<<<<<<<<<<< Башы

ЧАВГАН ОЙНОО ЖӨНҮНДӨ[1]

Уулум, кулагыңа түйүп ал, чавган ойногондон сенин кыбаң канса, дайыма артынан түшүп ойнобо, анткени көп адамдар баш оту менен чавганга берилип кетип, балекетке кабылышкан.

Икая

Укканыма караганда, Амр-и-Лейстин бир көзү кыңыр экен. Ал Хорасандын эмири кезинде атайын жасалган майданга топ ойногону барат. Эмирди Азхари-и-Хар деген амир лашкер утурлап келип, атынын чылбырын колдон алат да: «Сага топту урууга жана чавган ойноого уруксат бербеймин» дейт. Амр-иЛейс: «Эмне үчүн сиз топту урсаңыз болот да чавган ойноп жаткан менин топту чапканыма уруксат бербейсиз?» деп сурайт. Азхар жооп берет: «Себеби, биздин эки көзүбүз бар. Кокус топ көзүбүзгө тийсе, жайнаган дүйнөнү көргөнгө бир гана көзүбүз калат. А сенин бир эле көзүң бар, кокустан топ ошол жалгыз көзүңө тийсе, Хорасандын эмири болбой каласың». Анда Амр-и-Лейс айткан экен: «Эшек мээ болсоң да, чындыкты айттың. Мени ынандырдың, эми тирүү кезимде топту урбаймын».

Эгерде сен жылына эки жолу чавган ойноп, кыбаңды кандырам десең, ага уруксат берем. Бирок майданда оюнчу-чабендестер аз болсун, ошондо кырсык кем болот. Майданда сегиз гана чабандес болгону ылайыктуу. Сен майдандын бир четинде тур, башка бирөө экинчи четинде турсун да, калган алты оюнчу майдандын ортосунан топ чапсын. Топ сага учуп келсе, аны тосо ургун дагы андан кийин гана атыңды теминип топтун жанына бар. Бирок бир жериңди кокустатып албас үчүн мөөрөй алам деп башы-көзүңө карабай талашка кирбе. Бектер чавганды мына ушинтип ойношот. Калганы Алланын эркинде.

СОГУШ ӨНӨРҮ ЖӨНҮНДӨ

Оо, уулум, айкаш жүрүп жатканда шашпай козголуп, өлүмсүктөнбө; жоо сени талкалап, жеңишин тойлогонго жеткирбей аны таш-талкан кылып, жеңишиңди майрамдаганга үлгүрүшүң шарт. Уруштун ортосунда энөөлүк кылба, тескерисинче, жаныңды карч уруп аянба. Анткени бешенесине өлүм жазган адам эч айла менен үйүндө тынч уктай албайт. Табаристандыктардын тилинде менин айтканым бар:

Болсо дагы душмандары Арыстан,
Шер жигиттер коркпой туруп алышкан.
Үйдө уктаган өлум менен барабар,
Ашкан күч жок кайрат менен намыстан.

Ушул ырым жалпыга түшүнүктүү болуу үчүн персче да айтайын: Согушта бир кадам алга жыла алсаң, эч артка чегинбе. Эгер душман курчап алса, урушту токтотпо, анткени жоону чабышып жатып, багындырып алса болот. Алар сенин уруш майданындагы каармандыгыңды көрүшсө, сенден коркушат. Жоо бетиндеги ажалдан апкаарыба, жалтанбай согуш: коркпостун колундагы кыска канжар кылычтай узарат.

Уруш майданында коркконуңду билгизбе, анткени душман коркконуңду жана шайың ооп турганыңды байкаар замат сенин миң жаның болсо дагы анын бирин да куткарып, тирүү калбайсың. Ошондо эргежээлге чабыласың, ысымыңа жууса кетпес көө сыйпалат. Эр жигиттер арасында каарман жоокер катары таанылып, бирок даңкыңа татыксыз ишке барсаң, ысмыңды жоготосуң жана теңтуштарыңдын алдында ыраспа болосуң. Атак-даңктан жана оокаттан кол жууганыңдан кийин досторуң сени менен эсептешпей калышат. Мындай жашоодон өлгөн артык, шерменде жашоодон даңктуу өлүм жакшы.

Атак-даңкка бөлөнүп ал, жашынба,
Ансыз дагы бир өлүм тур башыңда!

Бирок бейчеки кан төкпө жана мусулмандын канын төккөнгө жол бербе; селсаяктарды, ууру-кескилерди жана шарият уруксат бергендерди аяба, себеби бейчеки төгүлгөн кан үчүн о дүйнө, бу дүйнө жамандык күтөт. Биринчиден, кыямат күнүндө ал үчүн жооп бересиң, ал эми бу жашоодо ысмың булганат. Экинчиден, кичүүлөр сенин жаныңда өздөрүн кооптуу сезишет жана малайларың сенден үмүт үзүшөт. Үчүнчүдөн, адамдар сенден четтешет, жүрөгүндө жек көрүшөт жана бейчеки төгүлгөн кан үчүн тиги дүйнөнүн каргышы урат.

Адам баласы жасаган жамандыктары үчүн бу дүйнөдө эле жазасын алат. Бул жөнүндө мен китептен окуганмын жана турмуштан белгилүү. Колу канга малынган киши бул тириликте бак-таалайлуу жашап өткөнү менен, каргыш анын балдарына тиет. Ошон үчүн «Кудай» деп өзүңдү жана балдарыңды ая, бейкүнөө адамдардын канын төкпө. Ал эми уруксаттуу, сооптуу кан төгүү зарыл болгон учурда сөлбүрөп турба, антсең өзүң зыян тартып каласың.

