Италия эл жомогу: Флорионун сыры

Бул окуя  атагы алыска кеткен Флоренция шаарында болгон. Анан кайсы шаарда болмок эле дейсиӊ? Сөз деген укмуштуудай айкелдер жөнүндө болгону жатпайбы. Так ошол Флоренцияда улуу скульптор – жаратуучулар, архитектор жана сүрөтчүлөрдүн өнөрү менен дүйнөгө атагы чыккан эмеспи. Эми ушул атактуу Флоренцияда жаш скульптор Флорио жашаган. Анын колундагы кескичинен жасалган мрамор статуялары же колодон куюлган айкелдерине аябай эле жакшы акча төлөшчү, ошондо да ал байкуш кайырчыдан да ашпаган  кедей бойдон калды. Анын аты да белгисиз эле. Бирок анын устаты мастер Фабианонун […]

Өтөлгөлүү өмүргө кийилген алтын таажы

Акын, журналист Динара Бейшеналиеванын жакында жарык көргөн  “Жаназык” ырлар жыйнагы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып жатат. Төмөндө акындын ырлары жөнүндө өз пикирлерин жазган Жолборс Жоробеков, Абдыкерим Муратов, Карбалас Бакиров, Султан Раевдердин ой-штрихтерин жана акындын “Жаназык” поэмасынан үзүндүнү “РухЭштин” окурмандарына сунуштайбыз. Динара Бейшеналиеванын 2017-жылы жарык көргөн  ”Алтын таажы”деген ыманы ысык ыр-жыйнагы колума тийип калды.  Аны окуганымдан кийин кой эми мен профессионал аналитик сынчы болбосом да катардагы окурман катарында акындын  эмгектерине учкай эле чөп башылап, өз пикиримди билдирейин деп чечтим. Сөз башында  […]

Узакка күттүргөн конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз адабиятынын күнүнө карата белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдыгына арналган адабий сын жана адабий изилдөөлөр боюнча конкурс 11-декабрь күнү саат 19:00дөн 20:00гө чейинки КТРКнын «Маданият♦Тарых♦Тил» көрсөтүүсүнүн түз обосунда жыйынтыкталды. «РухЭш» сайты буга чейин белгилеп келгендей, калыстар курамынын ысымдары жана конкурска катышкан 16 автордун аты-жөнү түз ободо гана белгилүү болду. Калыстар курамындагы белгилүү адабиятчы, филология илиминин доктору Үмүт Култаева, адабиятчы жана филология илиминин кандидаты Искендер Жумабаев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакир конкурстук материалдардын жыйынтыгын чыгарууда 1-сыйлыкка татыктуу […]

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында котормо жанрында эмгектенген калемгерлер үчүн конкурс жарыялайбыз. Арийне, учур адабиятында котормо жанрына көңүл бурулбай келаткандыгын эске алдык. Аныгында, дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү тажрыйбасын өздөштүрүү салты эгемендик жылдарынан бери колго алынбай келди, андыктан ушул багытта чыгармачылык таймашка чыгууну каалаган калемгерледин жаш курагына чектөөлөр жок. Жалпы байге фондубуз – 200 000 (эки жүз миң) сом. 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 30 миң сомдон – жалпы 90 миң сом. 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган үч адамга 20 миң сомдон […]

Олжобай Шакир: Кыргыздар мени сотко берсин

Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Эзелтен кыргызды кыргыз ичинен иритип, ичинен чиритип келсе, азыркы кыргыздар элин маңкурт кылып жатат. Болгондо да билим булагы аркылуу. Оболу, китепти билим булагы деп эсептеп келсек, дал ошол булак башында отургандар кимдер дээрсиз?.. Аларбы – алар: доктор, академик наамына марыгандар! Болгондо да Кыргыз Республикасынын президентинин карамагындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда отургандар; КР Билим берүү жана илим министрлиги; Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Кыргыз билим берүү академиясы жана китеп өндүрүшү менен […]