Индия эл жомогу: Ач көздүк эмнеге алып барат

Деңизден алыс кыштакта абдан ач көз жана сараң дыйкан жашаптыр. Бир күнү ал кокос жаңгагын жегиси келип, он рупий алып базарга барып, биринчи эле дүкөнгө кирип сурап турду: — Кожоюн, кокос жаңгагың канчадан? — Төрт ан турат (ан – Индиянын майда тыйыны). — А сен үч ан турган жаңгак кайда сатыларын билбейсиңби? — Билем, кошуна дүкөндө. Сараң дыйкан ал жерден да жаңгак сатып алгысы келбеди. Мындан да арзан жаңгак издеп дагы ары жөнөдү. Ошентип бир нече саат бою базарды кыдырып, […]

Эстафета эл өкүлү Бактыбек Раимкуловдон Таабалды Тиллаевге узатылды

“РухЭш” сайты коом агартуу багытында түптөлгөн маданий долбоор экени белгилүү. Андыктан аталган сайттын адабият, маданият, илим жана билим багытындагы аракеттерине Жогорку Кеңештин өкүлдөрү да кайдыгер эмес экенибизди билдирип келебиз. Маданият, адабиятты өстүрүү максатында кесиптештеринин арасында демилге көтөрүп чыккан Садык Шер-Нияз баштап берген эстафета саамалыгы колдоого алаарлык иш. Андыктан бул чакырыкка биз да үн катып, буга чейин уланып келген саамалыкты колдой турганымды билдирем. Ошондой эле салттуу жол менен уланып келаткан эстафетанын шарты боюнча мен да өзүмдүн атымдан “РухЭш” сайтынын 0558 08 […]

Бактияр Султанбек уулу: Мен жасанбайм, мода издеп кийимден

ЭКӨӨБҮЗДӨ БИР ЖҮРӨК Толкундаба, деңиз көлүм тынч алгын, ансыз деле азап муңга курчалдым. Мен кейисем, тагдырына журтумдун, сен өкүнбөй, кайра күчө курч алгын. Өйдө коём, сенин баркың түшпөсүн, ушул учур кылым санап бүтпөсүн. Өткүр болгон кылыч мизин мокотпой, Кыргыз журтум кең келечек түптөсүн. Кыргыз деген көкүрөгү жалындуу, баары билет жер бетинде барыңды. Эң биринчи бал тилимде энем бар, ошондуктан эне тилиң жагымдуу. Жаман иттей тынбаган бар үргүлөп, жакшылыкты чыгарбасын сүргүлөп. Бир өзүңдөн сезип турам бар сырың, ал анткени экөөөбүздө бир […]

Орозобекова Гүлнара: «Биринчи мугалим» повести (Өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» №3 дилбаян Арийне, алтынды дат баспаган сымал таланттуу адамдардын кѳзү ѳтсѳ да, эртедир-кечтир ѳзүнүн татыктуу баасын алат, артында калган урпактары, эли-журту эстейт, эскерет, даңазалайт. Өнѳрлүү ѳлбѳйт деген сѳз бекеринен айтылбайт тура. Кыргыз адабиятында албан эмгек жараткан, баалуу адабий мурас калтырган, кылымдын жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар буга далил. Калдайган калың журту, артында калган урпактар жазуучунун арбагына таазим этип, эл-жерге ѳтѳгѳн ак эмгектин, эң оболу ѳнѳрдүн улуулугун даңазалап, жаштардын акыл-оюна «артына из калтырып, […]

Шайлообек Дүйшеев: Бизден күчтүү, бизден таланттуу силер барсыңар

Биздин тарыхыбыз аябай эле кыска. “Биздин” деп мен кыргыз поэзиясына өткөн доордун 80-90-жылдары келген өзүмдүн муунумду айтып жатам. Адабиятка келгендер ушинтип тобу менен келип, анан тобу менен адабий альманахтарга жарыяланып, жазуучулар союзунун “короосуна” кирип-чыгып, адабий ийримдерге катышып, анан тобу менен чуркап, анан акырындап тобунан бөлүнүп, бириндеп чуркап, жалгыздап чуркап олтуруп, “жөндөмү”, “шыгы”, “таланты” күчтүүлөрү “жарыштан” озуп чуркап, анан барып ак ниет акын-жазуучулардын, адабий коомчулуктун көзүнө түшөр эле. Ошентип биздин муун азыраак болсо дагы СССР Жазуучулар союзунун камкордугунун чеке-белин көрүп, алдыбыз […]

Жибек Келдибекова: Карекке каткан сүрөт (конкурска)

АҢГЕМЕ Алардын аңгемеси интернет желесинен башталган. Ал жерден таанышып, желеден дос болуп, желеден сүйүшүп калышты. Айтып келсе кеп кызык… Кыздын желедеги аты «Ширин» болуп, анын чыгарып койгон баш сүрөтү көргөн кишинин көз майын жечүдөй укмуш сулуу эле. Жигит оболу кыздын ошол баш сүрөтүнө ашык болуп калды. Ал «Ширин» аттуу кыздын жазган ырларына кызыгып, чынын айтканда кыздын тордогу баш сүрөтүнө ашыкча кызыгып, өзү да билбей торго чыкса эле ошол «Ширинди» издеп, анын кылчайып карап турган сүйкүмдү сүрөтүн көргөнгө шашылчу болду. Айтбаса […]

Талғат Кеңесбаев: Карлыгач-ой, учтуң го зорго-ой… (конкурска №3)

АҢГЕМЕ …Алчыланган айры калпагы менен асманды тирегенсиген Ала-Тоонун агала мөңгүлөрү күнгө жарк-журк чагылыша түркүн түскө чулгана атып келаткан таңдын керемети бир укмуш… Ажайып сулуулукка серепчилей мейманкананын балконунда бир саамга суктанып турдум да,  бөлмөмдү тапшырып, жүктөрүмдү көтөрүнүп сыртка чыксам жаңы эле көзүмө ак чатырдай көрүнгөн Ала-Тоо алеки саатта өзгөрүп, бийиктен төмөн ала тайдай чапкылаган булуттар агыла түшүп келаткан экен… Алар улам айбаттуу күрүлдөп, кишенеп, туяктары менен таш кулаткансып шагырап, дүпүрөшөт… Аңгычакты майда тамчылар Бишкек шаарынын жонуна тырсылдай тама баштады… Чиркин… жамгырдын […]

Падыша болуу оңой, адам болуу кыйын

(Дүйнө элдеринин икаяларынан) Бүтүн аял Бир дыйкандын эки аялы бар экен. Мунусу үчүн аны сот жообуна тартышат. Сот дыйкандан сурады: — Мындай кылмыш кылууңа эмне себеп болду? – Кечиресиз, урматтуу сот, кылган ишимди кылмыш деп эсептебеймин, — деди дыйкан. – Менин эки эмес, бир эле аялым бар. Аял киши адамдын жарымы экенин баары билишет. Бекеринен “менин жарымым” деп айтышпайт да. Ошон үчүн жарты эмес, бүтүн аялдуу болгум келип, эки жарым, бир бүтүн деп эки аял алгамын, — дептир. *     *     […]