Элдин сөзүнө караганда, таятам Шамсалмаали канкор адам болгон экен. Ал каардуу адам болгондуктан эч кимди аябаптыр. Таятамдын катаалдыгынан заарканган аскерлер Фалакалмаали таякеме[2]: «Эгерде сен бизге кошулбасаң, өлкөнү бөтөн бирөөлөргө өткөрүп беребиз» дешип, аны таятама каршы кутумга барууга мажбурлашат. Аскерлерге кошулбаса, падышалык уруунун колунан чыгаарын аңдаган таякем, бийликти сактап калууну көздөп, лашкерлер менен чогуу өз атасын туткунга алат. Аскерлер таятамдын колу-бутун байлашып, замбилге отургузуп алып, ишенимдүү адамдардын коштоосунда Жанашк сепилине жөнөтүшөт. Алардын арасында Абдулла деген сарбан да болот. Шамсалмаали таятам жолдо баратканда төңкөрүштүн артында кимдер турганын Абдулладан сурайт: «Ээ, Абдулла, кутум мен үчүн күтпөгөн зор окуя болду. Мен ага каршы чара көргөнгө үлгүрбөдүм. Сен бул ишти эмне максат менен кимдер уюштурганын билесиң. Алар кимдер?». Абдулла аскерлерди төңкөрүш жасоого көндүргөн беш сипахсаларды атап: «Бул ишке мен өзүм да аралаштым. Башкаларды да үгүттөп, кутумду ишке ашырдым. Ал үчүн мени айыптабай эсепсиз адамдарды өлтүргөн өзүңдү күнөөлө», — дейт. Ошондо Шамсалмаали айтыптыр: «Сен жаңыласың. Бул жамандык адам өлтүргөнүм үчүн менин башыма келди. Эсим болсо, сен айткан бешөөнү сага кошуп өлтүрсөм баары жакшы болмок. Өзүм да коопсуз болмокмун».

Мен бул окуяны сени жасоого зарыл иштерди бүткөрбөй калтырбасын, мойнундагы милдетине жоопкерчиликсиз мамиле кылбасын деп айтып бердим. Кимдир бирөөн, кулдукка сатып алып, кийин аны жалтак кылып үйрөтүү — бул кан төгүүгө тете иш. Сен өз кызыкчылыгың үчүн мусулман пендени бычымал же тукум курут кылсаң, андан өткөн мыйзамсыздык болбойт.

Эгер сага бычылмал-евнух керек болсо, даяр бычымал изде; кимдир бирөөнү бычтырып, күнөөнү өзүңө алба. Согушта мен айткандай, өзүңдү аяба; денеңди ит-чөөгө жем кылмайынча өзүңдү арстанга теңей албайсың. Билгин: адам бир туулуп, бир өлөт. Тирүүнүн үч гана түрү бар: тилдүү тирүүлөр, тилдүү өлүүлөр жана тирүү жансыздар, башкача айтканда, периштелер, адамдар, айбанаттар жана канаттуу куштар.

Пехлеви тилинде жазылган перстердин китебинен окуганмын. Заруштадан тирүү жандын канча түрү бар деп сурашканда, ал айткан экен: «Тилдүү тирүүлөр, өлүп бараткан тирүүлөр жана тирүү өлүп бараткандар». Ошентип, бардык тирүүлөр өлөт жана эч ким пешенге жазгандан эрте өлбөйт: дилиңди берип согушуп, атак-даңк жана дөөлөт тапканга аракет кыл. Өлүм жана өлүү жөнүндө ыймандуулардын көсөмү Али ибн Аби-Талиб айткан: «Мен туулган күнү өлгөнмүн.» Бир сөздөн экинчи сөзгө өтсөм, дагы көп сүйлөп кетем, анткени «көптү билген көп сүйлөйт» деп айтылган эмеспи.

Сөздү «Бу дүйнөдө атак-даңкка жана нанга кантип жетсе болот?» деген суроо менен баштаган элек, ошол сөзгө кайрылалы. Атак-даңкка жана нанга жеткенден кийин байлык топтоого, мал-мүлкүңдү көбөйткөнгө жана аны керегиңе ылайык пайдаланганга аракет кыл.

БАЙЛЫК ТОПТОО ЖӨНҮНДӨ

Уулум, учуру келип турса, кайсы бир затты колдон чыгарбай сатып ал, бирок буюм үчүн өмүрүңө коркунуч жаратпа жана өзүңө ылайыктуу болсун үчүн буюмдун эң мыктысын сатып ал. Сатып алган буюмуңду сакта, тегин жерден колуңдан чыгарба, анткени сатып алгандан сактаган кыйын. Акчаңды бир нерсеге жумшасаң, ордун тез толтурганга умтул. Бир нерсе алсаң ордуна эч нерсе бербейсиң, Карундун[3] кенчи болсо да бир күнү түгөйт. Байлыкка жаныңды берип байланба жана түгөнгөндө кайгырбас үчүн аны өтө маанилүү дебе. Муктаждыкта достордон сураганча, душманга аз да болсо калтыруу керек деп айтылган го. Бирок байлыкты колдон чыгарбай бекем кармоо зарурат, себеби азды сактабаган көптү сактай албайт. Бирөөнүн мүлкүн сактаганча, өз мүлкүңдү сактаганды жакшы деп бил. Жалкоолуктан уял, жалкоолук — муктаждыкка жылоолош болот. Мээнет кыл, байлык жалкоолуктан эмес эмгек менен жаралат, эмгектен байлык топтолсо, жалкоолуктан тозот.

