«РухЭш» сайты белгилүү публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу китебин (Б.; “Турар.”, 2018) 2018-жылдын мыкты китеби катары окурмандардын кеңири чөйрөсүнө таанытууну көздөйт. Арийне, аталган китеп туурасында айтыла турган, жазыла турган эмгектер али алдыда. Чыңгыз Айтматовдун айрым романдары менен повесттерин байыркы мифтик жана азыркы философиянын эң соңку агымдары жана багыттарында кеңири талдап, көркөм концепциялардын өңүтүнө токтолгон Эсенбай Нурушевдин «Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос» аттуу эмгеги туурасында адабиятчы Жолдош Турдубаевдин адабий рецензиясы менен береги шилтемеден>>Жамийланын жамалы же көркөм текстти талдоонун жаңы тажрыйбасы) тааныша аласыздар. Бул китеп боюнча жазыла турган, айтыла турган ойлорубуз али алдыда…

О.э. адабий чөйрө тарабынан жылдын эң мыкты китеби деп сунушталган эмгектердин бири, белгилүү адабиятчы Калык Ибраимовдун “Чингиз Айтматов как мифотворец – мудрец века” (Б.; “Турар.”, 2018) аттуу эмгеги туурасында адабиятчы Рысбек Эшматовдун адабий рецензиясы менен береги шилтемеден>>Айтматовдун ааламы адабиятчынын көз карашында таанышсаңыздар болот.

Россиянын Тюмень шаарында өткөн бильярд боюнча Дүйнөлүк мелдеште Кыргызстандан жасалган бильярд үстөлдөрү үчүн «РухЭш» сайты тарабынан «Жылдын мыкты өндүрүшү» номинациясы менен Эл аралык “Пирамида” Конфедеренциясынын вице-президенти, техника илимдеринин кандитаты Ишен Жакыпбековго атайы Диплому ыйгарылды. И.Жакыпбековдун эмгеги туурасында береги шилтемеден тааныша аласыздар>>>> Спорттук инвентардын өзгөчө үлгүсү.

Нукура талкан шоколаддын курамындагы жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кайналы, мисте жана бал, талкан, сары май кошулган конфеттин түрлөрүн чыгарып жаткандыгы үчүн «РухЭш» сайты тарабынан «Эң мыкты атамекендик өндүрүш» номинациясы менен «Супара» этно-комплексинин жалпы жамаатына атайы Диплом тапшырылды. Нукура талкан шоколадынын өндүрүшү тууралуу бул жердеги шилтемеден маалымат алсаңыздар болот>>>> Улут сыймыгын жаратар Табыкенин керээзи аткарылды!

Талкан шоколад-конфеттердин башкы технологу — Дамира Асанова.
28-декабрь — маркум Табылды Эгембердиевдин туулган күнү жана анын туулган күнүнүн урматына «Супара талкан шоколадынын» өндүрүш ишинин тушоосу кесилген күн…
Супара талкан шокаладынын өндүрүшчүлөрү.
«Супара» этно-комплексинин «РухЭшке» тартуулаган таттылары.

Нуралы КАПАРОВ: «Супарадан» шоколад!

One Reply to “Өтүп бараткан жылдагы биз тандаган мыкты эмгектер”

  1. молодцы мыктылар! Бирөөнүн жакшылыгын баалай билген «Рухэш» сайтын негиздеген Олжокеге баракелде! Ден-соолугуң бекем болсун, азаматсын

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.