Таалим берүүчү аңгеме 

Бүгүн Ваня үчүн өзгөчө күн эле. Жетинчи май – анын туулган күнү. Анан калса туура келип калганын карабайсыңбы, ал да жетиге чыгып жаткан!

Кечинде атасы туулган күнүнө карата бир жашыруун белек камдап койгонун кеп кылган, ал эми кандай белек экенин айткан эмес. Ванянын оюна ар кайсы нерселер келип жатты: жаңы велосипедби же чоң атасы менен балык уулоого чогуу барганга кайырмакпы, айта берсе андан башка толтура нерселер бар эмеспи. Айтор, ал түндүн бир оокумуна чейин ооналактап уктай албай чыкты.

— Кандай? Даярсыңбы? – деп сурады атасы, эртең менен уулунун бөлмөсүнө баш багып.

— Даяр элемин, бирок тамак иче элекмин,— уулу оозун чоң ачып эстеп койду.

— Анда шашыл, шам-шум этип алып жолго чыгалы, бара турган жерибиз алыс, – деп шаштырды атасы.

— А кайда барабыз? – кызыгуусу арта түшкөн Ваня керебеттен секирип түштү.

— Алибетте, сен унуттуң да? — мен сага жашыруун белегим бар дебедим беле,— атасы мыйыгынан жылмайып койду.

— Жок, унуткан жокмун, таң аткыча ошону ойлоп алып уктай албай чыкпадымбы.

— Анда эмесе жүрү ашканага, кечигип калабыз.

Бутерброд менен чай ичип, курсактарын кампайтып алышты да, Вася атасы экөө көчөгө чыгышты. Аба ырайы чайыттай ачык, сонун болуп туруптур, баланын ырдагысы келип кетти. Ал музыканы аябай жакшы көрчү, сентябрда музыка мектебине кирип окуганы жаткан. Сыноону ийгиликтүү тапшырып, кыйналбай эле өтүп кеткен. А азырынча астыда жай мезгили турган. Ваня машинага олтургандан кийин чыдай албай тыбырчылап жиберди:

— Атаке, деги кайда барабыз?

— Жеткенде айтам, шашпа,— деп табышмактуу жылмайды атасы.

— Эми, жок дегенде жакындатып айтсаң, – деп суранды Ваня.

— Чыдай түш, антпесе купуя сыр ачылып калат!

— А жакында жетебизби? – деп үшкүрүп койду бала.

— Эки саатта жетип калабыз, — деди атасы.

— Эки саатпы???

— Ооба, чыда. Кел, мен сага жаңы диск коюп берейин, сен классиканы жакшы көрөсүң да. Мына, анда эмесе ук.

Ошентти да ал дискти коюп берди. Каалгыган назик, мээлүүн ойнолгон музыка жаңырды.

— Ата, бул кайсы музыка?

— Бул Чайковскийдин «Жыл мезгилдери» – деген чыгармасы.

— Сонун экен! – деди Ваня ойлуу. – Азыр көзүмдү жумуп алып, түрдүү элестерди көрө баштайм.

Убакыт билинбей эле өтүп кетти, атасы убада кылгандай эле эки сааттан кийин барчу жерине жетип келишти.

— Ох-ий, олтура берип буттарым ооруп калыптыр, – деди Ваня. – Каякка келдик?

— Биз сен жолдо угуп келген музыканы чыгарган Петр Ильич Чайковскийдин корук-музейи жайгашкан Клин шаарындабыз.

— Мына, эмесе! Мына сага жашыруун сыр! Кандай сонун! Мен музейди жакшы көрөм! – Ваня атасынын мойнуна асыла кетти.