Даанышмандар айткан: гүлдөп-өсүү үчүн эмгектенгиле, бай болуу үчүн азга канаат кылгыла, досторуңар көп болуусу үчүн топуктуу болгула. Мына ошон үчүн эмгек жана аракет менен топтолгон дүнүйөдөн жалкоолуктун айынан кол жууп койгон акылсыздык болот. Муктаж болуп турганыңда өкүнгөндөн не пайда. Өзүң эмгектенгенден кийин үзүрүн да өзүң көргөнгө аракет кыл. Кымбат буюм болсо да, татыктуу адамдан аяба, кандай болгондо да эч ким эч нерсени өзү менен о дүйнөгө ала кетпейт. Жокчулукта мүңкүрөбөс үчүн чыгашаң кирешеңден ашпасын, жокчулук кедейлердин эле үйүндө эмес ар бир үйдө болот. Мисалы, кирешең бир дирхем[4] болуп, чыгашаң бир дирхем жана бир хаббэ[5] болсо, эч качан жокчулуктан башың чыкпайт. Үйдө жокчулук болбос үчүн дайыма бир дирхем кирешең болсо, чыгашаң бир дирхемден бир хаббэ аз болсун.

Барына канаат кыл, себеби канааттануу ошол эле токчулукту билдирет. Бешенеңе жазган ырыскың сөзсүз сага келет. Жакшы сөз жана адамдардын арачылыгы менен бүтчү ар кандай иште акчаңды жөн жерден сарптаба, анткени колу жука адамдарда таразасы болбойт. Жөнөкөй эл өз пайдасын ойлобостон эле бардык байларды жакшы көрөт жана зыянынан коркпой туруп, кедейлерди жек көрөт. Жокчулук адамды жарга такайт, байларды мактоого арзыткан сапаттары кедей үчүн шылдың. Адамдын айкөлдүгү анын жоомартыгы менен аныкталат жана ар бир адамдын баасын анын жоомарттыгынан бил. Ысырапчылыкка жол бербе, уятсыздык деп сана.

Теңдешсиз Кудай өз пенделери үчүн ылайыксыз деген нерселерди жасаган уят. «Ысырап кылбагыла, ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт» деп айтылган (Куран, V1, 142; VII, 29). Теңдешсиз жана даңазалуу жараткан сүйбөгөн нерсени сен да сүйбө. Ар кандай жамандыктын себеби бар, жакырлыктын себебин ысырапкорчулук деп бил. Ысырапкорчулук — байлыкты тозутуу гана эмес. Тамак жегенде, жүрүм-турумуңда, сүйлөгөн сөзүңдө, ар бир бүткөргөн ишиңде ысырапкорчулукка жол бербе, анткени ысырапчылык денени кордойт, жаныңды кыйнайт, акылыңды кемитет жана тирүүнү өлтүрөт. Өмүр майлуу билик экенин өзүң байкабадыңбы!? Биликке майды ченебей куйсаң, билик ошол замат өчөт. Биликти өчүргөн майды чени менен куйсаң ал өчпөйт, тирилик уланат, береги ысырапкордук «өлүмдүн» себеби болду. Ошентип, бийлик май менен эле жашабастан анын туура чени менен жашаганын аныктадык. Ченден ашыкчанын баары ысырапкорлук болот, биликке ошол эле май өмүр берди жана өлтүрдү. Мына ушул себептүү жараткан ысырапкорчулукту сүйбөйт, акылмандар да ар кандай ысырапкерчиликти колдобойт, анткени ысырапкорчулуктун аягы зыян менен бүтөт. Бирок жашооңду кыйын кылба, өз ырыскыңдын жолун бууба, тагдырыңа ыраазы бол жана болчу иште бейчекиликке жол бербе. Ким өз ишин чала кылса, ашыкча пайда көрбөйт жана каалаганына жетпейт.

Бар байлыгыңды керегиңе жумша, байлык кымбат болгону менен жашоо андан да кымбат. Жалпылап айтканда, тапканыңды пайдалуу иштерге сарптаганга аракет кыл. Өз мүлкүңдү сараңдарга ишенип тапшыр, кумарпоздор менен аракечтерге ишенбе. Сенин дүнүйөң ууру-кескиден коопсуз болсун үчүн башкаларды ууру деп эсепте. Мүлк жыйноодо жаңылба, ким жасап жаткан ишинде жаңылыштык кетирсе, киреше албайт, бакытка жана ойлогон максатына жетпейт; жыргалчылык эмгекке, эмгек жыргалчылыкка алып барат, бүгүнкү жыргалың эртең эмгекти талап кылат жана бүгүнкү эмгегиң эртеңки жыргалыңа жол ачат.

Эмгектенип жана эмгектенбей тапкан кирешеңдин бир дирхеминин эки дангын[6] үйүңө жана үй-бүлөңө жумша. Сага өтө зарыл жана керек болсо да андан көп сарптабагын. Ошентип, эки данганы ишке сарптасаң, дагы эки данганы мураскериң жана алдан тайып карылык моюнга түшкөн кезде пайдалануу үчүн бекем катып кой жана такыр эстебе. Калган эки данганы өзүңдүн жасалгаңа сарпта. Жасалгалардын акак таш жана алтын зергер буюмдар, күмүш, коло, жез сыяктуу өлбөсүн жана жээлибесин топто. Мал-дүйнө ташып баратса, жерге жумша, анткени жерге сарптаганыңды жерден аласың. Мүлкүң дайыма ордунда болот, кирешени, үзбөй алып турасың. Бул таза жана мыйзамдуу киреше. Үйүңө түрдүү керекке жарачу эмеректерди жана килем-төшөктөрдү сатып алган соң аларды сатпа жана «Эй, адам, азыр сатуум керек болууда, башка жолу сатып алам», — деп айтпа. Себеби, үй эмеректерин ар кандай зарылдык үчүн кайра сатып алам деген тилек менен сата берсең, андай буюмду кайра сатып ала албай калышың мүмкүн жана үйүң аңгырап ээн калат. Көп өтпөй өзүң да жардынын жардысына айланасың.

