К.К. Жунушалиеванын, Р.А. Мырзаеванын жалпы билим берүүчү орто мектептердин 6-классы үчүн сунуштаган география боюнча окуу китебиндеги оркойгон каталар туурасында.

Бул китептин кол жазмасына бир жыл мурун Жусуп Баласагын атындагы КУУнун география факультетинин адистери сын айтып, «оңдолууга тийиш» деген бүтүм чыгарышкан. Жазуу түрүндө да Кыргыз билим берүү академиясына кайрылышкан.

Алардан “Сиздер айткан каталарды эске алдык, оңдолду” деген жооп келди. Бирок биз көрсөткөн каталар эч оңдоосуз чыккандыктан ал туурасында жазуу түрүндө Билим берүү министрлигине кайрылдык. Алардан да ушундай эле мазмундагы кат алдык.

Акырында китеп да жарык көрүп, биз тааныша электе эле коомчулук, эне-аталар, мектеп мугалимдери массалык маалымат каражаттары аркылуу тынчсызданганын билдире башташты.

Ушундан кийин карап чыгып, эч оңдоо-түзөтүүсүз, окуучуга таптакыр сунуштоого мүмкүн эмес, ар бир бетинде оркойгон ката менен жарык көргөн китепти окуучуларга таңуулап жатышканын түшүндүк. Биз айтып жаткан каталар майда, грамматикалык же стилистикалык, техникалык каталар эмес. Негизги деген түшүнүк-аныктамалардагы ката туурасында болуп жатат.

Жакында эле Жогорку Кеңештин комитетиндеги талкууда министр Г.К. Кудайбердиева мындай жоопкерчиликсиз авторду жактап, ачуу чындыкты айткандарды “булар конкурстан өтпөй калган адамдар, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат” деп карандай калп айтты.

Ал жердеги үч адамдын бирөө да конкурска катышкан эмес. Катышмак тургай катышууга арыз да берген эмес элек. Министр калп айтса, деги кимге ишенүүгө болот?

Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгү — анын географиясында, тарыхында жана тилинде. Булар биздин да өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүн көрсөтүп турган тармактар. Алгачкы географиялык түшүнүктөрдү мектеп окуучулары 6-класстан баштап алышат, географиялык түшүнүктөрү калыптана баштайт. 6-класска сунушталган китеп илимий-методикалык жактан туура эмес. Башынан туура эмес билим алса, кийинки түшүнүктөрү кандай болору белгисиз.

Китептин мазмуну менен таанышуу «аны 6-класстын окуучуларына окуу китеби катары сунуш кылууга таптакыр болбойт» деген пикирди жаратты. Китепте өтө олуттуу кемчиликтер бар.

1. Китеп 6-класстын окуучуларынын билим деңгээлин, жаш өзгөчөлүктөрүн эске албайт. ЖОЖдордун география адистигиндеги студенттерге сунушталуучу “Географияга киришүү”, “Жалпы жер таануу” сабактарындагы көптөгөн темалар бар. Мисалы, география илиминин түзүмү (тармактары), изилдɵɵ усулу, географиялык кабыктын мыйзам ченемдүүлүктөрү (зоналуулук ж.б) ж.б. 6-класстын окуучуларына өтө эрте.

2. Китепте көптөгөн негизги түшүнүктөр, терминдер, аныктамалар көп учурда эч бир түшүндүрмөсү жок эле берилген. “Балдар өзү эле билип алышат” деп ойлошсо керек, авторлор. Эң кызыгы — терминдердин аныктамаларынын кɵпчүлүгү туура эмес берилген. Китептен алынган айрым көчүрмөлөрү:

​“Глобус” түшүнүгүн карап көрүңүздөр. Биринчи берилишин 6-класстын окуучусу эмес, көп адам түшүнбөйт. Андан кийин кайра негизги аныктама катары бөлүп да берген. Анда “бир нече эсе” деген сөздү пайдаланган. Окуучулар: “Эжей, глобус канча эсе кичирейтилген?” десе мугалим кантип жооп берет? Жөн гана “Глобус – жердин кичирейтилген модели” деп берилиши керек эле.

