<<<<<<<<<< Башы

КАРЫЛЫКТЫН ЖАНА ЖАШТЫКТЫН КҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ

Ээ уулум, сен жаш болсоң да, карыядай кексе бол! Мен сага бозуландай иш жасаба, токтоо жигит бол жана бозоруп жылдызы өчкөн жаштарга кошулба деп айтуудамын. Жаш жигиттин кабелтең жана шамдагай болгону жакшы. Аристотель даанышман айткандай, жаштык акылсыздыктын кайсы бир түрү. Шайкелең жаштарга кошулба, себеби шайдоот жүргөндөн жамандык болбойт, эси жоктук жамандыкка кириптер кылат. Жаштыгыңдан болушунча пайдалан, картайганда андай мүмкүндүк болбойт.

Береги карыя айткан: Мен өзүмдү карыдай алып жүрсөм, сулуулар мени чанып калышат. Эми карыгандан кийин мен аларды каалабайм.

О, Кудайым, жер тандабай кездимби,
Жете турган жер чегине жеттимби?
Кейиш менен таң атырып олтурам,
Кереги жок буюмундай эч кимдин.

Сен жаш болсоң да, кудурети теңдешсиз Кудайды эч качан эсиңден чыгарба жана өзүңдү өлүмдөн алысмын деп эсептебе, анткени өлүм карылыкка да, жаштыкка да көз каранды эмес. Асжади[1] айткан:
Эгер өлүм макул болсо, башты ийип,
Карыялар кайып болуп кетишип,
Жайнап-күлүп жашай бермек жаш жигит.

Бил, ким төрөлсө, ал сөзсүз өлөт. Мен мына бул икаяны уккам.

Икая

Бир шаарда кийим тигүүчү болуптур. Анын үйү шаардын дарбазасына өтө жакын турганы менен көрүстөнгө катарлаш болот. Ал түркүккө мык кагып, чопо кумура илет да, шаардан көрүстөнгө жасат алып өтүлгөн сайын ага бирден таш салып койгонду адат кылып алат. Ай сайын кумурадагы таштарды эсептеп, канча адам жайга коюлганын тактагандан кийин, кумураны бошотуп, кайрадан таш салып, санагын уланта берет.

Мезгили жетип ал өзү да көз жумат. Бир күнү тигүүчүнүн өлгөнүнөн кабары жок бир адам келет. Ал чебердин үйүнүн эшиги жабык турганын көрүп: «Бу кийим тиккич жок экен, кайда кеткенин билбейсизби?» деп сурайт. Коңшусу: «Кийим тиккич да кумурага түштү», деп жооп берет.

О уулум, бирок сен эстүү болгун жана жаштыкка мас болбо. Топук кылганыңда жана эсиреп жүргөнүңдө же кандай гана абалда болбогун, жанагы кийим тигүүчү кейпи күнөөнүн жүгүн көтөрө албай кумурага капылет түшүп калбас үчүн теңдешсиз улук Кудайдага тобо дегин, андан кечирим сураганды унутпа жана өлүмдөн корк. Жалаң жаштар менен жүрбөстөн улуулар менен да баарлаш, өзүң теңдүүлөр жана өзүңдөн улуулар менен маектешип, түрдүү жаштагы адамдардан жолдош күт. Жигит бозулан кезинде татыксыз иш жасамак болсо, карыя адам ага жол бербейт, анткени кексе карыялар жаштар билбегенди билишет.

Карыялар жаштыкка суктанышкандыктан жаштарда карыялардын сыртынан мыскылдап-күлмөй кемчиликтери бар. Ушул себептүү жаштар текеберденип карыларга сый-урмат көрсөтпөй коюшпасын, анткени карылар жаштыкка суктанышкан сыяктуу эле учуру келгенде жаштар да сөзсүз карылыкка суктанышат. Карыя өз каалаганына жетти жана карылыктын мөмөсүн татты, а жаш жигитке кыйын: ал балким карыя курагына жетет, жетпеши да ыктымал. Жакшылап байкасаң, эки курак тең бир бирине ыраазы экенин көрөсүң. Жаш жигит өзүн бардык адамдардан билимдүүмүн деп санаса да сен андай болбогун: улууларды сыйла, аларга ашыкча сөз айтпа; улууга каяша сүйлөсөң, ал үчүн жооп берип каласың.

Икая

Жашы жүзгө чыккан бир абышка болгонун укканмын. Ал эки бүктөлүп, таягына артылып баратса, бир жаш жигит мыскылдап: «Эй, шейх, колуңдагы жааны канчага сатып алдың? Мен да сатып алайын», — дейт. Абышка: «Эгер өлбөй күтө турсаң, аны сага бекер эле белек кылышат», — деп жооп берет.

Сен абройлуу жана ишбилги болсоң да, өзүңдөн улуу көөдөк адамдарга жакындаба. Анткени акыл-эстүү жаштардын чөйрөсү көөдөк карылардын коомунан жакшы. Жаш кезиңде жаштай болгун, улгайганда өзүңдү карыядай алып жүр. Бул жөнүндө менин мобу дубейтимди ук:

Мен айттым: Үйдү бекит, айьң сөздөн арылдыр,
Жанымда олтур, жүрөгүмдү багындыр.
Сулуу айтты: Карартам деп, боёп буурул чачыңды,
Кара күчкө кыйналасың неге сен,

Картайганда жаш көргөзүп затыңды?

Карыя адамга өзүн жаш жигиттей алып жүрүү жарашпаган сыяктуу эле жаштарга да карыядай каада күтүү жарашпайт. Карыганда жаштай чыйрак көрүнөм десең, качып баратып сурнай тарткан неме сыңары болосуң. Мен «Зухдият» деген чыгармамда айтканмын:

Улгайганда жаш болом деп кулпунган,
Убарадыр убактылуу жулкунган.

Ыржаңдаба, анткени, ыржаңдаган карыдан кут кетет; ырсаңдаган жана көңүлү кир кары-картаңдан сактан деп айтылган эмеспи.

Жаштыкка караганда карылыкка адилеттүүрөк бол, себеби жаштарда карылыкка жетүү үмүтү бар, ал эми карыларда өлүмдөн башка үмүтү жок жана алар башка эч нерседен да үмүт кылышпайт. Буудай бышканда жыйнап албаса, күүлүп калган сыяктуу эле мөмө бышканда терип албаса, өзү үзүлүп түшөт. Мен айтканмын:

Тактың-даңкың Ай үстүнө консо да,
Таалай бактың Сулаймандай болсо да.
Бычак дагы мокогонун түшүнөт,
Бышкан мөмө сабагынан үзүлөт.

Ыйман жолундагылардын адыйы Али, аны Алла өзү алкасын, дага айткан эмеспи:

Иштериңдин кемчилигин, кинесин,
Ишиң тамам болгондон соң билесиң.

Дагы билип ал. Сезимиң мокоп, кубатың тайгандан кийин сага андан ары узак жашоого мүмкүндүк берилбейт жана көздүн, тилдин, кулактын, жыттын, түйүүнүн жана даамдын дарбазасы жабылат. Ошондо өзүң түгүл башкалар да сенин бул абалыңа сүйүнүшпөйт жана сен адамдарга керексиз жүк болуп каласың. Мындай жашоодон көрө өлгөн артык.

Картайган курагыңда жаштык жоруктарыңды унут, анткени өлүм канчалык жакын болсо, жаштыктын жосунсуз жоруктарынан ошончолук алыс болушуң лаазим. Адам өмүрү Күн сыяктуу: Жаштыктын Күнү-күн чыгыштагы теребелде болсо, каарылыктын Күнү-күн батыштагы теребелде; батыш теребелдеги Күн уясына кирип баратканын билип алгын. Мен айтканмын:

Аз-аз калган өмүр бар деп толгонгун,
Алтымышта кетер жолду ойлонгун.
Сенин Күнүң шам намазга жыгылды,
Кара түнүң артында тур коргондун.