— Сырдын баары алдыда, жүрү жолдо баратып айтып берем. Бала кезимде биринчи жолу Чайковский деген фамилияны укканда, өзүнүн фабрикасында чай чыгарган бир маанилүү бай адам экен деп ойлоптурмун. Чындыгында, бул кызыктуу фамилия Чайка деген сөздөн чыккан. Бабаларынын бири украиналык казактардан болуп, анын аты-жөнү Фёдор Чайка экен. Анын уулу өзүн Чайковскиймин деп атап алып, ошондон кийин анын укум-тукумдары Чайковскийлер болуп келе жатышат. Сен билесиңби, композитор Чайковский да бүгүнкү күнү туулган. Бирок ал мындан бир нече жыл мурда — 1840-жылы туулуптур. Бул музейде салтка айланып калган жакшы адат бар: анын туулган жана өлгөн күнүндө анын роялы жанданат. Музыкант аны ойногондо, андан чыккан музыка музейдин бардык бөлмөлөрүндө гана эмес, бакчага чейин жаңырып турат. Экөөбүздүн концерке чейин дагы бир аз убактыбыз бар, кел, бул олтургучка олтура туралы. Мен Чайковский жөнүндө китепти ала келгем, бир аз окуп берейин, андан кийин ичке кирип концерт угалык, макулсуңбу? — деди атасы.

— Макул, окуп бер, концертке кечикпесек эле болду.

Чайковский кантип музыкант болууну чечкен?

1840-жылдын 7-майында Чайковскийлердин үйүндө чоң кубаныч болду: алардын үйүндө дагы бир уул жарыкка келди. Анын атын Петя коюшту. Анын “Аккуулар көлү”, “Евгений Онегин” балеттеринин, балдарга арналып чыгарылган “Балдар альбому” музыкалуу пьесалар жыйнагынын жана башка чыгармалардын автору, улуу композитор катары таанылышына дагы көптөгөн жылдар бар эле. Каада күтүп сакал койгон жана аны Пётр Ильич деп гана атап калган учур али алдыда болчу. Ал азырынча бешиктен бели чыга элек сары ооз балапан эле, бул дүйнөгө ал жаңы эле баш багып, аны менен эми гана тааныша баштаган. Ооба, ооба, күлбөгүлө, бардык адамдардай эле улуу композиторлор да так сен сыяктуу кичинекей бала болушкан, кымбаттуу менин окурманым же ата-энесине окутуп угуп олтурган угуучум.

Ошентип, кичинекей Петя, Воткинский шаарында келечекте аны эмне күтүп турганы менен иши жок, оюнчуктары менен ойноп жүрдү. Кел анда, ал эмне деген шаар экенин карап көрөлүчү. Ал аябай кызык шаар эле. Уралдагы тоо-кен жана металлургия өнөр жай ишканалары өнүккөн чоң шаарлардын бири болчу. Бул шаарда көп заводдор боло турган. Биз, азыр сааттын чырылдагы менен ойгонуп турабыз, ал кездерде саат бай адамдарда гана кездешчү. Жумушчуларды заводдор чыгарган гудоктун катуу үндөрү ойготчу.

Келгиле, тарых барагын артка түрүп, 160 жыл артка кайтып көрөлүк, ал кездерде кандай болгонуна бир аз көз жүгүртөлүк. Мынакей, заводдун кең дарбазасы шарактап ачылып, бири-бири менен кобурашкан жумушчулар короого толо башташты. Аңгыча, узун бойлуу жигит бардыгына жаккан ырды созуп жиберди, калгандар ага кошулуп ырдай башташты. Алар өздөрүнүн оор турмуштары жөнүндө, эр жигитке келчү бакыт-таалай жөнүндө, жана албетте, сүйүү жөнүндө ырдап жатышты.