“1м3 абадагы суу буусунун саны абсолюттук нымдуулук деп аталат” деп берилиши керек эле.

Топурагы жок деле борпоң катмар бар да. Мисалы, көл жээгиндеги кумду айтсак болбойбу (“жер кыртышынын үстүңкү жука катмары” деп)? Таптакыр туура эмес берилген. Топуракта органикалык заттар болот, ал жөнүндө сөз жок.

Мындай мисалдар абдан көп, ар бир экинчи аныктамадан табууга болот. Негизги түшүнүктөр туура эмес берилип отурса, башкасы жөнүндө кандай айтууга болот?

§3 параграфта “Дүйнөдө география илиминин өнүгүшү” деген тема берилген. Бул темада эң алгач география илими кайда, кайсы элде калыптанып өнүгө баштаганы тууралуу түшүндүрмө берилиши керек эле.

Темадан кийин эле саякатчылардын тизмеси берилген. Андан кийин суроо жана тапшырмалар менен бүтүп калган. Ал саякаттар эмне максатта, кандай шарттарда өткөнү тууралуу бир ооз сөз жок. Колумб менен Магелландын саякатын кыска, анан туура эмес беришиптир.

Кылымдар ɵткɵн сайын географиялык илимдин ɵнүгүшүнɵ эмне себеп болгону жɵнүндɵ эч бир маалымат жок. Бул таблица география илиминин өнүгүшүн такыр эле түшүндүрүп, ачып көрсөтө албайт.

​Биринчи бɵлүмүнөн баштап эле ар бир бетинде илимий кɵз карашка дал келбеген маалыматтар, туура эмес аныктамалар берилүүдɵ.

Мисалы: Горизонтту биринчи аныктама катары берген. Эмне, кыргыз окуучулары тоо арасында жашап жатса алар горизонтту кɵрɵ албайбы? “Түздүктөрдө” деген сөз болбош керек.

Ал эми бул китептин орусчасында «горизонт» деген түшүнүк мааниси боюнча алгачкы кыргызча жазылган китептен которулуп жазылышы керек эле. Кыргызча аныктамасы менен орусчасы бири-бирине жакындабайт. Орусчасында суу бетин да кошуп кеткен, ал кыргызчасында жок. Аны төмөнкү көчүрмөсүнөн көрсөңүздөр болот:

​Кыргыз жана орус тилиндеги окуучуларды бири-бирине каршы даярдайбызбы?

Кийинки эле бетте: “Азимут – түндүккө карай багытталган багыт аныктай турган нерсенин ортосундагы бурч” деп туура эмес, түшүнүксүз маалымат берилген. (14-бет). Түшүнүксүз, окуучу тургай илим-билимдүү киши да аны түшүнбɵйт. 15-бетте кайра эле “Азимут — жер бетиндеги обьектиге карата болгон бурч” деп жазылып турат. Ал эми туура аныктама — түндүккɵ багытталган сызык менен байкоо жүргүзүлүп жаткан объектиге багытталган сызыктын ортосундагы бурч. Географтарда “А” дегендеги эле түшүнүк — бул азимут.

Бир эле азимутту эки жолу түшүндүргөнгө аракет кылышкан. Бирок экөөндө тең так бере алышкан эмес. Мындай каталар дээрлик ар бир темада, ар бир аныктамада кезигет.

​3. Окуу китебинде материалдар баш-аягы жок иретсиз берилген. Адегенде эң жөнөкөй түшүнүктөр берилип, андан кийин негизгилерине өтүш керек эле. Бир-эки эле мисал. Адегенде топографиялык карта жөнүндө өзүнчө карап, андан кийинки темаларда топографиялык картаны түзүү үчүн сөзсүз зарыл түшүнүктөр — шарттуу белгилер, масштаб, салыштырма бийиктик, горизонталдар түшүнүктөрү берилген, тескерисинче болууга тийиш эле.

