Гезиттен журналист эжелердин биринин мээримге жык толгон макаласын окуп калдым: жекшемби күнү бош убакыт болуп калып, балдарынын кичине кезиндеги кийимдерин жайып, айрымдарын жыттаганда наристе жыты сакталып калганын баяндап, өзүнүн апасы да балдарынын эски кийимдерин ыргытпай сактаганын убагында түшүнбөгөнүн эскериптир…

Башталгыч класста окуп жүргөнүмдө акем (чоң атамдын колунда өскөндүктөн атамы аке деп калдык) ооруканага жатып калды. Ошондо күн сайын апамы жадатып сурап, жол карап күтүп, бир күнү үйдө эч ким жокто акемин илинип турган көйнөгүн жыттап, көзүмө жаш келгени эсимде. Кийин чоңоюп, училищеде окуп калганымда мага чак келип калган көйнөктөрүн талашып кийип, алардан да акем кучагына алып эркелеткенде сезилчү тааныш тердин жыты келчү. Апам жууп, үтүктөп койсо деле байкалчу. Азыр өзүмдүн көйнөктөрүм ошондой жыттанат…

Сыягы, жыт деле атадан балага өтөт окшойт, ал тургай ар бир элдин өзүнө таандык жыты болсо керек. Жогоруда айткандай, Жалал-Абад педучилищесинде окуп жүрүп эркин күрөш менен машыгып калдым. Түрдүү көнүгүүлөрдөн кийин тренерибиз эки-экиден чыгарып күрөштүрчү. Ошондо каршылашым орус баладан сарымсак, колбаса аралаш жана башка жыттар келип, мен аны чочконун жыты окшойт деп жоругамын. Өзбек балдардын да өзүнчө жыты боло турган. Кыргыздардын жыты сезилчү эмес, кийин аскерде түрдүү улуттун балдары менен аралашып жүрүп, кыргыздардын да өзүнө таандык жыты болоруна ынандым. Биздин жытыбыз башка элдерге гана сезилсе керек.

Жыт сезүү касиети адамдарда өтө байыркы мезгилдерден, айбанаттар дүйнөсүнөн калганын боолголоого болот. Кайсы бир китептен иттин 2000000 (эки миллион!) жытты ажырата билерин окуп, эсим ооду. Бизди түрдүү жыттардын дүйнөсү курчап турат. Шаардагы квартираларыбызда аба тазалагычтарды (освежитель воздуха) пайдаланганыбыз менен арчалап ысырык салуу үйдүн аурасын оңдоорун биле жүргөнүбүз оң. Миң сандаган атырдын, дезодоранттардын чыгарылып жатканы бекеринен эмес, алар аялдардын бизди – эркектерди, тузакка түшүрүүчү эң күчтүү куралдары эмеспи.

«Аял жыты» («Запах женщины») аттуу фильм көргөндөрдү кайдыгер калтырбаса керек. Анткен менен сүйгөн аялдардын жыты эч кандай каражатсыз эле жагымдуу болот. Студент кезимде үйлөнүп, айылдагы ата-энемдин колундагы келинчегиме дем алыш күндөрү барганда анын кийимдеринен, чачынан, колдорунан сүттүн, түтүндүн, тамактын жыты келип, жакшы көрүүм, сыйлоом арта түшкөн. Анткени, андай жыт апамда гана бар эле.

Мухтар Шахановдун ыр менен жазылган романында Африкадагы бир уруунун жигиттери үйлөнөрдө көзүн таңып, кыздар толо отурган үйгө кирип, колуктусун жытына карап тандап алаары жазылыптыр. Бул урууда ажырашуу дээрлик жок экен.

Япон аялдары балдарын такай жонуна таңып жүрүшөт дейт. Мындай учурда бөбөк бүт денеси менен энесинин жылуулугун сезип, жытын искеп, анын натыйжасында ата-энесине кайрымдуу, боорукер болуп чоңоёрунда шек жок. Дүйнө элин таңданткан япон өнүгүүсүнүн бир сыры мүмкүн ушундадыр?..

Орус дворяндарынын аялдары мүчөсү бузулбасын үчүн төрөр замат балдарын эмизип багууга карапайым дыйкан аялдарына беришкен. Улуу акын А. С. Пушкин да ошентип чоңойгон. Ошондон уламбы, биз анын бакма энеси Арина Радионовнага арнап жазылган мээримдүү ырын окуганбыз, бирок өз энесине карата арналган ырын билбейбиз. Жеңилин, ыңгайлуулугун көздөп, балдарын коляскага салып өстүрүп жаткан жеңелер, келиндер, карындаштар эске түшүп, эртеңки күндөн бир аз кооптоно түшөсүң…

Кыргыздар балдарын «сасыгым» деп эркелетет, дүйнөдөгү эч теңдеши жок жыпар жытты, анын булагы болгон баласын суук көздөн, ичи тардан аярлап, сактоо үчүн ушинтип тескерисинче айтып калгандай. Ата-эне үчүн баланын жытындай жагымдуу жыт жок болсо керек. Акын Кожогелди Култегиндин:

Өз демиңди балаң сезип – жакшысы,
Өзүң анын башын жыттап – башкысы,
Кыргыз үйдө кымыз ичип отурсаң –
Кыргыздын ал кыпкыргызча бактысы, — деген ыр саптары да дал ошону айтып жатат. Элибиздин адат катары баланы эс киргенче коюнга алып жыттап жатышы да ошондон.