Кичинекей Петя ошондой заводдордун бирине жакын жерге ойноп барган. Атасы аны башынан сылап, көп алаксыбай үйгө барышын өтүндү, бирок ал жумушчулардан көзүн албай карап көпкө жүрдү. Чайковскийлердин үйүндө таптакыр башка ырлар ырдалчу. Бир жолу ал ашканада коноктор үчүн ар кандай даамдуу тамактар камдалган ашканага баш бага калып, таң калганынан оозу ачыла түштү. Ал жерде арабакеч менен ашпозчу ырдап олтурушуптур. Экөөнүн көмөкөйүнөн чыгып жаткан муңдуу, мукам, элдик ырдан, Петянын көзүнөн жаш кылгыра түштү. Бөлмөсүнө кайткан Петянын кулагында ал ыр көпкө чейин жаңырып турду.

Кийинчэрээк ал бала кезде элдик ырлардан алган таасирлерин өз операларында чагылдырат. А азырынча көздөрүн жайнаткан, тармал чачтуу бул кичинекей акылдуу бала, музыканын адамга тийгизкен сыйкырдуу күчүн жаңы гана аңдай баштаган болчу.

«Сен менин берметимсиң» деп эркелетчү кичинекей Петяны апасы. Балким ошентип кантип эркелетсин деп ойлоп жаткандырсың, менин кымбаттуу окурманым. Мага минтип эркелеткени орундуудай эле сезилет, анткени болочоктогу композитор сезимтал гана болбостон – акылдуу, түшүнүктүү бала эле, ал өз бүлөсүнүн чыныгы сыймыгы болчу.

Бир жолу кышында Чайковскийлердин үйүндө мындай окуя болду. Бүт үй-бүлөсү менен конок бөлмөсүндө күйүп жаткан очокту тегеректей олтурушкан. Сыртта  бороон уңулдап, шамал улуп, ит өлгөн суук эле, ал эми бөлмөдө жылуу жана жагымдуу болчу. Апасы Александра Андреевна  узун ичке манжаларын фортепьянодо чебер кыймылдатып ойноп жатты. Петя апасына жакын эле жердеги жумшак вольтер креслосуна буттарын чыгарып алып олтурган. Музыканын кереметтүү ыргагы аны кайдадыр бир белгисиз өлкөлөргө алып жөнөп магдыратты. Бир кезде апасы ылдам ойной баштаганда ал селт эте түшүп, бүт көңүлү менен энесинин ойногонуна суктана карап, андан көзүн албады.

— Апа, апаке, мен ойноп көрсөм болобу? – деди чыдамы кеткен Петя.

— Албетте болот, бирок азыр эмес, чыдай тур. Сага мугалим жалдап беребиз, ал сага бат эле ойногонду үйрөтөт, — деди апасы үнүн бир калыпта чыгарып.

— Жок, күткүм келбейт, азыр эле байкап көрөйүнчү, уруксат бериңизчи, – апасына жалдырай баштады Петя.

— Байкаса байкап көрсүн, мен каршы эмесмин,— деп кошула кетти атасы Илья Петрович. Ал да бир кездерде музыкага кызыгып жүрчү. «Ооба, андай убактар болгон – жаштык, мастык… Театрга барчубуз, ырдачубуз…»  — деп ойлуу жылмайып койду ал өзүнчө.

Петянын музыканын сыйкырдуу дүйнөсүнө кирүүсү так ушинтип башталган.

Кызыктуу «оору»

Таң жаңы эле ата баштап, жерге жарык кире баштаганда балдар уктап жаткан бөлмөгө орто бойлуу, сулуу, жаш айым кирди. Бир аз тантыгыраак тили менен ал кичинекей уйкучуларга кутман таң каалай кетти. Бул француз-тарбиячы Фанни Дюрбах эле. Анын милдетине Чайковскийлердин кичинекей балдарына  билим берүү жана аларды тарбиялоо кирчү. Анын бул үйгө келиши менен алардын турмушу кескин өзгөрдү. Элестеткиле: күндө эртең менен саат алтыда турушат да, баш көтөрбөй сабак окууга киришет.

