(“Наалы эже” тарыхий повестинен үзүндү)

Долон бий, Муратай баатыр баштаган, жүздөн ашык жоокер жигиттер коштогон жүргүнчү топ, “Алай, Анжиян, Баргана кайдасың?” деп, ашуусу аскар тоо ашып, агыны албуут суу кечип, “кой” деген кожо, “ай” деген ажо жок, каалаган көк конушка көңүл черин жаза өргүп, бет келген айылга баса коно жатып, кааласа-каалабаса да өкүм мейман болуп, бирок да адаттагыдай эч кимге зордук кылбай, кордук этпей жайма-жай жол жүрүп келатканга бир апта болуп калды. Жоо жарагы шай, өздөрү алп мүчө, мингендери жалаң карабайыр казанат, буудан көрк  жаныбарлар, кош-коштолгон ат, төөлөргө аземи жүк арттырып, алдына үйүр-үйүр жылкы сүргөн, жоо дейин десең андай айбарлуу шок аракети байкалбайт, дос дейин десең өң тааныш эмес, өңчөй тандалган бир кылка боз жигит курактан өтүп калгандай жайдары мүнөз азаматтар ошентип келе беришти… Деги булар кимдер? Жери кайда, теги ким, чыккан жолу, барар жагы кай тарап?.. Эмесе сөз оролу ошондон болгону оң…

Береги жол баштаган домоктуусу  Долон бий, “Башканы коюп, Манасты айт!” демекчи, сан кылымды карыткан кайран касиеттүү дастанда ак калпак элдин кабат-кабат санжыра тарыхы, кайгы-кубанычы аралаш тагдыр жазмышы, акыл-ой азыгы, аманат мурас кенчи камтылса, анда уютку уруулардан Нойгут, Койгут, Эштек, Тейит, Кыпчак, Катаган, Каңды, Жедигер, Багыш бар. Соңкуга калган Чоңбагыш, Карабагыш, Сарыбагыш… түбү айтылган бир Багыш. Бир айтымда багыш, бир айтымда бугу-кайберендин сулуусу, улуусу касиеттүү Бугу эне делээр…

Орозду атанын көп улуунун бири Бай, Байдан, “Батасы журтту байыткан… Алдыга салса ак жолтой, артында жүрсө сан колдой. Ак сакалын жайкалткан “абакеңиз хан Бакай” Бакайдан Байтайлак, андан Соодонбий, андан Шоокербий, андан Муңааты, андан Узункалпак. Ушул Узункалпактан кийин-кийин уламаланган кадимки Долон бий. Жанындагы шериги-жан досу коңурат уруусунан Муратай эмеспи… Коңураттарда кыргыздын устукан алаар уютку урууларынын бири. Же бири эмес эле өзүдүр… Долон, Муратай баатырлар, экөө тең жаангер Чыңгысхандын колбашчылары, жолбашчылары катары бир далай жылдар “чыканактап тыным албай, чырм этип уйку албай…” ат жалында чабыш беттеген айгайлаган ызы-чуулуу согуштарда жүрүштү.

Чыңгысхан жаш кезинде Темирчи же Теминчиби айтор, эс тартканда Есигей атадан ажырап, катаал тагдыр, эң татаал жол басып, Кудай, Теңир, Алла, Бурхан, Бог, Эге… дейбизби, бир жараткандын – Улуу Жараткандын ыктыяр буйругунда аман калып, акылы амалына болуп, баралына толуп, жеңиштен жеңишке жетип, бири-бирин ач бөрүдөй кайсап, сай-сайлаган Монгул элин, бытыранды урууларын бириктирген хан шайланды, хандардын ханы Улуу Чыңгысхан атыкты. Чыңгысхандын энеси Өлөң, өмүрлүк жары — Жоочу, Чагатай, Өгөөдөй, Тулуй арстан уулдарды төрөп, алдейлеп бөлөп өстүргөн Бөртө да теги коңураттардын кызайымдары болгондон Муратай баатырга, кыргыздын кыйындыгын жана кыйыр кандаштыгын да билгенден Долон бийге да улуу хан “Улуу башын кичик кылып…” урматтуу мамиле жасаар эле.