Ошон үчүн карыя акыл жана иш жагынан жаштарга окшошпоосу керек. Карыяларга ар качан боорукер бол, анткени карылык-бейтаптын алын эч ким сурап келбеген жана анын дарысын өлүмдөн башка эч бир дарыгер даярдап бералбаган оору болот; кары киши карылыктын азабынан өлгөнчө кутулбайт. Ар күнү карылыктын оорусунан башка бардык илдеттен айыгам деп үмүт кылса болот, бирок карылыктын оорусу күн сайын күчөп, айыгууга үмүт калбайт. Себеби, мен бир китептен окуганыма караганда, адам отуз төрт жашка чейин күчкө толуп, сөөгү жетилет да, отуз төрттөн кырк жашка чейин төбөгө көтөрүлүп, ылдыйлаганга шашпай, кадамын жайлаткан күн сыяктуу. Кырктан элүүгө чейинки курактагылар ар жыл сайын өткөн жылы байкабаган кемчиликтерин көрүп турушат; элүү менен алтымыш жаштын ортосундагы адамдар ар айда мурдакы айда байкабаган кемчиликтерин байкашат; алтымыштан өтүп жетимишти жашап койгондор ар жумада мурдакы аптада көрбөгөн кемчилигин көрсө, жетимиш менен сексен жаштын арасындагы карылар ар күнү кече күнү аңдабаган кемчилигин байкайт.

Эгер киши сексен жашты аман аттаса, ар саатта бир саат мурда көрбөгөн кемчиликтерди да, ооруну да, азапты да көрүп турат. Жашоонун чеги — кырк жаш, шатынын кырк тепкичи сыяктуу андан ары басканга жол таппайсың, кандай өйдө көтөрүлсөң, асыресе, ошол жол менен ылдый түшүүгө аргасыз көнөсүң.

Адамды ар саат сайын мурда жолукпаган жаңы оору, мурда көрбөгөн жаңы азап тооруп жатса, ал жашоого канаат кылат ко! Мына, уулум, сага карылыкта тушукчу арыз-арманды айттым. Пенде карылыкка ушунчалык катуу нааразы болгонуна тан калба!? Анткени, карылык — душман, а душманды каралаганга дайыма арыз-доомат табылат эмеспи. Мен айтканмын:

Карыдым деп мен даттансам, таң калба
Карылыгым менин дартым, арман да.
А сен уулум бардыгынан жакынсың,
Душман жөнүн достор айтсын жалганда.

Менин бул арманымды сенин оозуңдан балдарың угушат деп теңдешсиз жараткандан тилеймин. Бул жөнүндө менин дубейтим бар:

Дарысы жок, дартым болсо эң эски,
Жан табылар бекен барып кеңешчү.
Кел, абышка, сага айтайын сырымды,
Карлык дартын жаштар билбейт эмеспи.

Карылыктын мээнетин абышкалардан артык эч ким билбегени тууралуу мындай аңгеме да бар.

Икая

Атамдын хажибдеринин арасында жашы сексен ашкан бир киши бар эле. Аны Камил хажиб деп койушчу. Ал бир ирет ат сатып алмак болуп, ылоочу ага семиз, өңү келишкен, булчуңдары коргошундай чымыр атты алып келди. Хажиб атты көрөр менен жактырды, атүгүл баасын айтты. Бирок аттын тиштерин ачып көргөндөн кийин, кары экен деп сатып алган жок. Ал атты башка бирөө сатып алды. Мен сурадым: «Э, хажиб. Башка бирөө сатып алган атты сен эмне себептен сатып албадың?» Ошондо хажиб мындай деди: «Ал адам жаш экен. Карылыктын эч бир оорусун билбейт. Аттын турпаты келишимдүү турбайбы. Ал аттын турпатына азгырылса, аны түшүнсө болот. Бирок мен карылыктын азабы менен мээнетинен кабардармын, анын кемчилигин жана ачуу жактарын жакшы билем. Эгер мен картайган атты сатып алчу болсом, мени эч ким кечирмек эмес».

Уулум, карылык келгенде бир жерге туруктуу жайланып ал. Анткени, карыганда сапарга чыгуу, өзгөчө, чөнтөгү жукалар үчүн акылсыздык болот жана карылык — душман, муктаждык да душман. Ошон үчүн эки душман менен чогуу сапарга чыкпа, чыксаң данышмандыктан узайсың. Лекин, кокустук болуп же зарылчылыктан улам жолго аттанчу болсоң, кудурети күчтүү кудай өзү чоочун жерде сага мээримин төксө жана жолуңду өз журтуңдагыдан кенен ачса, үйүңдү сагынып кусаланба, мекен жайыңа умтулба. Кайсы жерде ишин жакшы жүрүп жатканын көрсөң, дал ошо жерде кала бер жана сага жакшы болсун үчүн ал жерди мекеним деп бил.

«Мекен экинчи эне» деп айтылганы менен сен андай сөзгө көп көңүл бөлбө жана баштаган ишиңдин ийгилигине көз сал. Себеби, бактылуу адамдарды бак-дөөлөт өзү издеп келет, ал эми бактысыздарды — мекен издейт деп айтылган. Качан өзүңдүн ишиң жүрүшүп, кирешелүү иш менен алпурушуп жатканыңды көрсөң, бул ишиңе дагы жакшылап көнүк, билимиңди бекемде; ишке биротоло көнүп, бутуңа бекем туруп алганыңдан кийин чоң кирешеге кызыгып жатып, үлкөн чыгашага кириптер болбос үчүн, андан чоң иш издебе.

Айтылган го: колдогу дөөлөттөн кур калбас үчүн, жакшы жаткан буюмду андан да мыкты орунга койом дебе; кол жетпеген нерсени алам деп, убактыңды беймаани өткөрбө. Дос жана душман көзүнө баалуу болуп көрүнүүнү кааласаң, тегиң жана даражаң карапайым элге түшүнүктүү болсун. Бекер жүрбө жана өзүң күткөн тартипти ирээти менен аткар.

ТАМАК ИЧҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖАНА КААДАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Билип жүр уулум, карапайым элде ишинин тартиби жана так сааты болбойт, алар жумуш кылчу убакыт келдиби же жокпу, ага маани беришпейт. Бирок акыл-эстүү эркектер жана төрөлөр ар бир иштин бүтчү сааты болорун билишет. Алар өз иштерин 24 саатка бөлүп коюшат. Бир жумуш башка жумушка аралашып кетпеси үчүн аларды бөлгөн ортолугу, токтоочу чеги жана ченеми болот. Иштин аткаруучуларына да кайсы убакта кандай жумушту жасаш керек экени, анын ирээти белгилүү болот. Бирок эң алды тамактануу жөнүндө сөз кылалы. Сен бил, базарчы адамдарда тамакты көбүн эсе кечкисин ичүү адаттары бар, андан улам ашказан жакшы иштебейт, бул өтө зыян. Аскерий адамдар тамактануучу убакыт келдиби же жокпу, ага карашпайт, алардын колдоруна тамак тийгенде жеп алчу жайы бар. Бул багуудагы малдын салты, алар да от-чөп берилсе, ошол замат жалмап алышат.

Сый-урматтуу адамдар менен ак сөөк мырзалар күнүнө бир ирет тамак жешет. Бул өзүн өзү тыйуунун жолу, андан адам алсырайт жана күчүн жоготот. Ошон үчүн сыйлуу адам эртең менен өзү жалгыз жеңил шам-шум этип алып, андан соң чарбалык иштери менен алек болгону жөндүү жана тамак ичкенге белгиленген убакыт жеткенде, өзүң менен чогуу тамактанчу адамдарды бирге отуруп тамак жегенге чакырып келгенге буйру. Тамак жеп жатканда шашпа, жай-баракат отур. Исламда айтылгандай, дасторкон үстүндө адамдар менен баарлаш, бирок ылдый карап отуруп, башкалардын шыбагасына көз артпа.

