Чоң суроо жаралды да калды. Жээнбеков мамлекеттеги акыйкатсыздыкты тизгиндөөгө кызыкдарбы же каршылаштарынын жолун буугангабы? Бийлик алмашканы мурдагы премьер министр, өкмөт башчысы, шаар башчысы, вице-премьерлер, бир катар атминерлер камалганда коомчулуктун чекеси жылып эле, көңүл ачыла түшкөн.

Алардын мамлекеттик кызматкер боло албастыгын, дегеле мамлекеттик бийликтин бир бутагын башкаруу дегенден кылайган түшүнүгү жок адамдар экенин көп эле алешем иштерден (Лигласс, Тарых музейи, 9000 сомдук көчөттөр ж. б.) көрүп, нааразычылык саясый абалды чыңалтып турбады беле. Жумурай журтту каратып туруп эле карандай калптан кылмыш иштерин каалашынча токуп, Атамбаевге жакпагандардын баарына кысым кылган күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги биринин артынан бири кызматтан алынып, Жээнбековду анда бир алкадык эле. Эми жол-жобосу туураланып, саясый куугунтук менен камалгандар эркиндикке чыгат экен деп ишенип да калганбыз. Бирок анын убакыт-сааты зарыктыргандан зарыктырып келет.

Ажо жыл соңундагы пресс-конференциясында айрым журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Мыйзамды коргой турган, мыйзамды катуу кармай турган органдар өздөрү бузуп атса, анда ал мамлекеттин келечеги жок. Андайларга биз эч нерсеге карабай катуу чара көрүшүбүз керек” дегени менен, Текебаевдин жагдайы боюнча пикиринде, “Сот чечими чыккан да, мен мунапыс бергенден башка эч нерсе кыла албайм” деп, оңой эле адилеттигинен тайсалдады. Эки сөзү эки ача кеткен адамга кантип ишенүүгө болот?

Пресс-конференцияда Атамбаевдин өз телеканалында айткан оргу-баргы сөздөрүнө жооп берди. Ырас, Жээнбековдун жоопторунда жүйө бар. Маселен, Нурбек Токтакунов жарыялаган кара тизме боюнча Фарид Ниязов жооп берет деди. Штабдын башчысы болуп туруп, каражат кайдан келип, кайда кетип атканынан кабарым жок эле деген менен кутулмакпы. Дегеле, логикага ылайык, кандайдыр бир кара тизме боло турган болсо, аны Атамбаев да, Жээнбеков да, Ниязов да жакшы билмек. Бул эми Атамбаев аралаштырган аталанын ачып, ашып-ташып атканы го.

Азыркы кеп башкада. Атамбаев ажолук мөөнөтү бүтөйүн дегенде гана жумуштан алынган Матраимов тууралуу азыркы ажого жалаа жабышы орунсуз экени анык. Эмне үчүн анда өзү бийлик кылып турганында кызматтан алган жок?

Бирок ажонун бардык адилеттүү сөздөрүн, атургай иштерин да чуулгандуу сот иштери боюнча адилеттик кылбай атканы изин калтырбай жууп таштап атат. Менимче, жарым чындык – чындык эмес. Сот иштерин адилеттикке жеткиргиси келсе, акырына чейин жеткириши керек. Болгондо да, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин белгилүү болуп, атагы чыккан шылуундун көргөзмөсү менен, одоно мыйзам бузууга жол берилген сот иштеринде чыккан өкүмдөргө мыйзамдуу болгондой мамиле кылуу ажого аброй алып келеби? Тескерисинче, кашыктап чогулткан аброюн бир серпип чачканга тете болуп атпайбы.

Саясат ажо менен экс-ажонун “разборкасына” айланып, бул маанай парламентке таасир берип, КСДП “Атамбаевчилер”, “Жээнбековчулар” делинип, эки жаат болуп, жанган үмүткө суу сепкендей шаабайды суутуп турган чак.

Буга нааразы болгон айрым жарандар өлкөдөгү экономика, адабият, маданият маселелери ушул кырды-бычак саясаттын басырыгында калып атканына кападар. Эгерде Жээнбековдун адилеттиги азыр ага тиш кайрап аткан Атамбаевдин “бутактарын” кыркуу менен гана чектелип, сот адилетсиздигинен жапа чеккен калган жарандарга тиешеси болбой турган болсо, бул ажо мурдагылардан алыс кете албайт.

Дегеле ушундан кийин экс-ажо менен ажонун мамилеси эрксизден ойго салат.

Өлкө башчысы кылып дайындап атып, “Соке досум, бекеринен сени премьер кылган жерим жок. Ордума сен келесиң, бирок сүйлөшүп алалы, ажо деген карааның эле болот. Иш жүзүндө өзүм эле бийлейм, бийлейм да чеңгелимди дагы да матырам” деген шартты ачык койду бекен? Youtube сайтындагы Санжар Калматайдын каналында 2017-жылдын 8-октябрында жарыяланган видеодо Атамбаевдин: “Бир жарым ай калды, мен башкача сүйлөшө баштайм… Мен бул эски элитаны – кээ бири 40ка да толо элек, Максим Бакиев менен жашташ – шайлоодон кийин баарын алып кетем. Мен кайрылып келем, алар болсо – эч качан” деп күпүлдөгөнү бар. Көңүл бурсаңыздар, бул бийликтен кетип аткан адамдын сөзү. Демек, бийликтен кетимиш болуп, өз оюнда бийлигин бекемдеп, ал үчүн Жээнбековду тандаган экен да. Бул сөздөрүнөн улам, Жээнбеков менен ачык эле сүйлөшүп алганбы деген ой кетет. Андай болсо, Атамбаевдин “сатып кетти” дегени жүйөлүү болуп калган атпайбы?

Жээнбековдун мүдөөсү эл үчүн ак иштеп берүү болсо, эмне үчүн ошол кезде Атамбаевдин шумдуктай адилетсиз укуругун узартып, үн катпай келген? Эгерде бийлик колунда баары бир майнап чыкпайт, акырын далыга таптап туруп, анан бийлик колго тийгенде баарын тууралайм деп жүрүп, акылмандык менен бийликке келген болсо, эмне үчүн адилетсиз өкүм алгандардын акталышына, өзү айткандай эч нерсесине карабай чара көрбөйт? Мына ушул суроо бүгүн кабыргасынан коюлуп турат. Жообу кандай болот, убакыт көрсөтөр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.