*     *     *

Деңиздин сырын жетиле элек ойдун  тамчысы тууралуу кыялданып жатканда таптым.

*     *     *

Көнгөн адаттар аркылуу эмес ойлонуу менен аракет кылган адамды кайдан таба алам?

*     *     *

Адамдын каалоолору көбөйгөн сайын достору азаят.

*     *     *

Кедей болсоң, адамгерчиликти байлардын байлыгы аркылуу ченеген адамдан алыс бол.

*     *     *

Кыялдары жана каалоолору болбогон адамдардын жанында болгондон көрө, айырмаланып турган ойлору бар адамдардын арасында кыялкеч болгонду тандаймын.

*     *     *

Жашоонун эки негизги наамы – сулуулук жана чындык. Биринчисин сүйүү толгон жүрөктөн, экинчисин эмгекчинин колдорунан таптым.

*     *     *

Кээ бир адамдар кулагы менен угат, кээси ашказаны менен, кээси чөнтөгү аркылуу, а кээси эч нерсе укпайт.

*     *     *

Кээ бир рухтар чаңсоркуч сыяктуу. Сизден соргонунан башка ичинен эч нерсе таппайсыз.

*     *     *

Улутун балакетке сүйрөгөн адам эч качан эгин экпеген, бир дарак отургузбаган, эч болбосо кийим жамаган адам эмес, тек, саясатты кесип катары тандап алган адам.

*     *     *

Сизди жасабаган күнөөңүз үчүн кечирген адам, чынында өзүн-өзү өз күнөөсү үчүн кечирет.

*     *     *

Аалым менен жинди ортосундагы айырма – жөргөмүштүн желесинен да ичке.

*     *     *

Дагы деле үңкүрдө жашагандар бар экенин унутпашыбыз керек. Үңкүрлөр биздин жүрөгүбүздүн өзү!

*     *     *

Эки жамандык ортосунда тандоо муктаждыгына кептелсеңиз, тандооңуз жашыруун болгонун эмес, ачык болгонун тандаңыз. Ачык болгону канчалык жаман болсо да.

*     *     *

Деңиздин ыры жээгине келгенде бүтөбү же аны уккан жүрөктөрдөбү?

*     *     *

Жаман ойлуу адамдар эч качан максатына толук жетпейт.

*     *     *

Эй жүрөк, билимсиздин  бирөөсү сага келип рухуң денең сыяктуу чиригенин айтса, гүлдүн дагы чиририн, бирок уругу жашаганын айт. Бул Жараткандын мыйзамы!

*     *     *

Бийиктиктерди көргүң келсе, тоого чык, тоонун чокусун көргүң келсе, булуттарга жабыш, булуттарды изилдегиң келсе, көзүңдү жум жана ойлон!

*     *     *

Жашоо биздин эки бетибизден күндүзү жана эртең менен өбөт. Бирок жасаганыбызга кечинде жана таңга маал күлөт.

*     *     *

Жараткандын көзү менен караган адам биздин жылаңач жана негизги чындыгыбызды көрөт.

*     *     *

Жараткан чындыкты, ар бир келген ишенимге кучак ача турган эшиктери менен жараткан.

*     *     *

Акын ырын окугандан кийин угучууга эң кереметтүү ырлардын жарала элегин сездирген адам.

*     *     *

Зулум лидер кычкыл жүзүмдөн таттуу вино жасайт.

*     *     *

Кайсы адам деңиздин түбүндө туруп бакчада саякаттагандай жүрө алат?

*     *     *

Акын өзүн бактылуу кыла албаса, угуучусун бактылуу кыла албайт.

*     *     *

Өзүңүздү жасалган ишти өркүндөтүү менен эмес, жасала элек ишти өнүктүрүү менен өстүрө аласыз!

*     *     *

Далил керектүү болгон чындык, жарым чындык.

*     *     *

Мени ыйлабаган аалымдан, күлдүрбөгөн философиядан, башын баланын алдында ийе албаган намыстан корго.

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.