Ушу айтканымдай учуру келип турса эле карыз ала бербе, өз мүлкүңдү да күрөөгө койбо, тууйт деп процентке бербегин жана процентке да албагын. Карыз алганды пастык, жеткен уятсыздык деп сана жана мүмкүнчүлүгүң барда өзүң да эч кимге, айрыкча досторуңа, бир дирхем да карызга бербе; себеби аласаңды кайра сурагандын таарынычы — карыз бербей койгондогу таарынчтан чоң болот. Ошон үчүн, эгер карыз берчү болсоң, ал акчаны меники деп эсептебе жана бул акчаны досума тартуу кылдым деп ойлоп кой; достугуңар бузулбас үчүн досуң борчун кайтарганча сураба. Досту душман кылып алуу жеңил, ал эми душманды дос кылуу өтө татаал. Досту душман кылуу баланын иши, душманды дос кылуу акылман, кыраакы карылардын иши.

Бар дүнүйөңдөн татыктуу адамдарга энчи берип тур. Адамдын асылы болом десең бөтөн бирөөнүн дүнүйөсүнө көз артпа. Калыстыгың менен элге таанылгың келсе, өз мүлкүңдү өзүмдүкү деп бил, жаттыкын жаттыкы де.

АМАНАТТЫ САКТОО ЖӨНҮНДӨ

Уулум, эгер сага кимдир бирөө буюмун сактап бер деп сурачу болсо, колуңдан келсе — алба, а эгер алсаң бекем сакта. Бирөөнүн буюмун сактаганга алуу өзүңө мээнет алганга тең, анткени, ал акыр аягында үч нерсенин бирин алып келет: сага ишенип, сактоого берилген мүлктү бүтүн кайтарып берсең, теңдешсиз улук Алланын «Сага ишенип берилген затты анын эгесине кайтарышың лаазим» (Куран, IV, 61) деген сөзүн аткарасың.

Кеңпейилдүүлүктүн жана эр жүрөктүүлүктүн жолу эч нерсени сактоого албоо, а эгер алчу болсоң, аны эгесине бүтүн кайтарып берүү.

Икая

Бир киши үрүл-баралда мончого барганы үйдөн чыгат. Жолдо досун кезиктирип: «Мени менен мончого жүр», — деп чакырат. Досу: «Сени мончонун эшигине чейин узатып барайын, бирок жуунганы кирбеймин. Убактым жок», — дейт. Ошентип, ал досу менен ээрчишип мончого жөнөйт жана төрт көчөгө жеткенде ага айтпастан туруп, башка жолго түшүп кетет. Бу тушта биринчи адамдын артынан аярлай басып, ууру бараткан болот. Ал кокустан эле артына бурулуп, караңгыда ууруну тааныбай досум экен деп ойлойт да жеңинен чарчыга оролгон 100 динарды ууруга сунуп: «Эй, тууган. Мен мончодон чыкканча бул акчаны кармай турчу. Анан бересиң», — дейт дагы мончого кирип кетет. Ууру акчаны алат да кетпей күтүп турат. Береги адам жарык кирип калганда мончодон чыгат да, түз эле үйүн көздөй жөнөйт. Ууру артынан жете келип: «Оо, кең пейил адам. Адегенде өзүңдүн алтыныңды алгын да анан үйүңө бар. Мен сен ишенип берген алтынды сактаймын деп, өз жумушумдан калдым» дейт. Тиги киши түшүнбөй: «Сага эмнени ишенип бердим? Сен кимсиң?»- деп сурайт. «Мен уурумун. Сен алтыныңды мончодон чыкканча мага сактаганы бергенсиң», — дейт ууру. Тиги киши: «Эгер ууру болсоң эмнеге менин алтынымды алган бойдон кетип калган жоксуң?» — деп сурайт. Ошондо ууру: «Эгер мен өз мээнетим менен тапсам, миң динар болсо да сен жөнүндө ойломок эмесмин. Сага бир динар да бермек эмесмин. Бирок сен мага сактап бер деп ишенип бергениңди уурдап алып, пастык кылбайм. Пейли кең адамдар андай кыянаттыкка барышпайт»,-  деп жооп берген экен.

Ошон үчүн сактоого алган затың сенин катышууң жок бүлүнсө, анын ордуна башка
бир нерсени сатып бергениң оңдуу. Эгер бирөөнүн аманат буюмуна көзүң түшүп,
билбейм деп жашырып алсаң-бул чоң күнөө. Непада сактоодогу буюмду эгесине
кайтарып бергенче, анын айынан көп түйшүк тартсаң да сенин кыйналганыңа карабай,
буюмдун эгеси сага эч ыраазы болбойт: тарткан азабың өзүң менен калат. Ал: «Бул менин буюмум эле, тиги жайга койгонмун. Эми сага калтырбаймын да кайтарып алдым» дейт. Чынын айтам, сага акыр аягында ырахматы жок көп түйшүк калат жана алган алкышың — кийимиңде калган изи болот. Кокус, сактоого алган затың жоголсо, сага эч ким ишенбейт, эч негизсиз жерден туруп, эл алдында ысмың булганат, теңтуштарың арасында абийириң кетет жана болочокто сага эч ким ишенбей калат. Эгер береги зат сенде калса, ага ээ чыга албайсың жана мойнуңа чоң күнөө түшөт, бу дүйнө бактылуу болбойсуң, а тиги дүйнөдө теңдешсиз жараткандын каары тийет. Бирок өзүң кимдир бирөөгө мал-мүлкүңдү сактаганга берчү болсоң, жашыруун бербе, анткени сенин мүлкүңдү андан эч ким тартып албайт. Эки ишенимдүү күбө жок өз дүйнөңдү эч кимге аманатка бербе жана кийин чатакташпоо үчүн берген заттарың үчүн андан тил кат алгын. А эгер иш чатакка айланса, талаш учурунда уят-сыйды унутуп, абийириңди жоготпо, абийирсиздик — зөөкүрлүктүн белгиси. Мүмкүн болсо, чындап касам иччү мезгил келгенде, адамдар сенин сөзүңө ишенүүсү үчүн чындап да, калп да касам ичпе жана жеңил-желпи эле касам ичип, элге таанылба. Канчалык бай жана атак-даңктуу болгонуң менен чынчыл болбосоң, өзүңдү жарды деп эсепте; себеби, уятсыз менен калпычы акыр аягында томаякка айланат. Сага болгон ишеничти акта, анткени ишеним — философиянын алтын ташы деп бекерге айтылбаган; ар убак чынчыл жана калыс жүрсөң, бай болосуң, себеби бардык байлык адилеттүү жана чынчыл адамдарга таандык. Бирөөнү алдабаганга аракет кыл, бирок өзүң да кулдарды сатып алып жатканда алдангандан өзгөчө этият бол. Сени Алла өзү колдойт.

