Белгилүү публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу китеби Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Турар» басмаканасынан басылып чыкты. Аталган китепте автор Чыңгыз Айтматовдун айрым романдары менен повесттерин философиянын эң соңку агымдары жана багыттарында кеңири талдап, көркөм концепциялардын өңүтүнөн карайт.
Айтматовдун чыгармачылык өмүрүнө арналган бул китептин мазмунунда улуу жазуучунун көркөм герменевтикасын, феномендерин жана ноумендерин чечмелеген автордун бул эмгеги негизинен буга чейин айтматоведдердин да тиши өтпөй келген түйүндүү маселелерди чечмелейт. О.э. философия илиминдеги түйүндүү түшүнүктөрдүн тегерегинде түйшөлүп келген Ч.Айтматовдун ааламына тереңден үңүлгөн Э.Нурушев кыргыз окурмандарына эрос түшүнүгүн жеткиликтүү чечмелеп бергендиги менен айырмаланат.

«Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» — адабий-философиялык, маданияттаанымын өңүтүндө жазылса да, китеп жалпы окурмандардын кеңири чөйрөсүндө кызыгуу жаратаары шексиз!

Китепти сатып алууну каалагандар 0700 532 585 номуруна чалыңыздар! Китептин ортомчусуз өздүк баасы 350 сом!

Эсенбай Нурушев: Эрос деген эмне?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.