Башка көп илимдер жана тилдерди үйрөнүү менен катар, алар ар кандай музыкалык аспаптарда ойногонду да үйрөнүшчү. Петя шайыр, шайдоот бала болучу. Ошол эле убакта ал бирөөлөрдүн азап-тозокторун жүрөгүнөн өткөзүп, жабыркай берген боорукер, сезимтал болчу. Фортепьянодо ойноо анын сүйүктүү сабагы эле. Ал өзү сөз менен айтып бере албаган нерселерди, музыканын тили менен жеткирүүгө далалат кылчу.

Апасынын айтымында, ал бир жолу кызыктуудай “ооруга ”кабылыптыр.

— Сага эмне болду Петя, үн катчы, байболгур! – Александра Андреевна уулунун ийиндеринен кармап силкилдетип жатты.  А Петя креслого олтурган боюнча бир жерди тиктеп, жалдырайт.

— Апа, сиз уктуңузбу? — деди ал бир топтон кийин үн катып.

— Эмнени? Сырттагы шамалдын дуулдаганынан башка эч нерсе уккан жокмун, –деди таң калган апасы.

— Жок, апа, шамал эмес, музыканы уктуңузбу? – дейт тынчы кеткен Петя.

Александра Андреевна абдырай түштү, үшүп жаткан немедей ийиндерин куушуруп, үйүндөгүлөрүнө акырын шыбырады:

— Мына, буга кайрадан музыка угула баштады… Доктур чакыргылачы?

Доктур келип, баланы карап эч бир оору тапкан жок. Таң калыштын кереги жок, Петянын эч оорусу жок болучу! Тарбиячысы аны башкача жоруган, ага кандайдыр бир үндөр кулагына угулуп жаткандай көргөн. Ал аны фортепьянодо азыраак ойнотконго аракет кылып, аны бакчада ойнотуп же тынч жерге олтуруп китеп окуп берчү болду. Петя анын айтканы менен болуп, бирок көп өтпөй эле сүйүктүү аспабынын жанына барып калчу. Жакындарын эле эмес, өзүн да чочуткан ал эмне деген оору болду экен? Ал — музыкалык аспапта ойнойбу же ойнобой турган учуру болобу, өзүнүн жан-дүйнөсүнөн чыгып жаткан музыканы уга билүүгө жөндөмдүү “ички туюму” эле.

Мындай бир нерсени элестеткиле: Петя атасына жаңы келген гезиттер жаткан журнал столуна келет да, кийинчерээк фортепьянодо кайталоо үчүн, анын бетинде эки колу менен татаал пьесаны черткилеп ойной баштайт. Анын минтип жатканын көргөндө сиз деле бир мандеми бар, жинди болуп бараткан неме деп ойломоксуз, бирок анын дени-карды сопсоо болчу!  Эмнеси болсо да үй-бүлөсү Петянын ден-соолугунан чочулап жүрүштү.

Бир жолу түнкүсүн дагы бир окуя болуп өттү. Карасаңыздар, уйкудан калып көздөрү кызарган, жатарда кийчү узун көйнөкчөн, анысы аз келгенсип жылаң аяк бала ким болду экен? Мына, ал кире бериштеги айнектелген бөлмөгө чыкты. Брр…суук сөөктөн өтөт! А бул Петя Чайковский турбайбы! Ага кайрадан баягы музыкасы угулуп жаткандай. Иштин  баары ушунда да! Кулагына угулган авазды кайталап, манжалары менен айнекти катуу тырсылдатып кирди. Ал ушунчалык эргип кетти белем, ай иттики, айнек сынып, колдорун тилип кетпеспи. Эми кандай гана ызы-чуу болгонун көрүп ал! Петя байкуш коркконунан ыйлап жиберди.

Бул жоругу үчүн ал ата-энеси катуу жазалайт деп ойлогон, бирок кудай жалгап алар уулунун каалоосун туура түшүнүшүп, музыкадан сабак берген мугалим жалдап беришти.