КУЛ САТЫП АЛУУНУН ЭРЕЖЕСИ ЖӨНҮНДӨ[7]

Уулум, эгер кул сатып алууну кааласаң, кылдат бол, анткени адамдарды сатып алуу татаал илим. Кеп жакшы кулдар бар, бирок аларга илимий көз менен карасаң, баары тескери чыгат. Көпчүлүк адамдар кул сатып алууну соода иши деп билишкени менен, бул философияга таандык илим. Арийне, ким болсо да сатып алып жаткан товарыңды билбесе, ал алданып калат, ал эми адамды аңдап билүү — баарынан кыйын иш. Адамда кемчилиги да, жакшы касиеттери да көп. Анткен менен, анын бир кемчилиги жүз миң жакшы сапатын жууп кетет жана бир жакшы сапаты жүз миң кемчилигин басып кетет.

Адамды жүзүнөн окуп[8] жана тажрыйба аркылуу аңдап билсе болот, а көрөгөчтүк илими-окуялык илимине таандык нерсе жана бул илимдин түбүнө адамдын жакшы-жаман жактарын ажырата билген пайгамбарлардан башка эч ким жетпейт. Канткенде да мен сага маалым болушу үчүн кулдарды сатып алуунун шарты, кулдардын кемчилик-артыкчылыктары жөнүндө билишимче айтып берейин.

Билгин жана эсиңе түйүп ал: кулдарды сатып алуунун үч шарты бар. Биринчиси, алардын көзгө көрүнөө жана көзгө көрүнбөгөн жакшы сапаттарын көрөгөчтүк менен ажырата билүү. Экинчиси, сырткы белгилерине карай жашыруун жана көрүнөө дарт-илдеттерин ажырата билүү. Үчүнчүсү, ар бир кулдун тегин, кемчиликтерин жана артыкчылыктарын көрө билүү.

Көрөгөчтүктүн биринчи шарты мындай. Кулду сатып алып жатканда баарын жакшылап ойлон, анткени кардарлар ар түрдүү болушат. Айрымдары кулдун жүзүнө маани берип, дене түзүлүшүнө жана башка жактарына көңүл бурушпайт. Экинчи бирөөлөр кулдун жүзүнө карабастан денесине, арык-семизине, мүчө түзүлүшүнө, чырайына көңүл бурат. Бирок сенин кулуңду көргөн ар бир адам эң алды анын жүзүнө, андан соң дене түзүлүшүнө көңүл бурат, анткени кулдун жүзүн ар качан көрсө болот, а денени акырындап барып көрөсүң. Андыктан, чырайлуу кулду тандаш керек, себеби сен да анын жүзүн ар дайым көрүп жүрөсүң. Ошон үчүн, адегенде көзүнө жана кашына кара, андан кийин мурдун, ээриндерин жана тиштерин карап көр, андан соң чачына көңүл бур, себеби улуу жана даңазалуу эгем сулуулукту бардык адамдардын көздөрүнө жана каштарына берген; сулуулук — мурунга, таттуулук — ээриндер менен тишке, тунуктук — жүзгө, чач — мунун баарын кооздоп турсун деп сулуулук үчүн жараткан.

Денени ушинтип кароо керек. Эгер кулдун эки көзү жана каштары жакшынакай, мурду сулуу, ээриндери менен тиштери ширин, териси тунук болсо, башкасын эч ойлобой сатып ал. Эгер кулда мунун баары болбосо, ал келбеттүү болсун. Менин түшүнүгүмдө, өңсүз сулуудан көрө көрксүз келбет турпат жакшы. «Кул кайсы бир иш үчүн» деп бекеринен айтылбаган. Ошон үчүн кулдун сырткы белгилерине карай анын табиятын үйрөнүп, сатып алганды билүүгө тийишсиң. Кулду өзүң эс алчу жайда эрмек кылуу жана баарлашуу үчүн сатып алчу болсоң, анын бою өзүңө ылайыктуу, денеси назик, териси жука, мүчөлөрү келишкен, сары тору же ынды кара, узун каштуу, кара көз, кырдач мурун, ичке бел, май көчүк, ай жүздүү, эриндери кызыл, тиштери ак жана күрүчтөй тегиз болуп, бардык мүчөлөрү мен азыр айткандай болушу лаазим. Мындай кул сулуу жана сүйлөшкөнгө ымаласы ысык, адептүү, сырга ишенимдүү, курч сөздүү жана акылдуу болот.

