Пери Алмазова: Мөлт-мөлт этип эриниме асман агып (конкурска)

АЙ АСМАНДАН ТӨГҮЛҮП …Ай, Ай төгүлүп асмандан!.. Жан Жанымды жаркытып, Агып барат Бактыма Балбылдатып, балкытып. Булбул өмүр Көңүлдү Шаңылдатып, шаңшытып. Гүл, гүл жыпар Төрүмдү Буркуратып, аңкытып, Алаканга булакты Тамчылатып, тамызып. Таманыма деңизди Шаркыратып, агызып, ….Булак, деңиз бий бийлейт, Көктү, Көлдү чалкытып. Этегинде эликтер Өрдү, Төрдү калкытып, Кучакташып кулундар Ойноп, күлүп табышып… Жорголошуп жорулар Жолдо, Тоодо жарышып. Аргымактар асманда Ак булутту жамынып, Жамгыр болуп Төгүлүп, Нөшөрлөтүп басылып… Айланайын өмүрдөн, Сени сүйөм сагынып… Сүй!.. Сүйөгой өмүрдү, Айдан мончок тагынып. Добулбасты кактырып, Карегимде […]

Кытай эл жомогу: Коёндун куйругу

Коёндор жаңы жаратылганда узун жана барпайган кооз куйруктуу болушуптур. Алар мындай жакшы куйругу менен абдан сыймыктанып, анысын бийик көтөрө көйрөңдөнө басып, ар кимге мактанышчу экен. Ал тургай башка жаныбарлардан өзүлөрүн жогору коюп, аларды кемсинтип, келекелеген кептери менен шылдыңдашчу дешет. Бирок ушундай кылыктарынан улам алар кооз куйруктан айрылып калышыптыр. Ал окуя мындайча болуптур: Бир жолу коёндор суу жээгинде ойноп жүрүшүп, наркы жээктеги жашыл шалбааны, чөбү көйкөлгөн жерди көрүшүп, ага кантип жетүүнү билишпейт. Анткени сууда сүзө алышчу эмес. Ошентип турганда суудан картаң […]

Дилазык: Байлык, сүйүү жана ынтымак

Деңиз жээгинде карыя жашачу. Анын бул дүйнөдө карманар-каралашаары жок, жалгыз эле. Бир күнү кечинде анын каалгасын бирөө кагып калды. Карыя башын көтөрүп кыйкырды: – Ким бул? Эшиктин артынан жооп берди: – Бул мен, Байлыкмын. Карыя ордунан турбай жооп берди: – Бир кездерде мен жомоктогудай бай болчумун, бирок ал мага бакыт алып келген жок. Ал эшикти ачкан жок. Эртеси каалганы кайра дагы бирөө какты. – Ким бул? – деди карыя. – Бул мен, Сүйүүмүн! – деген жооп угулду. Карыя: – Мен […]

Монах Варнава: Аквариум балыгы

Аквариум балыгын дарыяга коё беришти. Аны жергиликтүү балыктар тегеректеп алышып, кооздугуна таң калышты, андан үй шартында кандай жашаганына кызыгып сурап киришти. — Жакшы! — деди сууктан калтырап үшүгөн балык, үйдөгү жылуу аквариумду эстеп, – бирок бир гана жаман жери –деп даттанды ал: — Бир күндө бир эле жолу тамак беришчү! — А бул жагынан бизде жөнөкөй! — деп тынчтандырышты аны балыктар. — Каалашыңча, кайсы убакта болсо да жей бер! Албетте, аны таба алсаң… Балыктар ар кимиси ар кай жакка тамак […]

Дүйшөн Керимов: Ак уул, Куу уул баяны

(“Наалы эже” тарыхий повестинен үзүндү) Долон бий, Муратай баатыр баштаган, жүздөн ашык жоокер жигиттер коштогон жүргүнчү топ, “Алай, Анжиян, Баргана кайдасың?” деп, ашуусу аскар тоо ашып, агыны албуут суу кечип, “кой” деген кожо, “ай” деген ажо жок, каалаган көк конушка көңүл черин жаза өргүп, бет келген айылга баса коно жатып, кааласа-каалабаса да өкүм мейман болуп, бирок да адаттагыдай эч кимге зордук кылбай, кордук этпей жайма-жай жол жүрүп келатканга бир апта болуп калды. Жоо жарагы шай, өздөрү алп мүчө, мингендери жалаң […]

Искендер Жумабаев: Тенти Адышеванын тагдыры жана чыгармачылыгы

Акын-жазуучулардын көркөм чыгармачылыкка келиш жолдору эң эле көп түрдүү. Т. Адышеванын биографиясы ушул акыйкатты дагы бир мертебе тастыктап турган шекилдүү. Болочок акындын атасы Жунушбай «Манастан» тартып макал-лакаптарга чейинки кыргыз фольклорун жакшы билген. Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз Тенти ар дайым атасын ээрчип, анын айткандарын көп уккан, бир тобун жатка билип алган. Албетте, мунун өзү кичинекей кыздын көркөм аң-сезиминин калыптанышында маанилүү роль ойногондугу талашсыз. Бирок Тенти бала чагында да, эс тарткандан кийин деле көркөм чыгармачылык менен шугулданууну көздөгөн эмес экен. Акындын «Кылы үзүлгөн […]