ЖАТ АДАМ

Жашымдан жолдоштой муң мага,
Жолумдан адашкам мурда да.
Булуттай буркурап ыйласам,
Бугумду бөлүшөт ыр гана.

Ачылбас асмандай түнөрүп,
Аялуу сезимим “тирүү өлүк”.
Өмүрүм шам чырак майындай,
Өксүүдөн кетпесин түгөнүп…

Күндөрүм күйүткө жалгашкан,
Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан.
Кам көргөн айыпсыз бирөөнү,
Коркомун калп эле жандаштан.

Жүрөктү байырлап жашаган,
Жүдөткөн санаадан жаш алам.
Башкарып жүргөнсүйт акылды,
Баягы мен эмес жат адам.

ЧЕЧИМ

Жаркын күндү бирге өткөрдүк азбы-көп,
Жаныңыздан узап барам бак тилеп.
Жашайттырсыз менсиз деле бактылуу,
Жарыңызды уккан элем жакшы деп.

Ат көтөргүс моюнумда айып бар,
Алганыңыз сезимимди айыптаар.
«Мени сүйгөн эмес го?..» деп ойлоорсуз,
Мезгил аны кези келсе аныктаар.

Куйкаласын жүрөгүмдү тамган уу,
Күтпөйм эми, күтүү күйүт, алдануу.
Көзүңүздөн көөдөн толо ыр таптым,
Кош болуңуз, акын кыздын арманы…

Кош болуңуз, акын кыздын арманы!

КЕЧИРГИЛЕ УНУТКАНЧА

Жүрөккө өз өкүмүн буйрук кылып,
Жүрөт ал сезимимди буюктуруп.
Баш тартпай койдум бирок, андан такыр,
Башканы сүйсө деле билип туруп.

Жадатты жан дүйнөмдүн кыйналганы,
Же тагдыр мага бакыт ыйгарбады.
Армандуу жазылганга айыптуудай,
Ыйлашат кагазымда ырлар дагы.

Түбү жок, терең ойго тунуп канча?!
Жашыймын, жашын төккөн булуттарча.
Оо ырлар кечиргиле, кечиргиле,
Мен эми ал адамды унутканча.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.