Акылдуу жана жолдуу кулдун белгилери булар: ал сымбаттуу, коюу чачтуу, орто эткер, денеси ак жуумал кызгылт, алаканы жайык, салааларынын ортолору ачык, жазы маңдай, көздөрү кара сур, жүзү жайдары жана күлкүгө тез болсун. Мындай кул түрдүү илимге жана чарбачылыкка зарыл эсеп-кысапчылыкка, ошондой эле казына иштерине үйрөткөнгө жарайт, ага кандай гана ишти болбосун ишенип тапшырса болот. Музыкага шыктуу кул назик денелүү келип, сыртынан арык чырай көрүнөт; манжалары узун, бирок өтө арык же семиз болбошу керек. Бети эттүү кулдан сактан, ал эч нерсени үйрөнбөйт. Кулдун алаканы кебездей жумшак, манжаларынын ортосу ачык, жүзү нурлуу, териси жука, ал эми чачы өтө узун же кыска эмес, өңү өтө кызыл же ынды кара эмес, көздөрү кара сур, таманы тегиз болсун.

Мындай кул ар кандай чебердикти талап кылган ишти, айрыкча, музыканы тез үйрөнөт. Аскер өнөрүнө шыктуу кулдун чачтары кайраттуу, өзү турпаттуу, чымыр денелүү, булчуңдуу жана колунун манжалары күчтүү, сөөк-саактуу, териси калың, кан тамырлары терисин тээп чыккан, тарамыштуу, алаканы калактай чоң, кең көкүрөк, кең далы, жоон моюн болот. Анын ичи салаңдап, көчүгү тартылып, басканда булчуң эттери ойноп туруш керек. Башы таз, көздөрү кара, өңү серт болгону жакшы. Мындай кул — тайманбас жана жеңилбес аскер болот.

Гаремди ишенимдүү күзөтчү кулдун мүнөздөмөсү мындай: ынды кара, өңү серт, териси темгилдүү, арык чырай, чачы ичке жана суюк, буттары ичке, ээрди калың, мурду жалпак, манжалары кыска, бүкүр чалыш жана ичке моюн болуш керек. Мындай кул гаремди күзөткөнгө жарайт. Бирок анын териси ак же кызгылт болбосун. Чачы маңдайына түшкөн, өзгөчө, көздөрү тунарып оргоштогон сарала кулдардан этият бол. Андайлар аялдарды жакшы көрүшөт жана эркектер менен аялдар ортосунда арачылык кылганга шыктуу болушат.

Иттерди жана аттарды караганга шыктуу уятсыз кулдун белгиси: каштары жоон, көзү тоскок, көккөз, көзүнүн агы кызыл темгилдүү, ээриндери жана тиштери узун, оозу чоң болуш керек. Мындай кул уятсыз, зөөкүр чалыш жана орой болот, ачуусу тез келип, чырлашып-чатакташканды сүйөт.

Фарраш[9] жана ашпозчу болгонго жарачу кулдун жүзү жана денеси таза, тегерек бет, колу-буттары ичке, көздөрү кара сур жана жашыл тартып, бою узун, чачы сары кочкул жана түз болуп, аз сүйлөшү шарт. Анан да ар бир кулдун түпкү тегин, уруусун, кемчилигин жана мыкты сапаттарын жакшылап териштирип алган маанилүү. Аларды санап берсем: индустардын кемчилиги көп сүйлөгөндүктөн үйдөгү чоруларды тажатып бүтүшөт. Индус уруулары башка элдерден айырмаланып, эч ким менен аргындашып кетпейт. Адам атанын заманынан бери бир да индус кол өнөрчү башка бир индус кол өнөрчү менен камыр-жумур болуп кетпеген. Ошон үчүн соодагер кызын соодагердин уулуна күйөөгө берип, уулун да соодагердин кызына үйлөнтөт; касапчы касапчы менен, дыйкан дыйкан менен, аскер адамы аскер адамы менен, брахман брахман менен кудалашат.

Андыктан индустарда ар бир даражанын жана ар бир уруунун өзүнө таандык каада-салты бар. Анын баарын сүрөттөп отурбайын, анткенде китептин ирээти да өзгөрүп калат. Бирок индустардын мыктылары мээримдүү, зирек, чынчыл, тайманбас, чарбачыл болушат жана булардан брахмандар менен илимпоздор чыгат.

Нубиялыктар жана аббисиниялыктарда башка элдерге караганда кемчилиги аз болот. Деген менен, аббисиндер нубийлерден мыктыраак саналат, анткени пайгамбарыбыз алейсалам аббисиндер жөнүндө көп жакшы сөздөрдү айтып кеткен. Бул ар бир уруусунун кемчилик-артыкчылыктары жөнүндө илим бар.

Эми үчүнчү шарт — бул кулдардын ачык жана жашыруун дарт-илдеттерин сырткы белгилерине карап билүү жөнүндө. Кулду сатып алып жатканда өтө кылдат бол жана бир көргөндө эле сатып алганга макулдук бербе. Себеби, адеп көргөндө түрү серт неме да кемтиксиз көрүнөт жана өңдүү-түстүү кул кепшийип көрүнүшү мүмкүн. Анын үстүнө адамдын жүзү дайыма эле өзүнүн табигый касиетин сактай албайт: кээде сулуу көрүнсө, кээде серт көрүнөт. Кулду сатып алгандан мурда анын денесинин ар бир бөлүгүн кунт коюп карап чык, эч нерсени жаздым калтырба. Көзгө байкалбаган, дененин сыртына чыга элек жана бир нече күндөн кийин пайда болчу оорулар көп кездешет. Алардын да өз белгилери болот.