Икая

Укканым бар, бир ирет Сахиб-и-Аббад[2] өз туугандары жана табакташтары менен тамактанып калат. Кимдир бирөө табактан бир сындырым нан алат. Нанда чачтын талын көргөн Сахиб: «Нандан чачты алып кой» дейт. Береги киши колундагы нанды кайра ордуна коюп, отурган жайынан туруп кетет. Сахиб буйруйт: «Аны кайтарып келгиле!». Тиги киши келгенде Сахиб: «Ой, баланча, сен эмнеге тамакты жебей туруп кеттиң?» десе, ал: «Мага деген ырыскыда чачты көргөн адамдын тамагын жебеймин», — деп жооп берет. Сахибди бул сөз катуу уялтат. Бирок тамак келгенде өзүңө көңүл буруп, шашпай оболу кычкыл даамдан ооз тий. Андан соң кесе сурап ал. Ак сөөк адамдарда эки түрдүү салты болот: кээ бирөөлөр адегенде өз кесесин сурап алат да, анан башка бирөөлөр үчүн сурашат; экинчи бирөөлөр алгач башкалардын кеселерин берип, аягында өздөрүнүкүн алышат. Бул кең пейилдүүлүккө жол, атүгүл саясаттын жолу.

Дасторконго ар түрдүү кеселерди койууну буйрушат: биринде кычкыл жана башкасында таттуу даамдыктар болот. Тамакты ушундай кылып уюштургун, коноктор дасторкондон турушканда, аны көп жегендер да, аз жегендер да ток болсун. Эгерде сенин кесеңде тамагың болуп, башка кимдир бирөөнүн кесеси бошоп калса, өз тамагыңды узат. Тамак ичип жатканда кабагыңды салып отурба жана кашыңдагылар менен бул тамак даамдуу, тигиниси даамсыз экен деп жөнсүз кыжылдашпа. Мындай сөздөрдү башка мезгилде сүйлө. Тамак ичүүнүн тартиби такталгандан кийин, шарап ичкендин ыраатын тактап ал, себеби анын да өзүнө тийиштүү каада-жөрөлгөсү болгондуктан, аны сакташ лаазим.

ШАРАП ИЧҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖАНА АГА ЫЛАЙЫК ЖАГДАЙ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, шарап жөнүндө кеп болсо, сага ичпе деп да, ичкин деп да айтпайм. Жаштар башка бирөөлөрдүн кеңешин угуп, жаштык кыялынан баш тартышпайт эмеспи. Мага да жаш кезимде көп жолу кеп-кеңеш айтышса да этибар албай койгом. 50 жаштан кийин гана Алла ырайым кылып, шараптан ыкарат алдым. Ичпесең, о дүйнө бу дүйнө пайда; улуу жана даңктуу Алла сага ыраазы болот; адамдардын жемелөөсүнөн кутуласың; ошондой эле пенделердин обу жок жосундарынан, салт-адаттарынан, жаман иштерден кутуласың; жеке чарбачылыгыңда чоң ныпа табасың. Уулум, сен ушул жүйөлөрдөн улам шарап ичкенге ыктабасаң мага жакмак. Бирок сен жашсың жана жоро-жолдошторуң сени шарап ичирбей койбойт. Ошон үчүн айтылган да: «Жаман жолдоштон көрө жалгыз болгон артык.» Эгерде шарап иччү болсоң, мен билем: сенин жүрөгүң аны каалабайт жана сен өз кылганың үчүн убайым чегесиң.

Кандай болгондо да непадам шарап иччү болсоң, сен кантип ичкенди билүүң керек. Анткени, ичкендин эбин билбесең — алуу, а эбин билсең — даары. Ырас эле, ар кандай тамак-ашты жана ичимдикти иретсиз жана каадасыз ичкен пайдасыз. Айтылган эмеспи: дары көп болуп, ашып кетсе, өз ченин ууга айлантат.

Сен андыктан тамак жеп бүтөр замат шарапка кирбе. Адегенде үч саат өтсүн, үч мертебе ичкиң келсин жана сөзсүз суу ич. Кокус шарап ичкиң келбей калса, анда дагы үч саат күт. Себеби, ашказаның күчтүү жана соо болсо, сен тамакты тойо жеп алсаң, ашказан азыкты жети саатта өздөштүрөт: үч саат сиңирет, дагы үч саат маңызын бөлөт да адамдын башка ички органдарына бөлүп ташуу үчүн боорго жеткирет. Боордун вазийпасы — бөлүүчүлүк. Боор дагы эмне сиңбей калган болсо, аларды бир сааттын ичинде ичегиге жөнөтөт. Анткени, сегизинчи саатта ашказан бошошу абзел. Ал бошоп-тазаланбаса, ашказан эмес, ириген ашкабак болот.

Шарапты тамак жегенден үч сааттан кийин ич дегеним, курсагындагы оокат сиңип болуп, сенин төрт мүчөң өзүнө таандык азыкты алсын үчүн. Ошондон соң ичсең, шараптын да тамактын да пайдасын көрөсүң.

Шарапты ичкенди акыркы намазга карай башта. Анын аягында караңгы түшкөндөй болсун, адамдар сенин мас экениңди көрүшпөсүн. Мас кейпиңде бир жайдан экинчи жайга жылба, бул убагың мактоого татыбайт. Шарап ичкени талааны жана бакты көздөй аттанба, эгер аттанып барсаң да мас болгончо ичпе. Үйүңө кайтып келгин да тойгончо ич. Себеби үйдүн далдасында шарап ичүү мүмкүн, ачык асман астында — жок. Үйдүн далдасы сени бөтөн көздөн дарактарга караганда бир кыйла жакшы жашырат.

Адам өз үйүндө падыша жана үйдө өзүн падышалыкта жүргөндөй сезет. Ал эми талаада жүргөн адам бөтөн жердеги мусаапыр сыңары. Жолдогу адам асылзат болсо да, сыпаанын колу кайда жетээри белгилүү го…

Дайыма шарап ичкенде этият бол, эки-үч чөйчөккө орун калсын. Чөйчөккө өтө берилгенден жана мас кылчу чөйчөктөн сактан; бардык эле шарапка жана тамакка кумарланып мас болуу жарабайт; тамактын сиңбей калуусу акыркы уурттамдан болгондой эле мас болуу акыркы чөйчөктөн. Анүчүн ичкениң чектен ашып, кооптуу болуп кетпөөсү үчүн шарапты ууртап да, чөйчөктөп да аз ич. Дайыма мас болбогонго аракет кыл, себеби шарап ичкендин жемиши эки түрдүү болот: же ооруу, же алаңгазарлык. Мастыктын мөмөсү мындай болсо, анын туткуну болуп зарылбы? Мен билем, бул сөздөрдүн негизинде сен шараптан баш тартпайсың жана эч кимдин сөзүн укпайсың. Ошон үчүн ыгы келсе, дайым ичкенге көнбө. Жаза тайып үрүл баралда шарап иччү болсоң, сейрек ич, анткени акыл-эстүү адамдар таң эртелеп шарап ичкенди дегеле жактырышкан эмес.

Эртең мененки ичип чардоонун биринчи жамандыгы — сенин сааркы намазың каза болот. Анан да кечээки ичкениң мээңден таркабай жатып, бүгүнкү ичкениңдин илеби ага кошулат да, анын жыйынтыгы көңүл чөгүү гана болушу мүмкүн. Себеби эки кесепет алып келчү дарттын зыяны бир кусурду алып келчү чыгымдан зор. Анын айынан эл уктаганда, сен сергип жүрөсүң да, эл ойгонгондо, аргасыздан укташың керек болот. Сен эгер күн бою уктасаң, албетте, түнү бою уктабайсың да. Анткени, келерки күнү тулку денең оор тартып, шараптын жана уйкусуздуктун кесепетинен кесел болосуң. Эртең мененки ичип-чардоодон кийин сени өкүндүрчү мушташ же жосунсуз жоруктар, аттиң дедирчү керексиз чыгымдар болбой койбойт. Сен эгер шарапка сук болсоң, жумага караган түнү ичкенди адатка айлантпа.

Жумага оогон кечте жана ишембиге оочу түнү — эртеси болчу жыйынга жана жума намазга байланыштуу эч убакта шарап ичкенге болбойт. Эгер сен бейшемби күнү түнүндө ичсең, апта бою болчу масчылыгыңды адамдардын жүрөгүнө жагымдуу кыласың жана карапайым адамдар артыңдан сага айтчу сөзүн укпай, чарбаңда киреше болот. Кокус кандайдыр баана же жүйөөлүү себеп болуп, эртең менен шарап ичсең, ага уруксат. Ошентсе да, жакшысы андай кадамга барба. Бул жарыбаган адат. Анткени, жыл ичиндеги 50 жумада жасалбаган ашыкча 50 чыгым сен үчүн пайда болуп, чөнтөккө түшөт, же сенин денең да, жаның да, акыл-эсиң да, рухуң да дем алат, же бир жумада сенин мээң жана сенин тарамыштарың шарап буусунан аарып-чарчайт. Береги бир түндө эс алып тазаланганың ден соолугуң үчүн пайда. Ошон үчүн айтылган беш пайдага түрткү болчу салтты бекем сактоо керек.

