ЖАМГЫРДА

Жөө жүгүрөт көктүн өжөр туманы,
Жөөлөй козгоп менин эски ылаңым.
Жогорудан бийлеп түшкөн тамчынын,
(Көрбөй бирок)
Жөн жай гана кереметин угаарым
Сезип турам.

Албайм деген кол чатыр да колумда.
Ансыз болбос, алуу абзел моюнга.
Аркы-берки эшиктерин каккылап
(Мезгилдердин)
Кимди издеп баратамын июнда
кезигүүгө?

Бир күн чачып асманга чачыласын,
Такыр эркин абалда ачылат күн.
А ошондо эч нерсе болбогондой
(биз экөөбүз)
Кейпин кийип бекерчи тааныштардын
көрүшөрбүз…

14-ТРОЛЛЕЙБУС

Омкоро салып тоону,
Окуудан кайткан учур.
Мен жана баратабыз,
Троллейбус Он төртүнчү.

Мен ушул 14-троллейбустан,
Ойлоном эбаккы өткөн-кеткендерди.
Сен менен коштошууну качанкы бир,
Сен менен кезигүүчү эртеңдерди.

Кайталап коёт кыял ыгы менен,
Тездигин, жайлаганын троллейбустун.
…Мен неге сени ээрчитип алгам жолго?
Не деген түшүнүксүз төгүлүү бу?..

… А сени кайсы каттам ташып жүрөт,
Үчүнчү, Бешинчи же Жетинчиби?
… Ушу саам үйдү көздөй баратабыз;
Мен сенсиз
Троллейбус Он төртүнчү…

КЫШКЫ ЭЛЕГИЯ

Ашыгат жаралууга саптар бачым,
Кимдидир издеп келген бейтааныш бу,
Түн катып жаай салган кар жөнүндө.

Каптаган жымжырттыктан район эс-мас,
Шыбыртсыз ким бирөөнү көздөр менен
Тымызын кар чын эле издеп жүрөт….
(Сага окшоп…)

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

One Reply to “Гүлүмкан Исаева: Такыр эркин абалда ачылат күн (конкурска)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.