Кыргыз эл жомогу: Жоомарт жана Адил

Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген кандар өткөн экен. Жоомарт кан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул кан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, «ач, жылаңачтар жокпу» деп жүрүп өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келатып, суу ичип аткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт «бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен», […]

Олжобай Шакир: Байларды кээде жаман көрөбүз, кээде жакшы көрөбүз (2-макала)

<<<<<<<< 1-макала Макаламдын биринчи бөлүгүндө чынжырлуу байлар арасынан адабияттан, илим-билимден агарып-көгөргөн акын агаларыбыздын бири, белгилүү өндүрүшчү, парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековду чымчый кеткен жерим бар эле, макала жарыяланары менен ал киши дароо телефон чалды. Ал экөөбүз мурда убадалашкандай; кийинки кездешүүбүздүн мөөнөтүн Чыкебиз эмнеге узартып келатканын телефон аркалуу түшүнүшкөн соң, экөөбүз кайрадан көзмө-көз кездештик. Жүйөөлүү себептерден улам колу тийбей жүргөн экен. Мурда-кийин кадырыбыз өтүшүп, бири-бирибизди жакындан билгенден улам, “РухЭш” сайтынын ишмердигине тилектеш, санаалаштыгын билдирип, улуттук адабиятты байытуу багытында: дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү […]

Лаура Хилленбранд: Жазуучу Ричард (конкурска №2)

АҢГЕМЕ Ричард Кинг банкта иштейт, бирок көпчүлүк жаштар сыяктуу иштеген ишине канааттанбайт. — Бул иш мен үчүн эмес, жазуучу болгум келет. Банктагы жашоо жөнүндө китеп жазууга болбойт, туурабы? Жашоону көрүшүм керек. Башка мамлекеттерди кыдырып, ал жерлердин элин таанып чыгуу зарыл. Ошондо гана жакшы китеп жаза аламын. Анан мени адамдардын баары таанып, көчөдө баратканымда “мына, карагыла, жазуучу Ричард” деп көрсөтүшөт,- деп кесиптештерине күн сайын айтуудан жадабайт. Банктагы чогуу иштешкен кесиптештери да аны “жазуучу Ричард” деп чакыра башташты. Бул кайрылууну алар шылдың […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<<<< Башы ЧАВГАН ОЙНОО ЖӨНҮНДӨ[1] Уулум, кулагыңа түйүп ал, чавган ойногондон сенин кыбаң канса, дайыма артынан түшүп ойнобо, анткени көп адамдар баш оту менен чавганга берилип кетип, балекетке кабылышкан. Икая Укканыма караганда, Амр-и-Лейстин бир көзү кыңыр экен. Ал Хорасандын эмири кезинде атайын жасалган майданга топ ойногону барат. Эмирди Азхари-и-Хар деген амир лашкер утурлап келип, атынын чылбырын колдон алат да: «Сага топту урууга жана чавган ойноого уруксат бербеймин» дейт. Амр-иЛейс: «Эмне үчүн сиз топту урсаңыз болот да чавган ойноп жаткан менин […]

Нуралы Капаров: Турду уста жөнүндө ыр

Тоголонду Турду чал күзгө жетпей, токсон тогуз кар малтап жүзгө жетпей, төрт жыл болду үйүнөн чыкпай калган тоого жетпей томсоргон түзгө жетпей. Калакайлап кара алтын көмүр күйүп, көөрүк баскан көмүргө темир күйүп, туягына тулпардын така жасап, көмүр менен түтөгөн өмүр күйүп… Көч улаган өмүрдүн баш жагында, көрбөгөнү көр болду жаш чагында, күчүн берди Кеминдин таштарына, күчүн берди Чүйүмдүн баткагына. Кандай жумуш кез келсе карабады, кара жумуш, ак жумуш, агалабы, башкарманын айтканын жок дедирбей барчын куштай күнү-түн сабалады. Топу кийген тоолордун […]

Калил Жибран: Жаман ойлуу адамдар эч качан максатына толук жетпейт

*     *     * Деңиздин сырын жетиле элек ойдун  тамчысы тууралуу кыялданып жатканда таптым. *     *     * Көнгөн адаттар аркылуу эмес ойлонуу менен аракет кылган адамды кайдан таба алам? *     *     * Адамдын каалоолору көбөйгөн сайын достору азаят. *     *     * Кедей болсоң, адамгерчиликти байлардын байлыгы аркылуу ченеген адамдан алыс бол. *     *     * Кыялдары жана каалоолору болбогон адамдардын жанында болгондон көрө, айырмаланып турган ойлору бар адамдардын арасында кыялкеч болгонду тандаймын. *     *     * Жашоонун эки негизги наамы – сулуулук жана […]