Канат Садыков Сапар Исаковдун жубайына мыйзамсыз айлык төлөп келгенби?

Сапар Исаковдун аялы – Малика Арстанбекова КУУдан мыйзам Университеттин кассасына гана эмес КР мыйзамдарына өз менчигиндей кол салган КУУ ректору Садыковду ким тыят? Университеттеги мыйзам бузуулар боюнча бир жарым жылдан бери биздин кайрылуулар бийликке жетпей жаткандыктан, акыркы үмүт менен маалымат каражаттарына кайрылууга мажбурбуз. Ректордун көптөгөн мыйзам бузууларынын ичинен расмий органдар тастыктаган айрым мисалдарга (албетте, баары эмес) коомчулуктун назарын буралы. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору К.Ж.Садыков психология кафедрасынын башчысы Ж.К.Ниязова менен (ал экөө эски тааныш, экөөнүн илимий жетекчиси бир адам […]

Италия эл жомогу: Бир тоголок капуста

Так деӊиздин жээгинде эскилиги жетип кыйшайган жаман там  турган. Ал үйдө андан да карган балыкчы чал кемпири менен жашады. Алар өтө жакырчылыкта күн көрүшкөн. Абышка балык кармап келет, кемпир балык сорпо жасайт – курсактары ток, өмүр өтүп жатат. Бир күнү кечинде абышкасы он чакты макрель балыгын кармап келди. Кемпир балык сорпого казанын камдап, бир убакта балык тазалоого келгенде күңкүлдөп кирди: — Күндө эле балык, балыктан башка билбейбиз. Тажатты го тап-такыр. Капуста жегим келип, жаным чыгып  баратат. — Келесоо болбо, кемпир, […]

Калыс Кенжебаев: «Ыр башаттын» ыры бүтпөсүн

Кыргыз адабиятынын ташы өйдө кулап турган убагы Кыргызстандын Советтер Союзунун курамындагы алтымышынчы жылдар экени талашсыз анык. Азыркы убактагы калктын ат үстүнөн мамиле кылганынан улам адабияттын ыңырчагы ыйлап турабы же башка себеби барбы – ал башка суроо. Айтайын дегеним, кээ бир жоромолдорго караганда кыйынчылык, дал ошол согуш, жакырчылык элге эргүү берген дешет. Албетте, согуш темасына кыргыз жазма адабиятына Ч.Айтматовду, дагы далай дөө-шааларды тартуулабадыбы? Анткен менен согушту да жөндөп колдоно албаган жазмачы сөрөйлөр да жок эмес. Бирок кеп алар жөнүндө эмес. Согушту […]

Дилазык: Толтура банка жөнүндө жаңы замандын уламышы

Философиянын профессору, аудиторияда, беш литрлик айнек банкага диаметри үч сантиметрден кем эмес май     да таштарды толтурду да, студенттерине суроо берди: – Бул банка толтурабы? – Ооба, толтура, — деп жооп беришти студенттер. Анда ал кичинекей банканы ачып, андагы буурчакты чоң банкадагы таштардын үстүнө куюп жиберип силкилдетип койду. Буурчак майда таштардын ортолоруна кирип кетти. Профессор кайрадан суроо берди: – Банка эми толдубу? – Толду, толду, — деп жооп беришти студенттер. Профессор коробканы алып, андагы толтура кумду банкага куюп жиберди. Кум бош […]

Дүйшөн Керимов: Эки өлкөнүн рухий көпүрөсү

Кечээ жакында кездешүүнүн мерчеми келип, “Шанс” аталышындагы “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Пекин басма компаниясынын генералдык директору Му Пин менен кеңири сүйлөшүп отурдук. Буга чейин компаниянын Бишкектеги китеп дүкөнүндө уюштурулган окурмандык жыйындарга катышкам, айрым китептери менен таанышып, пикиримди айткам. “Чеберчилик классы” деген жолугушуусунда кыргыз тилинин дарамет байлыгы, көйгөйү, келечектүүлүк маселеси жаатында суроо-жооп иретинде да ой бөлүшкөнбүз. Мына эми бизден тышкары, Алматы, Москвада да бөлүмдөрү ийгиликтүү иштеп жаткан аталган компаниянын жетекчиси менен көзмө-көз жолугушуунун сааты чыкты. Му Пин мырза 50 жашта. Бээжиндин […]

Харуки Мураками: Май айы, деңиз жээги

АҢГЕМЕ Үйлөнүү тоюна чакырган досумдун каты, ушул эски шаарга кайрадан барышыма негиз болду. Ишимден эки күнгө уруксат алып, мейманканадан номер брондодум. Мунун бардыгын мен эч нерсеге окшобогон, — жасалып жаткандардын жарымы мурда эле  өзүнөн-өзү ишке ашып калгандай,  башкача бир сезим менен аткарып жаттым. Май айынын ачык таңында аташе-кейске биртике буюмдарымды салып, “синкансэнге”[1] отурдум. Ордум терезенин түбүндө. Китеп ачып, барактап  кайра жабам, бир банка пиво жуттум, анча-мынча үргүлөй кетип, мындан башка алаксый турган эс нерсе таппай, терезе тиктейм. Ылдам жүрүүчү экспресстин […]