“Мен армян тилин үйрөндүм… кудайлар кайсы тилде сүйлөгөнүн билүү үчүн… Себеби армян тили кудайлардын тили жана Армения кудайлардын мекени… Кудайлар болсо Арарат өрөөнүнөн болушат”
Жорж Байрон

Армения жерине туз буйруп сапар тартып калышымдын да кызыктуу себептери бар. Фейсбук айдыңында, “РухЭш” сайтында байма-бай жарыяланып келаткан дүйнөлүк адабияттан которгон эмгектеримди көңүл коюп окуп жүргөн өзү да филолог, учурда Жогорку Кеңеште иштеп жаткан Бурулсун Бабашева эже мага кайрылып, ушундай илимий конференция, КМШ мамлекеттеринин үлкөн тилчи-окумуштууларынын эл аралык Форуму өтүп жатат, конкурска катышып таржымакалыңды (резюме) жиберип көрбөйсүңбү деп калды. Кандай иш-чара экенин деле толук түшүнбөй, макул деп буга чейин өзүм которгон китептердин узун тизмесин шурудай тизип жазып жибердим. Ортодон бир нече айлар өтүп, ноябрда почтомо чакыруу кагазы келип тийди.

Аэропортто эле бул өлкө тууралуу кыйла түшүнүк алып калдым. Себеби сол жагымда орто жаштардагы армян эркек, оң жагымда улгайып калса да сулуулугу өчпөгөн армян аялзаты олтуруп калыптыр. Өзүңөр билгендей, армян калкы тамаша-азилсиз жашай албаган, бардык нерсеге какшык кошуп сүйлөгөн калк. Өзүн Виктор деп тааныштырган ал киши (Союз таркагандан кийин Еревандан кетип көп жылдар Санкт-Петербургда жашап калган себептүү өзүн ушинтип атап алыптыр) уруксатымды сурап олтурбай эле мага божурап сүйлөп кирди. Бишкектен Москвага төрт саат учуп, кайра эле дароо Москва-Ереван багытындагы учакка олтурган жаным талыкшып, мына эми уйкуга кирейин деген оюмду бул эки армян чар учкандай бузушту. Кайдан, кайсы өлкөдөн келатканымды учакка отуруп отура элегимде сурамжылап киришкен экөө эки жагымдан Кыргызстан тууралуу сурап жатышты. Виктор болсо дароо эле бул Айтматовдун өлкөсү экенин, анын бүт чыгармаларын көп ирет кайталап окуп чыкканын божурады. Айтматовдун повесть, романдарын суктануу менен айтып жаткан Виктордон негедир дароо эле азыркы эң мыкты армян акындары кимдер экенин, дүйнөгө таанылган акыны ким экенин сурадым. Бул суроомо такала түшкөн Виктор армян акындарынын ичинде дүйнөлүк адабиятта дүң болгону жок экенин өкүнүч менен айтты.

Армян эжеке болсо армян элинин чиркөө ырларынан угуп көрүүмдү сунуштап, Ереванга барганда сөзсүз убакыт таап, мени армян чиркөөлөрү менен тааныштырууга убада берди. Виктордун айтканына ишенсем, аз жерден армян эли алгачкы Адам ата, Обо эне болуп кала жаздады. Учакты жаңыртып, Армениянын тарыхы, Айтматовдун каармандары тууралуу сүйлөшүп бардык. Учакты жаңыртып дегеним, көрсө сапарлаштарыбыздын баары биздин маекти тыңшап барышыптыр, аны кийин айтып жатышпайбы. Арменияга баш-аягы элүүдөй киши бардык.

Армян уламыштары Еревандын курулуу тарыхын тээ байыркы Нойго чейин алпарат жана шаардын аталышын Нойдун кайыкта сүзүп келатып Арарат чокусун көргөндө кыйкырып айткан “Ереванц!” (“Жер көрүндү!”) деген сөзүнөн алынган деп эсептейт. Бул Ереван сөзүнүн эл ичиндеги келип чыгуу тарыхынын мисалы. XIX кылымдын аяк жагындагы армян уламыштарына ылайык, Ереван дүйнөнү топон суу каптагандан кийинки эң алгачкы, демек жер жүзүндөгү эң байыркы шаар, анан калса Ной да армян улутунан болгон деп эсептешет. «Ереванц» деп кыйкырып ийген Ной ушундайча болуп кайсы улутка таандык экендигин айгинелеп алган экен.

