Италия эл жомогу: Кыздын себи

Кыштын кызы Бореа-бороон ойлонуп отуруп, жашым келип калды, багымды табайын деди. Түштүктөн соккон шамал Сирокко — көӊүлүнө толду. Учуп барып тартынбастан маселени кабыргасынан койду: — Дон Сирокко, мага үйлөнгүӊ келбейби? А Сирокко эркин жашоого көнгөн. Кааласа Африкага учуп барат же деӊиз үстүн чарпый зуулдайт – аялдын эмне кереги бар ага! Ошондуктан жообу мындай болду: — Э, донна Бореа, эки жакыр бириксе капчыгы толуп бай болбойт. Менде го эч нерсе жок, сенин деле жарытылуу себиӊ бар экенинен күмөнмүн. — Кантип мен […]

Мээрим Сайдилканова: Кыш (конкурска)

ЭТЮД Актар падышасы, кышым! Сени менен сырдашпаганыма, башымдан кумдай төгүлүп  өткөн күндөрүм жөнүндө ой чечишпегениме көп жылдар болуптур! Ошол жылдарымдын көбүн көр молдого алдырдым. Сени менен алгач таанышканымда көөдөк, ойноо кезим эле. Сулуулугуңа көз кандырып, каркайып үйлөрдүн бурчтарынан самсаалап, күн чайыттай жаркыраса көз жашын төккөн каухар ташындай канаттарыңды илебим менен аймалап эркелетип, үшүгөнүмдө суудан чыккан балыктай чабалактап  үйгө карай чуркаганым, дал ошол бала кездеги элестерин жоготкон жок. Сен мага салабаттуу чоң атам  нурдуу жүзүмдѳн сылап, үшүгѳнүмдѳ ичигине салып кучактап ысытканын […]

Дилазык: Кемчиликтин жакшы жагын көрө билүү

Кайсы бир өлкөдө ак эмгеги жана маңдай тери менен үй-бүлөсүн баккан карапайым адам жашаптыр. Анын кызматы күнүгө падыша сарайына суу ташуу эле. Кызматы өтө жөнөкөй болгон сыяктуу эле адам дагы ошондой жөнөкөй болчу. Ал барга көппөй, жокко чөкпөй күн кечирчү. Дайыма көтөрүңкү көңүл менен маңдайы жаркырап, айланасындагыларга жагымдуу маанай тартуулоону адатка айландырып алган эле. Күнүгө падыша сарайына, эки ийинине баканга илинген чакалар менен суу жеткизчү. Бирок чакалардын бирөөсү жарака эле. Бүтүн чака сууну толугу менен жеткизсе, ал эми жарака чака […]

Касым Кушубеков: От, эне, сүйүү жөнүндө новелла

«Канча мезгил өттү… А мен дагы эле бүтпөс күндөлүгүмдү улантып жатам». (Э. Мелхелайтис. «Контрапункт») — От өчкөн тура. Чоң кемпирдикине барып келчи. — Койчу, кечээ эле баргам,— деди бала. — Ширеңке түгөнүптүр. Бар, чай коёлу,— дедй энеси. — Күн жаап жатат. — Жааганы жакшы. Кап жамынып ал. — Батинкам суу. — Менин көлөчүмдү сүйрөп ал. — Ылайга батып калам. Анан урушасың. — Тур эми айтышпай. Черик каалганы ачары менен муздак шамал урду. Жамгыр желеленет. Көчө ээн. Чоң кемпирдин сокмо үйү […]

Турсунай Калмурат кызы: Түтүн каптап жаткан шаардын алдында (конкурска)

*     *     * Жетпей жашым. Жетсе башым, Жүрөгүнө эмне экен. Жеңилгендер махабаттан, Же бул күндө кем бекен. Мен издеген махабатым, Мекенимде, элде экен… ЛИПОФРЕНИЯ… Жалганы бар бүтпөгөн сызыктабыз, Жалаң ыр деп жашаган кызык ал кыз. Жан дүйнөсү бычырап кээде сынган, Жашоосуна акындын кызыкпаңыз. Пайдасы көп жакындан алысыбыз, Айтсачы кеп сезимге калысыбыз. Эшиктеги жамгырдай нөшөрлөгөн, Эх, болгону эки сап намысыбыз. Башын ийип баспачу көчөм менен, Арман үйүп башына өтөм деген. Жазылбаган жаратын бек кучактап, Акын башка… ыр жашайт бөтөн менен… *     […]

Бердибек Жамгырчиев: Сенин көзүң – сезимдеги мүнүшкөр (конкурска)

БУУЛУККАНДА Түйүлгөн кабагымдан күн коркуп түнөрчүдөй, Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй. Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм, Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй. Жандуунун баары калды артымда балакайлап, Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап. Жонумда арстандар…жол улап кете бердим, Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап. Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум, Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун. Көздөрүм чарт үзүлүп чыкчудай чанагынан, Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун.. Көйгөйлөр көз алдымда куюндай  сапырылып, Кадимки каршылаштар ар жерге жашырынып. Бук толгон жүрөгүмдү тамырдан сууруп салып, […]