КОНОК КҮТҮҮ ЖАНА КОНОККО БАРУУНУН ЖӨН ЖАЙЫ ЖӨНҮНДӨ

Бөлөк-бөтөн адамдарды ар күнү конок кылба, анткени конокко күн сайын татыктуу сый-урмат көрсөтүү кыйын иш. Байка, бир айда үч мертебе конок күтө алсаң, анын ордуна бир жолу чакыргын да бирок үч жолку конокко кетчү чыгымды сарптап, дасторконду кемчиликсиз жаса! Аны көрүп, сынчылардын оозу жабылсын. Конок үйгө келгенде жапырт элди күттүрүп ал жана жакшылап ал-жайын, эл-жерин сураштырып, ар бир конокко даражасына жараша камылгасын жаса. Бу-Шүкүр айткан:

Конок не дос болсун, алыс болсун,
Конокко күнү-түнү кызмат кылгын.

Эгерде колдо болсо, тамактын алдында мөмө жемиш берип, даам татып жегенче күтүп, андан соң бир саам койо тур да тамакты алып келдир. Өзүң коноктор бир же эки жолу «дасторконго келбейсиңби» деп сурашмайынча отурба. Ошондон кийин да баарынан төмөн отуруп, алар менен чогуу тамактан. Конок өтө сыйлуу инсан болсо, үй ээсине аны менен чогуу дасторконго отурууга болбойт.

Коноктордун алдында кечирим сураба, кечирим суроо — бул темгексиз адамдардын жана базардагы соодагерлердин салт-адаты; ошондой эле ар саат сайын: «Ой, баланча, тамактан жакшылап жесең. Эч нерсе жеген жоксуң, уялба. Сен үчүн өзгөчө эч нерсе камдай албадым. Кудай буйруса, дагы уюштурабыз» деп айтпа. Мындай сөздөр сыпаа адамдын сөзү эмес. Бул бир жылда бир ирет мейман күтө алчу соодагерлердин сөзү. Бул сындуу сөздөр адамдарды уялтып, алар тамак жей алышпайт жана сенин үйүңдөн чала тоюп кетишет. Биздин Гилянда жакшы салт бар эмеспи: Конок мейманканага киргенде дасторконду жайып, суу куюлган кумураны алып келишет дагы үй ээси кызматтагы бардык адамдар менен чогуу сыртка чыгып кетишет. Мейманкананын босого жагында гана кесе алып келчү бир адам туруп турат. Конок кенен-кесир отуруп, өзү каалагандай тамактанып бүткөндөн кийин үй ээсине чыгып жолугат. Арабдарда да ушундай салты бар.

Коноктор тамак жеп бүтүп, колдорун жуушкандан кийин роза суусуну жана башка түрдүү жыттарды алып келүүнү буйру. Коноктун коштоочулары менен кулдарына да кам көр, анткени жакшы же жаман сөздү алар таратышат. Аңгеме үстүндө ширин-таттууларды жана жыты буркуган татымалдарды дасторконго көбүрөк жайнатып сал, шайырлардын мыктыларын алдыр. Ошондой эле шараптын сараларын камдамайынча, конок чакырба; анткени адамдар тамакты сара шарапсыз деле ар күнү жешет. Шараптын жана тамак-аштын кынтыксыз болгону зарурат, ошондо алар дасторкондо жана сенин табагыңда кандайдыр кемчилик болсо, анын баарын жаап-жашырып калат. Шарап ичкен күнөө болгондуктан, тамакты түрдүү татымдары жок жасаба.

Сен мен айткандын баарын аткаргандан кийин коноктун укуктарын эсте жана коноктун укуктарын коргоону өзүңдүн борчуң деп бил.

Икая

Менин эшиткеним боюнча, Ибн Мукла[3] өз амири менен Басраны башкарууну Наср ибн Мансурга тапшырат да келерки жылы аны ордого чакырып, эсеп берүүнү талап кылат. Ал бай адам болгондуктан, халиф анын дөөлөтүнө сугун артып калат. Эсепчилер эсебин бүткөргөн соң Наср ибн Мансурдун казынасында бир кыйла акча артык экени аныкталат. Ошондо Мукланын баласы кудуңдап: «Келе, бул акчаларды же абакка отур», — дейт. Наср: «О, мавлана, акча менде бары ырас, бирок азыр жанымда жок. Жалчыбаган нерсе үчүн абакка түшпөйүн, бир ай мөөнөт бер”, — деп сурайт. Мукланын уулу акчаны кайтарганга бул адамдын кудурети жетээрин түшүнөт да сөздүн төркүнүн ачыкка чыгарат: «Ыйман жолундагыларды башкаруучунун сени өз каалаган жагына кетсин деген буйругу жок. Анүчүн жанагы акчаны төкмөйүнчө, менин ак сарайымда калып, бир ай менин коногум болосуң». Наср аргасыз «Ляббай» деп, ибн Мукланын сарайында туткун болуп калды. Бул окуя рамазан айынын башында болгондуктан кечинде ибн Мукл: «Тиги баланчаны алып келгиле. Мени менен сүйлөшсун», — деп буйруйт. Ошентип, Наср орозо айы чыкканча халиф менен чогуу тамактанып жүрөт.

Айттын кайсы бир күнү ага Мукланын уулунун сөзүн жеткирип чабарман келет дагы: «Алтынды эмнегедир узактан бери алып келатышат. Ишти тездетүү үчүн жардам керек болуп жүрбөсүн?» — деп сураса, Наср: «Мен алтын бердим», — деп жооп кайтарат. Мукланын баласы алтын кимге берилгенин суратып, чабарманды кайра жибертсе, Наср: «Сага бергем», — деп жооп айтат. Таң калган Мукланын баласы туткун-конокту чакыртып алып: «О, кожо. Алтынды мага качан бердиң эле?» дегенде, Насрдын жообу мындай болот: «Мен сага алтын берген жокмун. Бир ай бою сенин тамагыңды тегин жедим. Бир ай сенин дасторконуңдан иптарлик кылып, сенин коногуң болдум. Эми айт майрамда шариятка ылайык сенин менден алтын сураганга укугуң барбы?». Бул сөздү уккан Мукланын уулу каткыра күлүп: «Эркин деген тилкатты ал да жолго түш. Бул акчаны сага конок ирети белек кылдым. Ал эми мойнуңдагы акчаны сен үчүн өзүм төлөйм», — деген экен. Наср халифтин алым-салымынан ушунтип кутулган. Ошон үчүн кимдир бирөө сага жакшылык кылса, аны баалай бил жана сыпаа бол. Жөнсүз ыржалактап күлбө, шарапты аз-аздан ич жана коноктор алдында мас болгончо ичпе. Коноктор мас болушканын байкаар замат илбериңки болуп, тирүүлөрдү атап, алардын саламаттыгы үчүн шарап ич, меймандарга сылык жана элпек бол. Бейжай күлбө, эби жок күлкү-бул да акылсыздык.

Конок мас абалга жетип, кетем дегенде, сен анын конуп калуусун өтүн, дагы эки-үч жолу өтүн, алдыга түш, кетирбегенге тырыш. Үчүнчү жолу кетем дегенде гана конокко кеткенге уруксат бер. Кулдарың жаңылыш иш жасашса, көңүл бурба жана коноктордун алдында бул кылганың жаман, тигиндей кылсаң жакшы болмок деп тилдебе, кабагыңды чытып ачууланба, урба да.

Кулдар сен каалабаган кайсы бир ишти жасап коюшкан чакта дагы экинчи жолу мындай кылбагыла деп эскерт, а бул жолкусуна чыда. Конок миң түрдүү кылыктанып, ылжык сөз айтса да аны кечир жана коноктун сенин сыйыңды көрүү укугун бузба.