Эки дос ушул удулдан алып, мерчемин таап байлыгы бапырап, кыйындыгына, көптүгүнө маашыркап, кесири башынан ашып турган хан өлкөсүн чаап алып, баш-аякты жыйнай өргүп жаткан учурда, көптөн бери өз ара кеңешип ойлорун оорутуп жүргөн  арыз датын айтышты. “Оо улуу хан! Ачык ниетте, ак кызматыңды кылдык. Зарыл болсо дагы кылабыз, өмүр бою өзүң үчүн дайымкыдай даярбыз. Боордоштук сөзүбүзгө кулак сал… Биз улгайып бараткандайбыз, жашыбыз кыркка ооду. Уруксат берсең, оорукта калып үй-жай күтсөк дейбиз. Тукум уласак өзүңдөй уулду болсок, “Баланчанын баласы, урпагы…” делсе атыбыз калар, дайныбыз өчпөс… Айтаар өтөлгө, өтүнүчүбүз ушул. Илгери кийин аңдабай кетирген кемчилик, кемтик, айып, күнөөбүз болсо кечиргейсиң…”

Чыңгысхан муну билбесе Чыңгысхан болмокпу. Ал дароо эле баардык колбашчы,билги билерман, ханзаадаларды жыйып, жогорку экөөнүн пикирин ортого салды. Салганы менен талкуу маселени күн мурун  өз туюмунда оң жагына чечип койгону анын жайдары жүзүнөн, улам саргыч жээрде суйдаң сакалын сылап коюп, айтылган сөздөрдү маашыркана баш ийкеп угуп отурган жайма-жай келбетинен көрүнүп турду. Адаттагыдай баары дароо аткарылды: алкыш, ыраазычылык расмисинде баатырлардын үстүнө сарпайы тон жабылды, астына үртүктөлгөн күлүк тартылды. Жалпы кошундун орток олжо корунан үлөштүрүлгөн атайын энчи бөлүндү. Жандап бирге жүрүүчү, жашоо-турмушта жамаатташ жашап, арка-жөлөк болуучу эң жакын, ажырагыс ынак делген чоролор, нөкөрлөр  шайма-шай даярдалды…

Ажыраш аяк каадасында үч күн бою керээли кечке той болду. Кемеге байге коюлуп ат чабылды. Уланган шыргый башына асмандата илинип жамбы атылды. Балбан күрөш, эр эңиш, эр сайыш болуп, көк бөрү тартылды. Ошентип ажырашуу оролу келип, алыска аттанаар баатырлардын урматына кылкылдаган калың кошуун да жай турмуштун жасатында үч күн бою ойноп, күлгөнгө ыракаттана дуулдай алкыш айтып, коштошо бата беришкенде ой-тоо жаңырыктап турду. Жуп  аттанаарда Чыңгысхан өзү ханчатырдан чыга келип, төшкө төш тийгизип, түбөлүк кабардаш, таламдаш, саламдаш болууга астейдил убадалашкан соң жай турмуштун жышаанасы катары өңчөй ак калпак кийинген чакан кол алдыга ак байрак баштатып, артында энчиленген олжо-буйла жүктөлгөн нар төөлөр логлоп, үйүр-үйүр жылкы сүрүлүп, асыл үмүт, ак тилекте “Алай, Анжиян кайдасың деп, алыс-алыс жолго чыкканы…

Жүргүнчүлөр Чыйырчык-Белге келгени бир өргүдү.  Жай саратан, жер жарыктык толукшуп болуп-толуп турган мээрим баар. Арткы тарапта кабат-кабат төө карын тоолорун аралай келген айтылуу Алай, алды жакта учу-кыйры мунарыктай кеңирсип, берекеси ашып-ташый бышыкчылыгы төгүлгөн асыл Баргана кучагын жаят.

Кыргызың ушул, сурабай-этпей эле ат алып, өргөөсүн ачып, дасторконун белендеп, айрыкча ак калпак өз туугандарыбыз экен деп, айта-буйта дегенче, ачып көздү жумганча ак боз бээсин “бабединге” чалды. Ак сакалдуу карыялар боор толгой кеп салып, ак элечек байбичелер “алсаңар, ичип, жесеңер…” деп өнтөлөй мээрим төгүп, эр жигиттер ийиндешип катар мандаш уруп, балдар шынаарлап эркелей эрмек болуп, ак жоолукчан кыз-келиндер кылактай баса кызмат кылып, айыл-айыл болгону ата салтында, ак калпак элдин наркында ак дилден коногун тосту…

Кетээр күн келип, сапар улаар учур жууктай Долон мырза Муратай досун капилет ээрчите айыл чети ээнге басты да:

— Муке, ортодо олуттуу бир иш болуп калды. Муну сага айтпаганда кимге айтам?.. — деди ормоё карап.