§5 параграфта “Топографиялык карта” деген чоң тема берилген. Бул параграфтын кыргызчасы менен орусчасы бири-бирине толугу менен дал келбейт. Ар бир параграфында дал келбестик бар. Авторлордун абдан жоопкерчиликсиз мамиле кылганы көрүнүп турат. Мындай катачылык кечиримсиз! Анын көчүрмөсү да аягында тиркелди.

§10 параграфта климат жөнүндө аныктама бар, ал аба ырайы, анын режими деген түшүнүктөн кийин берилиши керек эле. Ар бир түшүнүктүн бериле турган орду бар да!

5. Окуу китебинин мазмуну менен таанышууда авторлор физикалык географиянын жөнөкөй негиздерин өздөрү түшүнбөйт деген ой пайда болот. Себеби, көптөгөн түшүнүктөр айтылат, бирок эч түшүндүрүлбөйт. Мисалы, материктик тайыздык, каптал, Махоровичтин катмары (чек менен катмардын айырмасы жокпу? Айырмасы абдан чоң, аны катмар эмес, чеги деш керек). Мындай оркойгон каталар абдан көп.

6. Иллюстрациялар көп, бирок таптакыр түшүнүксүз. Бир эле мисал: көп жылдык тоңду “мезгилдүү тон” деп көрсөткөн. Географ эмес, адам да муну түшүнөт.

Мезгилдүү тон болуш үчүн жылуу мезгилде эрип кетип, кышында кайра тоңуш керек.

Кийинки мисал: 5-параграфта “Топографиялык карта” деген тема берилген. Мында чү дегенде эле “Топографиялык карта” деген түшүнүккө аныктама туура эмес берилген. Топографиялык карта өз ичинен ири, орто жана майда масштабдуу деп бөлүнөт.

​Андан кийин эле топографиялык картанын мисалы жана анын жардамы менен аткарылуучу тапшырма берилген. Картада горизонталдык бийиктиктер туура эмес берилген. Ошондой эле, тапшырмасында Ак-Суу дарыясынан… деген аталышты айткан, ал аталыш картасында жок. Окуучулар туура эмес картадан тапшырманы кантип аткарышат?

​Ооба, суу сыяктуу табигый нерсени даамдап, жыттап көрсө болот, ал эми табигый кубулушту кантип даамдап, жыттап көрөбүз?

Мындай одоно, кечиримсиз каталар ар бир бетинде бар. Биз китептин алгачкы бөлүмдөрүн гана карап көрүп, аягын кароонун зарылдыгы жок экенин түшүндүк. Себеби негизги, жөнөкөй түшүнүктөр абдан ката берилген.

Түзгөн тесттеринде да каталар толтура, мисалы:

Мында сиз кандай жооп бересиз? Төрт жообуу тең туура болуп саналат.

Аягында берилген терминдерде да абдан оркойгон каталар толтура, аларды кандай түшүнө алышат? “А” тамгасындагы, 1-бетиндеги гана оркойгон каталарын мисал катары берели:

Термометрдин шкаласы көрсөтсө ошону абанын температурасы дейбизби? Бул аныктамабы? “Адаптацияга” жана “Аярлуулукка” берген аныктамасын 6-класстын окуучусу эмес, дасыккан географ да түшүнгөн жок. Мындай каталар абдан эле көп, терминдер жагында да ушундай.

Жогоруда биз негизги аныктама, терминдерине гана токтолдук. Ал негизги аныктама-түшүнүктүн чечмеленип берилген сөздөрүндөгү каталарды саноо мүмкүн эмес. Эгер негизги аныктаманы авторлор түшүнбөсө, анын тегерегиндеги түшүнүктөрдү кантип туура бере алат?

Массалык маалымат каражаттарында география китеби жөнүндө сөз болгондо “котормочулар туура эмес которгон” деп котормочуга шылтай салышат. Негизги жазылышындагы, кыргызчасындагы кечиримсиз каталарды көрдүңүздөр. Орусча китебинде мындан эки-үч эсе көп каталар бар. Аныктамалар, түшүнүктөр мааниси боюнча которулушу керек эле. Алгачкы жазылган кыргызчасын которбостон, Интернеттен (Википедиядан) орусчасын алып эле коюп коюшкан. 100% дал келбестиктер абдан көп. Аны төмөнкү мисалдардан көрүп көрүңүздөр:

Биринчиден, аныктамасы туура эмес, экинчиден, орусчага котормосу эмес, такыр эле башка текст берилген. Кыргыз тилдүү балдарды башка, орус тилдүү балдарды башка түшүнүктө окутабызбы? Бул бир гана мисал, китептин башынан аягына чейин ушундай дал келбеген жерлери толтура.

