Бекташ Шамшиев: «Көпкөн жигиттин» тагдыры

Асанбек Стамовдун “Көпкөн жигит” аттуу аңгемеси 1976-жылы жазылып, алгач “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган. Аңгемеде турмуштун капыс соккусуна кабылган жигиттин арман—күйүтү, айтпай—дебей келип алган мүшкүлдөн кантип кутулганы көрсөтүлгөн. Ынтымактуу жашап жаткан үй-бүлөнүн ойдо жок жерден ыдырап кетиши, ага себепкер болгон окуялар чыгармада турмуштук ыктуу деталдар аркылуу ишенимдүү баяндалат. Отун жарчу, суу апкелчү Асанбек Стамовдун калеминен чыккан көркөм туундулардын эң кыскасы, бирок көркөм мазмуну, формасы жагынан бар тарабы келишкен нукура туундусу, чебер устанын колунан чыккандай таасир калтырчу керемет чыгармасы ушул. Аңгемедеги ар […]