Өтүп бараткан жылдагы биз тандаган мыкты эмгектер

«РухЭш» сайты белгилүү публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу китебин (Б.; “Турар.”, 2018) 2018-жылдын мыкты китеби катары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө таанытууну көздөйт. Арийне, аталган китеп туурасында айтыла турган, жазыла турган эмгектер али алдыда. Чыңгыз Айтматовдун айрым романдары менен повесттерин байыркы мифтик жана азыркы философиянын эң соңку агымдары жана багыттарында кеңири талдап, көркөм концепциялардын өңүтүнө токтолгон Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу эмгеги туурасында адабиятчы Жолдош Турдубаевдин адабий рецензиясы менен береги шилтемеден>>Жамийланын жамалы же көркөм текстти талдоонун жаңы […]

Португал эл жомогу: Ашкабак менен эмен жаӊгагы

Илгери бир киши болуптур. Кетип баратып ичке өсүмдүктүн сабагын көрөт. Ал жерге төшөлүп, сойлоп өсөр жана чоң-чоң ашкабактары бышып турганын байкады. Ал эми огороддун четиндеги калдайган күчтүү эмен дарагы болсо бутактарын жайып, туш тарапка керилип өсүп турганын, бирок анын үрөндөрү кипкичинекей тоголок экенин көрөт. Эмендин түбүндө отуруп ойлонду да баарынан кудуреттүү, жараткан кудайды жамандап кирди: — Мен анын ордунда болсом, — деди, — такыр башкача кылмакмын. Эмендин тобурчактары ашкабактай чоӊ болмок да, ашкабактын сабагындагы мөмөлөрүн эмендикиндей кичине кылмакмын, ошондо туура […]

Олжобай Шакир: Ит жылындагы итибиз чөп жээр ийгилик

Ушул тапта уюмдаша койгондун көбү “Жыл мыктылары” номинациясын удургуп белгилешүүдө. Белгилешсин. Алар кандай критерийдин негизинде “мыктыларды” аныкташарын билбейбиз. Биз тек гана быйылкы жылдагы улуттук сыймык жарата турган бир-эки жагдайга басым коюуну эп көрүп турабыз. Алар ансыз да саналуу, ансыз да бааланбай келет. Ал ийгиликтердин бири – мындан бир аз, саналуу күндөр мурда эле болду. Андай ийгиликти жаратуу кыргыз тарыхында дегеле биринчи окуя, бирок жулунган журналисттер да, коомчулук да ага маани берген жок. Демейде болор болбоско тебетейди көккө ыргытып кубанган улутчул […]

Калил Жибран: Падышанын падышасы – кедейдин сүйүүсүнө ээ боло алуу

Жакшы адам тикенди көрбөйт, гүлүн көрөт, жаман адам гүлдөн кабары жок, тикендерин көрөт. *     *     * Тилек жана каалоо жашоонун жоопкерчилиги. Жашоонун жоопкерчилигин ажырата билүүгө жана каалоолорду орундатууга аракет кылышыбыз керек. *     *     * Адам бир машинаны ойлоп тапканда аны иштете баштайт, кийин ошол машина адамдын өзүн иштетет. Ошентип  адам өз кулунун кулуна айланат. *     *     * Адам топуракка эгин эгип, күндүн сүйүүсүн көрө баштаганда дин пайда болду. *     *     * Адам алгач топуракты казып эгин эге баштаганда – маданият […]

Талгат Кеңесбаев: Кек (конкурска №5)

АҢГЕМЕ Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел жортот. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак… Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып, улам жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү. Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси аны “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, кошкөңүл, идишти жалап-жуктап тазартып туруп кайрадан көлөкөсүнө жатат. Айыл балдары […]

Светлана Горева: Чайковский (конкурска №4)

Таалим берүүчү аңгеме  Бүгүн Ваня үчүн өзгөчө күн эле. Жетинчи май – анын туулган күнү. Анан калса туура келип калганын карабайсыңбы, ал да жетиге чыгып жаткан! Кечинде атасы туулган күнүнө карата бир жашыруун белек камдап койгонун кеп кылган, ал эми кандай белек экенин айткан эмес. Ванянын оюна ар кайсы нерселер келип жатты: жаңы велосипедби же чоң атасы менен балык уулоого чогуу барганга кайырмакпы, айта берсе андан башка толтура нерселер бар эмеспи. Айтор, ал түндүн бир оокумуна чейин ооналактап уктай албай […]