Конфеттер

Лизага өзү окуган 1-классы аябай жакчу. Ал бирге окуган классташтарын жана мугалимин жакшы көрчү. Ошентсе да, аны мектепке баруудан кетенчиктетип турган бир себеп бар эле. Ал себеп, аны менен бир партада олтурган Коля Солнцев болчу. Дайыма мектептен келгенден кийин, Лиза өз сумкасынан бир кочуш конфеттин бошогон кагаздарын тапчу. Ал бул кагаздарды Коля салып жатканын даана эле билчү, анкени бир жолу аны бир ууч кагаздарды салып жаткан жеринен кармап алган.

Лиза ага экинчи мындай кылбай жүр деп эскерткенине карабай, ал жоругун эртеси эле кайра баштаган. Лиза бул тууралуу апасына айтып берди. Апасы кызын кучактады да, күлүп кулагына бир нерсе деп шыбырады. Эртеси күнү Лиза мектепке көңүлдүү келди. Класска кирип ордуна олтурду. Бир аздан кийин класска Коля Солнцев жүгүрүп кирди. Ал сумкасын партага ыргытты да, коридордо жүргөн балдарга барып кошулду. Сабак башталгыча дагы беш мүнөт бар болчу. Лиза убакытты текке кетирбей, өз сумкасынан чоң пакетти алды да, Колянын сумкасына салып койду.

Бир аздан кийин балдар класска киришип, сумкаларынан китеп, дептерлерин сууруп чыга башташты. Коля да сумкасын ачып китептерин алып чыкмакчы болгон. Ал сумкасынан чоң пакетке толтура салынган конфеттерди көрүп оозу ачыла түштү.

— Э…бул эмне!? — деп таң калган Коля Лизаны карады.

— Кимдин эмнеси көп болсо, ошонусу менен бөлүшөт! — деди Лиза жылмайып.

Коля бардыгын түшүндү да кызарып кетти. Ал аябай уялып жаткан.

Чыныгы дос

Жаз болчу. Күн жаркырап тийип, кар эрип, ала-шалбырт болуп турган убак эле. А Миша жайды чыдамсыздык менен күтүп жүрдү. Июнда ал он экиге толмок, ата-энеси туулган күнүнө арнап велосипед алып беребиз деп убада кылышкан. Анын велосипеди бар эле, бирок Миша өзү айткандай, “андан чоңоюп кеткен”. Ал мектепте жакшы окучу, атасы менен апасы, кээде чоң атасы менен чоң энеси ага жакшы баа алганы үчүн, мактоо катарында бир аздан акча берип коюшчу. Миша ал акчаларын коротпой катып жүрчү. Анын чоң акча топтогучу бар эле. Ал акчаларын ошого чогултчу. Окуу жылы башталгандан бери бир топ эле акча болуп калгандыктан, Миша ата-энесине кеңешип, туулган күнүн күтпөй эле ошол акчага велосипед алып алсамбы деп ойлоп жүргөн.

Мишанын эң жакын досу бар эле. Анын аты  Пашка. Алар бир партада олтурушчу, жана эжейи айткандай “ажырагыс” достордон болчу. Пашка жакшы окуп, жүрүм-туруму да мыкты болгондуктан аны класском кылып шайлап алышкан.

Май майрамдарына карата, мугалими Наталья Григорьевна балдарды циркке чогуу алып барып келүүнү чечти. Акчаны чогултууну класскомго жүктөдү. Паша тыкан бала эле: ал ким канча акча бергенин тизмелеп эле тим болбостон, акчаларды ирети менен жыйнап, пакетке салды да сумкасындагы китептердин арасына салып койду.

Анан майрамдарга аз эле күн калганда, Пашка акчасын жоготуп жиберди. Ал балдар менен мектептин футбол талаасына ойногону кетерде, акчаны сумкасына салганын жакшы билет. Ал эми сумкасы чечинүүчү жайда калган. Ал сумкасын көңтөрүп төгүп алып, ар бир китептин, ар бир дептердин ичин барактап карап чыкты. Бирок тилекке каршы, акчаны таба алган жок.

— Алып кетишкен окшойт! – деди Пашка.

— Жок, өзүң бир жерге түшүрүп алсаң керек, — деп божомолдоду Миша.

— Эми балдарга, эжейге эмне дейм! Эми эмне кылам? Балким, кулактандыруу берсекпи, акча жоголду, пакетте болчу деп. Андай чоң акчаны мен кайдан табам…

— Ага ким ишенет, таап алса да эми беришмек беле.

Миша бир мүнөтчө ойлонуп турду да, бир кезде алаканы менен чекесин катуу чаап:  «Дароо эмне ойлонгон жокмун!»  «Мени күтүп тур, азыр келем», — деп кыйкырды ал, чуркап баратып.

Жарым сааттан кийин Миша өзүнүн акча топтогучун көтөрүп келип, андагы акчаны олтургучтун үстүнө төктү: «Канча керек?» Паша керектүү сумманы санады да, калганын Мишага кайтарып берди. «Миша, билесиңби…Мен сенин чыныгы досум экениңди билгем… Башка эч нерсе деп айта албайм», — деди кубанычын жашыра албаган Пашка. «Эмне кылайын деп чогултуп жаттың эле?» — деп кошумчалап койду ал. «Эми анын мааниси деле жок», — деп жооп берди досу жылмайып.

Кечинде апасы анын акча топтогучу бир топ эле бошоп калганын көрдү. Ал бөлмөгө Мишаны чакырды.

— Чыдабай кетип, короттуңбу?

— Короттум.

— Эмне кылдың?

— Апа, билесиңби, биздин класскомубуз Пашка балдардан циркке барабыз деп чогулткан акчасын алдырып жиберди, мен акчаны ага берип койдум.

— Алдырганы чынбы?

— Чын! Пашка эч качан мени алдамак эмес, мен муну даана билем.

— Макул, бергениң жакшы болуптур. Миша, сен чыныгы досторчо мамиле кылыпсың. Азаматсың!

— Пашка да ушинтип айтты.

— Демек, ошондой!

Эртең менен Миша кандайдыр бир башкача үндөн ойгонуп кетти. Көзүн ачса, атасы жапжаңы велосипеддин рулундагы коңгуроосун кагып жатыптыр.

— Ата, силер мага велосипед сатып келдиңерби?! Туулган күнүмө дагы бир айдан ашык убакыт бар да. Анын үстүнө мен буга татыксызмын, тигине кечээ эле чогулткан акчамды жок кылып салбадымбы.

— Татыктуусуң, аябай татыктуусуң! Жайды күтүп жүрөлүкпү, кар деле кетип калды. Бар, Пашканы чакырып, жаңы велосипедиңди байкап көргүлө.

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.