Кыргыз адабиятынын ташы өйдө кулап турган убагы Кыргызстандын Советтер Союзунун курамындагы алтымышынчы жылдар экени талашсыз анык. Азыркы убактагы калктын ат үстүнөн мамиле кылганынан улам адабияттын ыңырчагы ыйлап турабы же башка себеби барбы – ал башка суроо. Айтайын дегеним, кээ бир жоромолдорго караганда кыйынчылык, дал ошол согуш, жакырчылык элге эргүү берген дешет. Албетте, согуш темасына кыргыз жазма адабиятына Ч.Айтматовду, дагы далай дөө-шааларды тартуулабадыбы? Анткен менен согушту да жөндөп колдоно албаган жазмачы сөрөйлөр да жок эмес. Бирок кеп алар жөнүндө эмес. Согушту жонтериси менен сезип, жаны сыздаганын жүрөгүнөн чыгарып берген адабияттагы адамдарыбыз да бар. Алардын бири кыргыз эл акыны – Түмөнбай Байзаков.

Андыктан мен анын чыгармачылыгы менен гана чектелем жана дагы да тагыраак болуш үчүн анын жупкадай чөнтөк китеби “Ыр башат” тууралуу сөз болсун (Байзаков Т. “Ыр башат”: Тандалган ырлар жана дастандар. – Ф., “Кыргызстан”, 1977. – 304 б.). Мен бул китепти да жөн гана тандап алган жокмун. Жупкадай чөнтөк китеп жана бир караган кишиге ал тууралуу көп сөз  козгоого негиз жоктой көрүнөт. Адабият айдыңында ыр саптарына толгон жупкадай чөнтөк китептер азбы?

Китептин жарык көргөнүнө кырк жылдан да көп убакыт болду. Ага карабай кайра кароонун жана тандап алышымдын себеби: бул китепти ар дайым окуп тургандыгымда, ал тургай кайра кароо дегеним да калп. Мен бул китепти ай өткөрбөй ачып барактап турам. Ар кандай абалда, ар кандай маанайда өзүмө зарыл саптарды таба алам. Кээде бул китеп бири экинчисине коёндой окшош күндөрдө, ар бир мүнөтү өкүнүү менен үмүткө толгон көртирликте бир жутум таза абадай таасир калтырат. Далбастап чуркаган турмуш жарышын таштап, алыскы дыйкан талааларына, айылдын чаң баскан жолдоруна, санаасыз турмушка саякат куруп, бир ирмемге таттуу түш көргөндөй сезим жаратат.

Китеп эки бөлүктөн турат: “Ырлар” жана “Дастандар”. Акындын лирика ырларынын көпчүлүк бөлүгү кыргыз эстрадасында ырдалып жүрөт жана көп кишинин бул жөнүндө кабары жок. Кээ бир ырчылар да акындын саптары экенин элге угуза беришпейт. Т.Байзаковдун ырларынын жагымдуулугу, элпектигине дал ошол обондуу ырлар далил. Ал эми дастандар акындын дагы бир куралы. Дастандарды жазма адабиятка салуу, эскини жаңыдай чыгарып, жаңы замандын оор талаптарды койгон окурмандарына сунуу акын үчүн да эбегейсиз эмгекти талап кылат. А Т.Байзаков ал эбегейсиз эмгегин дастандардан жана кыргыз адабиятынан аяган эмес.

Бул китептин дагы бир өзгөчөлүгү – акындын өзүнүн убагындагы гана калктын турмушун ачып бербестен, азыркынын абалын да чакчайта тартып берет. Акындын ырлары анын элге жакын болгондугун апачык далилдеп турат. Кээде ыр саптарын ээрчип отуруп алгач бул алакандай китептин ичине канча санат, канча философия, канча сүйүү батканына, андан соң ичиндеги бардык ырды бир киши жазганына  таң каласың. Бул акындын өздүк стилинин жоктугунан эмес, тескерисинче, жалгыз гана акындын стили гана анын ырлары экендигине ишендирип турат. Ал эми жазылган ырлардын окшош муундардан жана баяндоодон турганына карабай карама-каршы сезимдерди эч кандай кыйналуусуз жана ишенимдүү бере алуу акын үчүн да чоң машакатты, болбосо эбегейсиз эргүүнү талап кылат. Мисалы, акындын бул китебиндеги “Ырын окуп жүрбөгүн” аттуу ырында (190-б.) селкинин көңүлсүз сүйүүсүн төмөндөгүдөй баяндайт:

Унчукпадың.
Көпкө турдум мен дагы.
Алгансыңбы жүрөгүңө муз катып?
Ачуу тиет мындай кезде жел дагы
Сезимиңди, сай сөөгүңдү сыздатып.

Алгач ырдын өзү тууралуу сөз болсун. Окуп жатканда дароо көзгө сулуу кыздын суз жүзү тартылат. Жалпысынан ырдын трагедиялуу маанайда экени белгилүү болду жана бул поэзияда таң калууга арзыбайт. Башталгандагы эле “унчукпадың” көп акынды кыйнаган жана көп сапка сыйбаган абалды сүрөттөөнү колго алгандай. “Унчукпадың” жана баары түшүнүктүү, элес бар. Ал саптын бөлүнүп, жогору турушу да элести так, даана көрүп алууга мүмкүндүк берүүчү аралык. Бул кичине аралык поэзияда чоң мааниге ээ. Аны түшүнүү үчүн тынымсыз, чогу жазылгандай окуп көрүү гана жетишет. Элес тартылган соң акын дароо сулуусуна суроо каткан: “алгансыңбы жүрөгүңө муз катып?” Бул суроолор ашык болгон жигиттин сезимдери алоолоп, дүйнөсү алаамат болуп турганын бергени менен ошол эле убакта эч бир чектен чыгуусу жок, токтоо угулат. Бир маанайда окулган бир суроодо, бир сапта ашык болгон адамдын ички жана тышкы дүйнөсүн ашмалтайын чыгарбай эң сонун бөлүп көрсөткөн.

Калган эки сабында акын өз максатына кыйналбай жеткен. Кыйналбай жетүүсүн калган эки сапта эч кандай маани жок деп түшүнүүгө болбойт. Бардык акындар ырдын аягын таасирдүү бүтүргөнгө далбасташат жана Т.Байзаков бардык ырлары сыяктуу эле бул ырын да ийгилүктүү аяктаган. Тунжураган тынчтыкта, ашыгынын суз жүзүнөн кылар айла таппай, ички менен тышкы дүйнөсү тирешип, миң-миң суроо бир келип, аларга калыптан жазбай жооп издеген ашыктын ар бир ирмеми азаптуу болуп, адатта байкалбаган “жел дагы сай-сөөгүн, сезимин сыздатып жатат”. Бул талдоону кылуу менен төрт сап ыр ичинен махабаттын эң трагедиялуу тараптарына баам салдык. Төрт сап ырда арман, айрылуу, жабыркоо, туңгуюк сезимдер бар. Ал эми тереңдеп кире турган болсок, кадыр-барк, теңчилик өндүү глобалдуу, ал гана эмес сезимдердин психологиялык таасири өңдүү илимий темаларга талкуу жаратса да болот. Белгилеп өткөндөй акындын карама-каршы сезимдерди, абалдарды эч кыйналуусуз жана ишенимдүү бере алганына далил болуу үчүн бул ырга карама-каршы маанайдагы ырды алып көрөлү:

Атилес көйнөк кийгениң,
Ак алтын сенин сүйгөнүң.
Ашыкмын десем апкаарып,
Азилге буруп сүйлөдүң.
Кыялым койбой эркиме,
Кызыктым сендей селкиге (Пахтачы селкиге, 96-б). – деп баяндаган акын жүрөктү элжиреткен беймарал арзууну. Буга чейинки мисалдагы армандуу сүйүүнүн ордун көңүлдөгү кубаныч ээлейт. Ыр саптары окуган адамды аппак пахтага төшөлгөн берекелүү талааларга алып барат, пахта аралаган сулуунун сүрөтүн тартат. Ырдын формасы жөпжөнөкөй, талдоого муктаж эмес. Бул түзүлүштө кыргыз элдик ырларын кездештирүүгө болот жана мындай формадагы ырлардын касиети жаш-кары, сабаттуу-сабатсыз дебей баарына түшүнүктүүлүгүндө. Негизгиси, бул саптар буга чейинкисинен айырмаланып, ашыктыктын башка тарабын ачып берет. Ашыктык – бул кубаныч, тийген күн, аппак пахта, атилес көйнөк, деги эле пахтачы кыз караган жана ал карагандын баары. Бул ырды окуган соң ким сүйүүнү жаман дей алат.

