(Саякбай Каралаевдин үнү жазылганына 60 жыл толду)

“Манастын” жарык көрүшүнө жана С.Каралаевдин үнүнүн тасмага  түшүрүлүшүнө 60 жыл.

Мен XX кылымдын Гомеринин үнүн жазып алууну уюштурган адамды же мекемени тактап үлгүргөнчө алардын үчөөнүн көзү өтүп кете берди. Ырамандын ырчы уулунан тартып бүгүн текилдеп тестиер куракка келген Үмөткө (өмүрү узун болсун) чейин 100гө чамалаш манасчынын ысмы бизге жетти. Саякбай Каралаевдин “Манасынын” мен ыйлабай уга албаган радиоверсиясын тасмага жазып калуу — өткөн кылымдагы эң маанилүү маданий окуя экендигинде эч шегим жок.

Сакемдин үнүн жаздыруу 1958-жылы, б.а. “Манастын” кыскартылып бириктирилген үчүлтиги чыга баштаган мезгилге удаа башталган өңдөнөт. Ушул улуу окуяларга быйыл туура 5 мүчөл же 60 жыл толуп отурат. Бизден башка эл мындайды сөзсүз кеп кылмак. Манасты курулай оозанган  манкуртияга айланып баратабыз.

Турсун Уралиев

Сакемдин “Манасын” мен жаздым дегендердин бири — Кыргыз Республикасынын Эл артисти,  Кыргыз радиосунда 60 жылдан ашык эмгектенген белгилүү үн режиссер Турсун Уралиев болчу. “Манасты” жазганын өтө элестүү, күлкүлүү кылып айтып берген аксакалыбыз бул жооптуу тапшырманы Исхак Раззаковдун өзүнүн жеке буйругу менен ишке ашырып, бул миссия бир нече жылга созулганына ишенип, терең ыраазы болуп жүрсөм, дагы бир Эл артисти (наамды Уралиевден кыйла кийин алган), белгилүү искусство иликтөөчү жана журналист – документалист Балбай Алагушев абабыз жогорку аксакалды ашата болбосо да, сөгүп туруп буларды айтты:

Балбай Алагушев

Кыргызстан Компартиясынын биринчи жетекчиси тапшырма бергидей Турсун Уралиев ким болуп кетиптир. Бар болгону, үн жазган техникалык кызматкер. Ошону менен Раззаков сүйлөшмөк беле. Сакем менен көзү өткүчө ата-баладай болуп жүрдүм. Радионун музыкалык редакциясында  иштеген жылдары анын үнүн мына мен жаздыргам. Мага чейин 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасында Бүткүл Союздук радио алты жарым мүнөт жазып алганы бар экен. Кумар Жумабаев (үн оператор) менен Сакемен 14 сааттык үзүндүлөрдү радионун алтын коруна киргизген менмин.

Ушул Эл артисттеринин кимисине ишенеримди билбей турсам, үчүнчү адам үн катты. Бул филология илимдеринин кандидаты, белгилүү манас изилдөөчү Муңдук Мамыров эле. Аалы Токомбаевден башка бир адамды анча жактырбаган тежик мүнөзү болгону менен, бул абабыз калп сүйлөбөгөнүн байкагам. Жогорку экөөнүн атын угуп алып, аары чаккандай секирип кетти. Секирип эле кетпестен, каарып кирди: “Ал экөөнүн “Манаска” кандай тиешеси бар! Саякбайдан “Манастын” текстин кагаз бетине көчүрүп алууга да, үнүн пленкага түшүрүүгө да өзүм катышкам. Алгач радио үйүнүн Логвинонкодогу подвалында, ал жерди суу каптап кеткенден кийин Илимдер Академиясында Саякбайды жетелеп жүрүп өзүм жаздыргам. Гонорарга келишимди өзүм түзгөм. Жаздырып жаткандагы сүрөттөр да бар бир жерде…”

Бул жооптуу жана маанилүү жумуш ушул аксакалдын колунан чыккан экен деп бекем ишенип жүрсөм, алар менен жашташ (бул төртөө  тең 85ти серпип койгондор эле) жана бул ишке тике тиешеси бар дагы бир карыя тууралуу кабар жетти. Ал Кыргыз радиосунда 50 жылдан ашык иштеген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Жумакадыр Эргембердиев деген белгилүү журналист экен.

Муңдук Мамыров

Саякбай Каралаевдин үнүн радиого эң биринчи ким жаздырган? – деген суроомо жообун “түшүнүк” түрүндө төмөнкүчө жазып берди:

— Радионун адабий-музыкалык редакциясында башкы редактор болуп турган учурум эле. Бир күнү Шүкүрбек Бейшеналиевдин үйүнө барып калсам, Саякбай бар экен. Ошол тушта уулу кырсыктап жүргөн кези болсо керек эле, Сакемдин сабыры суз. Каражат жагынан да каржалып жүргөндөй көрүндү. “Сен Сакемдин “Манасын” магнитофонуңа жаздырбайсыңбы. Артисттердикиндей кылып, пластинкага түшүрүп, элге угузсаңар жакшы эмеспи. Эмгек акысын төлөп берсеңер, Сакеме да жакшы болбойт беле”, — деп калды Шүкөм. Ошондон кийин көп өтпөй, чоңдорумду көндүрүп, Сакемди студияга алпарып жаза баштадык. Тийиштүү тыйынын алып, ыраазы болуп жүрдү. Анын үнүн алгач жазган режиссер орус болчу, — деди.

Иликтөөлөрүм бүткөнсүп калганда, чындыкка биротоло чыккым келип, төртөөнү чогултуп теледебатка салып көрбөйлүбү деп Назира Аалы кызына кеңешсем: “Бирин-бири көрбөй турганда эле биринчилик талашкан ачуусу чукул аксакалдарыңыз ушул жерде чабыша кетип, жүрөгү кармаса эмне кылабыз, аларды ажырата турган атайын штатыбыз жок”, — деп  супсунумду сууткан болчу.

Жумакадыр Эргембердиев

Акыркы могикандын үнүн тирүүсүндө жаздырып калуу сыяктуу кылымга татырлык ишти демилгелеген адамдын атын тактоодо биротоло чаташып, башым катып жүргөн алты, жети жылдын аралыгында, “бойго жетип” турушкан үч аксакалымды биринин артынан бирин жоготуп алдым. Ошентип “Манасты”, манасчыларды, аларды изилдегендерди өтө кастарлаган мен үчүн аябай маанилүү көрүнгөн маселенин башы ачылбай калганына бир эсе өкүнсөм, бир эсе туура эле болгондой туюлат. Себеби, бири-бирин тааныгысы келбегени менен, улуу жомок, укмуштуу дастанды кыраан Сакем кыйкырып айтып жатканда Муңдук аба Мамыровдун, Турсун аке Уралиевдин, Жумакадыр байке Эгембердиевдин жана Балбай аба Алагушевдин (100 жашаңыз) эмгегин (төртөөнүн тең жүйө далилин келтирдим)  кийинкилер эстей жүрсө деймин. Анткени алар ошого татыктуу.

Кыргыз маданиятына кызматтары өтүп, артына терең из калтырган карыяларым тууралуу тогуз толгонуп айта албай жүргөн ич күптүмдү чыгарып алып, мен да бүгүн кыйла эле жеңилдей түштүм.

Агаларыма терең урматым менен Аалы Молдоканов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.