«Айтматовдун мен окуган чыгармасы»

№3 дилбаян

Арийне, алтынды дат баспаган сымал таланттуу адамдардын кѳзү ѳтсѳ да, эртедир-кечтир ѳзүнүн татыктуу баасын алат, артында калган урпактары, эли-журту эстейт, эскерет, даңазалайт. Өнѳрлүү ѳлбѳйт деген сѳз бекеринен айтылбайт тура.

Кыргыз адабиятында албан эмгек жараткан, баалуу адабий мурас калтырган, кылымдын жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине ѳткѳрүлүп жаткан иш-чаралар буга далил. Калдайган калың журту, артында калган урпактар жазуучунун арбагына таазим этип, эл-жерге ѳтѳгѳн ак эмгектин, эң оболу ѳнѳрдүн улуулугун даңазалап, жаштардын акыл-оюна «артына из калтырып, жакшы жашап ѳтүү» деген сезимди калтырганы менен даңктуу болду.

Менин колумда Ч. Айтматовдун  “Биринчи мугалим” повести турат. Чыгарманы окуп бүткѳнчѳ күндүз колумда, кечинде жаздыгымда болду. Окуп да бүттүм (шашып). Окуп бүтүп, жапсам эле жети кабат жердин түбүнѳн алаканың, бүткүл денең менен жапсаң да болбой улам оргуштап чыгып жаткан булак суусундай сезимдерим ички жан дүйнѳмдѳн ашып-ташып, кѳкүрѳктү жара тээп, асман-жерге сыйбай, жан жыргалымдан биротоло ажырап кала тургансып, китепти жаба албай отурдум.

Жети кереметтин бир керемети болгон Тадж-Махалы бар, миллиард эли бар Индия эли таппаган Ч. Айтматовду, улуу кытай элинен чыкпаган Ч. Айтматовду, теңирим кыргыз элинин багына берген. Кыргыз адабиятынын алпы, алакандай жер, бир ууч эли бар Шекерден чыккан Ч. Айтматовду нак ѳзүндѳй сүрөттөп берүү ар кимдин эле колунан келе бербесе керек.

Абайды Абай кылган М. Ауэзов болсо, Ч. Айтматовду чыгармалары тааныта алды. Анын чыгармалары дүйнѳнүн 175тен ашык тилине которулуп, 67,2 миллион нуска менен             830 жолу басылып чыккан. Ошол тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчундагы миллиондогон китеп окурмандар Ч. Айтматовду кѳрүшкѳн эмес. Алар жазуучуну чыгармалары аркылуу билишти.  Алакандай кыргыз элин Ч. Айтматов аркылуу таанышты. М. Ауэзов менен Луи Арагон “Жамийланы” окуп, жазуучунун келечегин көрө билишкен. Көрсө, ошондо эле ааламга аты кеткен жазуучу жаралганын туюшкан тура.

Жазуучунун өмүр жолу жөргөмүштүн желесиндей чырмалышып турду. Аны колунан жетелеп, колтугунан сүйөгөн, өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болгон эч ким болгон эмес. Жетим өскөн чиедей жаш балдар, тамак-аштын, кийим-кеченин тартыштыгы, согуш, жетишпеген жашоо, анан окуу, тынымсыз окуу – мына ушулар алп жазуучуну чыгармачылыкка жетелеген. Билимдүү ата-энеси балдарын да билимдүү болууга үгүттөп турган. Чыңгыз кендирди кескен жокчулук күндө да окуусун токтоткон эмес. Өзүнүн чыгармаларындагы каармандар анын жашоосунда болгон. Өзү жашап жүргөн аймактагы адамдардын согуш учурундагы кыйынчылыктарын бала да болсо жүрөгү менен сезип, алардын жашоосун көз алдынан өткөргөн. Мына ушундай жашоодон анын каармандары келип чыккан.

