Дилазык: 99-клуб

Уламыш Жүзүнөн убайым кетпеген бир падышанын кол астында иштеген кызматкер малайынын ар дайым бактылуу жана жашоосуна ыраазы болуп жүргөнүн гана көрүшчү. Күндө падышасына эртең мененки тамакты алып келгенде жагымдуу жана шаңдуу ыр ырдап ойготор эле. Анын жүзү ар дайым күлкү чачып, жашоого пейил-кую түз, ачык жана жайдары жүрчү. Күндөрдүн биринде падыша аны өзүнө чакыртып сурады: — Кызматкерим, сырыңды ач! — Кандай сыр, улуу урматтуум? — Сенин ар дайым кубанып, маанайың жайдары жүрүшүңдүн сыры эмнеде? — Анын эч кандай деле сыры […]

Василий Сухомлинский: Жети кыз

Бир аялдын жети кыз, бир уулу бар эле. Бир жолу ал уулунукуна барып, бир жумадан кийин келди. Ал үйгө киргенде кыздары, улам бири кучактап, аны сагынгандарын айтып жатышты. — Мен сени кызгалдак таң нурун күткөндөй сагынып күттүм, — деди тун кызы. — А мен сени кургак чөл жаанды сагынгандай сагындым, — деп жагалданды экинчи кызы. — Мен сени энесин сагынган балапандардай сагынып ыйладым, — деди үчүнчүсү. — Мага сен жок, гүл таба албаган аарыга кандай кыйын болсо, ошондой оор болду, […]

Харуки Мураками: Кунары качкан падышачылык

АҢГЕМЕ Мурдагыдай атак-даңкы, күч-байлыгы жок, күндөн күнгө кунары качып  бараткан бир падышачылыктын чет жакасында, кичинекей дарыя агуучу. Дарыя ажайып көрктүү жана балыкка бай эле. Сууда балыр өсүп, балыктар ошону менен тамактанчу. Балыктар ойлоп калышчы эле: “Падышачылыктын кунары кача баштады. Качса эмне экен! Мейли. Биздин ишибиз эмне”. Чындыгында эле падышачылык болобу, республика болобу  -балыктардын иши эмне. Шайлоого катышышпайт, салык төлөбөйт. “Биздин бул ишке тиешебиз жок”, — деп ойлочу балыктар. Мен сууга бутумду малып олтурам. Суу муздак болгондуктан бутум кызарып чыкты. Мен […]

Эсенбай Нурушев: Апанганын дүйнөсү

“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсселерден. Индустардын мифологиясында сүйүүнүн бир кудайы Апанга деп аталат экен. Апанга – “эч кандай дене мүчөлөрү жок жан”, азыркыча айтканда, анатомиясыз  тын дегенди билдирет. Сүйүүдө да сырткы форма, турпат-тулку болбойт. Ал формасыз тейде жашайт. Апанганын бир жаасы, беш жебеси болот. Ар бир жебе ар башка гүлдөн жасалат, ошол жебе адамга тийгенде беш түрдүү сезимге салып, керемет сулуулуктун толкунун пайда кылат да, андан бир укмуш беш дүйнө жаралат (Шри Шри Рави Шанкардын лекциясынан; Френсис Готье. […]

Байыркы Мадрид кыргыз урпагынын көзү менен

Сүрөттөрдү караган кызык иш өзү. Мурда альбомдор популярдуу кезде ар бир фотографияга аздектеп мамиле кылчубуз. Эски сүрөттү көрөр замат кай күнү, кайдан келатып түшкөнүбүздү эстечү элек. Айфон жана кадры түгөнбөс фотоаппараттар чыгып, Фэйсбукка сүрөт жарыялоо адаты башталганы альбомдун да, сүрөттүн да кадыры качты. Ага кошо коноктор менен альбомду аяр барактап, сүрөт көрүү салты да жоголду. Ошого сүрөт көрмөй же сүрөттөр дүйнөсүнө саякат жасоо жалгыздын иши бүгүн. Бүгүн сүрөт көрүү үчүн компьютердин экрандагы “Pictures” деген папкени ачкан жетиштүү. Мен да ушул […]