— Оппоо досум, көзүң жайнап, көңүлүң чак. Сонун иш болгой эле. Эмесе айтсаңчы, анчалык маалкатпай бат…

— Айтса, айыл аксакалынын кенжеси, он алтыдагы эркеси, Акмарал бийкеч экөөбүз жакындашып калдык.

— Баракелде, баракелде! Болсун дейли… А бирок алдыдагы ак тилекте биргелешкен сапарыбыз кантет? Булар не дейт, айылдын ою, айыл башчысы аксакал кишинин жообу кандай болот?

— Камсанаба дос. Бир келген өмүр экен, бир келген көңүл экен. Көңүлүм ушул кызга түшүп калды. Кайда барбайлы, кай жерде жүрбөйлү — мүлдө кыргыздын жери экөөбүздүн жерибиз, экөөбүздүн элибиз го. Бара турган коңурат туугандарың анча алыс эмес Анжияндын оро-парасын жердейт экен. Капа болбо Муке, ортобуз оголе убайга түшөр аралык болбос. Эч күмөнсүбө, мен Акмарал менен акылдаштым, бул жерден дос, тууган да таптым. Жалгыз эмесмин, жанымда жигиттерим бар. Оокат кылып, тиричиликти тикелеп кетээр мал-мүлк бар. Дагы не керек?.. Албетте досум, сенин уруксатың жана ак батаң керек. Ортобуздагы ыйык мамиле байланышыбызды түбөлүккө айырбай турган убада шертиң керек…

— Оомийин, оо куттуу Көкө Теңири, азиз досумдун ак жолун ачып, асыл тилегине жеткире гөр, – деп ойлонуп отурбастан, ойлонгондо эзмей майдалаанарын туюп, сөз бүткөнүнө муюп, Долон досунун далысын оң колу менен капшыра кучактай, көзүнө кылгырган жашты имере жутуп, касиеттүү Чыйырчык-Белде асманга алакан жайып турду, Муратай баатыр…

Ошондо ошондой болду… Ортодон күндөр күлүгүн чаап, айлар аргымагын бастырып, жылдар жылкысын сүрдү. Туура үч жылдан соң, баягыдай жай саратанында, баягы Чыйырчык-Белде, баягы аппак боз үйлөр ар-ар конушта айдың көлгө конгон ак куулардай көрүнгөн акжолтой айылдын ажайып күн нуру балбылдап чыгып келаткан ак таңында ак калпак эки дос айдалыдан алышып, кайрадан көрүшкөн учур да келди…

— Сүйүнчү Муке, көптөн күткөн Акмарал аяшың аман-эсен көз жарып, эгиз уулдуу болуп, төбөм көккө жетип турганда, мынабу күн жарыктык жаңы чыгып келаткан учурда дал өзүңдүн келип турганың сонун иш болду, кайып иш болду!.. – деп анда эл бийлөөчү даражага жетип калган Долон бий калдаңдай сүйүндү.

— Болсун досум, аксарбашыл! Сүйүнчүңө атым тартуу… – деп Муратай баатыр кол жаңсаганда жанжигиттеринин четкиси суулуктан турган  үртүктөлүү сүмбөдөй каражал сур аргымакты шаша-буша жетелей Долон бийдын алдына туура тартты.

— Ыраазымын досум, ыраазымын! Атың анык тулпар экен жаныбар… – деп Долон бий ырымдай аттын суулугунан алды да, ыраазы боло жайма-жай сылады.

— Ой, мынабу эмненин жүнүн жулуп атат? Казбы, өрдөкпү?.. —  деди Муратай эми ары жактагы үймөлүктөшүп аткан үч-төрт жигитке кызыга карай.

