Кыргыз эл жомогу: Сыйкырдуу сака

Илгери-илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт. Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир. Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албайт. Ошондо сакасын колуна […]

Тарбиялык мааниси бар аңгемелер

Конфеттер Лизага өзү окуган 1-классы аябай жакчу. Ал бирге окуган классташтарын жана мугалимин жакшы көрчү. Ошентсе да, аны мектепке баруудан кетенчиктетип турган бир себеп бар эле. Ал себеп, аны менен бир партада олтурган Коля Солнцев болчу. Дайыма мектептен келгенден кийин, Лиза өз сумкасынан бир кочуш конфеттин бошогон кагаздарын тапчу. Ал бул кагаздарды Коля салып жатканын даана эле билчү, анкени бир жолу аны бир ууч кагаздарды салып жаткан жеринен кармап алган. Лиза ага экинчи мындай кылбай жүр деп эскерткенине карабай, ал […]

Генийлер сокур тыйынга зар болушкан

Көпчүлүк өнөр адамдарынын тагдыры татаал келет. Анткени алар көбүнесе тиричиликке байымсыз болуп, бул жагынан өз замандаштарына теңеле албай, катуу аксайт. Албетте, Гёте сыяктуу турмуштун эки чылбыр, бир тизгинин колго алган камбылдары да бар, бирок андайлар саналуу эле. Алардын трагедиясы — жашоонун практикалык ыгына көнүп кете албаганында эле эмес, алардын шору – өздөрүнүн кыял-сезиминде, элес-түшүнүгүндө жаралган чындыкты гана таанып, таптакыр башка чен-өлчөмдөгү ааламда жашаганында. Бул болсо өз кезегинде турмуштук чоң ажырымды пайда кылат. Атап айтканда, мындай инсандарды реалдуу турмуштун чегинен чыкпаган […]

Аалы Молдоканов: Токсон жылдык тойлор, тоборсуй элек ойлор

Кыргыз эли тарыхый тизменин эң төбөсүндөгү эки уулунун 90 жылдыктарын тойлоп жатат. Алардын бири мындан 40 жылча мурун, 53 гана жашында, экинчиси 2008-жылы 80 жылдыгына жете бербей адам колдуу болуп жарык дүйнөдөгү сапарларын карыткан экен. Чыңгыз Айтматов – чыгармачылык даңазасы, коомдук аброю жагынан эл аралык деңгээлге көтөрүлгөн бирден бир кыргыз экенине; Султан Ибраимов ‒ акылы жана адамгерчилиги аңызга айланган нукура эл уулу болгонуна карабай, буга чейинки юбилейлери өздөрүнө татыктуу белгиленбептир. Атактуу агаларыбыздын мааракелерине бала бакчалардан тартып, Жогорку Кеңешке чейин чоң […]

Дилазык: Уурулук жөнүндө уламыш

Миссис Папандопулос кошунасы Викки менен бир ижарада жашаган уулу Костаныкына кечки тамакка келди. Дасторкондо унчукпай отурган Костанын энеси, анын коңшусунун сулуу экенин ойлоп койду. Ал мурда эле экөөнүн ортосунда байланыш бар го деп шектенип жүргөн, Виккинин сулуулугу анын шек алуусун күчөттү. Тамактан кийин да ал экөөнүн сүйлөшкөндөрүнөн алардын ортосундагы мамиле бир топ терең экенин баамдады. Анын эмне жөнүндө ойлоп жатканын сезген Коста кесе айтты: — Апа, сен эмне жөнүндө ойлоп жатканыңды билем, бирок сен ойлогондой эмес, Викки экөөбүз жөн гана […]

Арсений Тарковский Кожогелди Култегиндин котормосунда

ТӨӨ Узун – буту. Бирок орустуку эмес, Ушул бутта ыржайып тур качантан. Чырмакталып салбырайт жүн – бу мерес Чыккан өңдүү эскирген бир чапандан. Көчмөндөр бүт таазим кылып чыгышка, Көп нерседе абдан аша чабышкан – Төө жүнүнө кумду солоп-тыгышса, Төөнүн өзүн тикен менен багышкан. Чөлдүн сараң Кудайы абдан өрмөлөп: Төөнү – бүкүр падышаны накта ушу Калдыктардан жасап чыккан өңдөнөт. Төө – жакырдык, чыдамкайлык тактысы! Таноосуна чүлүк салып – башкарып, Арманы ичте… а сыртынан менменсийт. Оюнчуктар – шалдырактар каатталып Узун, ичке мойну […]