Илгери бир киши болуптур. Кетип баратып ичке өсүмдүктүн сабагын көрөт. Ал жерге төшөлүп, сойлоп өсөр жана чоң-чоң ашкабактары бышып турганын байкады. Ал эми огороддун четиндеги калдайган күчтүү эмен дарагы болсо бутактарын жайып, туш тарапка керилип өсүп турганын, бирок анын үрөндөрү кипкичинекей тоголок экенин көрөт. Эмендин түбүндө отуруп ойлонду да баарынан кудуреттүү, жараткан кудайды жамандап кирди:

— Мен анын ордунда болсом, — деди, — такыр башкача кылмакмын. Эмендин тобурчактары ашкабактай чоӊ болмок да, ашкабактын сабагындагы мөмөлөрүн эмендикиндей кичине кылмакмын, ошондо туура болмок. Жаратканым деле жаӊылат тура көрсө.

Отуруп уктап кетиптир. Башына тобурчак топ этип тийгенде, чочуп ойгонду. Секирип туруп кыйкырып жиберди:

— Мен жаӊылган экемин! Эгер бул даракта ашкабактай чоң уруктар болгондо менин башым эмне болмок? Эчак жарылып калмак! Жок, жок! Кудайым баарын туура жасаган экен, мындан артык болууга мүмкүн эмес. Кечире көр жараткан, кечире көр мени, — деген экен!

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.