— Оп баракелде досум! — деди Долон бий карсылдай күлүп.-  Бул болгондо да аккуу! Өзүң билесиң го, мүнүшкөрдүк жайым бар экенин. Былтыртан бир барчын бүркүт таптап жүрдүм эле, таң эрте бастырсам береги айдың көлгө топ аккуу жаңы конгон экен, жапырт уча бергенде кыраанымды шилтесем топ башын тээп түшпөдүбү… Канаттуу болсо да касиеттүү кайберен тукуму эмеспи деп, этин бышырып расмисин кылып балдарыма ырымдап ысмын койдурайын деп турганымда өзүңдү Теңирим жеткирип турат ко…

— Баракелде болсун! Балдарыңа энчилеген ысмың бардыр, —  деди Муратай шашпай мойлосун жанып.

— Жо, жок Муке, өзүң койгун, —  деди Долон бий шаша, —  бүгүн сенин жолуң улук. Бүгүнкүнү эч ким сенден талаша да албайт!..

— Ошондой де… Анда Акмарал аяш, чүрпөлөрүңдү бери эшикке алып чык! — деди Муратай баатыр ыраазы боло. — Кесеге кымыз же айран болсо ала чыккыла, ооз тийип эки баатырга аксарбашыл айтып, атын коёлу…

Ак өргөө эшиги асте серпиле ачылып, эгиз уул бөлөнгөн бешиктерди кош колдой көтөргөн эки зайыптын коштоосунда үлбүрчөктүү аппак жоолукчан Акмарал айым чыга келип, үй ээсинен аяк алаар жашы улуу мейманына жүгүнө таазим этти да:

— Арыбаңыздар, — деди ыйбалуу үн менен башын ийе.

— Бар бол, аяш, — деди Муратай баатыр да маңдайы жарыла бакылдап. — Кана, баатырлар менен көрүшөлүчү…

Ал элик сап булдурсунун бүктөй кармап, эриндерин бүлкүлдөтө мемиреп жаткан ымыркайлардын чекелерине аярлай бирден тийгизгенден соң күбүрөнө кайра өз маңдайына тийгизе тооп кылды да, белиндеги күмүш кемерин чечип, колундагы булдурсунга кошоктой жанаша бешиктердин үстүнө артыла таштай алакан жайды:

— Оо улуу Жараткан кудурет! Береги бизге буйуруп, насип эткен ырыскыңа чексиз ыраазыбыз. Канаттуунун кайберени Аккуу ыйык куш. Ошол ыйык жаныбарды бизге ыроологонуңа ыраазыбыз! Эми Долон досум, сен ук! Уулдардын энеси Акмарал аяш жана бул жерде турган  жалпың ук! Балдардын атасы мени сыйлап, өзү уруксаат берип турат. Мен Жаратканга жалбаруу менен мынабу жамандарга — Теңирим берген эгиз уулдарыбызга Аккуу деген тегин эмес аталышты бузбай эки бөлүп койсом дейм. Оң жактагысы Ак уул, солдогусу Куу уул болсун! Өмүрлөрү узун, ден-соолуктары чың, ата-баба жолун, ак калпак кыргыздын тукумун улаган, намыска бек, бак даарыган берендер, элдик эрендер болсун, оомийин!

*     *     *

Ал түнү арзышкан эки жуп айтаарга сөздөрү түгөнбөй ушинтип-ушинтип бири-бирине алмак-салмак өткөндөрүн, өмүр таржымалын, ата-баба тек жайын, урук учмагынан, эл-жер тамырынан билгендеринче ортого таштап, экөөнө жолтоо болор “ай-буй” дээр жан жок, бири-биринин кебин укканга ынтызар, береги жашоонун даргөйү, жака-белдеги жана башка кызыкчылыктары таптакыр эстен чыккан таризде уккандан да, айткандан чарчоо жок, аземделген ак өргөө ичи эки капшытта илинген шамдын жарыгында жаркып, кубулжуган түркүн-түс көз жоосун алып, коломтодо “жылт-жулт” эткен от учкундары, андан келген жылуу тап, арча жыты ансыз да ысыган бойду мемирете, түндүк жабуусу артка серпилген күмүш чегелүү чамгарактардан арыдагы сансыз жылдыздары жымыңдай, алтын чарадай адеми айы калкыган ажайып түн экөөнүн энчисинде, эрк каалоосунда болуп турду…

“Ургаачы заты болгону менен ушунча санжыра-санатты билгенин карабайсыңбы…” — деп ичинен бир эсе таңгала, биресе суктана отурду эле, аны алдыртан сезген Наал эже жогоруда айтып келаткан Ак уул, Куу уул аталарынын баянын жыйынтыктай:

— Ушундай Көкө… Ак уул атабыздан мен, Адигине, Тагай, Муңгуш инилерим. “Мен” деп кыз кишинин көкүрөк какканын өөн көрбө. Атабыз жоо чабыштан алган жараатынан кырк жети жашында мерт болгондо мен он беште элем. Адигине он экиде, Тагай тогузда, Муңгуш үчтө эле, ал атасын анча элес албай деле калды. Өзүң көрдүң, апабыз Акмарал кыйла эле мээрбан, эр ишинен үй ишин артык көргөн жан. Атакем кеч үйлөнүп, кечирээк бала көргөнүн кээ-кээде армандап айтып калар эле. Өзү ашкере кайраттуу, баатыр болгондон тун баласы мени да эркекче кийинтип, эрбейген кезден ээрге мингизип, ууга ээрчитип, жоокердик өнөргө маштады. Азыр мен сайма сайып, кийиз жасап, үй оокаты менен алектенгенден ат чаап, куш салганды, жаа тартып аңчылыкка чыкканды артык билем, жакшы да көрөрүм чын.

— Анын баарын билем, билем… Өзүм да көрүп жүрбөймбү, — деди Көкөсү да коштой…

— Баса Көкө, менде бир күдүк суроо бар эле, кааласаң айт, каалабасаң тим гой… Ага таарыныч жок, — деди Наалы эже жылмайып.

— Сурабаганда…- деди Көкө баатыр шаша-буша, — жана башында “жашыра турган эч нерсе жок” дедим го.

— Ооба, биз эки жарты, бир бүтүн дегендей орток болуп калбадыкпы, — деп Наалы эже наздуу жылмая кайрадан кымыз толтурулган сыр аякты сунду да, – жүрөгүңдү оорутуп жүргөнүңдү кантип билбейин… Аң-сезими ордундагы ата кантип эле баласын  өлүмгө кыйып, өлүмгө буюрду экен. Ошону ар ким ар кандай айта берер, а мен өз оозуңдан уксам дедим эле да…

“Төх, атаңдынгөрү эй!… Ушуну бир күнү сурайт ко деп жүрдүм эле да…” — Көкө баатыр канчалык байкатпаска ичинен күңгүрөнө, эки тизесин аткый кармап, чымырканса да үнү калтаарый кардыга чыкты…

— Адам баласынын оюна түк келбей турган окуяга туш болгондо, ага моюн сунбаска арга да калбайт тура… Дайыр акем экөөбүздүн ортобуз бир жаш айырма, ошондон эгиздей чоңойдук. Жаңы көргөн киши анча айырмалай алчу да эмес. Апабыз кургур кырк жашында капилет оорудан көз жумганда акем жыйырма бирде мына-мына колукту ала турган болуп турган. Баары токтоду. Баары тескери болду. Жыл айланып акем эмес, эми атабыз кайрадан төшөк жаңыртып жаш колукту алды. Кудай урганда өгөй энебиз бизден да кичүү, өңдүү-түстүү, эрке мүнөз, ойсоке жан экен да… Атабыз уучулукка жана башка алыс-алыс сапарга көп чыккандан жаш аялы үйдө биз менен калчу. Ал адегенде Дайыр акеме, анан бара-бара мага тийиштик кыла баштады. Канчалык оолактасаң да орто бир, турак жай бир. Ал ансайын адам дити барбай турган ишке азгырат да турат. Акыры экөөбүздөн тең катуу сөз угуп, кагуу жеп тынды. Тынганы курусун, ал шуркуя, “сиз жокто эки уулуңуз тең, биринен сала бири көз артып, мени жыла бастырбай азгыра берет. Алар эми кол салгандан кайра тартпайт ко деп корком…” — деп кайра атабызга ыйлап да, жалынып-жалбарып да кулагына куюп, абдан ишендирип салган экен, ай-буйга келбей, эң кур дегенде көзүбүздү көрүп, сөзүбүздү бир укканга жарабай, өз атабыздан өлүмгө айдалып, өксүй-өксүй бири-бирибизди соорото, желдеттин алдында колубуз таңылуу,  тагдырга моюн сунуп кете бердик, аттиң…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.