Ошондой эле 5-параграфтагы “Топографиялык карта” деген бөлүмүнүн кыргызча жана орусча варианттарын мисал катары карап көргүлө. Тексттери 100% дал келмек турсун, орусчасында 1 бет текст түрүндөгү маалымат ашыкча берилген.

Мына, каргызчасында “Топографиялык карта” аныктамасын берип, андан соң 4-5 сап түшүндүрмө берилген. Алары да туура эмес.

Кыргызчасында “Топографиялык карта” түшүнүгүнө аныктама берсе, орусчасында ал жок. Анын ордуна орусчасында “План” жана “Горизонтальные линии” деп берилген. Алар кыргызчасында жок. Ошондой эле тексти 100% бири-бирине дал келбейт. Орусчасында бир бет маалымат ашыкча да берилген.

Бул бөлүмдү салыштырууда беттин номурларына да көңүл бурсаңыздар.

Жогорудагы оркойгон, кечиримсиз каталар китептин алгачкы эле бөлүмдөрүнөн мисал келтирилди, баарына токтолууга сан да, убакыт да жетпейт. Мындай деңгээлдеги китеп менен окуучуларды окутуу мүмкүн эмес. Китептин мазмунундагы олуттуу каталарды көрүп, авторлордун географ катары көз караштары калыптана элек экенине ынандык. Себеби, эң жөнөкөй аныктамаларынан баштап ката берилген. Китепте 70% ашык түшүнүктөр ката берилген. Муну окуу куралы деп айтууга болобу? Бул китептин деңгээли менен таанышып чыккан соң төмөнкү сунуштарды берүүгө туура келди:

Бул китепти тез арада мектептерден артка кайтарып алыш керек. Себеби, окуучулар туура эмес түшүнүккө ээ боло башташты.

Кайрадан бул китепти оңдоп, түзөп басууга тыюу салуу зарыл. Себеби, китепте оркойгон каталар абдан эле көп, авторлордун географ катары калыптана электиги көрүнүп турат. Массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткандай, басмакана өз каражаты менен кайрадан чыгарса эки эсе көп чыгым кеткен болот. Себеби, басмакана китептин мазмунуна жооп бербейт да. Же китепти авторлор эмес, басмакана жазабы? Китептин 80% ашыгы ката болсо, аны оңдоого болобу?

Бул китептин ушундай деңгээлде чыгышына байланышкан тараптардын жоопкерчилигин кароо зарыл. Ал тараптар: авторлор, рецензент, Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Чыңгыз агабыздын чыгармасында душмандар адамды маңкурт кылыш үчүн жаш баланын башына суу кайыш кийгизчү эле. Ал да саналуу гана адамдарга колдонулган. Азыркы учурда массалык түрдө маңкурт кылуунун жаны ыкмасы – сапатсыз, ката китептер менен окутуу болуп жаткан жокпу? Илим-билими күчтүү мамлекет гана тез өнүгө алат го. Биздин келечегибизден кандай болот?

(Жогоруда каталардын айрымдары гана, баарын берүү мүмкүн эмес)

Көз каранды эмес эксперттер:

Г.и.к., доцент Токторова Р.А. – Ж.Баласагын атындагы КУУнун География, экология жана туризм факультетинин деканы, окуу-методикалык бирикмесинин төрайымы;

Г.и.к., Кулматов Т.Н. – КУУнун Физикалык география кафедрасынын доценти;

Г.и.к., Дүйшөнакунов М.Т. – КУУнун Физикалык география кафедрасынын доценти, факультеттин окуу-методикалык комитетинин төрагасы.

«Азаттык»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.