Пётр Ильич Чайковскийдин композитор болуп калыптанышына узун да, татаал да жол так ошентип башталган. Сегиз жашында ал нотаны мугалиминен кем эмес өздөштүрдү, а дагы бир жылдан кийин фортепьянодо чоң кишилердей эле ойноп калды. Анын компьютери да, чөнтөк телефону да жок болчу (ал кезде бул нерселерди ойлоп табыша элек болучу). Биздин заманда пайда болгон көңүл ачуучу каражаттардын жоктугу ага баары бир эле. “Фортепьяно болсо эле болду”— деп койчу ал кубанып.

Унутулгус кеч

Бир нече жылдардан кийин Чайковскийлердин үй-бүлөсү Петербурга көчүп келишти. Бул шаарда Петянын эсинде өмүр бою сакталып калган окуя болуп өттү.

Ал эмне болгон окуя болду экен? Чү! Уктуңуздарбы? Бул таш төшөлгөн жол менен, чегилген аттардын туяктарынын дүбүртү алыска жаңырып, шуулдап келе жаткан жеңил арабанын дабышы! Ал арабада Михаил Глинканын “Падыша үчүн арналган өмүр” операсына бара жатышкан Чайковскийлердин үй-бүлөсү олтурушкан. Азыркы учурда дем алыш сайын театрга бармай кайда, андай нерсе эч кимдин оюна да, түшүнө да кирбейт, ал кездерде бул коомдо кабыл алынган убакытты көңүлдүү өткөрүүнүн бирден бир жагымдуу жолдорунун бири эле да. Петя бул убакта он жашка чыгып калган.

Ал  аябай толкунданып алган. Буга театрдын атмосферасы көп таасир берди окшойт. Ар кандай аспаптардын үндөрү актёрлордун кобур-собуру, театрга гана тиешелүү жагымдуу жыттар баары аралашып, театрга өзгөчө бир түр берип турду.

Александра Андреевна элдин арасында алаксып артта калган балдарын чакырып, чогуусу менен көрүүчүлөр олтурчу жайдан орун алышты. Петя көздү уялткан катуу жарыктан бир көз ирмемге эч нерсе көрбөй калды. Анан ал баркыт капталган тосмого жөлөнүп, ылдый жакты карай баштады. Ага бардык нерсе жаңы болчу, барыдан да башталышында ар түрдүү аспаптардан чыккан түркүн үндөр куюлушуп, бир бүтүн обонго айланып кеткени аябагандай кызык болду. Спектакль башталды.

Капельмейстер таякчасын чеберчилик менен шилтеди эле, оркестр чагылган түшкөндөй алай-дүлөй түшүрүп, зал ичин шаңга бөлөп жиберди. Сахнада дыйкандардын хору ырдай баштады. Петя көзүнөн жашын тегеретип, тигилерди кыймылдабай угуп олтурду. Андан кийин сахнага Ата Мекени үчүн өмүрлөрүн бычактын кырына сайып койгон поляктарды токойдогу душмандарга каршы баштаган Иван Сусанин чыкты. Негизги кейипкер согуштан кайтпай каларын эстеген Петянын жүрөгү тызылдап кетти.

Операны ал бир дем менен көрдү. Алган таасиринен улам Петя сүйлөй албай калды. Канча аракет кылса да Александра Андреевна уулунан бир ооз сөз чыгара алган жок, ал апасынын колун унчукпай кыскандан башкага жарабады. Бул кереметтүү кечти тартуулаган апасына өмүр бою ыраазы болуп өттү, ал эми композитор Михаил Глинканы ошол күндөн тартып өз устаты катары санап жүрдү. Чайковский так ошол Глинкадан орустун духун жана Ата Мекенге болгон сүйүүсүн өз музыкасында чагылдырууну мурас катары кабыл алган.

