Адамдар арасында бир тамчы кан агызбаган өлтүргүчтөр, эч нерсе уурдабаган уурулар жана дайыма чындыкты айткан жалганчылар бар.

*     *     *

Баскан жолун жана жөлөнгөн дубалын гана караган киши келечекти көрө албайт.

*     *     *

Өткөнүңүздүн эсеп дептерине караңыз, адамдарга жана жашоого карыз экениңизди көрөсүз.

*     *     *

Кайгымды сабырдуулук талаасына көмгөнүмдө, бактылуулуктун жемишин жедирди.

*     *     *

Билим ичиңизге эгин экпейт, уруктун көбөйүшүн гана талап кылат.

*     *     *

Шашылып тамак жеп, кыйшайып басасыз. Анда эмнеге буттарыңыз менен тамак жебей, колдоруңуз менен баспайсыз?

*     *     *

Тегирмендин ташы сынат, бирок дарыя деңизге карай агууну уланта берет.

*     *     *

Илхам – ичиңиздеги бүтүндүн бөлүгү менен бүтүндүн бөлүгүн көрүү болуп эсептелет.

*     *     *

Максатыбызга бара жаткан жолдогу кыйынчылык – эң кыска жол.

*     *     *

Колдору эс алып жаткан убакта оозу жана тили менен мактана баштаган адамга боорум ооруйт.

*     *     *

Өзүн адамдардын жаңылыштыгына күнөөлүү сезген адам эр жүрөк адам.

*     *     *

Кулдун жүгүн сабырдуулук менен көтөргөн адам эркин адам.

*     *     *

Сөздөр адатка айланбаса маанисиз.

*     *     *

Ачыктоо муктаждыгы, ичтеги жетишсиздиктин көргөзмөсү.

*     *     *

Ишеним – далилдин жете турган жеринен алыс, жүрөктүн ичинде жайгашкан эс.

*     *     *

Байлык эки жол менен келет: дүйнөнү соруу жана мөмөлөрүн таратуу аркылуу.

*     *     *

Ынсаптуу адам адамдардын жүрөгүнө, мээримдүү адам Жараткандын жүрөгүнө жакын.

*     *     *

Тартипсиздик жиндиликтен же жаратуучулуктан пайда болот.

*     *     *

Жокчулук – өтүп кетүүчү жаңылыштык, бирок ашыкча байлык – түбөлүктүү оору.

*     *     *

Эстөө – үмүт жолунда чалындырган таш.

*     *     *

Биздин эң чоң жаңылыштык – башкалардын жаңылыштыгы менен алектенүү.

*     *     *

Мен эч качан туура эмес сүйлөбөйм, анткени менин сөздүктөрүм – абстрактуу дүйнөдөн, түшүнүктөрүм – булактар аркылуу келет.

*     *     *

Көз каранды сүйүү өтүп кетиши мүмкүн болбогон суусундукка чаңкаган сыяктуу.

*     *     *

Чын жүрөктүү адамга, дурус адамдан башка эч ким ишенбейт.

*     *     *

Бир аялды түшүнгүң келсе – күлгөндө оозуна кара, бирок бир адамды түшүнгүң келсе – жинденгенде көзүнүн агына кара.

*     *     *

Адамдардын арасында адамга эң пайдалуусу – адамдардан алыс болгону.

*     *     *

Өзүмчүлдүктүн эки түрү бар: бирөө – өзүн тааныганын, экинчиси – адамдар аны тааный турганын кыялдануу.

*     *     *

Ажыга барганыңда – эч качан сулуулукту көрбөгөн көздөрүң менен деле сулуулукту көрөсүң.

*     *     *

Оозу ыплас сөзгө толгон адам ыр ырдай алабы?

*     *     *

Сүйүү соолгондо – акыл ойлоно баштайт.

*     *     *

Адамдардын жүрөгү жана акылы тууралуу билгиң келсе, ийгиликтерине эмес, ийгилик жарата турган каалоолоруна кара.

*     *     *

Тегерегиндеги кичинекей белгилерге караган адам, бийик жана алыс жакта болгондорду ажыратууда жана көрүүдө кыйынчылыкка дуушар болот.

*     *     *

Мактоолорго дуушар болгондо уяламын, бирок  ашыкча мактоолор  мени  уялбас адам катары көргөзөт.

*     *     *

Баарыбыз жашоо согушуна келген аскербиз, кээ бирибиз алдыга кетебиз, кээ бирибиз  артында жүрөбүз.

*     *     *

Ниетин мактаныч сөздөрүнүн артына жашырган адам, түрү сууктугун боёк менен жашырганга аракет кылган аял сыяктуу.

*     *     *

Билимсиздигимдин себебин билсем, аалым болмокмун.

*     *     *

Кулагыбызда шаардын ызы-чуусу турганда, талаанын ырын кантип угалабыз?

*     *     *

Соода, эки жактын кызыкчылыгы үчүн болбой калган убакта уурулуктур!

*     *     *

Сүйүүгө, ачылышка жана жоопкерчиликке шерик болгон кайгы, бактылуулукту да алып келет.

*     *     *

Талаага жааган жамгырдын, тоолордун төбөсүнө чөккөн булуттардан башкача болгонундай эле, адамдын ачыкка чыгаргандары жашыргандарынан башкача болмок.

*     *     *

Адам өзүн түшүнгөндө, бардык адамды түшүнө баштайт дешет, бирок мен мындай демекмин: бирөө адамдарды сүйө баштаганда, өзүнө тиешелүү нерселерди үйрөнө баштайт.

*     *     *

Эч ким мени өздөрүнүн кызыккандарынан сырткаркы иштерде баш тартырууга аракет кылышпады.

*     *     *

Атак – күчтүү адамга жүк, адамдар ошол жүктү көтөрө алганы менен сындалат. Жүгүн токтолбой көтөрүп кете алса – баатыр аталат, буту тайып жыгылса – жалганчы атка конот.

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.