“Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга” аттуу адабий-философиялык эсселерден.

Индустардын мифологиясында сүйүүнүн бир кудайы Апанга деп аталат экен. Апанга – “эч кандай дене мүчөлөрү жок жан”, азыркыча айтканда, анатомиясыз  тын дегенди билдирет. Сүйүүдө да сырткы форма, турпат-тулку болбойт. Ал формасыз тейде жашайт. Апанганын бир жаасы, беш жебеси болот. Ар бир жебе ар башка гүлдөн жасалат, ошол жебе адамга тийгенде беш түрдүү сезимге салып, керемет сулуулуктун толкунун пайда кылат да, андан бир укмуш беш дүйнө жаралат (Шри Шри Рави Шанкардын лекциясынан; Френсис Готье. Гуру радости. Шри Шри Рави Шанкар и Искусство жизни — The Guru of Joy. Sri Sri Ravi Shankar & the Art of Living. М., 2011).

“Сен жөнүндө поэманы” ушул апанганын аңытынан карап көргөнгө болот. Апанга болсо бизге атактуу Данте менен Петрарканын усулун эстетет. Изилдөөчүлөр Дантенин Бичеси, Петрарканын Лаурасы реалдуу турмушта кандай болгонун тактай албай, ушу кезге чейин алардын портретин түзө албай келатышат. Болгону Лаура алтындай сары чачтуу, көзү кара бийке болгон окшойт деген гана божомол бар.

Омор акындын лирикалык ынтыгында да сырткы форма жок, анын сымбат-сынын, адатта акындар көп кайталап жатып ашмалтайга айланган айдай жүзүн, ууздай ак алкымын, карагат көзүн, көкүрөккө көмүлгөн көмөчтөрүн, кымча белин, маралдай же кыргыйдай мүчөсүн, оймоктой оозун, кала берсе томурайган куймулчагын ж.б.ж.б. суктана турган физиономиясын ыпым таппайсың, болгону бир жеринде:

Мен сени сүйгөн жокмун көзүң үчүн,
Күлгөндө жазгы күндөй жайнап кеткен.
………………………………………………………..
Мен сени сүйгөн жокмун боюң үчүн,
Жигиттин талабына жооп берген, — дегени гана бар.

Демек, акын ошол индус мифиндеги формасыз махабатты даңктайт, башкача айтканда, ал өйдөкүдөй көкөйгө көк талкандай тийген тажатма эпитеттерди, салыштырууларды колдонбойт. Жадесе “жаным” деген сөз да сейрек кезигет. Мунун ордуна “сен” деген ат атооч гана арбын учурайт. Эгер философторго, айталы, Морис Мерло-Понтиге – феноменологиянын көрүнүктүү өкүлүнө — ишенсек, ургаачы эркектер арасынан, эркек ургаачылар арасынан “Сен” деген объектке жолукканда гана өзүнүн “Мен” деген маңызын тааный баштайт, андан ары ага жашоонун, жалпы ааламдын мааниси ачылат.

“Сен жөнүндө поэмадан” кудум ушуну көрөбүз.

Үнүңдү уксам уккум келет кайрадан,
Мен эмне үчүн сага жипсиз байланам.
Кайдан келет, кантип келет махабат,
Көңүлдө өскөн гүл өңдөнүп жайнаган.

Өйдөдө Омор акын махабат дегенди өзүнчө субстанция катары карайт дебедикпи. Бу сезим чынында эле адамдан, анын эркинен тышкары турган, анын акылына баш ийбеген автономдуу материя өңдөнүп жашайт. Аны алдын ала пландай албайсыз, календарга жазып, бүгүн эмес, эртең келсин деп белгилеп койо албайсыз. Болбосо тобокел, ушу кызды же жигитти сүйүп көрөйүн, анан кандай болорун көрө жатарбыз дегенчелик кылып сары эсепке салып, эсептеп чыга албайсыз. Ал сиздин ар кандай арифметикаңыздан, атүгүл жогорку математикаңыздан алда канча өйдө турган, керек болсо эң акылдуу компьютерди да алдап койо турган кудурет.

Бирөөлөргө сен бир жүргөн кыз болсоң,
А мен үчүн күндө көрөр күнүмдөй.
Айрылууга мүмкүн болбой калды эми,
Каныма агып кириптирсиң билинбей, — дейт акын.

