Философиянын профессору, аудиторияда, беш литрлик айнек банкага диаметри үч сантиметрден кем эмес май     да таштарды толтурду да, студенттерине суроо берди:

– Бул банка толтурабы?

– Ооба, толтура, — деп жооп беришти студенттер.

Анда ал кичинекей банканы ачып, андагы буурчакты чоң банкадагы таштардын үстүнө куюп жиберип силкилдетип койду. Буурчак майда таштардын ортолоруна кирип кетти. Профессор кайрадан суроо берди:

– Банка эми толдубу?

– Толду, толду, — деп жооп беришти студенттер.

Профессор коробканы алып, андагы толтура кумду банкага куюп жиберди. Кум бош жердин баарын ээлеп, таш менен буурчактын арасын толтурду. Профессор кайрадан баягы суроосун кайталады:

– Банка толдубу?

– Ооба, толду, – дешти студенттер бир ооздон.

Анда ал столдун алдынан бир чөйчөк суу алып куюп жиберди. Албетте, суу кумдун арасына барып сиңип, банка эми чындап толду. Студенттер күлүп жиберишти.

— Мен силерге түшүндүрүп берейин, бул банка — бул силердин жашооңор. Таштар — бул силердин жашооңордогу эң маанилүү нерселер: үй-бүлө, ден-соолук, достор, балдарыңар — баарыдыгы жашоодогу эң керектүү нерселер, калган нерселер жоголсо да ушулар силердин жашооңорду толук кылып турат. Буурчактар — бул жеке өзүңөр үчүн кымбат болуп калган нерселер: иш, үй, автомобиль. Кум — бул калган нерселер. Эгерде, банкага адегенде кумду салсак, буурчак менен таштарга орун калбайт болчу. Жашоодо да ошондой, бүт энергия менен күчүңдү майда-барат нерселерге коротсоң, маанилүү иштерге алың да, убактың да калбайт. Өзүңөрдү бактылуу кыла турган нерселерди кылгыла: балдарыңар менен ойногула, өмүрлүк жарыңарга көңүл бургула, досторуңар менен жолугушкула. Ишке, үйдү жыйнаганга, машинеңерди жууганга ар убакта, ар дайым үлгүрөсүңөр. Эң биринчи таштарга көңүл бургула, башкача айтканда, жашооңордогу маанилүү маселелерди чечкиле. Ал эми калгандары – бул кум.

Залдан студент кыз кол көтөрүп, сурап калды:

– Ал эми суунун кандай мааниси бар?

Профессор жылмайып койду.

— Мен ушул суроону бергениңе сүйүнүп турам. Мен аны менен жөн гана, силердин жашооңор канчалык толтура болуп турса да, ар дайым бекерчилик үчүн бир аз орун табыларын көргөзкүм келген.

ТАЛАШ

Бүгүнкү социалдык көйгөйлөр боюнча сабакта биздин профессор кара мукабалуу китепти бизге көргөзүп мындай деди:

— Бул кызыл китеп.

Биз болсо каршы болдук:

— Жок.

Ал болсо айтканынан кайтпай:

— Ооба, бул кызыл китеп.

Биз кайрадан:

— Жок, андай эмес.

Ал китептин арткы бетин көргөздү эле, ал жагы кызыл экен. Ошондо ал мындай деди:

— Бирөөгө анын көз карашы менен карамайынча, сеники туура эмес деп айтпагыла.

Булак: https://millionstatusov.ru/source/sovremennye-pritchi.html

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.