Ийгиликти карай алгачкы кадамдар

Петя он экиге чыкканда атасынын каалоосу менен Петербург шаарындагы Укук таануу окуу жайына тапшырды. Бул жерде он экиден он жетиге чейинки жаштагы балдар окушчу. Негизинен юридикалык билим алышып, келечекте көпчүлүгү мамлекеттик мекемелерге кызматка орношуп эмгектенишчү. Карасаңыз, алардын чакырыгы кандай сонун айтылган: “Максатыңды көрө бил”!

Мынакей, биздин Петябыз да өзү чогуу окуган балдар менен окуу жайдын имаратынан чыгып келе жатат.

— Эй, карагыла, “чижиктер” келе жатышат! – деп кыйкырышты көчөдө ойноп жүргөн балдар, аларды көрөр замат. Эмнеге “чижиктер”? — деп сурашыңар мүмкүн.

А силер деги чижик деген кичинекей чымчыкты көрдүңөр беле? Укук таануу окуу жайынын өйдө жагы сары келген, жашыл мундирлери ошол чымчыктын түсүнө окшоп турчу. Бул окуу жайда байлардын балдары гана окугандыктан, карапайым адамдардын балдары ичтери күйүп турчу, анан алар кантип шылдыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн коё беришсин. Анан калса,  жалтырата сүрүлгөн, таажынын сүрөтү түшүрүлгөн топчулары балдардын көздөрүн кычыштырып, ал окуу жайдан окууну саматып турар эле.

Ал жылдары окуу жайдын ар бир окуучусу император Николай I өзү катышкан балга катыша алчу эмес. А Петя болсо ошол балга катышып, атүгүл ал жактан үч бурч калпакчан кичинекей солдат оюнчукту утуп алган. Анан кантип башкалардын ичи күйүп шылдыңдабайт! Алибетте, андай шылдыңдоолор келечектеги юристерге анча деле жагымдуу эмес дечи, бирок Чайковскийди алаксытып, жооткоткон бир нерсе бар болчу, – ал музыкага болгон сүйүүсү, ал сүйүү үй-бүлөсүнө болгон сагынычы менен кусалыгын да жеңилдетип турчу. Ал мурдагыдай эле музыкалык ички туюмун жоготкон жок, ал ага кадимкидей дем берчү.

Окуу жайын аяктаган күн да келип жетип, чоң турмушка кадам ташталды. Пётр Чайковский Юстиция департаментине кызматка орношту. Ал-күчкө толуп, алдына койгон улуу максаттарды багындырууга даяр эле. Бирок ага музыкадан сабак берген мугалимдери да, анын келечекте музыкант болорунан шек алышкан эмес. Ал өзү теңдүү теңтуштары сыяктуу эле көпчүлүк убактысын көчөдө, жаштык кездин жыргал учурун ойноп-күлүп өткөзүп жүрдү.

Тигине, келечектеги композитор Петербургдун көчөлөрүнүн биринде ишенимдүү кадам менен келе жатат. Ал чиновниктер кийүүчү топчулары жаркыраган шинель, башына маңдайында күнгө чагылышкан кокардосу бар фуражка кийип алган. Кантсе да анын кызмат абалы, аны өзүнүн сырткы келбетин жакшылап карап жүрүүгө милдеттендирет эмеспи. Алдынан чыккан тааныш айымдар менен каада сактап, башын ийип саламдашып өттү. Көпчүлүктүн ага таанышындай карап, учурашып жаткандары ага жагымдуу болчу, ал ансайын башын бийик көтөрүп басып калчу. Айткылачы, анын курагында ким эле сылаң короздонуп жүрбөдү экен?

Ошондой кечтердин биринде, Пётр Чайковский жогорку коомдогулардын кечки сый тамагына чакыруу алды. Чакырылгандардын арасында ал өзүнүн музыкага шыктуулугу менен айырмаланып турчу. Кимдир-бирөө анын дараметин текшерип көргүсү келди:

— А клавиатуранын бетин чүпүрөк менен жаап койсокчу? Эсиңизге келген бир чыгарманы нотасыз ойной аласызбы?