Бүттү, апанганын биринчи жебеси жүрөккө сайылганы ушу болот. Эми эр болсоңуз аны жүрөктөн сууруп көрүңүз.

Кыйры чексиз сүйүүгө окшойт кең аалам,
Билип алып мен ушуга таң калам.
Бул экөөнүн байланышы бар го дейм,
Бизге сырын билгис кылып камдаган.

………………………………………………………..

Анан дагы унутулат бардыгы,
Ачка-токпу, бай-кедейби, жардыбы.
Махабаттын улуулугу ушунда
Ааламга окшоп бир жерде жок тардыгы.

Бул да эми бир керемет учур го, чиркин! Бу түбүң түшкүр дүйнө телегейи тептегиз болуп, бир жеринен кемтиги көрүнбөй, ушинтип алдыңызга жайылып, жаркып жатып калат.  Аңгыча ашыктык отуна жанып алган жанга дагы бир керемет ачылат.

Ушундай да жашоо кызык болорбу?!
Сен экөөбүз кол кармашып турабыз.
Ушундай да жашоо улуу болорбу?!
Сен экөөбүз улуу сепил урагыс!

Мына сизге сүйүү деген балекет алгыр сезимдин сыйкыры! Алеки саатта ал жапысты бийик, алсызды алдуу, бакырды бактылуу, ооруну соо кылып таштайт! Ал сизди жеткен гуманист, айкөл, боорукер, алпейим жанга айлантып ийет! Анан өзүңүз билбей акынга кошулуп:

О,билгиле, адам болгон жери бүт,
Сүйүү мени ай-ааламдай кеңитти!

…………………………………………………

Сүйүү болсун түгөнбөгөн үйлөрдө,
Сүйөөр болсун жашап жүрсө ким тирүү! – деп каласыз.

Буга кошо башкаларга көптүн бириндей эле көрүнгөн жаңкы кыз дүйнөнүн идеалы болуп чыга келет.

Болсо экен дейм бардык кыздар сен өңдүү
Бардык элде, бардык убак мезгилде.

…………………………………………………………..

Сен өңдүүлөр сендей өмүр сүрүшүп,
Кийим кийсе сен өңдөнүп кийишсе.

………………………………………………………….

Анан дагы сыймыктанып ойлоймун,
Элдин баары сени билип, көрсө экен.

Ошентип, апанганын аптыктырган, бактысы терисине батпаган, элирткен, делөөрүткөн керемет дүйнөлөрү ачыла берет. Андан ары махабатка мас болгон кезең башталат. Мындайда ынтык болгон адамга кандай ой-санаалар келерин акындан угуп көрөлү.

Ойлоп көрсөм бактыма чен жетпеген,
Мен дүйнөдө теңдеши жок бай экем.
Жаркыраба менин бактым анчалык,
Арткан көздөн ач кирет деп укчу элем.

——————————————————

Балапандай коргоп канат алдыма,
Жер үстүндө, бийик асман алдында.
Өтөөр өмүр өтпөчүдөй сезилет,
Күндөй жаркып жүргөндө өзүң жанымда.

Же болбосо мамындай эки жагдайды алалы. Биринчиси:

Кээде мен жалгыз жүрүп ойлоп калам:
— Мен сенсиз кандай болуп калат элем?

——————————————————

Жаркырап сен жанымда турсаң ойлойм:
— Сен менсиз кандай болуп калат элең?

………………………………………………………….

— Бир бакыт кайда болсо сени күтмөк,
Мен сенсиз бактыга туш келбейт элем.

Экинчиси:

Мен кээде мына мындай ойлоп калам:
— Жолукпай калган болсок биз эпаадам,
Кандайча жашамакпыз күн өткөрүп,
Бизге суу агып келмек кайсы жактан?

Кандай дейсиз, жогоруда атайылап, тажагыдай кылып алдыңызга тартылган узун сабак мисалдарда кооздолуп, көркөмдөлүп, шөкөттөлгөн саптар барбы?