Ата-эненин коюнунан чыккан бала бир туугандарынын коюнуна барган. Кыргыз үй-бүлөсү адатта көп балалуу болгон эмеспи. Бир туугандардын чогуу, бир төшөктө жатышынын да мааниси чоң. Коюндашып, жыт алышып өскөн бир туугандар бири бирине күйүмдүү, ынтымактуу келээрин турмуш ырастаган. Батыштын ар бири өзүнчө керебетте, ал тургай өзүнчө бөлмөдө жатып чоңойгон балдары өзүмчүл келип, бизнеси өркүндөп турса да ата-энесинин же бир туугандарынын башына иш түшүп калганда жат адамдардай: «Мне очень жаль» деп коюп обочолонуп турушун фильмдерден көрүп эле жүрбөйбүзбү. Балким бул жыты сиңишпегенден болуп жаткандыр?!.

Биздин элдин көкүлдөштүрүү салты ушул нерсени байкагандан келип чыккан. Жетим калган баланы асырап алмакчы болгондор ага көкүл коюп, аны өз баласынын көкүлү менен байлап жаткырган. Бул ырымдан кийин алар каны-жаны бир бир туугандардай болуп калган да, андан ары үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүнө эч ким өгөйдөй мамиле кылбаган. Бабалардын гумандуулугуна баш чайкагандан башка арга жок.

Адамдардын мамилесинде да жыттын ролу бар. Окумуштуу Хусейин Карасаевдин белгилүү «Накыл сөздөрүндө» илгери кыргыздарда кол берип көрүшүү сейрек болгону, өтө сагынышкан туугандар алыс жерден келгенде кучакташып, моюндарынан жытташып көрүшкөнү айтылат. Ошол эле эмгекте мамилеси жакын, мүнөзү окшош адамдарды, досторду «жытташып табышкандай» деген сөз менен сыпаттары берилген. Орой болсо да өзүбүздүн сөзүбүз, эмнегедир «Карасай-Сөздүктө» «осурагы сиңишкен» деген накыл кеп эскерилбеген. Чогуу жашап, чогуу туз таткан адамдардын жыты сиңишерин кантип танмак элек. «Отуз уулум болгончо, осурак чалым болсочу» деген байбиченин арманы тегин жерден чыкпагандыр?..

Жыт магиясында туулган жер жытынын орду өзгөчө. Мухтар Шахановдун романында бир кызыктуу легенда баяндалат. Отрардык бир өспүрүм ата-энесинен ажыраган соң жерин таштап кетип, чет жерде билим алып, үйлөнүп, атактуу уста, бай адам болот. Мындай чебер уста жердештерине да керек болгондуктан аны канча чакырышса да көнбөйт. Ошондо Отрардын ханы Кайырхан байыркы ыкманы колдонот: ага бир тутам эрмен чөбүн жөнөтүүнү буюрат. Колуна тийген эрменди жыттаган устанын көз алдына туулган жери тартылып, жан дүйнөсү козголуп, сагынычы күчөп, көз жашын көлдөтүп, үйүнө кайтууга камынат. Эрмен-шыбакты бала кезден далай жыттадык, анын каңылжаарды ачыштырган ачуу жыты көчмөндөр үчүн Ата Журттун, Мекендин таттуу жыты да… Ошол жытты Алыкул өлгөндө да «көкүрөккө кучактап жаткысы келгенин» жазган. Акындын бул ырын туулган жерге арналган гимн десек жаңылбайбыз.

Анекдотто бир жигиттин дүкөндө бардык аялдарга жагуучу жыты бар атыр берүүнү сураганы айтылат. Кандай жыт болсун десе «акчанын жыты» деп жооп берет. Ырас, турмушубузда бул жыттын да ролу бар экенин тана албайбыз. Байлыкты колдун кири катары санаган бабалардан айырмаланып, көпчүлүк замандаштарыбыз үчүн бул жыт баарынан артык болуп калды окшойт. Ата Журт, Мекен, ымыркай жытынан да акча жыттуу саналып калган заман келип калгандай туюлат.

Абдмиталип Мурзакметов

Түн бир оокумга дейре телевизор күйүп, уктаар алдында балдарымдын бөлмөсүнө кирем. Жамынган жуурканын ысуулап тээп салып, шилекейи агып, бири бирине колун, бутун арта салып, ширин уктап жатышат. Үстүлөрүн жаап, оңдоп жаткырып жатып: «Ата-эне жытын баалаган кайрымдуу, бир тууган жыты сиңишкен ынтымак, эл-жердин жытын сүйгөн азамат атуулдар болушар бекен?» деп ойлоном. Ылайым ушундай болушса экен…

3 Replies to “Абдмиталип Мурзакметов: Жыт магиясы”

  1. Мага абыдан жакты ушул көз караш. Көрсө «оосурагыбыз сиңишип калды» деген сөздү туура эле кабыл алыш керек турбайбы. Мага ушул сөз одоно сөздөй туюлчуу мурда))))

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.