Жакшы адам тикенди көрбөйт, гүлүн көрөт, жаман адам гүлдөн кабары жок, тикендерин көрөт.

*     *     *

Тилек жана каалоо жашоонун жоопкерчилиги. Жашоонун жоопкерчилигин ажырата билүүгө жана каалоолорду орундатууга аракет кылышыбыз керек.

*     *     *

Адам бир машинаны ойлоп тапканда аны иштете баштайт, кийин ошол машина адамдын өзүн иштетет. Ошентип  адам өз кулунун кулуна айланат.

*     *     *

Адам топуракка эгин эгип, күндүн сүйүүсүн көрө баштаганда дин пайда болду.

*     *     *

Адам алгач топуракты казып эгин эге баштаганда – маданият ортого чыкты.

*     *     *

Адам күндү шүгүрчүлүк кылуу менен ыйыктыкка бийиктеткенде искусство пайда болду.

*     *     *

Адам топурактын уругун жей баштаганда, философия ортого чыкты.

*     *     *

Адамдын кадыры жараткан нерселеринде, топтогон байлыгында эмес.

*     *     *

Адамдын муктаждыгынан башка чыныгы байлык жок.

*     *     *

Ар бир улут өз жарандарынын аракеттеринен жоопкерчиликтүү.

*     *     *

Ким өзүн кайгы менен жалгыздыкты жүрөгүндө азапка батпай туруп ажырата алат?

*     *     *

Качан гана ажырашуу убагы келгичекти, сүйүүнүн тереңдигинен кабарыбыз  болбойт.

*     *     *

Көпчүлүк жазуучулар өздөрүнүн жыртылган ойлорун сөздүктөн алган жамаачылар менен жамайт.

*     *     *

Өлүмдөн коркобуз, бирок  уйку жана таттуу түштү сагынабыз.

*     *     *

Байлыгыңды уурдоо үчүн ынсаптуу көрүнгөн кээ бир адам, ойлоруңду бузууну маселе катары көрбөйт.

*     *     *

Падышанын падышасы – кедейдин сүйүүсүнө ээ боло алуу.

*     *     *

Адамдар тууралуу ишеним жана күмөн санооң – өзүңө болгон ишеним жана күмөн санооңдон көзкаранды.

*     *     *

Адам жөн гана ачылыш жасайт, ал эч качан жараткан эмес жана жарата да албайт.

*     *     *

Философиянын максаты – эки чекит ортосундагы эң кыска жолду табуу.

*     *     *

Пайдубалдагы эң ишенимдүү таш, пайдубалдын эң түбүндө жайгашкан таш.

*     *     *

Эшикке «Ичкери кирээрден мурда каада-салттарыңызды сыртка таштап келиңиз», — деп жазып койгонумдан кийин, бир дагы дух эр жүрөктүүлүк көрсөтө алган жок жана эшигимди ача алышпады.

*     *     *

Колдонгондорун китептен алып жазган жазуучу, карыз берүү үчүн карыз алган кишиге гана окшош.

*     *     *

Сүйүү да өлүм сыяктуу, бардыгын өзгөртүп жиберет.

*     *     *

Кээ бир адамдардын духу мектептеги кара такта сыяктуу. Убакыт, белгилер, эрежелер, мисалдар жазылат, бирок нымдуу чүпүрөк колдонгондо дароо өчүп калат.

*     *     *

Душманым мага “Дүшманыңды сүй” деди. Мен да анын сөзүн уктум, өзүмдү сүйө баштадым.

*     *     *

Ар бир нерсенин баасын билгендер анын баркынан кабары жок.

*     *     *

Эркиндиги менен мактанган адамдын эркиндиги кулчулуктур.

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.