Икая

Бир ирет халиф Мутасим кылмышкердин башын анын көз алдында алууну буйруйт. Кылмышкер өкүм аткарылар алдында өтүнүптүр:

— О, момундардын паашасы, кудуреттүү жана даңазалуу Кудай үчүн мага бир уурттам суу бергизчи. Мени конок катары сыйлачы. Анан эмне кааласаң жаса. Азыр мен өтө чаңкап турам.

Мутасим кылмышкерге суу берүүнү буйруйт. Ал суусаганын кандыргандан кийин арабдардын салты боюнча халифке кайрылып:

— Алла сенин мээрмандыгыңды дагы арттырсын. О, момундардын паашасы, мен бир уурттам суу үчүн сенин коногуң болдум. Эми, адамзатты сүйүп-урматтоо салтына жараша конокту өлтүрүүгө болбойт. Мен сенин алдыңда айыбымды мойнума алып, жалынып-жалбарганым үчүн мени өлтүртүртпө. Кечир, — деп өтүнөт.

Эгер конок түшүнүктүү адам болсо, анын коноктук укугун сактаса болот, бирок көчөдө кез келген кимдир бирөөнү же селсаякты үйүңө сүйрөп келип, аябай сыйлап туруп, анан бул менин коногум дебе. Кимге кызмат кылганды жана кимди урматтап сыйлаганды билүүң керек.

Кыстарма

Эгер сен конокко барчу болсоң, даражаңа зыяны тийбес үчүн кез келген адамдын үйүнө барба. Конокко ачка да, тоюп да барба, конок ээсин таарынтпас үчүн тамак ичкендей болуп бар. Конокто шарап да ич, непадам ашык ичип койсоң абийир болбойт. Конокко барганда: таанышыңдын үйүндөбү же бул үйдө сенин ээлик кылуу укугуң бар болобу, ага карабай өз даражаңа ылайыктуу орунга отур. Ал үйдө тамак жана шарап ичип жатып, өз укугуңдун чегинен чыгып кетпе жана үй ээсинин кызматчыларына «Эй, баланча, бу тамакты алып кел, тиги кесени кой, мен да бул үйдөн болом», — дебе. Бөтөн бирөөнүн ишине кийгилишкен, башка адамдардын табагына жана дасторконуна колун созгон конок болбо.

Өз кызматчыларыңа сынган нан бербе. Элде айтылган эмеспи: «Кожоюндун үйүнөн бир нерсе алуу уят. Эсиңди жоготкончо шарап ичпе. Үйгө баратканыңда сенин мас экениңди эч ким байкабагандай болсун жана каршы келаткан адамдарды көрүп, тескери жакка баспагандай болуп ич. Өз үйүңдө гана тойо ич. Мисалы, бир чөйчөк шарап ичкен болсоң, кызматчың жүз жолу жаңылса же жазалагандай иш кылса да аны жазалаганга жол бербе. Себеби, сен мас болгондуктан, аныңды эч ким жаза катары баалабайт жана шарап ичип алып, буркан-шаркан түшүүдө дешет.

Кызматчыңды кандай жазалагың келсе, шарап ичпей туруп жазала. Ошондо сени акыл калчап, ушундай бүтүмгө келгениңди алар туура түшүнүшөт, а мас кезиңде жазаласаң, акылы тумандап калган дешет. «Ал-жунун фунун» деп айтылган же шараптан делебеси козголгондун ар кыл түрү бар: бирөө көпкө алакан чапса, башка бирөө жаны чыга жер тепкилейт же ырсыйып күлөт; үчүнчү бирөө түнөрүп унчукпай калат жана өкүнүчкө батып, кайгыга түшөт, болбосо ишке-сөзгө элпек болот, мунун баары мастыктан делдектөө же акылын жоготуу. Бу мен санап айткан нерселерден этият бол жана шарапты үй-бүлөң менен кулдарыңдын алдында ичпеген учурда да эч качан чоочун адамдардын алдында эс-учуңду жоготкончо ичпегин.

Эгерде шайыр-өнөрпоздордун ыр-күүлөрүн угууну кааласаң, алар сени кызуулукта ышкы козголууда жана аракеч деп күнөөлөшпөсү үчүн жалаң жеңил кайрыктарды аткарууну талап кылба. Жаштар жеңил музыканы сүйүшөт, аны укканды жакшы көрүшөт, өздөрү да жеңил күүлөрдү ойношот жана ойноону талап кылышат.

АЗИЛ-ТАМАША, НАРД ЖАНА ЧАТЫРАШ ЖӨНҮНДӨ

Билип ал, уулум, айтылган эмеспи: азил — жамандыкка жол, б.а. азил — түрдүү жамандыктын жемканасы. Колуңдан келсе, эпсиз тамаша кылгандан сактан, а эгер көңүлүң каалап турса да мас абалыңда эмес, соо кезиңде тамашалаш. Болбосо зыян тартып, жамандыкка кабыласың.

Такмаза азилден жана орой сөздөн мас жана соо кезиңде, өзгөчө, нард жана чатыраш ойноп жатканда уял. Себеби, бул эки оюн үстүндө адамдар тез чычаланып, азилди жакшы көтөрүшпөйт. Нард менен чатырашты көп ойногонго көнбө. Ойносоң да сейрек ойно жана байгеге куш же кочкор сайып, болбосо сый-тамакка, же кандайдыр бир арзыбаган буюмга ойно. Карызга жана акчага ойнобо, акчага ойногон — тарбия жоктук жана кумар болот. Эгер жакшы ойногонду билсең, ошондо да кумарпоз катары аты таанылган адам менен ойнобо, анткени өзүң да кумарпоз деген атка коносуң. Непадам ойночу болсоң да өзүңө караганда таанымал жана кадыр-барктуу адамдар менен ойно.

Нард жана чатыраш оюндарында адептүүлүктүн эрежеси бар. Таш бөлгөндө биринчи болуп колуңду сунба, адегенде атаандашың эмне каалаганын тандап алсын. Эгерде нард ойночу болсоң, сөөктү оболу атаандашыңа бер, — чатырашта да биринчи жүрүштү атаандашыңа бер.

Түрктөр, бузуку малайлар, аялдар жана балдар, ошондой эле мүнөзү катуу адамдар менен карызга ойнобо, болбосо чатак чыгат. Упай үчүн атаандашың менен талашып-тартышпа; сен мынча упайга ыргыттың деп, сөзүң туура болгондо да касам ичпе, баары бир адамдар калп дешип ишенишпейт. Ар кандай чыр-чатактын башы азил болгондуктан, азилдешүү кемчилик жана күнөө болбосо да, атүгүл пайгамбар өзү да азилди сүйсө да, сен азилдешкенде кылдат бол.

Айшанын үйүндө бир кемпир болот. Ал бир сапар пайгамбарга кайрылат: «0, Алланын жарчысы, менин жүзүм бейиштеги адамдын жүзүнө окшойбу же тозоктогу адамдын жүзүндөйбү?» Башкача айтканда, кемпир «бейишке киремби же тозоккобу?» — деп сурайт. Алланын элчиси тамаша сүйлөсө дагы чындыкты гана сүйлөгөнү белгилүү. Ошондо пайгамбар тамашага салып кемпирге: «0 дүйнөдө бир да аял бейишке кирбейт» десе, бечара кайгыргандан ыйлап жиберет. Анда Алланын өкүлү күлүп айткан экен: «Ыйлабаңыз, менин сөздөрүм сиздин ниетиңизге каршы эмес го. Кары-картаңдар бейиште болбойт деп, мен чындыкты айттым. Анткени, акыретте бардык адамдар кабырлардан жаш болуп турушат». Кемпир бул сөзгө аябай ыраазы болот. Тамаша сөз айтып, азилдешүү мүмкүн, бирок богооздук кылба. Анткени, уят сөз тилиңе чалышып турса да сейрек жана өтө зарыл болгондо гана айт. Ошондо дагы өз теңтуштарыңа айт; уят сөзгө алар жооп беришсе, кусуру тийбейт. Бирок ар кандай куйкум сөздү орчундуу сөзгө жуурултуп айт жана кара ооз сөздөн кач. Ырас, азил-куйкумдуу сөздөрсүз болбойт, бирок чектен чыкпоо керек. Азил сөз ар кандай кадыр-абройду көзгө илбей кемсинтет.

