Деңиз жээгинде карыя жашачу. Анын бул дүйнөдө карманар-каралашаары жок, жалгыз эле.

Бир күнү кечинде анын каалгасын бирөө кагып калды. Карыя башын көтөрүп кыйкырды:

– Ким бул?

Эшиктин артынан жооп берди:

– Бул мен, Байлыкмын.

Карыя ордунан турбай жооп берди:

– Бир кездерде мен жомоктогудай бай болчумун, бирок ал мага бакыт алып келген жок. Ал эшикти ачкан жок. Эртеси каалганы кайра дагы бирөө какты.

– Ким бул? – деди карыя.

– Бул мен, Сүйүүмүн! – деген жооп угулду.

Карыя:

– Мен сүйүктүү да болгомун, өзүм акылымды жоготкуча сүйүп да көргөмүн, бирок андан мен бактылуу болуп кеткен жерим жок.

Ал эшикти ачкан жок.

Үчүнчү күнү баягы окуя кайталанды, каалганын аркасында тыкылдатып бирөө турду.

– Ким бул? – деди карыя.

– Мен Ынтымакмын! – деди тигил.

Карыя күлүп, эшигин ачты:

– Кир, досторума эшигим дайыма ачык.

Бирок караса… Ынтымак менен бирге үйгө Сүйүү, Байлык кошо кирип келишти. Карыя тигилерди карап мындай деди:

– Ой, мен Ынтымакты эле киргизбедим беле!

Анда киргендер айтышат дейт:

– Сен ушунча жыл жашап жүрүп, ушул жөнөкөй чындыкты билбейсиңби?  Ынтымак бар жерде, Байлык, Сүйүү чогуу жүрүшөт!

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.