Армяндар мына ушундайча болуп өздөрүнүн тарыхын өздөрү жаратып алган десек болор. Ошентип уламыштардын негизинде гана өздөрүн эң байыркы мамлекетпиз деп эсептеген армяндарга 1950-жылы  Арин-Берд дөбөсүнөн табылган армян-советтик археологдордун таш бастырыгын табышканы Асмандан күтүшкөнү жерден табылгандай эле иш болуптур. Ал таш бастырыкта Эребуни шаары Армян тайпак тоосунун (азыркы Армения, чыгыш Турция, түндүк-батыш Иран жана Азербайжандын Нахичеван автоном республикасы) алдында жайгашкан түштүк-батыш Азиядагы байыркы мамлекет болгон урарттыктардын падышасы Аргишти I тарабынан негизделген деп жазылган экен. Урартуну жердеген уруулар армян элинин келип чыгышына катышкан. Бул эми Еревандын жаралышы тууралуу окумуштуулар анчалык же дегеле ынабай турган көбүрөк уламыштарга ыктаган армяндардын өздөрүнүн божомол-жоромолу.

Кудайлардын тили болгон армян тили же шурудай кооз тамгалуу армян алфавити

Армян жерине бут коюп, мейманканага жайгашарыбыз менен эле, жол баштоочубуз чемодандарыңарды таштап чыга калгыла, сиздерди автобус күтүп турат, түнкү Еревандын сулуулугун көрөбүз деди. Ошентип баарыбыз чогуу түнкү Ереван алаканга салгандай көрүнүп, шаар жарыктары жылдыздай жымыңдаган бийик аянтчага келдик. Түнкү Ереван чындыгында кооз экен.

Форум башталган күнү күнү бою созулган илимий иш-чараларды бир саатка кыскартышып, тилчилерди Эски кол жазмалар музейине алып барышты. Арменияга келген ар бир адам бул музейди көрбөй кетсе арманда кетчүдөй бул укмуштуу музейде биздин заманга чейинки китептердин түпнускаларын көрдүк. Армян жазуусу өздөрүнүн айтуусу боюнча, анан калса мына бул музейдеги китептер да далилдеп тургандай, эң байыркы жазуулардын андай жазуу жалгыз болсо дал өзү, үчөө болсо бирөөсү. Байыркы замандарда китептерди мал терисинен жасашкан, ал эми ичиндеги түркүн түстүү сүрөттөр үчүн боёкторду алыш үчүн кошенил сөөлжанын пайдаланышкан. Сөөлжандын өт суюктугунан 13 түрлүү боёк алышкан. Көк түстү алыш үчүн лазурит ташын, көк түс алуу үчүн малахит ташын, сары түскө шафран өсүмдүгүн, ак түскө жумуртканын кабыгын, алтын түс алуу үчүн сусаль алтынын колдонушкан. Сусаль алтынын темирге сарымсактын ширесинин жардамы менен жабыштырышкан. Сарымсак кол жазманы зыянкечтерден сактаган. Кара түстү же сыяны грек жаңгагынын кабыгынын ширесинен алышкан. Ширени металлдын бир бөлүгүнө аралаштырганда ал дат басып мындан улам аралашма жууса кетпес сыя болуп калган. Каз канаты менен же кант камышынан жасалган таякчалар менен жазышкан.

Биз көргөн алтын менен күмүштөн мукабаланган китептер Киликия падышачылыгындагы чеберлер тарабынан жасалыптыр. Тарыхтан белгилүү болгондой, Киликия падышачылыгы Кичи Азиянын Түштүк-Чыгышында жайгашкан тарыхый-географиялык облус. Бул падышачылыкты бир кездери Цицерон да башкарган экен. Падышачылыктын калкы бардык тоолуктардай эле абдан намыскөй, айтканын бербеген кашкөй эл болушкан. Өз алдынчалыгын оңой менен бербеген киликиялыктарды Македонскийден тартып Осмон империясына чейин кимдер гана басып алып турбаган. Бул падышачылык эң акыркы жана эң бай армян падышачылыгы болуп саналат. Бул китептерди буйруткан адамдар шек жок, бай адамдар болуп, китептерди жазган, сүрөттөрүн тарткан сүрөтчүлөр да эң мыкты чеберлер болушкан. Армян миниатюралык китептериндеги адамдардын жүздөрү армян улутундагы адамдардын түспөлүнө окшобойт. Армяндар мындай жол менен китептерди жазгандар армяндар экенинен душмандын көзүн жазгыруу үчүн кол жазмаларды сактап калууну каалашкан.