Чайковскийди бул сунуш көп деле чочулаткан жок. Бат эле сүлгүр алып келишти да фортепьянонун баскычтарын жаап жиберишти, Чайковский олтурары менен эле эсине келген ошол кездеги эң модалуу пьесанын бирин токтоосуздан ойноп жиберди. Коноктордун таң калуусу, суктануусу далайга чейин таркабады.

Турмуш нугунун өзгөрүшү

Чайковский ошол бойдон көнүмүш, тынч турмуш өткөзө берсе деле болмок. Арийне, көкүрөгүндөгү дарамети жөн жаткызмакпы. Көрөңгөсү көөдөнүн тээп, жан-дүйнөсүн кайнатып барып, акыр бир күн чарт этип жарылып берди!

Анын жакындары үчүн Пётрдун мындай жорукка баруусу үч уктаса түштөрүнө кирген эмес. Тим эле тигилердин ооздорун ачырбадыбы! Ал күтүүсүздөн баарына кол шилтеп, сүйгөн иши менен алектенүүнү чечти. Мындай чечкиндүү кадамга баруу ар бир адамдын колунан келиш кайда. Сиздер анын башына кайдагы бир адашкан ойлор келе калып, ошонун артынан түшкөн экен деп ойлобоңуздар! Жумушуң кыла турган ишиңе тоскоолдук кылса, андай жумушту ташташ керек тура, ал мындан аркы бүт өмүрүн музыкага арноону чечти.

Керебетинде ары-бери ооналактап уйкусуз көп түндөрдү өткөздү. Тагдырың чечилип жатса, кайдагы уйку. Акыры бир күнү бүт эркин чогултуп, ата-энесине Петербургдагы консерваторияга кирип окуйм деген чечимин угузду.

— Пётр, мунун сага эмне кереги бар?  Керектүү билимиң, жакшы кызматың бар, келечекте кызмат абалыңды өйдөлөтүүгө бардык шарттар жетиштүү… Мен сага музыка жагарын жакшы билем, бирок аны ишиңди таштабай деле үйдө, кечелерде ойноп жүрө бер, бүт өмүрүңдү музыкага арноонун кажети барбы? — деп айнытууга аракет кылып көрдү атасы.

Айта кетчү нерсе, чиновниктин кийген формасы да Пётрга куп жарашчу, ата-энесинин да андан келечекте өкмөттүн көрүнүктүү ишмери чыгат деген үмүт зор эле да. Бирок ал айтканынан кайткан жок. Ал өзүнүн келечекте ийгиликке жетип, элге таанымал композитор болоруна бекем ишенчү.

Бир жолу мындай окуя болду. Пётр Ильич анын эч качан Глинка сыяктуу гениалдуу композитор боло албасына, ошондуктан Россиядагы эң жакыр адамдын бирине айланарына  ишенишкен бир тууган агалары Николай жана Модест менен ат кошулган чанада бирге бара жатышкан. Алар аны консерваториядан окубай коюшун суранышып, айнытып жатышкан. Пётр аларга мындай жооп кайтарды: “Балким мен Глинкадай боло албасмын, бирок силер мени менен бир тууган экениңерге сыймыктанчу күн да келет”.

Ал кызматты таштаганы – чөнтөгү бир топ жукарды. Акчанын тартыштыгы анын мүнөзүн чыңап, өзүнө болгон ишеничин арттырды. Консерваторияны күмүш медаль менен аяктап, гармония профессору болгонго жетишти. Анын композитор жана дирижёр катары жөнөкөй эмес чыгармачыл жолу ушинтип башталган. Көп өлкөлөрдү кыдырып жүрүп, мекенине кайрылып келди. Азыр биз аны Россиянын музыкалык дүйнөсүнүн жаны болгон жана боло бермекчи деп сыймыктануу менен айта алабыз.

Орусчадан которулду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.