Бир күнү арыстан кой кармап алып капчыгайдын бир далдаа жерине келип жей баштады. Койдун жартысын жеп, калганын калтырып койду. Аны көрүп калган түлкү акырын жылып жакындай баштады. Эптеп этке тойсом деп ойлоду. Арстан жатып, ойлонду: «Мен го тоюп алдым, мейли эми түлкү да жеп алсын» — деп уктамыш болуп калды.

Түлкү болсо кокус ойгонуп кетпесин деп койдун ичегиси менен арстандын буттарын байлап салды. Тойгончо жеди да кетип калды. Арстан турайын деди, бирок ысык күн ичегини кургатып, катырып салыптыр, ал кыймылдай албай калды. Ошондо «Бирөөгө жакшылык кылам деп өз башыӊа зыян келтиресиӊ» деген макал эсине түштү.

Бир убакта чычкан жакын жердеги ийининен чыгып арстандын буттары оролгон ичегини кемире баштады. Эки-үч жерден кемирип, кыркып салды да, ийнине кирип кетти. Арстан секирип туруп кеткенче шашты. Аӊгыча дагы бир арстан келип калып, сурай баштады:

— Кайда жөнөдүӊ?

— Бул жерден алысыраак жакка, — деп жооп берди биринчиси.

— Бул жердин эмнеси жакпай жатат?

— Сени түлкү тушап таштаса, чычкан тушамышыӊды чечип берсе, мындай жерде жашагандан өткөн кордук барбы?!

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.