Ушул жылдын 20-декабрында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Депутатка Эсеп палатасында иштеп турганда мыйзам бузду деген кине коюлуп келген.

УКК кызматы 2018-жылдын 25-декабрындагы чечими боюнча А. Шыкмаматовдун ишин ар тараптуу иликтөөдөн кийин анын кылмышка тийешеси жок экенин аныктаган. Чечимде Эсеп палатасына тендер аркылуу сатылып алынган кызматтык авто-унаалар боюнча иш кагаздарда депутаттын колу табылган эместиги айтылат.

Ошондой эле аталган ишти кароо боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрү Ж. Иманалиев, А. Кангелдиев, Т. Чормонов, А. Романова жана Н. Беделбаев А. Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш ишинде түз жана кыйыр түрдө тийиштүүлүгүн тапкан эмес.

Муну менен катар 2018-жылдын 22-декабрында аталган кылмыш иши боюнча КР мамлекеттик  соттук-экспертизалык кызматынын I даражадагы адиси Нина Игнатенкога комплекстүү соттук-экономикалык, соттук-товардык иликтөө тапшырмасы берилген. Изилдөөнүн негизинде Эсеп палатасына сатылып алынган жеңил авто-унааларга зыян келтирилбегендиги аныкталган.

Эскерте кетсек, чуулгандуу иш 2017-жылдын 17-февралында Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Эсеп палатасынын бир нече кызмат адамдары кызматтык жасалмалуулук боюнча айыпталган. Ал эми Шыкмаматовго жеке кызыкчылыгын көздөп, жубайы Ж.Турдакунованын 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz Е 320 үлгүсүндөгү машинасынын баасын жогорулатып «Барат Люкс» ишканасынын тендердик табыштамасына киргизген деген кине коюлган. Авто-унаа наркы 14 миң 637 доллар деп көрсөтүлгөн. Бирок «Азия-Оценка» ААКтын корутундусуна ылайык, авто-унаанын 2011-жылдагы базар баасы 10 миң доллардын тегерегинде болгон.

Былтыр декабрда Биринчи Май райондук соту Шыкмаматовго 5 миллион сом төлөтүү боюнча өкүм чыгарган. Бирок депутат жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылып, натыйжада, райондук соттун чечими жокко чыгарылган. Иш кайра иликтөөгө жиберилген.

Жанара Каденова

One Reply to “АША бийлигинин ит жылында кетирген «итчиликтеринин» бири акталды”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.