Эгер бети бир аз саргылт тартып, ээриндери кумсарып, көздөрүнүн нуру качып турса, бул геморройдун белгиси. Көзүнүн тегереги дайыма шишип турса, бул сары суу оорусунун белгиси. Көзү кызарып, маңдайындагы тамырлары көөп турса, бул талманын (эпилепсия) белгиси. Кирпиктери жай кыймылдап, ээрди тез-тез тартылган меланхолия оорусу. Мурдунун сөөгү ийрейип, тегиз болбосо, бул денеде оорудан пайда болгон тешик фистула бар экенин жана мурду көп канаганын билгизет. Чачы ашыкча кара, кайраттуу жана коюу болуп, айрым бөлүгү өтө эле кара болсо, мындай чач боёлгон болот. Дененин демейде белги урулбачу ар кайсы жеринде так же атайын басылган белгини байкасаң, анын астында песи жок бекен, кылдат текшерип көр. Ээриндери бозоруп, көздөрү сары тартып турса, бул сарыктын белгиси.

Кулду сатып алып жатканда жаткызып алып, эки капталын сыйпалап, эч жери оорубайбы жана шишиги жокпу, анысын жакшылап текшер. Эгер капталы ооруса же шишиги болсо, анын боору же көк боорунда илдети бар экенин билдирет. Көзгө көрүнбөгөн жашыруун дартты карап жатканда, ооздун жана мурундун жыты барбы, дененин тешиктери жокпу, кулагы кыңырбы, тили кекеч эмеспи, түз басабы, тиштери бекемби ушунун баарын алданбай текшерип чык. Мунун баарын аныктап болгондон кийин кулдун ээсинин ким экенин даректеп бил. Кул сенин үйүңдө чынчыл болушун кааласаң, аны чынчыл адамдан сатып ал.

Персче сүйлөбөгөн кулду тапсаң, персче сүйлөгөн кулду сатып алба. Анткени, чет өлкөлүк кулду өзүң каалагандай тарбиялап аласың, ал эми персче билген кул тарбияланбайт. Кул базарда жүрүп делебең козголуп кетсе, сага ал деп сунуш кылынып жаткан кулдарга караба. Себеби, жүрөгүң азгырылып турганда өңү серт кул да сымбаттуу көрүнөт. Ошондуктан, адегенде делебеңди кандыр, андан соң соодалаш. Мурдакы турган жеринде эрке болгон кулду сатып алба, анткени сен дагы эркелетип жүрбөсөң, ал же качып кетет, же башка жакка сатып жиберүүңдү каалайт, же сени өлгүдөй жек көрөт. Эгер аны эркелете баштасаң, ал сага ыраазы болбойт, себеби мурдакы жеринде эркелеп көнүп калган. Мурдакы эгелеринен зобун-зордукту көп көргөн кулду сатып алып, ага бир аз жакшы мамиле жасачу болсоң эле сага ыраазы болуп, сени сүйүп калат.

Кулдарга татыбаган болсо да маал-маал белек жасап тур, аларды эч качан акчага муктаж абалга жеткирбе, болбосо аргасыздан акча издөөгө баш байлашат. Кулдун кымбатын сатып ал, себеби буюмдун сапаты баасына жараша болот эмеспи. Көп кожоюн алмаштырган кулга жакын жолобо, күйөөдө көп болгон аял сыяктуу эле кожоюну көп болгон кулдан жакшылык күтпө. Буюм алсаң, көбөйчүсүнү гана сатып ал. Кул чындап эле сенден кеткиси келсе, аны көп ойлонбой сатып жибер.

Аял — ажырашууну, кул сатылууну кааласа, а сен башыңа түйшүк үйүүнү каалабасаң, алардын тилегин аткар. Эгер кул ачыктан ачык жалкоолонуп, жумушту атайылап жаман кылса, аны тартипке чакырам дебе, ал арамзалыгын таштап, ийкемдүү болбойт. Мындай немени саалгытпай сатып кутул, уйкудагы адамды бир кыйкырып ойготсо болот, а жалкоону не сурнай тартып, не добулбас кагып, ойготуу мүмкүн эмес. Сага кереги жок малайды кызыкпай айда, анткени чакан үй-бүлөң дагы сен үчүн байлык. Кызматчыларыңа алар сени жээрип качпагандай жакшы мамиле кыл; эки жалкоодон бир мээнеткеч артык. Үйүндөгү кулдардын ар бирине ага-инидей, чоруларга эже-карындаштай мамиле кылууга жол берсең, чоң балакетке кабыласың.

Кулдар жана эркин кызматчылар алдан тайып, баш ийбей койбоосу үчүн аларга күч-кубатына жараша иш жүктө. Мээрмандын мээрманы болууну кааласаң өзүң адилеттүү бол. Кул өз эгесин агам, эжем, энем жана атам деп санасын. Көптөгөн соодагердин колунан өткөн кулду сатып алба, кул соодагер үчүн такачы-устаны талашкан эшектей күрөшүүсү керек. Болуп-болбос иш үчүн сенден кетүүнү каалаган жана сатыкка түшкөндөн коркпогон кулдан жакшылык күтпө, андайды түйшөлбөй алмаштыр. Эгерде кулду менин сөзүмдөн чыкпай издесең, дилинде эмне кааласаң, ошого жетесиң.

ТУРАК ЖАЙ ЖАНА ЖЕР САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, муну билип, эсиңе бекем түй: жер жана турак-жай же башка бир нерсе сатып алгың келсе же сатууну кааласаң, мыйзам чегинен чыкпа. Сатып алчуңду коом дымып турган кезде ал, сатчу нерсеңдин баарын талап күч кезде сат. Пайда көрүүнүн амалын изде жана андан уялба. «Бир нерсе сатып алам десең, анын ээсин кашып-сыла» деп тегин айтылбаган. Соодалашуудан качпа, анткени соодалашуу жана бааны төмөндөтүп бер деп суроо — соодадагы жарым ийгилик. Бир нерсе сатып алып жатканда киреше-чыгашаңды чамалап иш кыл. Жакырланып калууну каалабасаң жок кирешенин эсебинен эч нерсе сатып алба. Бар дүнүйөңө зыян келтирбейин десең, чыгашага кириптер кылчу кирешеге кызыкпа. Өзүңө ток болуп, жакыр жашоону каалабасаң, бирөөнүн байлыгына кызганба жана сугуңду артпа, ар кандай иште сабырдуу бол: сабырдуулук ошол эле акыл эстүүлүк. Эч бир иште өз пайдаңа көңүл кош мамиле кылба: бейкамдык ошол эле акылы кемдик. Кокус жасап жаткан ишиң чиелешип, туңгуйукка кептелсе, сабыр кыл дагы анын башы ачылганча демейдеги ишиңди уланта бер. Шашкандан бир да иш изине түшпөйт.