Эмне гана айтпагын, аргасыздан ошондой сөздү угасың; адамдар сенден эмнени алса, алардан ошону күт. Эч ким менен чырлашпа! Чырлашкан эр кишинин иши эмес, бул аялдардын жана балдардын энчиси. Ошон үчүн кокус урушуп-чырлашып калсаң, айта алчу сөзүңдүн баарын жана эмне билгениңди аянбай төкпө. Жарашканга орун калсын жана шалпып бежиребе, ошол замат уят-сыятты жыйыштырып койбо. Пас адамдардын эң жаман адаты — шалпып сүйлөмөйү жана уятсыздыгы; каада-салттын эң жакшысы — жупунулук, жупунулук — кудайдын мээрими, ага эч ким суктанбайт эмеспи. Ар бир сөзүндө «эй, эркек» деп айтпа. Себеби, негизсиз эле «эй, эркек» дей берген киши эр азаматтын кайратын качырат.

Шарап ичүү, тамашалоо жана махабатка мас болуу — мунун баары жаштар үчүн өнөр. Эгер сен ар иштин ченин сактай билсең, жумушуңду адамдар көп сындабагандай кылып бүткөрсөң болот. Шарап ичүү, азилдешүү, нард жана чатыраш жөнүндө анча-мынча кеп кылгандан кийин махабат, махабатын айтып түшүндүрүү, сүйүүнүн шарты жана Алланын ырайымы тууралуу да сөз кылбаганга арга жок эми.

СҮЙҮП МАЖНУН БОЛУУ ЖАНА АНЫН КААДА-САЛТЫ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, не карылыкка бел байлап турганда, не жаштыкта сүйүүгө чалынып, башыңды жоготпогонго аракет кыл. Бирок сүйүп калсаң, ага баш отуң менен берилбе жана жүрөгүңдү махабат оюндарына биротоло арнаба; анткени дил ышкысына баш ийүү акылы жоктун энчиси. Алың жетсе, азырынча сүйүүдөн сактан; себеби сүйүүгө берилүү балээге жакындатат, өзгөчө, картайганда жана жокчулук кезде. Бир жыл махабат ырахатына мас болуу бир күн көрүшпөй калып, санаага батып кыйналганга арзыбайт эмеспи, анткени махабат таттуу кыйналуу болгону менен баштан-аяк азап да, жүрөк түйшүгү да, балакет да. Ошон үчүн сүйүүгө азгырылып, эсиңди жоготкондон сактан, дегеним себеби акыл-эстүү адамдар сүйүүгө азгырылбайт. Кимдир бирөөнү бир көргөндөн эле сүйүп калуу акылба сыйбаган иш эмеспи. Адегенде көз көрөт, анан жүрөк жактырат, жүрөк каалагандан кийин гана табиятың сулууну эңсей баштайт жана жолугууну күсөйт. Эгер сен бар ышкыңды жүрөгүңө баш ийдирчү же жүрөгүңдү ышкыга багындырчу болсоң, ошондо сүйгөнүңдү экинчи ирет көрүүнүн амалын издей баштайсың. Экинчи жолу жолуккандан кийин ага деген ышкы-сүйүү эки эсе артат жана жүрөктүн күсөөсү чегин билбей, сен үчүнчү жолку жолугуунун айласын ойлоп, түйшүккө батасың. Үчүнчү жолу көргөндөн кийин сулууга тил бүтүп сүйлөйт, айткан сөзүңө жооп кайрыйт, ошондо… «эшек качты, чылбырын ала качты, жип жоголду!»

Ушундан кийин карманам десең да жүрөгүң алеп-желеп болуп, сага баш ийбей калат. Күн өткөн сайын жүрөгүңдүн кыйналганы токтобой күчөйт да сүйүүгө аргасыз багынасың. Эгер сен жаныңа тынчтык бербеген биринчи эле жолугушууда акылыңды жоготпой, жүрөктү ойноктотпой башкара алсаң, сүйгөнүңдүн ысмын унута баштайсың да башка ишке алаксып, ышкыңды суутасың жана аны менен кайра жолугууну көксөбөй каласың. Шондо бир жума бою азапка түшүп, сүйгөнүң экинчи эсиңе келбей, аны тез эле унутасың. Бирок бул ар бир эле адамдын эрки жетчү иш эмес, муну акылы тунук гана адам жасай алат. Мен азыр айткандай кыраакы жана акыл эстүү адам башын жоготуп, сүйүүгө азгырылбайт; непада андай адам махабатка кабылса, акыл-эсин таразалап, андан коргоно алат, анткени сүйүү — илдет.

Мухаммад-и-Закария «Оорулардын аныктамасы» деген эмгегинде сүйүүнүн дартына токтолуп, анын дабасы: үзбөй орозо кармоо, оор жүк көтөрүү, алыс жолду басуу, тынбай иштөө жана көңүл ачуу экенин жазат. Эгер сен кимдир бирөөнү сүйүп калсаң, алдыда болчу жолугушууну ойлоп, жүрөгүң толкуйт. Аны мен ар бир адам менен боло турган кубулуш деп эсептейм.

Абусаид-и-Бу-л Хайр адамга төрт нерсе зарурат экенин айткан: 1. Бир сындырым нан; 2. Жупуну кийим; 3. Эски там; 4. Сүйгөн дос. Бул нерселер ар бир адамга ченине жана даражасына ылайык азбы-көппү керек. Бирок бир мажнун «достук башка, сүйүү башка» деп ырдаганы менен, сүйүшкөн адамдын эч кимисинде бактылуу мүнөтү болбойт.

Эй, сулуу жүрөгүмө бүлүк салган оттой сүйүүң мен үчүн бал,
Жалбырттаган жалындын жанга ырахат бергенин көрдүң беле?

Билгин, достук ар качан адамды бактылуу кылат, ал эми сүйүүдөн ар качан бактысыз болушат. Эгер сен жаш кезиңде сүйүү менен ырахаттанууну кааласаң, аның кечиримдүү дечи. Анткени кимдир бирөө сенин сүйүүгө элеп-желеп болуп жүргөнүңдү байкаса, «жаш да» деп коёт. Карыганда сүйүп калбаганга аракет кыл, себеби кары адамга эч кандай кечирим болбойт. Эгер сен кайрылышары жок бир карып болсоң, сага жеңил болмок; а эгер сен падыша же улгайган абышка болсоң, сүйүү жөнүндө ойлобо жана жүрөгүңөн эч кимге орун бербе, себеби падышага сүйүү оюнун ойноо — өтө оор жүк.

Икая

Чоң атамдын доорунда Шамсалмаалиге Бухарада бир соодагердин гулямын 2 миң динарга сатып алса болот деген кабар келет. Бул кабарды Ахмад Саади эмирге угузганда, ал гулямды сатып келүүнү буйруйт. Ахмад Саади Бухарага барып, кул саткан соодагерди таап, гулямга 1200 динар төлөп, аны Гурганга алып келет. Эмир гулямды көрөр менен жактырып, кол аарчуучу чачык бергич кылып дайындайт. Ошентип, эмир колун жууганда, гулям чачыкты берип турчу болот. Арадан анча убакыт өтөт. Бир күнү эмир колун жуугандан кийин жанагы гулям ага чачыкты сунат. Эмир колунун суусун кургата аарчып бүтсө да, чачыкты колунан чыгарбай гулямды суктана тигилип карап турат. Гулямга эмирдин көзү түшүп калган экен, ал бир нече күн өткөндөн кийин уазири Абу-л Аббас Ганыга: «Мен жанагы гулямга эркиндик бердим жана баланча кыштакты тартуу кылдым. Парман жаз жана гулям үй-бүлөлүү болуусу үчүн кайсы бир шаардык адамдын кызына үйлөнтүп кой. Гулям бетине сакал бүткөндө тезинен мага келсин,» — деп айтыптыр. Абу-л Аббас Ганым эмирге кайрылып: «Жаангердин эрки. Эгер жаангер туура тапса, малайына бул айткан сөзүнүн маанисин түшүндүрүп берсин», — деп өтүнөт. Ошондо эмир: «Бүгүн жашы жетимиштен ашкан падыша сүйүүгө азгырылып, куник окуя болду. Мен 70 жашты аттагандан кийин теңдешсиз улук Алланын кулдарын сактап, аскерлердин жана өлкө букараларынын камын көрүшүм керек. Эгер мен сүйүп калсам, не кудурети күчтүү Алладан, не элден кечирим болбойт», — деген экен.

