Фарсы эл жомогу: Арстан, түлкү жана чычкан

Бир күнү арыстан кой кармап алып капчыгайдын бир далдаа жерине келип жей баштады. Койдун жартысын жеп, калганын калтырып койду. Аны көрүп калган түлкү акырын жылып жакындай баштады. Эптеп этке тойсом деп ойлоду. Арстан жатып, ойлонду: «Мен го тоюп алдым, мейли эми түлкү да жеп алсын» — деп уктамыш болуп калды. Түлкү болсо кокус ойгонуп кетпесин деп койдун ичегиси менен арстандын буттарын байлап салды. Тойгончо жеди да кетип калды. Арстан турайын деди, бирок ысык күн ичегини кургатып, катырып салыптыр, ал кыймылдай […]

Калил Жибран: Атак – күчтүү адамга жүк, адамдар ошол жүктү көтөрө алганы менен сындалат

Адамдар арасында бир тамчы кан агызбаган өлтүргүчтөр, эч нерсе уурдабаган уурулар жана дайыма чындыкты айткан жалганчылар бар. *     *     * Баскан жолун жана жөлөнгөн дубалын гана караган киши келечекти көрө албайт. *     *     * Өткөнүңүздүн эсеп дептерине караңыз, адамдарга жана жашоого карыз экениңизди көрөсүз. *     *     * Кайгымды сабырдуулук талаасына көмгөнүмдө, бактылуулуктун жемишин жедирди. *     *     * Билим ичиңизге эгин экпейт, уруктун көбөйүшүн гана талап кылат. *     *     * Шашылып тамак жеп, кыйшайып басасыз. Анда эмнеге буттарыңыз менен тамак жебей, […]

Александр Солженицын: От жана кумурскалар

Алакандай аңгемелер Ичинде кумурскалар уя салып алган чириген бутакты байкабай отко салып жиберипмин. Бутак чатырап күйө баштаганда жалынга кабылган кумурскалар жабалактап, бутактын сөңгөгүнөн чыга качышты. Мен аны көрө калып, күйө баштаган бутакты колго тийген кургак бутак менен иле салып, четке ыргыттым. Кумурскалар бири кумга кире качып, бири токойду көздөй бет алып, жан сактоонун айласын издеп жатышты. Бирок кызыгы: кумурскалар таптакыр кетип калышкан жок. Эстерине келген соң, аларды кандайдыр бир сыйкырдуу күч артка тартып жаткандай, кайра кайрылышып, чала күйгөн чычаланы айланчыктап, […]

Аман Саспаев: Турмуш таразасынын граммы

АҢГЕМЕ Күндө эртең менен мекеме алдынан өрүк саткан абышканы кездештирүүчү элем. Анын анжыр жалбырагы менен жабылып, жаш маянын жыты буркураган себетинде кыпкызыл же сапсары болуп эзилип бышкан, сүйрү өрүктөр жашырынып жатуучу. Кишилер жакындаганда абышканын кууш көздөрү ойноктоп, кардарга чоң урмат билдиргенсийт. «Деген менен, бул чал куу болсо керек!» деген ой пайда болду менде. Бир күнү кызматташ досум экөөбүз атайын өрүк жеш үчүн мекеменин алдына чыктык. Өрүкчү чал кездешпеген соң көчөнүн аркы жагында өрүк сатып жүргөн баланы чакырып алдык. Болтойгон жаш […]

Рысбек Эшматов: Айтматовдун ааламы адабиятчынын көз карашында

(Биринчи макала) “Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм, / Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс…” – деп, кезинде Алыкул акын тилегин айтып,  ниет кылгандай; Калык Ибраимов андай купуя ойлорун акын сындуу шардана билгизип, жарыя кылбаганы менен; адабият таануу илими менен адабий сынында ат көтөрө алгыс зор эмгек жаратып келаткан мээнеткеч инсан – кыргыз журтчулугуна, кыргыз адабий чөйрөсүнө аттын кашкасындай таанымал, белгилүү илимпоз. Көз жоосун алып-кумарланткан өтө кооз, өтө чебер бүткөрүлгөн алтын, күмүш зер буюмдарды кылдаттык менен чегелеп узанган […]

Төрт маамыттын кимиси «Манасты» жаздырып калган?

(Саякбай Каралаевдин үнү жазылганына 60 жыл толду) “Манастын” жарык көрүшүнө жана С.Каралаевдин үнүнүн тасмага  түшүрүлүшүнө 60 жыл. Мен XX кылымдын Гомеринин үнүн жазып алууну уюштурган адамды же мекемени тактап үлгүргөнчө алардын үчөөнүн көзү өтүп кете берди. Ырамандын ырчы уулунан тартып бүгүн текилдеп тестиер куракка келген Үмөткө (өмүрү узун болсун) чейин 100гө чамалаш манасчынын ысмы бизге жетти. Саякбай Каралаевдин “Манасынын” мен ыйлабай уга албаган радиоверсиясын тасмага жазып калуу — өткөн кылымдагы эң маанилүү маданий окуя экендигинде эч шегим жок. Сакемдин үнүн […]