кайыл болгон ушул аял жөнүндөгү баян кыргыздарга эми жетип отурат. Көрсө, ал биздикилер жактап-жектеп келген Жамийланын жалпы маданий-рухий башатында турат экен! Эң кызыгы, муну Айтматов атайылап тутумдаштырууга умтулбаптыр, бул анын оюна да келбеген экен.

Ток этер жери – Жамийланын жалпы адамзаттык башаттагы жана улуттук кыртыштагы теги жөнүндө кененирээк билип, тереңирээк түшүнүү үчүн Э. Нурушевдин ушул жана башка эсселерин окугула:

http://ruhesh.kg/2018/09/11/esenbaj-nurushev-ajtmatologiya-zhamijla-zhana-uluttuk-eros/

http://ruhesh.kg/2018/11/03/esenbaj-nurushev-zhamijla-zhana-lilit/

http://ruhesh.kg/2018/10/09/esenbaj-nurushev-eros-degen-emne/

Жолдош Турдубаев, адабиятчы.

[1] Дал ушул ойду абхаздардын орус тилдүү жазуучусу Фазиль Искандер да айтыптыр. Кимиси кимден алганын ким билет? Балким, экөө тең үчүнчү бир автордон окушкандыр?

Эсенбай Нурушев: Жамийла жана Лилит

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.