Көрүнүп турбайбы, баары жөнөкөй эле сөздөрдөн куралган, айрым жерлерде уйкаштыгы деле аксап тургандай. Бирок аларда кандай гана жандуу, реалдуу сезимдер камтылып калган. Кокус  андайды сезе албаган болсоңуз, анда сиз ким бирөөнү чындап сүйүп көргөн эмессиз, мындай сезим башыңыздан өткөн эмес. Эгер акын да ушундай сезим-туюмга кабылбаганда, анда мындай саптарды жаза алмак эмес. Омокең өзү деле:

Мен болсом Сен жөнүндө поэмамды,
Жалдырап Жараткандан сурап, тилеп,
Сыя эмес, каным менен жазганымды,
Менчелик сүйүшпөсө кайдан билет?! – деп жатпайбы.

Ушундан улам, балким, Омокеге ырларды сыя менен эмес, каны менен жаздырган ким болду экен деп сурагыңыз келет чыгар. Буга кызыккандар акындын ышкыбоздору арасында арбын.

Бу маселенин башын ачардан обол ушул этюддардын эң башталышында айтылган бейиши болгур Салижан агайдын кебин дагы бир ирет кайталап эске сала кетели: акындар бөлөк-бөтөн бирөөлөрдүн арзуусунан көрө өздөрүнүн бактылуу же бактысыз махабатын жазганда ыймандай ыр чыгат, ошол анык поэзия болот.

“Башкалардын миң тонна акылынан өзүңдүн бир грамм тажрыйбаң алда канча пайдалуу”,- деген акылман Махатма Гандинин кеби да ушу акындарга айтылган ибараттай угулат. Эмнеси болсо да биз билген классикалардан буга далил болор мисалдар арбын табылат. Мисалы, Жеңижоктун “Көк сулуусун”, Барпы апыздын “Мөлмөлүн”алсак, алар өз сезимин ырдашканы айныксыз. Дүйнөлүк ысмы бар Габриэла Мистралдын атактуу “Өлүм сонеттери” анын жеке өзүнүн ашыктык трагедиясынан жаралганы белгилүү.

И станет явным тайное доныне:
нас небо сотворило друг для друга
и, уходя к другой, ты выбрал смерть.

Кудай өзү атаа кылган сүйүүдөн адашуунун кунун акын ушинтип аныктаган. Арадан бир нече жыл өтүп, Габриэла сантяголук бир жаш акынды жалындап жакшы көрүп калат, анысы колунда бар бай аялга үйлөнүп кеткенде арманын басканы эки жыл бою өзөлөнүп өксүккө толгон, тагдырга таарынган ырлардын түрмөгүн жазат. “Күйүттүү бу китеп үчүн Кудай мени кечирер, таттуу өмүр сүрүп жаткан адамдар да кечирип койсун”, — деп жазган ал китебин жарыкка чыгарып жатып.

Данте менен Петрарканы эстесек, экөө тең өздөрүнүн махабатын өлбөс-өчпөс дүйнөлүк шедеврге айланткан.

Данте ынтыгы Беатричеге (Биче) үч ирет гана жолугат: биринчи ирет аны тогуз жашында чиркөөгө кире бериш жерде көрөт, экинчи ирет арадан тогуз жыл өткөндө тар көчөдөн капыстан жолугуп калат, Бичеси күлүмсүрөй жер тиктеп, ага көзүнүн кыйыгы менен жылуу карап өткөндөй болот. Байкуш Данте аз эле жерден эстен танып, жыгылып кала жаздайт. Үчүнчү ирет бир тойдо көрүп, сүйлөшкөнгө аракет кылат, бирок оозуна сөз кирбей, бирдемелерди айтып, будалактай түшөт. Буга Биченин курбу кыздары мыскылдай карашып, шыңкылдап күлүшөт, аларга кошо Биче да күлүп жиберет. Данте ошондо Бичеси жер бетинде кыбырап жүргөн көп ургаачынын эле бири экенин сезет да, аны көргүсү келбей калат. Кийин алар чын эле кездешкен эмес. Ошентсе да Данте өз кыялында жашап жүргөн идеалдуу Бичесин анык-кеми жок асмандан түшкөн периштедей санап, анын ошол образын гана эсинде сактап, аны ыйыктын ыйыгындай көрүп, өмүр бою табынып өтөт.

Она идет, восторгам не внимает,
И стан ее смиреньем облачен,
И, кажется: от неба низведен
Сей призрак к нам, да чудо здесь являет.