Ырас, жаш жигит эмне жасабасын, баары кечиримдүү. Бирок сүйүүгө тез азгырылбаш керек. Канчалык жаш болбогун, мамлекетке зыян тийгизбеш үчүн акыл-эстүү, салабаттуу саясатчы болгонго аракет кыл.

Икая

Газна шаарында Султан Масуддун он гулямы болуп, ону тең султандын покчочулары экен. Алардын ичинен Нуштегин аттуу гулямды Султан аябай жакшы көрөт. Султан белек берсе, эч бир гулямды бөлбөй, баарына бирдей белек жасагандыктан, султандын сүйгөнү ким экенин эч ким билбейт. Ортодон дагы беш жыл өтөт. Лекин, бир да кул, бир да малай Султан кимди жакшы көргөнүнө көздөрү жетпейт. Бир күнү Султан: «Атам Аязга берген икта менен маянага Нуштегин үчүн парман бергиле», — дейт. Ошондо гана сарайдагылар Султандын он гулямдын ичинен Нуштегинге ымаласы ысык экенин билишет.

Эми уулум, сага мунун баарын айтканымдан кийин, кокус бирөөгө ашык болуп калсаң, менин бул айткан кеңешимди унутуп койоруңду билем. Ошон үчүн сага кары адамдарча ыр окуп берейин:

Болгуң келсе борумунан алып мээр,
Болуш керек Азра менен Вамиктей.
Ким алардай болалбаса арамза,
Ким алардай сүйөлбаса маңыз жел.

Мен минтип айтканым менен бул төрт сап ырды туура таппа. Сүйбөгөнгө аракеттен, непада сүйчү болсоң, сүйүүгө татыктуу бирөөнү тап. Мажнунга Птолемей жана Платондой даанышман болуунун кереги жок, бирок бир аз да болсо акыл-эстүү болгон адеп. Ал сүйгөнүң Жусуптун уулу Жакыптай сулуу болбой турганын мен билем, ошентсе да анда бирөөлөрдүн оозун жапканга жана сени актаганга жарагандай сүлкүлдөгөн келбети болуш лаазим. Себеби адамдар бир биринин кемчилигин чукуп, ушактаганын эч качан токтотушпайт.

Бир адамдан: «Сенде кемчилигиң барбы?» — деп сурашса, ал «Жок» деп жооп берет. Анда: «Сенин кемчилигиңди таап билчүлөр барбы?» дешсе, «Андайлар толтура» дептир. Ошондо ага: «Демек, сенин артыңан башка адамдарга караганда көп жаман кеп айтышат экен», — деп айтышкан экен. Бирок конокко барганда, сүйгөнүңдү өзүң менен кошо ала барба, а эгер өзүң менен кошо ала барчу болсоң, бөтөн адамдардын алдында аны менен көп алектенбе жана үйрүлүп түшүп көңүл бурба. Аны эч ким жеп койбойт. Элдин баары эле аны сага көрүнгөндөй сулуу дешет деп ойлобо. Бир акын айткан:

Бүт баарына сулуумун деп турусуң,
Баарына эмес, мага гана сулуусуң.

Сүйгөнүң сага адамзатта жок сулуу болуп көрүнгөнү менен башкалар үчүн желмогуз кейпинде көрүнүшү этимал. Үлпөттө отурганда сүйгөнүңө мөмө жемиштерди жегин деп тынбай бере бербе, «маанайың кандай» деп сураба, саат сайын пайда-зыянсыз сөздөрдү кулагына шыбырап сүйлөбө. Адамдар ага эмне айтканыңды баамдап билишет.

МОНЧОГО БАРУУНУН ТАРТИБИ

Уулум, мончого тамакка тоюп алып барган зыян экенин билип алгын. Ар күнү мончого баргандын пайдасынан да зыяны чоң, себеби кан тамырларың менен муундарың үлбүрөп, бошошот жана табиятың мончого көнүп калган соң бир күн калтырсаң эле өзүңдү оорудай сезип, денең кургап, чор баскандай сезилет. Андыктан мончого ар эки күндө бир барган жөндүү. Кышкысын жана жайкысын мончого барганда адегенде бир саам дализде отуруп, денеңе тыныгуу бер. Андан соң ысыктын демин сезүү үчүн ортоңку бөлмөгө өт. Ошондон кийин ысык бөлмөгө кирип, бир саам отуруп ысыктын табында денеңди ырахат алдыр. Оттун деми денеңди жибитип, сөөгүң ысыгандан кийин жалгыз адамдык бөлмөгө өтүп, башыңды жуугун. Мончодо көпкө отуруп алба жана ысык же муздак сууну ашыкча көп куюнба, баары чени менен болсун.

Эгер мончо ээн болсо, бул зор бакыт деп бил, анткени даанышмандар ээн мончону эң зор ийгилик дешет. Мончодон чыккандан мурда башыңды жакшылап кургатып ал, себеби акыл-эстүү жана абройлуу адамдардын көчөгө башы суу бойдон чыкканы жарашпайт. Мончодон чачыңды кургатпай чыккан бойдон сыйлуу адамдар менен жолукканы барба, барсаң-каадада жок жорук болот.

Мен мончонун пайда-зыяны жөнүндө айтып бүттүм. Бирок мончодо суу жана фука[4] ичкенден этият бол, бул ден соолукка абдан зыян жана денеде сары сууну пайда кылат. Эгер үлпөлчүлүктөн кийин ичкиликке чактырып кыйналсаң, мастыгың козголбош үчүн жана зыяны аз болуш үчүн суу ичсең болот. Алла баарынан жакшы кабардар.

УЙКУ ЖАНА ЭС АЛУУНУН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ

Э, уулум, румдук даанышмандардын мына бул салтын билип ал. Алар мончонун кийинип-чечинчү бөлмөсүндө бир аз чырым этип алмайынча, көчөгө чыгышкан эмес. Бир да башка элде мындай салты жок.

Даанышмандар уйкуну ымыркай өлүм деп атап коюшат, себеби уктап жаткан адам — өлгөн адам сыяктуу; уйкудагы адам да өлгөн адам сыңары бул дүйнөдөн бейкабар болот. Бири — дили жок өлүк болсо, экинчиси — жаны жок өлүк. Көп уктаган айтканга татыбаган жосун. Узак уйку денени ыңгыратып, алсыратат жана табиятыңды козголтот, нурдуу жүзүң бозоруп өңү качат.

Башка түшсө адамдын жүзүн даңгел өзгөртчү беш нерсе бар: күтүүсүз кубаныч, капылет жоготуу, ачуу, уйку, масчылык. Ал эми алтынчысы — карылык. Картайган адамдын жүзү өзгөргөнү менен анын табияты бөлөк. Бирок уйкудагы адам не тирүү, не өлүү деп саналбайт. Көзү өткөн адамды тескебегендей эле, уйкудагы адамга жаман сөз айтпайт. Мен айтканмын:

Урмат-сыйды, ырахатты көп көрдүк,
Убакытты унуттурду көпкөндүк.
Өзүбүздү өзүбүз жеп, өмүрдүн
Канча жылын уйку менен өткөрдүк.

Узак уктаган канчалык зыяндуу болсо, уктабай жүрө берген ошондой эле зыяндуу. Киши эгер 72 саат, башкача айтканда, үч күн атайылап уктабаса же аны татуу уйкудан катуу жулкулдатып ойготсо, ал өлүп калышы мүмкүн.