Менин колумдагы «Биринчи мугалим» чыгармасы мени катуу таасирлентти. Бүгүнкү күндөгү окууга болгон шарттар менен ошол кездеги окууну салыштырып, кандай кырдаал болбосо да окууга болгон дилгирликти сезе алдым. Биринчи мугалим Дүйшөн агайдын балдар үчүн жан үрөп, алардын келечегинен көптү үмүт кылып, жергебизге кылган жакшылыгын көрүү кыйын эмес. «Мугалим» деген сөз менин өзүмө жакындай сезилди. Анткени апамдын мугалим болуп эмгектенип, көптөгөн балдарга билим, тарбия берип жүргөнүн Дүйшөн агайга окшоштурдум.

Эгер ошол кезде Дүйшөн агай болбосо, Алтынайдай академик чыгат беле? «Мугалимдик кесип – кесиптердин төрөсү» деп бекеринен айтылбаса керек. Дүйшөн агай өз кесибин сүйгөн, балдар дегенде кара жанын карч уруп, өзү эмнени билсе, балдарга ошону бергенге аракет кылган. Ошол кездеги тап күрөшүнө каршы туруп, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирсе да, балдарды таштаган эмес. Алтынайга агайынан ажыроо кыйынга турган. Бүгүнкү күндө менин жашым да Алтынайдын курагында болгондуктан, Алтынайдын агайына болгон мамилесин мен жан дилим менен түшүнүп тургандаймын. Алтынайдын эрдиги – ошол кездеги жеңесинин каршы чыкканына карабай барып, окууга кызыккандыгы; өзүнүн билимге болгон дилгирлигин кичинекей булактын көзүн ачкандай ачып, аны  чоң дайрага айлантып, андан ары алып кете алгандыгы.

Бүгүнкү күндө биздин коомдо деле эрте никеге туруу катталып жатат. Мектепте бул кылмыш экендиги, эрте турмуш жолуна аттанган кыздар эч качан жакшы жашап кете албастыгы бизге түшүндүрүлүп жатат. Автор ошондо, демек, эч качан эскирбеген теманы көтөрүп чыккан тура. Эгерде ушундай ааламдашкан доордо деле эрте нике катталып жатса, ал кезде бул андан да күчтүү болсо керек. Дүйшөн мына ушундай тузактан Алтынайды чыгарып, жаңы жашоо, жаркын келечек үчүн аттандырганы мени катуу таасирлентти. Дүйшөн агай көптүн бириндей  гана мамиле кылып, Алтынайды алып чыга албаса, Алтынайды кандай тагдыр күтөт эле?  Алтынайдын эрдиги – эскирип, элдин кан-жанына сиңип калган салтты аттап, жаңы жашоого умтулуп, сапар алып кеткендиги.

Дүйшөн агайы экөөнүн ортосундагы билинбеген махабаттын жиби Алтынайдын ичинде кошо кетти. Кийин агайынын алдына келе албагандыгын саймедиреп кагаз бетине түшүрүп, кат аркылуу билдирди.

Жазуучунун 90 жылдык юбилейине карата мектеп ичинде өткөрүлгөн сынакка катышуу үчүн Ч. Айтматовдун эстелигине барып таазим кылып, гүл коюп, ыр окудум. Эстеликтин жанында казактын даркан талаасын кезип, Күркүрөө суусун кечип, Жамийла менен Данияр, күлүк Гүлсаратын алка-шалка терге түшүрүп, тоодон шашып-бушуп Танабай, Алтынайын ээрчитип Дүйшөн, Султанмуратты колтуктап Мырзагүл, буура Каранардын оозунан ак көбүгүн чачыратып Сары-Өзөктөн Эдигейлер келип, баары автор менен кол кармаша эстеликти айланып жүргөндөй. Каяктандыр, тээ алыстан: (көктөнбү)  “Оо, адамзат, акыл-эсиңерден адашпагыла” деген Найман эненин үнү кулакка угулгансыйт. Кыргыз эли турганда аалам алпы эч качан унутулбайт. Муундан муунга мурас болуп кала бермекчи.

Бишкек шаары, Көлмө конушу

№78 мектеп-гимназия

8-К2 класстын окуучусу Орозобекова Гүлнара

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.