Биче каза болгондо Данте муну дүйнөлүк кыямат кайымдай кабыл алат. Ынтыгын жаңылып-жазып жерге бир келген бейишке теңеп, эми ошол бейишинен айрылганына катуу кайгырат, бу жарык жашоо ага куту качып сопойгон, кунарсыз бир дүйнөгө айланып калат, кайгысына чыдабай, Биченин артынан өлгүсү да келет. Акыры күйүтүн басып, алаксыш үчүн илим менен ирише баштайт.

Петрарка деле өзүнүн Лаурасын болгону эки ирет көрөт. Бир жолу чиркөөдөн, дагы бир жолу көчөдө баратканда жолугат. Ага да ынтыгы жер тиктеп, көз кырын салып өткөндөй, атүгүл жылуу саламдашкандай сезилип кетет. Бир көргөндө эле дүрт дей түшкөн сезимин акын өмүрү өткөнчө даңктаган. “Канцоньере” же “Ырлар китебине” кирген 350 ырдан 317 сонет “Мадонна Лауранын өмүрүнө жана өлүмүнө” арналган. Лаура да Дантенин Бичесиндей эрте каза болот. Петрарка муну жарык дүйнөнүн бүткөнү деп санаган.

Погас мой свет и тьмою дух объят —
Так, солнце скрыв, луна вершит затменье,
И в горьком, роковом оцепененье
Я в смерть уйти от этой смерти рад.

Эң кызыгы – Дантенин ырларында Биченин, Петрарканын сонеттеринде Лауранын аты аталбайт. Ушундан улам айрым изилдөөчүлөр Биче да, Лаура да романтикалык эки акындын кыялында гана жашаган образдар болсо керек деп болгоолошот. Экинчилери Дантенин, Петрарканын айрым каттарына таянып, Биче – флоренциялык банкирдин кызы Беатриче Портинари (Жованни Боккаччонун версиясы), Лаура – авиньондук бир графтын аялы Лаура де Нов дешет. Бирок баары ушундай экенинен шектенгендер көп болгон, алардын арасында эки акындын достору, атүгүл алардан бир нече кылым кийин жашаган атактуу ысымдар, мисалы, Байрон деле Данте менен Петрарка эки аялды эмес, баарыдан мурда ПОЭЗИЯны даңкташкан, тиги эки бийкени алар болгону Муза кылып алышкан, иш жүзүндө алардын болгон-болбогону белгисиз дешет. Айтор, алиге чейин бу маселенин бир жаңсыл башы ачылбай келет.

Ырасында эле Данте менен Петрарканын ырларында негизинен акындардын жеке өздөрүнүн ички сезимдери – ынтыгы түшкөн бийкелерин асмандан келген периштедей идеалдаштырган кыялдары, ой-санаалары, түшүнө кирген элестери, сагыныч-кусалыгы, арманы менен күйүтү баяндалат. Экөө тең дал ушул ырлары менен эртеги гуманистчил адабияттын бардык багыттарына негиз салып, адамдын жан дүйнөсүнө, ички турмушуна кызыгууну күчөткөн.

Менимче, Омор акында деле ушундай. Болгон айрымасы – Омокеде апокалипсистик кайрыктар жок, биздин акын кол жеткис, реалдуу эмес (нереальный), кайдагы бир көктөгү сезимди ырдабайт, кадимки эле жер бетиндеги, сизге, мага, ар бирибизге келип-кетер бактылуу да, бактысыз да реалдуу сүйүүнү, анын ар түрдүү кырларын турмуштун, тирүүлүктүн акылмандыгына салып, ошонун аңытында ырдайт. Омокенин лирикалык ынтыгы – Данте менен Петрарканын бийкелериндей асмандан түшкөн периште эмес, арабызда эле жашаган, биздей эле күн көрүп, биздей эле өмүр сүргөн бийке, анын ырай-чырайы, келбет сыны, ысымы белгисиз.

Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма,
Каламыма бердим таап зор бакыт.
Сени ойлоп ар бир баскан кадамда,
Сени менен күн да батып, таң да атып, — деп башталат поэма.

Бу жерде Омор акын конкреттүү ким бирөөнү айтып отурган жок, ал өзүнүн Музасын – Поэзиясын айтып жатат. Ошол Музасын ал “Сен” деп жалпылама ат менен атаган.

—————————————————

…Күн музду айланткандай дайраларга,
Мен сени ырга айлантып бүтүрөрмүн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.