Ар нерсенин өз чени бар. Даанышмандар айтышкан: 24 сааттын үчтөн экисинде ойгоо жүрүп, үчтөн биринде укта. 8 саат жаратканга кызмат өтөп, чарбаңды жүргүзүүң абзел; 8 саатты үлпөтчүлүк жана оюн-тамаша менен өткөр; калган 8 саатта 16 саат кыйналган денең эс алуусу үчүн дем алышың керек. Акылы жоктор 24 сааттын жарымын укташат да, жарымын ойгоо жүрүшөт; жалкоо адамдар күндүн үчтөн экисинде укташып, үчтөн биринде өз тирилиги менен алек; акылмандар күндүн үчтөн биринде уктап, үчтөн экисинде ойгоо болот.

Ошентип, мен айткандай, ар сегиз саатты бөлөкчө өткөр. Эсиңде болсун, кудуреттүү эгем түндү өз пенделери уктоосу үчүн жараткан жана «биз түндү көшөгө кылып жараттык» деп айткан. Бул чындыкты да биле жүр: тирүүнүн баарында денеси жана жаны бар. Дене — бул идиш, а жан — анын ичиндеги заты. Жандын үч касиети бар: жашоо, жеңил-желпилик жана кыймыл; дененин да үч касиети бар: өлүм, тынчтык жана салмагы (оордук).

Дене менен жан бирге болгондо, жан өз касиеттери менен денени коргойт жана кээде кыймылга келтирет. Дене (бул жандын өзгөчөлүгү) өз касиети менен жанды кыймылдатпайт жана бейгам иштерге түртөт. Мүмкүн болушунча күндүз уктабаганга тырыш, эгер эркиң жетпесе күндүз бир аз убакыт укта, анткени күндү түнгө айлантуу эстүүлүк эмес. Бектерде жана бай адамдарда жайкысын чак түштө эс алмай адаттары бар, алар ошондо да балким укташат, балким жок.

Жалпылап айтканда, сен өмүрүңдүн көбүн ойгоо жүрүп, аз уктаганга үйрөн, ансыз деле сааты келгенде узак уктаганга мажбурсуң. Бирок күндүз же түнкүсүн уктагың келсе, жалгыз жатпа, жаныңа ылазат берген кимдир бирөө менен чогуу укта. Себеби, уйкудагы адам менен жансыз жасат ортосунда дээрлик эч кандай айырма жок. Ал экөө тең тышкы дүйнөдө эмне болуп жатканын билишпейт, айырмасы эле: бири — жандуу, экинчиси — жансыз. Уйкудагы бул экөөнүн дагы бир айырмасына токтолсом, жасат зарурат зарылчылыктан улам жатканга мажбур болсо, тирүү адам эмне үчүн жалгыз укташ керек? Мына ушун үчүн бу дүйнөдөгү өмүрлүк түгөйүң жаныңа ылазат-кубаныч берген жан болсун, а тиги дүйнөдө буйруганы. Ушул талап орундалганда гана тирүүлөр менен өлүүлөрдүн уйкусу ортосунда айырма болот.

Күн чыкканча жараткандын буйругун жазбай аткаруу үчүн үрүл-баралда уйкудан турганды өзүңө адат кылып ал. Күндүн нуру Жер бетин чайып баратканда турган адамга шыбага жок, ал анткени намаз окуучу убакытты өткөрүп жиберет да күнөөсү мойнуна жүктөлөт. Ошондуктан таң агаргандан эрте туруп, оболу Алланын буйругун аткаргын дагы андан кийин өз тирилигиң менен алпуруш. Эгерде таң эртең бүткөрөр жумушуң болбой, аңчылыкка же сейилге барууну кааласаң, намаздан соң аңчылык кыл жана көңүлүң куштар болгон ишти ырахаттана жасай бер. Жараткан жар болсун.

АҢ УУЛООНУН ЭРЕЖЕСИ ЖӨНҮНДӨ

Оо, уулум, жаш кезде ат минип алып, аңга чыккан, чавган ойногон сырдана бектердин эрмеги экенин билип ал. Бирок ар бир иштин тийиштүү тартиби, ага жараша эрежеси жана чен-өлчөмү болот. Күн сайын эле аң уулаган жарабайт. Бир жумадагы жети күндүн эки күнүн аң уулаганга арна, үч күндү шарап ичип, көңүл ачканга жана эки күндү чарбалык иштерге бөлүп кой. Атка мингенде бою жапысын тандаба, себеби көрөсөн адам болсо да пастек ат мингенде жапыс бойлуу бечара көрүнөт; пакене бойлуу адам заңкайган аттын үстүндө зоңкойуп алп көрүнөт.

Сапарга чыкканда бир мүнөз жоргону мин, ат жоош болсо, киши этияттыкты унутат. Шаарда жана топ ичинде жүргөндө өзүнө көңүл бурганды унутпас үчүн чабагаан атка эмес, күлүк атка мин. Ат үстүндө жаман чабандес көрүнбөө үчүн дайыма түз отур. Аң уулоого чыкканда атыңды жөнү жок чапкылай бербе, атка ээ-жаа бербей чапкылай берген гулямдар менен боз балдардын жосуну. Атыңды жапайы айбандардын артынан чапкылап демиктирбе, себеби жырткыч айбанаттарга аңчылык кылуу пайдасыз иш жана өмүрүңө коркунучтан башка эч нерсе алып келбейт. Биздин уруудан жырткыч жаныбарларга аңчылык кылып жүрүп эки улуу падыша курман болгон: бири — атамдын чоң атасы Вушмагир ибн Заир, экинчиси — таякемдин уулу эмир Шараф-ал-Маали. Ошон үчүн жандыктарды өзүңдөн жаш курактагыларга айдактатып, өзүң улуу падышанын алдында гана айдактаганга чык. Бул атак-даңкка жетүүң жана өзүңдү падышага көрсөтүүң үчүн керек.

Аңчылык өмүргө кооптуу болбоосу жана олжо пайдалуу болуусу үчүн куш, ылаачын, карчыга, барс жана ит менен аңчылык кыл. Жырткыч айбандардын эти азыкка, териси тонго жарабайт. Куш менен ууга чыкканда Хорасандын падышалары кушту колдон чыгарбайт, Ирактын салты боюнча падышалар кушту өз колу менен салышат. Сен падыша болбосоң, каалагандай аң уула; эгер падыша болуп калсаң, кушту өз колуң менен салганың ылайык болот. Бирок бир кушту эки жолу салба, бул падышага татыктуу салт эмес.

Кушту бир ирет койо берип, ал олжо алабы же жокпу, байкап тур да, андан кийин экинчи кушту сал, ал эми биринчисин кушчу таап келсин. Анткени, падышанын аңга чыккандагы максаты тамак табуу эмес, көңүл ачуу. Пааша эгер тайган иттер менен ууга чыкса, иттерди өзү ээрчитпеши шарт. Итти падышанын көз алдында кулдар агытып, өзү аларды тек карап турганы оңдуу.

Олжо артынан ат менен кууба жана барс менен аңчылык кылганда, аны эч качан артыңа мингизип алба, себеби, падышага барсты карап жүрүү жарашпайт, анын үстүнө падышага жана ажолорго барсты учкаштырып алуу акылсыздык болот. Аң уулоонун мен сага айтайын деген эрежелери ушундай.

(Уландысы бар)

Которгон Амирбек Азам уулу

[1] Асжади Абуназар Абдулазиз ибн Мансур Мервези (туулган жылы белгисиз, 1041-ж. өлгөн) перс-тажик акыны. Унсури жана Фаррухи сыяктуу бирөөлөрдү ашкере мактаган, көркөмдүк сапаты мыкты касыддарды жазган. Анын Султан Махмуддун Индияга жасаган жортуулун даңктаган «Сомнат» касыдасын туурап, кийинки кылымдарда көптөгөн касыдалар жазылган.

[2] Сахиб Исмаил ибн Аббад Буиддердин атактуу уазири.

[3] Ибн Мукла Абуали Мухаммад ибн Али ибн Хусейн ибн Мукла Ширази (858-940-жылы Багдадда өлгөн), каллиграф, тилтаанучу, илимпоз. Адегенде Аббасид Муктадирдин(908-932), кийин Кахирдин (932-934) жана Разинин (934-940) уазири. Рази 936-жылы түрмөгө салып, оң колун кестирет, 938-жылы тилин жулдурат. Абакта өлөт.

[4] Фука – арпа же күрүчтөн жасалган шербет.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.