Эң башта сөз болгондой, согуш темасы Т.Байзаков үчүн өзгөчө. Себеби өзү да согуш отун кечип, эл-жерди коргоп келген. Андыктан анын бул темадагы ырлары өтө таасирдүү.

Алсак, акындын “Он сегиз жаш” деген ырында (62-б.) жаштыктын гүлү гүлдөп, бүрү бүрдөп турган убагын кантип өткөргөнүн баяндайт:

Ар ким эңсейт он сегиз жаш курагын,
Ар ким эстейт он сегиз жаш убагын.
Кыздар болсо кутман таңдын нурундай
Кыялына кошот гүлдүн бурагын.
Урматтайбы учурунда уландар
Ууз өмүр, аруу өмүр булагын?..
А мен болсо кыздан, гүлдөн мурдараак
Он сегизди
от ичинде,
ок ичинде
сынадым.

Адабият айдыңында жайнаган согуш чыгармаларынан кайсынысы жасалма сезимдер менен, көкөлөп жазылганын дароо таанууга болот. Ал эми бул ырдын негизги өзгөчөлүгү ачыктыгында, чындыгында. Бир гана автордун гана ыры эмес миңдеген, миллиондогон, жоо бетинде жаштыгы өткөн эр жүрөк уландардын ыры. Адамды учурун баалоого, эскини унутпоого, канаат кылууга да үндөйт. Дагы бир ыры согушту “Бир селкиге жооп” катары жазылган экен (72-б). Ал ырдын ар бир сабы маанилүү жана бири-бирин толуктап турат:

Жүзүмдүн тырыгына күлбө, селки!
Жадыңдан чыктыбы же согуш өртү?
Жүрөктө:
өмүр көркү,
көңүл көркү.

Бул тырык – кандуу согуш салган белги.
Бул тырык – ал согуштан калган белги.
Коргогом:
келечекти,
элди, жерди.

Бул тырык – көлдө да бар, жерде да бар.
Бул тырык өңдө да бар, элде да бар.
Таналбайм:
ушул тырык менде да бар.

…Бетимден тырык көрсөң – согуштан де.
Бир кезде бетин көздөй ок учкан де.
Майданда бетин октон катпаптыр де,
Мендеги сулуулукту сактаптыр де.

Менин оюмча акын-жазуучулардын жөнөкөй адамдардан айырмачылыгы илгеркини азыркыдай, азыркыны илгеркидей, же жакшыны жамандай, жаманды жакшыдай ачып бергенинде. Чыныгы акын-жазуучунун эмгегин окуган соң адаттагы эле нерселерге башкача көз караш менен карайсың. Эс киргени жаман деп келаткан нерсең эң сонун нерсеге айланат, же тескерисинче. Айтайын дегеним акындын “Бир селкиге жооп” ыры кадимки, баары билген нерселерди башка жагынан ачып берген. Жүзүндөгү тырыкка ким сүйүнсүн? Бирок акын ал тырыгы менен сыймыктанууда, селкинин астында ал кемчилигин катпай, көзгө сайып көрсөтүүдө.

Акындын сулуулугу ал сактаган селкиде. Бул ырынан акынды жел өпкө деп айыптоонун өзү эбегейсиз уят иш, себеби анын мактанууга толук акысы бар. Кандай карасак да дал ошол сыяктуу “он сегиз жашын от ичинде, ок ичинде сынагандардын” эрдиги баарыбыздын сулуулугубузду сактаганын кантип тыябыз. Согуштун кичинекей учкунун алоо кылып жазгандар толуп жатат. Ал эми Т.Байзаковдун ырлары жүрөктөн гана чыгат. Эгер ал жоо бетин, жүзүнө учкан коргошунду эргүү көрүп жаза турган болсо, жупкадай китепке салмак эмес.

