(Биринчи макала)

“Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм, / Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс…” – деп, кезинде Алыкул акын тилегин айтып,  ниет кылгандай; Калык Ибраимов андай купуя ойлорун акын сындуу шардана билгизип, жарыя кылбаганы менен; адабият таануу илими менен адабий сынында ат көтөрө алгыс зор эмгек жаратып келаткан мээнеткеч инсан – кыргыз журтчулугуна, кыргыз адабий чөйрөсүнө аттын кашкасындай таанымал, белгилүү илимпоз.

Көз жоосун алып-кумарланткан өтө кооз, өтө чебер бүткөрүлгөн алтын, күмүш зер буюмдарды кылдаттык менен чегелеп узанган зергерчи сыяктуу, учурунда анын “кештелеп” жазган иштери улуттук республиканын алкагынан өйдө көтөрүлүп, союзга чейин таанылып, өзү СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө алынып, жергиликтүү жаштар сыйлыгына көрсөтүлүп,  айтор, илимпоз сынчынын кезинде мартабасы бир топ эле көтөрүлдү. Анан, ошол тагдыр буйруган – бак даарыган шар жолунда адабиятчынын “Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө” (Ф.; “Кыргызстан.”, 1982), “Адабият, адам жана дүйнө (Ф.; “Кыргызстан.”, 1988), “Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы “адам-табият”  концепциясы” (Ф.; “Илим.”, 1991), “Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова” (Б.; “Кыргызстан.”, 1998) аттуу эмгек-китептери жаралып – жарыкка келип, өз окурмандарын тапты.

Дагыстан акыны Расул Гамзатов айткандай (биз аны кичине перефразалап өзгөрткөндөй); ушул китептерден кийинки жаңы китеби жаралар алдында күйүккөн демин кичине басып алмакка, кур дегенде көккө ыргыткан бапагы кайра жерге түшкүчөктү убакыттан кичине көбүрөөк убакытка көчүк басып отуруп, тыныгып жатып албай, эмне болуптур; …ошентип, окумуштуу сынчыбыз кичине талыкшып жаткан мезгилде: “Ой, бул Калык Ибраимовго не болгон, жаңы нерсе жаратып жатабы, же жазаар мүмкүнчүлүгүн биротоло түгөттүбү?!” – дешип, окурмандары жоромол-божомол менен жашап, бир чети зарыга күтүп, бир чети күтүүдөн зарыга тажап калышкан мезгилде көпчүлүктүн көңүлүн ойготуп, көңүлүн кубантып, минтип, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун токсон жылдык юбилейине арбалып, “Чингиз Айтматов как мифотворец – мудрец века” (Б.; “Турар.”, 2018) деп аталган жаңы китебин өзүңүздөр байкагандай, орусча вариантында чыгарып, окурмандарына сунуш этип отурушу – бул Калык Ибраимовдун адамдык да, атуулдук да эрдиги – чоң жеңиши!..

Ал китептердин аталыштары эле айтып тургандай, Калык Бөкөевичтин эски китептери менен жаңы китебинин “баштарын” бириктирип турган нерсе: ал өзү оозанып айтып калгандай; “учурунда биртопторубуз мына ушул Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын тереңин ачабыз деп жатып, ошого оодук” – дегендей; Калык Ибраимов кыргыз адабият таануу илиминде, адабий сынында “айтматовтаануучу” катары белгилүү – демек, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын тереңин изилдеген илимпоз. А бирок, улуттук адабият таануу илиминде айтматовтаануучулар биртоп эмеспи; анда, Калык Ибраимовдун изилдөөсү ошол жоонтоп изилдөөчүлөрдөн эмнеси менен айрымаланып турат (?) деген табигый суроо өзүнөн өзү туулат.