Душман армян тамгасын тааныбагандыктан жазууларды окуй алышпаса да, сүрөттөгү адамдардын өң-келбеттеринен улам алардын армяндар экенин билип алышы ыктымал эле. Бул армян элинин кичинекей айлакерлиги болуптур. Ар бир армян үй-бүлөсү канчалык кымбат болсо да бирден китеп жаздырууну өз милдети катары эсептешкен. Ал китеп ошол үйдүн эң баалуу дүнүйөсү болгон. Кан күйгөн согуштарда алар мал-мүлкүн эмес, дал ошол үй-бүлөнүн байлыгы болгон китептерди тоо аралап алып качышкан.

Жазуу Кудайы армян элинде гана бардыгын эске алсак, армяндардын эң байыркы эл экени шексиз. Орустардын үйлөрүндө икона (кудайлардын же олуялардын кооздолуп тартылган сүрөтү) илинип турса, армян үйүндө китеп турат. Китептердин четтеринде каткан кандар ошол каардуу кылымдардын күбөсүндөй сезилет…

Армян тилине байланыштуу дагы бир кызыкты айта кетпесек болбос. 1816-жылы англиялык улуу акын Жорж Байрон Венециядагы ак сөөктөрдүн шаңдуу жашоосунан чарчап, Ыйык Лазар аралына сапар алат. «Убакыт өткөрүү үчүн күн сайын армян кечилканасында армян тилин үйрөндүм. Акыркы күндөрү акылымды эң кыйын ишке чегерүү керектигин түшүндүм жана бул жердеги эң кыйын жумуш болгон ушул ишти тандап алдым. Бул чындыгында эле аны үйрөнүүнү чечкен ар бир адамды арманда калтырбай турган бай тил», — деп жазат акын каттарынын биринде. Аралга көңүл ачуу үчүн гана келген Байрон кийинчерээк мындай деп жазат: «Башка сапарлаштарым сыяктуу эле мага да Ыйык Лазар коомчулугу чоң таасир калтырды».

Болгону алты ай аралыгында гана кечилкананын кечилдеринин бири Арутюн ата менен биргеликте  грабар (байыркы армян тили) тилин үйрөнгөн англиялык акын «Англис жана армян тилдеринин грамматикасын» жаратат.

Армяндардын жазуу тарыхына көбүрөк токтолгонумдун себеби, кыргыздарда деле эң байыркы, эски жазууларыбыз бар го, Орхон-Энесай жазуулары сыяктуу. Эмне үчүн биз мына ошол жазууларыбызды армяндар сыяктуу ааламга даңктап, кадырына жете албайбыз деген ой санаамдан кетпей койду…

Урматтуу окурман, Ереван таасирлеринен азырынча ушул бир үзүм кеп менен бөлүшө турайын. Эмкиде армян анарлары, армян адабиятынын орус тилине которулуш таржымакалын айтып берем…

Ереван кайрыктары

Койнуң жылуу кучагында Арараттын,
Кыялымды кылымга сабалаттың.
Мезгилдердин жамынып көлөкөсүн,
Көчөлөрүң аралап бара жаттым.

Арман эзет жүрөктү көпкө тиктеп,
Барагында тамчы кан каткан китеп.
Жанашамын байыркы ал күндөргө,
Анар жыттуу абаңдан канбай искеп.

Тагдыр жолу азаптуу акындардын,
Көз талытты көркөмдүү закымдарың.
Тамгаларың сулуунун кирпигиндей,
Карт тарыхың түгөнбөс түйшүгүмдөй.

Араратың алыстан абай салып,
Жадырайсың, сыр катып үндөбөйсүң.
Эх Ереван, эңсөөлөр сенде калды,
Дат баспаган асыл баа дилдедейсиң…

Назгүл Осмонова
Атайын «РухЭш» үчүн
Бишкек-Москва-Ереван

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.