Китептин биринчи бөлүгү ушул сыяктуу согуш, арзуу, турмуш тууралуу ырлардан турат. Ал эми экинчи бөлүгү “Дастандар” деген аталышты алып, эки поэманы камтыйт. Биринчиси, акындын эң кеңири тараган эмгектеринин бири – “Паризат” дастаны (214-б). Бул дастанга өзүм сын айтардан мурда, бул китепке баш сөзүн жазган кыргыздын чыгаан акыны Сүйүнбай Эралиевдин сөзү менен баштагым келип турат. “Паризатты” жазууда Т.Байзаков алдына коюлган талаптардын бийигине көтөрүлө алган. Ошондуктан бул дастан биздин адабияттагы тарыхый темаларга жазылган поэмалардын эң көрүнүктүүлөрүнүн бири болуп калды” – дейт ал жана сөзүндө кымындай да калп жок. Дастандын башталышы эле дароо окурманды арбап алат:

Бул окуя, бул кат – намэ, бул дастан –
Бир күкүмү өткөн күндүн дат баскан.
Күкүм эмес, бир мезгилде аскадыр,
Көктү тиреп көөдөнүнө сыр каткан…
Калганы ушул калк дилинде сакталып
Кылымдардын ташкынына акпастан (214-б) – деп баштаган саптар адатта окурманда боло жүрчү “кандай чыгарма”, “эмнеге окуйм” деген суроолорго жооп берет. Дастан аягына чыкканча ушул чеберчиликтен жазбайт. Чыгармада Бектургандын зар какшап жүрүп көргөн кызы Паризаттын куса дартынан айыгуу күрөшү жөнүндө айтылат. Бектургандын гана үй-бүлөсү ичинде башталып, өнүгүп бүткөн бул дастан тарыхтагы гана эмес, азыркы турмуштагы үй-бүлөлүк, уят-абийир, арзуунун орду сыяктуу курч суроолорду козгойт. Деги эле кыргыздын бардык дастандары көөнөрбөс, актуалдуулугун жоготпос касиетке ээ. Жалгыз гана “Паризатты” эмес “Ак Зыйнат”, “Ак Саткын” сыяктуу эл ичиндеги дастандарды кайра жандандырууда чоң эмгеги бар. Айрыкча акындын биз сөз козгоп жаткан китеби “Ыр башаттагы” “Паризат” дастанын жазма адабияттын, Т.Байзаковдун тилинде окуу окурманга чоң ырахат.

Бул чакан эмгек кыргыз элинин дагы бир чыгаан акыны Т.Байзаковдун “Ыр башат” аттуу китеби тууралуу болду. Көпчүлүк аны “Кыргыз жери” аттуу обондуу ыры менен жакшы тааныйт. Албетте, “Кыргыз жери” сулуулуктун, улуулуктун гимни, кыргыз жеринин ар бир кыргыздын үнүнө тартылган сүрөтү болуп калды, бирок акындын башка да, эл билбеген көп кызыгы, эмгеги кыргыз маданиятына салымы бар.

Кеп соңунда  бул эмгегимдин негизги максатын айтып өткүм келет. Эл ичинде жалпы эле адабиятчыларыбызга жакшы көңүл бурулбай жатса да, бул акынды өзгөчө көрсөткүм келет. Бул убакка чейин Т.Байзаков тууралуу көрүнүктүү иш-чара өткөнүн деле көрө албадым. Кээде адабиятка бир аз баам салган болобуз, бирок бардык кылганыбыз бир-эки эле жазмачынын айланасында жүргөндөй. Эрксиздиктен ой келет: кыргыз адабиятынын ыңырчагы ырдап калганбы?

Калыс Кенжебаев, Эл аралык Ала – Тоо университетинин студенти

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.