Еврей эл жомогу: Баланын акылы

Адамдар Сулайман падышанын кеменгерлигин, анын жаш баланын да акылын колдоно билгенин азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Бул мындайча болуптур: Илгери бир базарда эки соодагер жанаша иштешчү. Алардын дүкөнүнүн ортосун бир гана тактай тосмо бөлүп турчу. Бири жыпар жыттуу чөптөрдү сатса, экинчиси зыгыр май сатчу. Бир жолу базар жабылар алдында жыпар чөп саткан соодагер тактайдын тешигинен кошунасын шыкаалап, анын алтын динарларды санай баштаганын көрөт. Тыйындардын канча экенине кызыккан неме кошунасы менен кошо санап, анын жүз алтымыш беш алтын тыйыны бар экенин билет. […]

Котормо боюнча байге фондубузга дагы жүз миң сом кошулду

Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында котормо жанрында эмгектенген калемгерлер үчүн конкурс жарыялаганыбызды уккан акын жана адабиятчы, парламенттин экс-спикери, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков аталган конкурсубузга 100 000 (жүз миң) сом кошумчалады. Эскертсек, “Замандаш” партиясынын демөөрчүлүгү менен учур адабиятында котормочулук өнөрдү өстүрүү максатында уюшулган конкурсубузга 100 000 (жүз миң) сом байге койгондугун жарыялаган элек>>>>. Ошону менен дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилине түпнускадан которуу багытында уюшулган конкурсубуздун жалпы байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түздү. Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор […]

Ырысбай Абдыраимов: Нагыз баатыр ийилбейт

АҢГЕМЕ Арадан үч жыл өттү. Сакадай эми чуу менен коштолгон шайлоонун үстүнөн чыкты. Ал окуя элди кыйла дүрбөтүп, удургутту. Көз каранды эместик алгандан чейрек кылым өтсө да, даңгыр жолго түшө албай, өлкөнүн башы чуру-чуу, утуру капсалаң окуялардан чыкпай койду. Калемгердин жаны мына ушуга кейиди. Тынчтык байырлабаган жерде кут-берекени, мелмилдеп аккан дарыядай тынч өнүгүүнү кондуруу да адегенде кыйынга турду. Ажолукка талапкер ал жарыштан өтпөй, кулады. Аны жактагандар Бишкек-Ош жолуна чыкты. Жолдун Коргон районундагы депутат туулуп-өскөн айылдын тушунан тартып, эски тоокканага чейинки […]

Чыныгы сүйүү жөнүндө жаңы замандын уламышы

Кадимки эле катардагы эмканада, кадимкидей эле күндөрдүн бири болчу. Улгайып калган адам догдурга тигилген колундагы жипти суурутканы келген эле. Анын бир нерсеге толкунданып, шашып турганы кебетесинен көрүнүп турду. Догдурдун качан келерин сурап, аны саат тогузда бир маанилүү иш күтүп жатканын айтты. А саат азыр сегиз жарым болуп калган эле. Мен ага догдурлардын бардыгы бошобой жатканын, алар эң эле жок дегенде бир сааттан кийин кабыл алышарын айттым. Бирок анын кайра-кайра саатын карап, бир нерсеге аябай кабатыр болуп, капа болуп жатканын көргөндө […]

Бексултан Жакиев: Гомер xx кылымдын Саякбайы боло алабы?

Кыргыз эли өзүнүн жашоо тагдырында Александр Македонскийдин, хунндардын, араб, татар-монголдордун жортуулдары сыяктуу тарыхый зор окуяларды да, сандаган майда кагылыштарды да башынан тынымсыз кечирди. Өзү менен өзү чабышып, бытырап да, бириккен да учурлары болду. Бизге жеткен азыноолак маалыматтарга караганда кыргыздар мурдагы эранын экинчи кылымынан баштап, Ыраакы Чыгыш менен Энесайдан тарта Алтай, Тянь-Шань, Памир, Урал тоолоруна чейинки ой-кырларда өөдө-төмөн оошуп жүрүп, акыры азыркы Кыргызстанды жердеп калган. Батыш менен Чыгышты, элдер менен элдерди, тилдер менен тилдерди, диндер менен диндерди бир жарым миң жыл […]

Дилазык: Дептердеги ката

Бир мектепте биринчи класстын мугалими ооруп калып, анын ордуна башка мугалим сабак берер болду. Жаңы мугалим сабак бере баштагандан бир жумадан кийин, ата-энелер балдарынын кол жазмалары оңоло баштаганын байкашты. Тамгалары тайрактабай, түз жана сулуу болуп калыптыр. Ата-энелер балдарынын дептерлерин карап, эмне өзгөрүү болгонун көрүштү. Көрсө, мурдагы мугалим окуучулардын туура эмес жазган жерлерин кызыл сыя менен белгилечү экен, ал эми жаңы мугалим окуучулардын жакшы жазган жерлерин жашыл сыя менен белгилептир. Ошондуктан окуучулар көңүлдөрүн өздөрүнүн жетишкен ийгиликтерине буруп, аны кайталашка аракет кыла […]