Эгерде үй сатып алууну кааласаң, болочок коңшуларың ишенимдүү адамдар болсун; үйдү шаардын четинен жана чептин түбүнөн сатып алба. Арзанына кызыгып, эски үйгө азгырылба. Адегенде коңшусун байка. Арабдар айткан эмеспи: Оболу коңшу, анан үй. Бузуржмихр даанышман төрт улуу балээ бар деп айткан: Биринчиси жаман коңшу; Экинчиси бараандуу үй-бүлө; Үчүнчүсү батымы жок аял; Төртүнчүсү жокчулук.

Үйдү эч качан алиддерге(шииттерге), аалым-илимпоздорго жана амалдарларга (кызмат адамдарына) коңшу жайдан сатып алба. Үйдү бай адам жашаган көчөдөн да албаганга аракеттен жана мурда айтканымдай коңшуң адамгерчиликтүү инсан болсун. Үй сатып алгандан кийин коңшуңдун укугун сыйла жана сакта: коңшунун укугу баарынан улук.

Өз көчөңдүн жана маалеңдин эли менен ынтымактуу жаша; кесел адамдардын үйүнө барып, ал-ахывалын сурап тур жана көңүл айтчу адамга жадыңдан чыгарбай көңүл айт; сөөк чыгарганда мазарга кошо бар. Коңшуңа колдон келген иште жардамыңды аяба, кубанычын тең бөлүш; өз көчөңдө сыйлуу болуу үчүн коңшу-колоңдорго мүмкүндүгүңө жараша азык-түлүктөн жана кийим-кечеден жардам бер. Өз көчөңдүн жана маалеңдин балдарын көргөндө кучактап чекесинен сүй. Ал эми кары-картаңдарга илбериңки салам айтып, сый-урмат менен мамиле кыл. Өз көчөңдөгү мечитте жума намаз өткөр, а рамазан айында мечитке шам жана билик жөнөткөндү унутпа. Адамдарга кандай мамиле кылсаң, алар да сага ошондой мамиле жасашат.

Уулум, билип ал, адамдар жакшылык менен жамандыкка өз жасаган иштерине жараша арзыйт. Андыктан, жаман ишке баспа, жаман сөз айтпа: ким татыксыз иш жасаса, анын кусурун тартат. Мүмкүнчүлүгүң барда көңүлүңө ылайыктуу чоң шаарларга жайлашып ал. Жолоочунун көзү түшпөс үчүн жаңы сатып алчу үйүң башка үйлөрдөн бийик болсун, бирок терезеден коңшуларыңа кадала карай берип, оңтойсуз абалга койбо. Жер сатып алганда, жериң коңшулуу жана булактуу болушу зарурат. Эмне сатып алсаң да, аны түшүмдүү жылда сатып ал.

Сатып алганга баргер адамдын короо жайлуу жана бак-шактуу там жайын тапсаң, ээси жалгыз жана мыйзамдуу болсун. Мураскер күмөндүү болсо, жолобо. Албетте, коргондолгон бак дарактуу жай түбөлүктүү байлык болгондуктан, аны сатып алгандан кийин абаддаштырып карма жана кароосуз калтырба. Үзбөй киреше берип туруусу үчүн ар күнү алакандай жерди болсо да абаддап тур. Короо жайыңды жана тамарка жериңди тындырбай иштет, анткени, жер кирешеси менен баалуу. Эгерде жердин баасына кирешеси кошо эсептелбесе, чөл жерлердин баарын ата жайым деп бил. Бирок чөлдү өздөштүрмөйүнчө кыпындай да ныпа албайсың.

Уландысы>>>>>>>>>>>

Которгон Амирбек Азам уулу

[1] Чавган – ат оюну. Атчандар эки топко бөлүнүп, колундагы жыгач калак менен жыгач
топторду каршы тараптын дарбазасына киргизет.

[2] Фалак-ал-Маали Манучехр ибн Кабустун уулу.

[3] Тооруттагы Корей, бай. Куранда Карун (ХХVIII,76; XXIX, 38; ХL, 25).

[4] Дирхем – араптардын байыркы күмүш теңгеси, салмагы 2, 97 грамм. 695 – жылы башка өлкөлөр менен соодалашуу үчүн чыгарылган.

[5] Хаббэ – сөзмө сөз алганда данды билдирет, өтө аз салмакты өлчөөчү чен бирдиги.

[6] данг – салмактын бирдиги. Түрдүү мезгилде түрдүү жайларда салмагы жана баасы ар башкача болгон; дирхемдин 1/6ине барабар.

[7] Кай-Кавус түрдүү элдердин кулдарына мүнөздүү кемчиликтерди өтө орой сүрөттөгөндүктөн, Е.Э. Бертельс андай жерлерди орусчага которбой түшүрүп койгонун окурманга өзү эскертет.

[8] Бул жерде адамдын жүзүндөгү мүнөздүү белгилер аркылуу анын мүнөзүн жана эмне ойлоп жатканын билүүчү физиогогномика илими жөнүндө айтылууда (котормочу).

[9] Фарраш – сөзмө сөз маанисинде «килем салгыч», кызматчы.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.