Чыңгыз Айтматов фольклордун табиятынан, архаикалык мифтердин арсеналынан арбын пайдаланган жазуучу – өзү да миф жаратуучу (муну Калык Ибраимов эмгегинин аталышында басым коюп, өзгөчө белгилеп жатпайбы) – чыгармаларынын көркөм системасында улуттук фольклордон, дүйнөлүк маданияттан алынган табигый мифтер ойчул жазуучунун эстетикалык “узануусунан” өткөндөн кийин не бир түргө келип өзгөрүп кулпурган мифтердин поэтикалык призмасы аркылуу дүйнөлүк чабыттагы жазуучубуз азыркы биз ийиндеш жашап турган дүйнөнүн көйгөйлүү проблемаларын, “кайнап” жаткан коомдун сан түркүн социалдык көрүнүштөрүн, ошол жагдайга байланыштуу болгон азыркы адамзат болумушунун өтүмүш тарыхы менен келечек жашоосунун туңгуюк трагедиясы жөнүндө күн мурунтан көрө билген көзү ачык – пайгамбар катары каймана образга келип алып, Дөнөнбай куш образында чырылдап сайрап, же келгин куштардын тобуна кошулуп учуп баратып, адамзат жашоосунун суксур көрүнүшү менен трагедиясын көрүп алып, алардын келечек тагдырын аяп ыйлаган, жоктоп ыйлаган (кошок кошуп боздогон) сезимтал куш сыңары абалында болгон даанышман жазуучубуздун көркөм модельдеринин структурлык табияты менен семантикалык маани-жайы жөнүндө сөз козгоп, жазуучунун көркөм дүйнөсүндөгү ошол айтматовдук мифтердин маани-маңызы менен идеялык-эстетикалык, философиялык-психологиялык табиятын көп жактуу кылып ачып өтүп, окурмандын алаканына даяры менен салып берип жаткан анализ-талдоолор – ушул Калык Ибраимовдун көз-караш, талдоолору.

Демек, Калык Ибраимовдун айтматов таануучулук өнөрү башка айтматов изилдөөчүлөрдөн ушул жагы менен орду-түбү менен айрымаланып, Калыктын улуттук адабият таануу илиминдеги ордун көргөзүп турат. Ал эми бул аркылуу, жалпылаштырып алганда, Айтматовдун чыгармаларын изилдөөгө алган Калык Ибраимовдун изденүү-эмгектеринин жалпы бир спецификалуу негизи – камералуу табияты бар экенин окурман көкүрөгү туят…

Ч.Айтматовдун миф жаратуучу экенин дүйнөнүн улуттук образы жөнүндө сөз козгогон дүйнөлүк деңгээлдеги философ Георгий Гачев Калык Ибраимовдон мурда эле оозанып айтып койгонун белгилеп кетмекчибиз.

Айтматовдук дүйнөнүн айтылып өткөн жагдайлары Калык Ибраимовдун мурда жарык көргөн китептеринен баштап эле жаңырыктап, айтылып келе жатат. Азыр окурмандарынын сынына коюлуп жаткан “Чингиз Айтматов как мифотворец – мудрец века” (2018) аталган жаңы китебинин көп бөлүгүнүн көбүн Калыктын ошол эски китептеринен алынган идея-изденүүлөрү түзөт. Ошол үчүн телефон аркылуу болгон пикир алышуубузда; “Айтматовдун чыгармаларынын дээрлик баарын системалуу карап чыктым деп ойлойм…” – деп оюн айтып атпайбы (Калык Ибримовго чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын системалуу изилдеген залкар адабиятчы Кеңешбек Асаналиев болду; биз бул жерде Айтматовдун чыгармаларынын негизинде образдын семантикасын терең изилдеген адабиятчынын “Аил Шекер и космос” (Иновационный Центр “Архи.” Бишкек-2004.) деп аталган айтылуу эмгегин эске алып жатабыз). Анда, Калык Ибраимовдун Айтматов как мифотворец…” аталган китебинин жаңылыгы эмнеде?..

Рыбек Эшматов, КР УИАнын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери

Видео: Адабиятчы Рысбек Эшматов менен түш жөнүндө сөз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.